Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 токтомуна менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 270 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөөгө муктаж адамдарга камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөө
тартиби
3. Аракетке жөндөмдүү жашы жеткен жаранга карата көзөмөлчүлүктү белгилөө (патронаж)
4. Камкорчулукка алынгандардын мүлкүнүн укуктук режими
5. Камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) иштерин контролдоо
6. Камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү өз милдеттерин аткаруудан бошотуу жана четтетүү, камкорчулукту жана
көзөмөлчүлүктү токтотуу
1-тиркеме. Арыз
2-тиркеме. Баланы асырап алууну, камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) алууну же багып алуучу ата-эне болууну каалаган
жаранды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча медициналык бүтүм
3-тиркеме. Акт (социалдык турмуш-тиричилик шарттарын текшерүү)
4-тиркеме. Балага баруу үчүн Жолдомо
5-тиркеме. Балага баруунун жыйынтыгы жөнүндө арыз
6-тиркеме. Баланы социалдык жактан коркунучтуу үй-бүлөдөн алуу актысы
7-тиркеме. Камкорчулукка алынгандын мүлкүнүн тизими
8-тиркеме. Мүлктү өткөрүп берүү актысы
9-тиркеме. Камкорчунун (көзөмөлчүнүн) отчету
10-тиркеме. Акт (камкорчулукка алынгандын камкорчуга өткөрүлүп берилген мүлкүнүн курамынын өзгөртүлгөндүгү тууралуу)
1. Ушул Жобо жашы жете элек балдарга, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жарандарга камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөө, ишке ашыруу жана токтотуу боюнча мамилелерди, аракетке жөндөмдүү жашы жеткен жаранга патронажды белгилөө, ишке ашыруу жана токтотуу боюнча мамилелерди, ошондой эле камкорчулук жана көзөмөлчүлүк, патронаж боюнча иштерди уюштуруу жана ишке ашыруу маселелерин жөнгө салат.
2. Камкорчулардын жана көзөмөлчүлөрдүн укуктарына, милдеттерине жана жоопкерчиликтерине тиешелүү болгон ушул Жобонун ченемдери көзөмөлүнө жашы жете элек балдар, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү жарандар жайгаштырылган мекемелерге жана уюмдарга, анын ичинде жетим балдар жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар үчүн мекемелерге жана уюмдарга карата колдонулат.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
"камкорчу жана көзөмөлчү болууга талапкер" - жашы жете электи тарбиялоого алууну каалаган жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкына камкорчу же көзөмөлчү болууга талапкер катары киргизилген жаран;
"камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү белгилөөгө муктаж адамдар" - аракетке жөндөмсүз жашы жеткен жарандар, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жарандар, кандайдыр бир жагдайлардан улам багуу, камкордук, тарбиялоо, алардын кызыкчылыгында жана алардын атынан мыйзамдарда белгиленген аракеттерди жасоону талап кылган жашы жете электер;
"камкорчулукка алынгандар" - аларга карата камкорчулук, көзөмөлчүлүк же патронаж белгиленген жаран;
"балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү" - камкорчулук жана көзөмөлчүлүк функцияларын ишке ашырган мамлекеттик орган (мындан ары - аймактык бөлүм).
4. Камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөө, ишке ашыруу жана токтотууга байланыштуу келип чыккан мамилелер Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси жана аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул Жобо менен жөнгө салынат.
5. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк боюнча иштер төмөнкү принциптерге ылайык ишке ашырылат:
1) жаран тарабынан камкорчулук жана көзөмөлчүлүк боюнча милдеттердин өз эрки менен кабыл алынышы;
2) камкорчулук жана көзөмөлчүлүк боюнча милдеттердин ишке ашырылышын контролдоо;
3) камкорчулукка алынгандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу.
6. Жашы жеткен аракетке жөндөмдүү адамдар гана камкорчу жана көзөмөлчү болуп дайындалышы мүмкүн.
7. Камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөөгө муктаж адамдарга төмөнкүлөр камкорчу жана көзөмөлчү боло алышпайт:
- "оюн азгырыгы" менен жабыркаган же кумар оюндарына көз каранды, сот тарабынан аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендер;
- камкорчулардын жана көзөмөлчүлөрдүн милдеттерин аткаруудан четтетилгендер;
- ата-энелик укуктары чектелгендер, ата-энелик укуктарынан ажыратылгандар, мурда асыроого бала алып, өздөрүнүн күнөөсү менен бул укук жокко чыгарылгандар;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген оорулардын тизмегине ылайык ден соолугунун абалы боюнча жашы жете электи тарбиялоо боюнча милдеттерди жүзөгө ашыра албаган адамдар;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу барлар.
Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн белгиленет. Жашы жете электерге камкорчулук жана көзөмөлчүлүк аларды тарбиялоо максатында да белгиленет.
Камкорчу (көзөмөлчү) менен жашы жете электин ортосундагы курактын айырмасы 16 жаштан кем болбошу керек.
Жашы жете элекке камкорчуну жана көзөмөлчүнү дайындоодо камкорчунун жан көзөмөлчүнүн адеп-ахлактык жана башка жеке сапаттары, анын камкорчунун жана көзөмөлчүнүн милдетин аткарууга жөндөмдүүлүгү, камкорчу, көзөмөлчү менен баланын ортосундагы мамилелер, камкорчунун жана көзөмөлчүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашы жете элекке болгон мамилеси, ошондой эле эгерде бул мүмкүн болсо, жашы жете электин өзүнүн каалоосу эске алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 270 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Жашы жете электердин камкорчусу жана көзөмөлчүсү болууну каалаган адамдар аймактык бөлүмгө арыз (1-тиркеме) жана төмөнкү документтерди тиркөө менен кайрылышат:
1) паспорттун көчүрмөсү (же ким экендигин ырастаган башка документ);
2) нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (эгер никеде турушса);
3) жубайынын камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу (эгер никеде турушса);
4) жашаган жеринен үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат;
5) соттуулугу жоктугу жөнүндө ички иштер органынын маалымкаты;
6) үй-бүлөнүн туруктуу киреше булагы бар экенин ырастаган документ (иштеген жеринен кызмат орду жана эмгек акысы көрсөтүлгөн маалымкат, ишкердик иштен түшкөн кирешеси жөнүндө декларациянын көчүрмөсү, дыйкан чарба менчигинде жер үлүшү, малы жана башка активдери бар экени жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын маалымкаты);
7) камкорчу болууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугунун абалы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу Адам ооруп калганда багып алуучу ата-эне, камкорчу жана көзөмөлчү боло албай турган оорулардын тизмегине ылайык оорулардын жоктугу тууралуу мамлекеттик дарылоо-алдын алуучу жана медициналык-социалдык уюмдун медициналык корутундусу (2-тиркеме);
8) иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө;
9) арыз ээсинин толук өмүр баяны.
Ушул пункттун 3-8-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер алар берилген күндөн тартып алты ай ичинде аймактык бөлүктүн кароосу үчүн жарактуу.
9. Жашы жеткен аракетке жөндөмсүз жарандарга, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жарандарга камкорчу же көзөмөлчү болууну каалаган адамдар ушул Жобонун 8-пунктунун 1-4 жана 7-9-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерди беришет.
Жашы жеткен аракетке жөндөмсүз жарандын, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жарандын камкорчу же көзөмөлчү болууну каалаган чоң апа жана чоң атасы, таята, таенеси, ата-энеси, жубайы, жашы жеткен балдары, жашы жеткен неберелери, бир туугандары ушул Жобонун 8-пунктунун 1, 4, 8-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерди беришет.
10. Жашы жете элекке камкорчу жана көзөмөлчү болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундуну даярдоо үчүн аймактык бөлүм ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилген күндөн тартып 20 календардык күндөн көп эмес мөөнөттө камкорчу же көзөмөлчү болууну каалаган арыз ээлеринин жашоосунун социалдык турмуш-тиричилик шарттарын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акты түзөт (3-тиркеме).
8-пункттун 4, 6, 7-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер алар берилген күндөн тартып алты айга жарактуу.
Камкорчу жана көзөмөлчү болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү корутунду аймактык бөлүм тарабынан жашы жете электерди тарбиялоого алууну каалаган адамдарды Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкына камкорчу жана көзөмөлчү болууга талапкер катары эсепке коюу үчүн негиз болуп саналат.
Ар бир камкорчу жана көзөмөлчү болууга талапкерге өзүнчө иш-кагазы ачылат.
Жашы жете элекке камкорчу жана көзөмөлчү болууну каалаган Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар үчүн алардын туруктуу жашаган жери бар мамлекеттин компетенттүү органынын (камкорчу жана көзөмөлчү болуу мүмкүндүгү жөнүндө) корутундусу камкорчу жана көзөмөлчү болууга талапкерлер катарында эсепке коюуга негиз болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде каралган учурлардан тышкары, эл аралык келишимдерде каралган тартипте жана учурларда башка мамлекеттин жараны Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жашы жете элекке камкорчу жана көзөмөлчү болуп дайындалышы мүмкүн.
Жашы жеткен камкорчулукка алынгандын чоң апа жана чоң атасы, тайата, таэнеси, ата-энеси, жубайы, жашы жеткен балдары, жашы жеткен неберелери, бир туугандары, ошондой эле жашы жете элек камкорчулукка алынгандын чоң апа жана чоң атасы, таята, тайэнеси, жашы жеткен бир туугандары жарандыгына карабастан, анын камкорчусу же көзөмөлчүсү болууга башка бардык адамдардын алдында артыкчылыктуу укукка ээ.
Жашы жете элек менен туугандык байланышта болгон жана жашы жете электерге камкорчу же көзөмөлчү болууну каалаган адамдар, жашы жеткен аракетке жөндөмсүз жана аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жарандарга камкорчу же көзөмөлчү болууну каалаган адамдар, ошондой эле убактылуу камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө дайындалган адамдар камкорчу жана көзөмөлчү болууга талапкерлер катарында эсепке коюлууга тийиш эмес.
11. Арыз ээси ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп бербесе аймактык бөлүм терс корутунду чыгарат.
Камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөө жөнүндө терс корутунду жана ага негизделген камкорчу жана көзөмөлчү болууга талапкер катары эсепке коюудан баш тартуу аймактык бөлүм тарабынан ага кол коюлган күндөн тартып, 5 күндүк мөөнөттө арыз ээсинин өз колуна тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Аны менен бирге арыз ээсине бардык документтер кайра кайтарылат жана аймактык бөлүм кабыл алган чечимдин үстүнөн даттануу тартиби түшүндүрүлөт.
12. Жашы жете элекке камкорчу жана көзөмөлчү болууну каалаган арыз ээлерин камкорчу жана көзөмөлчү болууга талапкер катары эсепке койгондон кийин, аймактык бөлүм же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээлерине Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтык банктан камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө муктаж жашы жете электер жөнүндө маалымат беришет, баланын анкетасына аны менен таанышуу үчүн Кыргыз Республикасынын башка жарандары убактылуу жиберилбестиги жөнүндө белги коет жана балдар жашаган же жүргөн жерге барып жашы жете элек менен жолугуу үчүн жолдомо берет (4-тиркеме).
Жолдомолор балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилет жана берилген жолдомолорду эсепке алуу журналына киргизилет. Жолдомого аймактык бөлүмдүн жетекчиси же камкорчулук жана асырап алуу маселелерин тескеген балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары кол коет. Жолдомо берилген күндөн тартып 30 күнгө жарактуу болот.
Камкорчу, көзөмөлчү болууга талапкер (талапкерлер) ата-энесинин камкордугусуз калган балага барууга белгиленген мөөнөттө бул балага баруунун натыйжалары жөнүндө жана кабыл алган чечими тууралуу жазуу жүзүндө жолдомо берген ыйгарым укуктуу органга маалымдоого милдеттүү (5-тиркеме).
13. Камкорчу жана көзөмөлчү болууга талапкер (талапкерлер) төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аймактык бөлүмдөргө социалдык-тиричилик шартын иликтөөнү жүргүзүү үчүн турак-жайына тоскоолдуксуз кирүүнү камсыз кылууга;
- жагдайлар өзгөргөн учурда, аймактык бөлүмгө өз убагында маалымдоого жана маалымкаттарды берүүгө;
- потенциалдуу камкордукка алынуучу менен жеке таанышууга;
- потенциалдуу камкордукка алынгандын документтери менен таанышууга.
Камкорчу жана көзөмөлчү болууга талапкер (талапкерлер) төмөнкүлөргө укуктуу:
- потенциалдуу камкордукка алынуучу жөнүндө толук маалымат алууга;
- байланыш түзүү үчүн жашы жете элекке барууга.
14. Камкорчу жана көзөмөлчү болууга талапкер камкордукка жана көзөмөлчүлүккө алууну каалаган жашы жете электи аныктаганда, жашы жете электин жашаган жери боюнча аймактык бөлүм кароо үчун документтерди даярдашат.
Камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөө жөнүндө корутундуну даярдоонун алдында аймактык бөлүм камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө берилүүчү жашы жете элек менен сүйлөшөт, мында жашы жете электин камкорчу жана көзөмөлчү жөнүндөгү каалоосу жана ой пикири милдеттүү түрдө эске алынат.
15. Соттун камкорчуну же көзөмөлчүнү дайындоо жөнүндө чечими камкорчу же көзөмөлчү менен камкордукка алынгандын ортосунда мамилелердин пайда болушу үчүн негиз болуп саналат. Соттун чечиминде мезгил менен аныкталган же белгилүү бир окуялардын болушу көрсөтүлгөн камкорчунун же көзөмөлчүнүн ыйгарым укуктарынын колдонулуу мөөнөттөрү көрсөтүлүшү мүмкүн.
16. Камкорчу жана көзөмөлчү аймактык бөлүмгө жаранга камкорчуну же көзөмөлчүнү белгилөө зарылдыгы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып бир айдын ичинде камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө муктаж адамдын жашаган жери боюнча сот тарабынан балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундусу боюнча дайындалат.
Камкорчу жана көзөмөлчү болууга талапкер жана аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жашы жеткен жаранга камкорчу же көчөмөлчү болууну каалаган адам камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөө үчүн арызы жана аймактык бөлүмдүн камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөө жөнүндө корутундусу менен сотко кайрылат.
Көңүл бурууга татыктуу жагдайлар болгондо, камкорчунун жана көзөмөлчүнүн жашаган жери боюнча камкорчу жана көзөмөлчү дайындалышы мүмкүн.
Эгерде камкорчулукка же көзөмөлчүлүккө муктаж жашы жете элекке бир айдын ичинде камкорчу же көзөмөлчү дайындалбаса, камкорчунун же көзөмөлчүнүн милдеттерин аткаруу убактылуу аймактык бөлүмгө жүктөлөт.
Ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды каттоо эсеби жашаган жери боюнча да (ага бекитилген турак-жай аянты жайгашкан жер), ошондой эле убактылуу турган жери боюнча да (менчигинин түрүнө карабастан ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн тиешелүү мекемелер, жатаканалар, камкорчунун (көзөмөлчүнүн) үй-бүлөсү, багып алган үй-бүлө) жүргүзүлөт. Ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды жашаган жери боюнча же турган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу аймактык бөлүмдүн макулдугу менен гана ишке ашырылат.
17. Эгерде жашы жете электин кызыкчылыгы үчүн камкорчуну же көзөмөлчүнү токтоосуз дайындоо зарыл болгон учурда, аймактык бөлүм Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 82-статьясынын жана баланы жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн уюмга жайгаштыруу максатка ылайыксыз экендигинин негизинде, сотко жана прокурорго бир күндүк мөөнөттө маалымдоо менен анын туруктуу жашоочу жери аныкталганга чейин (баладан төрөт үйүндө баш тартылган, ата-энеси ата-энелик укуктан ажыратылган, бала багып алуучу үй-бүлөгө өткөрүлүп берилген, бала aтa-энесинен же аларды алмаштырган адамдардан алып коюлган учурларда) 6 айга чейинки мөөнөткө камкорчуну же көзөмөлчүнү убактылуу дайындоо жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 82-статьясына ылайык баланы алып коюу соттун чечими чыкканга чейин, аймактык бөлүм тарабынан түзүлгөн баланы алып коюу тууралуу актынын (6-тиркеме) негизинде жүргүзүлөт.
Алдын ала камкорчулук же көзөмөлчүлүк жөнүндө актыны кабыл алуу көрсөтүлгөн адам өзүнүн инсандыгын ырастаган документти көрсөткөн, ошондой эле балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган анын жашоо шарттарын изилдеген шарттарда, камкорчу жана көзөмөлчү болууга талапкер катары эсепке койбостон жол берилет. Алдын ала камкорчулук же көзөмөлчүлүк аймактык бөлүмдүн буйругу түрүндө таризделет.
Алдын ала камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү өз убагында белгилөө максатында аймактык бөлүм камкорчу же көзөмөлчү болууну каалаган жарандарга алдын ала камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү белгилөө жөнүндө сунуштары менен кайрылат.
Убактылуу дайындалган камкорчулар же көзөмөлчүлөр камкорчулукка алынгандын атынан анын мүлкүн тескөө укугунан тышкары (камкорчулукка алынгандын өз мүлкүн тескөө боюнча бүтүм жасоого макулдук берүү), камкорчунун жана көзөмөлчүнүн бардык укуктарына жана милдеттерине ээ болушат.
Эгерде камкорчуну же көзөмөлчүнү убактылуу дайындоо жөнүндө акты кабыл алынган күндөн тартып 6 ай аяктаганга чейин, убактылуу дайындалган камкорчу же көзөмөлчү жалпы тартипте камкорчу же көзөмөлчү болуп дайындалбаса, алдын ала камкорчулук же көзөмөлчүлүк токтотулат. Өзгөчө жагдайлар болгондо көрсөтүлгөн мөөнөт 2 айга чейин узартылышы мүмкүн. Эгерде сот белгиленген мөөнөттө алдын ала камкорчунун же көзөмөлчүнүн милдеттерин аткарган адамды жалпы тартипте камкорчу же көзөмөлчү кылып дайындабаса, камкорчунун (көзөмөлчүнүн) укуктары жана милдеттери камкорчуну (көзөмөлчүнү) убактылуу дайындоо жөнүндө акты кабыл алынган учурдан тартып пайда болду деп эсептелет.
18. Эгерде сот аймактык бөлүмдүн корутундусу боюнча, камкорчулукка же көзөмөлчүлүккө муктаж адамдын кызыкчылыгынан улам ага бир нече камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү, бирок эки ден кеп эмес дайындашы мүмкүн болгон учурлардан, анын ичинде ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете электерди үй-бүлөдө тарбиялоого жайгаштыруудан тышкары, камкорчулукка же көзөмөлчүлүккө муктаж ар бир адамдын бир камкорчусу же көзөмөлчүсү болушу мүмкүн.
Бир нече камкорчуларды же көзөмөлчүлөрдү дайындоодо камкорчулукка алынгандын өкүлчүлүгүн жана анын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо бардык камкорчулар жана көзөмөлчүлөр тарабынан бирдей жүзөгө ашырылат. Эгерде камкорчулукка алынгандын ишин жүргүзүү камкорчулар жана көзөмөлчүлөр тарабынан алардын бирөөнө тапшырылса, бул адам калган камкорчулардан жана көзөмөлчүлөрдөн ишеним кат алууга тийиш.
Бир нече камкорчуларды же көзөмөлчүлөрдү дайындоодо камкорчулукка алынганды кароо жана мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык медициналык-санитардык жардамдарды өз убагында алышын камсыз кылуу милдеттери, ал эми жашы жете элек камкорчулукка алынганга карата аны окутуу жана тарбиялоо боюнча милдеттер камкорчулардын же көзөмөлчүлөрдүн ортосунда аларды дайындоо жөнүндө соттун чечимине ылайык бөлүштүрүлөт. Эгерде көрсөтүлгөн милдеттер бөлүштүрүлбөгөн учурда, камкорчулар жана көзөмөлчүлөр алардын аткарылбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бирдей жоопкерчилик тартышат.
Сот зарыл болгондо аймактык бөлүмдүн корутундусу боюнча, камкорчулукка алынгандын кызыкчылыктарынан улам бир эле адамды бир нече камкорчулукка алынгандардын камкорчусу жана көзөмөлчүсү кылып дайындашы мүмкүн. Бир эле адамды экинчи жана кийинки камкорчулукка алынгандардын камкорчусу же көзөмөлчүсү кылып дайындоо жөнүндө актыда башка адам камкорчу же көзөмөлчү болуп дайындала албай тургандыгынын себептери көрсөтүлөт. Бир эле камкорчунун же көзөмөлчүнүн камкорчулукка алынгандагы мыйзамдуу өкүлчүлүгүн жүзөгө ашырууда алардын кызыкчылыктарынын ортосунда карама-каршылыктар пайда болгон учурда, камкорчулукка алынган менен камкорчу же көзөмөлчү пайда болгон карама-каршылыктарды чечүү үчүн аймактык бөлүмгө кайрылышат.
Жашы жете элек бир туугандарды камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө ар башка адамдарга берүүгө жол берилбейт, эгерде мындай берүү жашы жете электердин кызыкчылыктарына жооп берген учурлардан тышкары. Бир туугандар бири-биринен ажыратылган учурларда камкорчулар камкорчулукка алынганга бир туугандары турган жер жөнүндө маалымат беришет жана камкорчулукка алынгандын алар менен байланышта болушуна тоскоолдук кылбашы керек, мындай карым-катнаш баланын кызыкчылыгына жооп бербеген учурлардан тышкары.
19. Ата-энелер жүйөлүү себептер боюнча өздөрүнүн ата-энелик милдеттерин аткара албаган мезгилде, тийиштүү адамды көрсөтүү менен алардын баласына камкорчуну же көзөмөлчүнү дайындоо жөнүндө биргелешкен арызды аймактык бөлүмгө бере алышат. Ата-энесинин арызы боюнча камкорчуну же көзөмөлчүнү дайындоо жөнүндө соттун актысында камкорчунун же көзөмөлчүнүн ыйгарым укуктарынын колдонуу мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.
Эгерде камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү белгилөө мөөнөтү алты айдан ашпаса, аймактык бөлүм камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөөгө ата-энесинин биргелешкен арызы же ата-энесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу боюнча балага убактылуу камкорчуну же көзөмөлчүнү дайындашы мүмкүн.
Эгерде aта-энеси балага камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү тариздебесе жана Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жүрүшсө, ошондой эле бул балдар ата-энесинин камкордугусуз калышса аймактык бөлүм баланын кызыкчылыгында ата-энесинин макулдугу жок эле, өз алдынча убактылуу камкорчуну жана көзөмөлчүнү дайындоого укуктуу.
20. Жашы жетпеген баланын жалгыз бой ата-энеси каза болчу учуруна балага камкорчуну же көзөмөлчүнү аныктоого укуктуу. Ата-эне тиешелүү чечимин баланын жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө берилген арызында билдире алат. Каза болчу учуруна балага камкорчуну же көзөмөлчүнү аныктоо жөнүндө ата-эненин арызына бул арыз жазылган күндү көрсөтүү менен ата-эне өзү кол коюуга тийиш.
Ата-эненин колу төмөнкүлөр тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш:
- аймактык бөлүмдүн жетекчиси же болбосо ата-энеси аймактык бөлүмгө келе албаган учурларда нотариалдык тартипте;
- ата-энеси иштеген же окуган уюм, турак жайдын менчик ээлеринин шериктештиги, ата-энеси жашаган жер боюнча уюмдун башкаруучусу;
- ата-энеси жашаган жердеги калкты социалдык коргоо мекемесинин администрациясы;
- ата-энеси амбулатордук же стационардык дарыланууда жүргөн саламаттык сактоо уюму;
- эгерде арызды аскер бөлүгүнүн, бирикмесинин, мекеменин, аскердик-окуу жайдын кызматкери берсе, тиешелүү аскер бөлүгүнүн, бирикмесинин, мекеменин, аскердик-окуу жайдын командири (начальниги) тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Эркиндигинен ажыратылган жайларда турган ата-эненин колу тиешелүү эркиндигинен ажыратылган жайдын начальниги тарабынан күбөлөндүрүлөт. Ата-эне кокусунан каза болгон учуруна балага камкорчуну же көзөмөлчүнү аныктоо жөнүндө берген арызын баланын жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө жаңы арыз берүү жолу менен жокко чыгарууга же өзгөртүүгө укуктуу.
21. 14 жашка чыккан, жашы жете элек жаранга карата көзөмөлчү ушул Жобонун 9-пунктунун талаптарын эске алып, конкреттүү адамды көрсөтүү менен сот тарабынан (жашы жете элек жарандын арызы боюнча аймактык бөлүмдүн корутундусу боюнча) дайындалышы мүмкүн.
22. Сот камкорчуну же көзөмөлчүнү дайындоо жөнүндөгү чечимде камкорчулукка алынгандын кызыкчылыгы үчүн камкорчу же көзөмөлчү жасоого укуксуз айрым аракеттерди көрсөтө алат, анын ичинде камкорчулукка алынгандын жашаган жерин өзгөртүүгө камкорчуга же көзөмөлчүгө тыюу сала алат, ошондой эле камкорчулукка алынгандын жеке өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу максатында камкорчунун жана көзөмөлчүнүн укуктарын ишке ашырууга жана милдеттерин аткарууга карата милдеттүү талаптарды белгилей, анын ичинде жашы жете электи тарбиялоонун конкреттүү шарттарын аныктаган талаптарды аныктай алат.
Камкорчуну жана көзөмөлчүнү дайындоо кызыкдар адамдар тарабынан сотто даттанылышы мүмкүн.
23. Камкорчулукка же көзөмөлчүлүккө алынган жашы жете элекке карата камкорчулук жана көзөмөлчүлүк боюнча милдеттер камкорчу жана көзөмөлчү тарабынан акысыз аткарылат.
24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жашы жете элек аймактык бөлүм тарабынан багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө баккандыгы үчүн акча төлөө менен берилиши мүмкүн.
25. Камкорчулардын жана көзөмөлчүлөрдүн укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси менен аныкталат.
26. Камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө муктаж жана тийиштүү тарбиялоо, дарылоо мекемелеринде, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде же ушул сыяктуу башка мекемелерде турган же аларга жайгаштырылган адамдардын камкорчулары жана көзөмөлчүлөрү болуп ушул мекемелер саналат.
Тарбиялоо, дарылоо мекемелеринде, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде же менчигинин түрүнө карабастан ушул сыяктуу башка мекемелерде жүргөн балдарга камкорчулар (көзөмөлчүлөр) дайындалбайт. Алардын милдеттерин аткаруу ушул мекемелердин жетекчилерине жүктөлөт.
Камкорчулукка же көзөмөлчүлүккө муктаж ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана улгайган жарандарды социалдык стационардык мекемелерге жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-майындагы № 273 "Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарга ылайык аймактык бөлүм тарабынан жүргүзүлөт.
27. Ден соолук абалына байланыштуу укуктарын өз алдынча ишке ашыра жана коргой албаган, милдеттерин аткара албаган аракетке жөндөмдүү жашы жеткен жарандын өтүнүчү боюнча ага патронаж түрүндө көзөмөлчүлүк белгилениши мүмкүн.
Аракетке жөндөмдүү жашы жеткен жарандын көзөмөлчүсү (жардамчысы) патронажга муктаж жарандын макулдугу боюнча гана аймактык бөлүмдүн буйругу менен дайындалышы мүмкүн.
Аракетке жөндөмдүү жашы жеткен камкорчулукка алынганга таандык мүлктү тескөө камкорчулукка алынган менен түзүлгөн тапшырма же ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде көзөмөлчү (жардамчы) тарабынан ишке ашырылат. Камкорчулукка алынганды багууга жана анын турмуш-тиричилик муктаждыктарын канааттандырууга багытталган турмуш-тиричиликтик жана башка бүтүмдөрдү жүргүзүү камкорчулукка алынгандын макулдугу менен анын көзөмөлчүсү (жардамчысы) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Аракетке жөндөмдүү жашы жеткен жаранга ушул пунктка ылайык белгиленген патронаж мындай патронажда турган жарандын талабы боюнча токтотулат.
Патронажда турган жарандын көзөмөлчүсү (жардамчысы) ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 74-статьясында каралган учурларда бошотулат.
28. Камкорчулукка алынгандардын мүлктүк укуктары:
- камкорчулукка алынгандар камкорчулардын жана көзөмөлчүлөрдүн мүлктөрүнө карата менчик укугуна ээ эмес, ал эми камкорчулар жана көзөмөлчүлөр камкордукка алынгандардын мүлктөрүнө карата менчик укугуна, анын ичинде алименттердин суммаларына, пенсияларга, жөлөкпулдарга жана башка камкорчулукка алынгандарды багууга берилүүчү социалдык төлөөлөрдү алуу укугуна ээ эмес;
- жарандык мыйзамдарда каралган негиздер боюнча мүлк камкорчуларга жана көзөмөлчүлөргө, камкорчулукка алынгандарга жалпы менчик укугунда тийиштүү болушу мүмкүн;
- камкорчулукка алынган өзүнүн камкорчусунун же көзөмөлчүсүнүн мүлктөрүн алардын макулдугу менен колдонууга укуктуу;
- камкорчулар жана көзөмөлчүлөр өз кызыкчылыктары үчүн камкорчулукка алынгандын мүлкүн колдонууга укуксуз.
29. Камкорчулукка алынгандардын мүлкүн башкаруу тартиби:
1) аймактык бөлүм сот тарабынан аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген камкорчулукка алынгандардын мүлкүнөн тышкары, камкорчулукка алынгандардын мүлкүнүн тизимин (7-тиркеме) түзүүгө милдеттүү.
Сот тарабынан камкорчулук жана көзөмөлчүлүк белгиленгенде мүлктүн тизими сот, аймактык бөлүм, камкорчу жана көзөмөлчү (ал дайындалган учурда) үчүн үч нускада түзүлөт.
Аймактык бөлүм тарабынан алдын ала камкорчулук жана көзөмөлчүлүк белгиленгенде мүлктүн тизими аймактык бөлүм, камкорчу жана көзөмөлчү үчүн (ал дайындалган учурда) эки нускада түзүлөт.
Аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жарандардын көзөмөлчүлөрүнөн тышкары, камкорчу жана көзөмөлчү камкорчулукка алынгандын мүлкүн аны сактоону ишке ашырып жаткан адамдардан өздөрүнүн укуктары жана милдеттери пайда болгон учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө мүлктү өткөрүп берүү актысы (8-тиркеме) боюнча кабыл алууга милдеттүү.
Камкорчулукка алынгандын мүлкүнүн тизими аймактык бөлүм тарабынан камкорчунун жана көзөмөлчүнүн, ошондой эле 14 жашка чыккан жашы жете электин катышуусунда, анын макулдугу боюнча түзүлөт. Камкорчулукка алынгандын мүлкүнүн тизимин түзүүдө башка кызыкдар адамдар да катыша алышат.
Камкорчулукка алынгандын мүлккө ишенимдүү башкаруу келишими түзүлгөн мүлкү камкорчуга жана көзөмөлчүгө берилбейт.
Зарыл болгон учурда, эгерде бул камкорчулукка алынгандын кызыкчылыгы үчүн талап кылынса, камкорчу жана көзөмөлчү камкорчулукка алынгандын мүлкүн башка бирөөнүн мыйзамсыз ээлигинен кайтарып алуу жөнүндө сотко тез арада доо менен кайрылууга же камкорчуга алынгандын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
2) камкорчулар камкорчулукка алынгандардын атынан жана алардын кызыкчылыктары үчүн алардын мүлкүн жана баалуулуктарын башкарат. Камкорчулукка алынгандарга таандык акча каражаттарын жана башка баалуулуктарын ээликтен ажыратышат, башкарышат жана тескешет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте алардын атынан жана алардын кызыкчылыктарында бардык зарыл болгон бүтүмдөрдү жасашат.
Камкорчу жана көзөмөлчү камкорчулукка алынгандын өткөрүлүп берилген мүлкүн өзүнүкү сыяктуу кам көрүүгө, анын мүлкүнүн наркынын азайышына жол бербөөгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн милдеттердин камкорчу жана көзөмөлчү тарабынан аткарылышы камкорчулукка алынгандын мүлкүнүн эсебинен ишке ашырылат.
3) камкорчулар 14төн 18 жашка чейинки жаштагы жашы жете электердин үстүнөн мыйзам боюнча жашы жете электер өз алдынча жасоого укуксуз бүтүмдөрдүн камкорчулукка атынгандар тарабынан жасалышына макулдук беришет.
30. Камкорчу же көзөмөлчү төмөнкүлөргө укуксуз:
1) аймактык бөлүмдүн алдын ала уруксатысыз турмуш-тиричилик бүтүмдөрүнүн чегинен чыккан бүтүмдөрдү камкорчулукка алынгандын атынан жасоого, ал эми көзөмөлчү макулдук берүүгө;
2) камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алынган менен бүтүмдөрдү жасоого;
3) бүтүмдөрдү түзүүдө же камкорчулукка алынган менен камкорчунун же көзөмөлчүнүн жубайынын жана алардын жакын туугандарынын ортосунда соттук иштерди жүргүзүүдө алардын камкорчулугу жана көзөмөлчүлүгү алдындагы адамдардын атынан чыгууга;
4) камкорчулукка алынгандын атынан белекке берүү келишимдерин жасоого.
31. Камкорчулукка алынгандын каражаттарын бөлүштүрүү:
1) камкорчулукка алынгандын пенсиялар, жөлөкпулдар, алименттер катары алынган жана башка кирешелеринин суммалары камкорчунун же көзөмөлчүнүн тескөөсүнө түшөт жана алар тарабынан камкорчулукка алынганды багууга жумшалат;
2) 14төн 18 жашка чейинки курактагы жашы жете электер өзүлөрүнүн автордук жана ойлоп табуучулук укуктарын жүзөгө ашыруунун натыйжасында алган эмгек акыларын, стипендияларын, сыйлыктарын өз алдынча тескешет;
3) камкорчулар жана көзөмөлчүлөр камкорчулукка алынгандардын мүлкүн башкарууга, камкорчулукка алынгандар үчүн алынган бардык каражаттарды эсепке алууга, ошондой эле мүлктү башкаруу жана сактоо менен байланышкан башка аракеттерди жасоого милдеттүү.
32. Камкорчу аймактык органдын алдын ала уруксатысыз (мындан ары алдын ала уруксат) камкорчулукка алынгандын мүлкүн жалдоого, ижарага, акысыз пайдаланууга же күрөөгө берүү боюнча, камкорчулукка алынгандын мүлкүн ээликтен ажыратуу боюнча (анын ичинде айырбаштоо же белекке берүү боюнча) бүтүмдөрдү жасоого, камкорчулукка алынганга тиешелүү укуктардан баш тартууга, анын мүлкүн бөлүштүрүүгө же андан үлүштөрдү бөлүп берүүгө алып келген бүтүмдөрдү жасоого жана камкорчулукка алынгандын мүлкүнүн наркынын азайышына, акцияларын жана баалуу кагаздарын сатууга, камкорчулукка алынгандын салымдарын тескөөгө алып келген ар кандай башка бүтүмдөрдү жасоого укуксуз, ал эми көзөмөлчү мындайларды жасоого макулдук берүүгө укуксуз. Алдын ала уруксат бардык башка учурларда да, эгерде камкорчунун (көзөмөлчүнүн) аракеттери камкорчулукка алынгандын мүлкүнүн азайышына алып келиши мүмкүн болсо, анын ичинде камкорчулукка алынгандын кызыкчылыгында сотко берилген доодон баш тартканда; соттук териштирүүдө камкорчулукка алынгандын атынан жарашуу макулдашуусун түзгөндө; камкорчулукка алынган өндүрүүчү болуп саналган аткаруу өндүрүшү боюнча карызкор менен жарашуу келишими түзүлгөндө талап кылынат.
Камкорчулукка алынганга таандык укуктардан баш тартууга, анын мүлкүн бөлүштүрүүгө жана андан үлүш бөлүп берүүгө байланышкан бүтүмдөр боюнча аймактык орган тарабынан эгерде бул камкорчулукка алынгандын кызыкчылыгына карама-каршы келбесе, камкорчулукка алынгандын үлүшүнө же мүлкүнүн наркына барабар мүлккө жана акча каражатына укук берилген учурда алдын ала уруксат берилет.
Камкорчулукка алынгандын мүлкүнүн азайышына алып келген бүтүмдөрдү жасоодо, камкорчулукка алынгандын өмүрүн жана ден-соолугун коргоого тез чараларды көрүү үчүн зарыл болгон учурларда аймактык бөлүм тарабынан Балдар иштери боюнча комиссиянын макулдугу боюнча аларды жасоого алдын ала уруксат берилет.
Аймактык бөлүм камкорчулукка алынгандын мүлкүн жалдоого, ижарага берүү боюнча бүтүмдөрдү жасоого алдын ала уруксат берүүгө укуксуз, эгерде:
- камкорчулукка алынгандын мүлкүн жалдоого, ижарага алуучу болуп камкорчунун же көзөмөлчүнүн жубайы, жакын туугандары чыкса;
- жалдоо, ижара келишимдери боюнча төлөөлөр мүлктү күтүүгө жана пайдаланылып жаткан мүлктү жалдоого, ижарага берилгенге чейинки абалына келтирүүгө кеткен чыгымдарды жаппаса;
Аймактык бөлүм камкорчулукка алынгандын мүлкүн акысыз колдонууга алдын ала уруксат берүүгө укуксуз:
- эгерде мүлктү пайдалануу мөөнөтү үч жылдан ашса жана камкорчулукка алынганга түшүүчү пайда жөнүндө күбөлөндүргөн жагдайлар жок болсо;
- эгерде камкорчулукка алынгандын мүлкүн пайдалануучулар болуп камкорчунун же көзөмөлчүнүн жубайы, жакын туугандары чыкса.
Аймактык бөлүм төмөнкү учурларды кошпогондо, камкорчулукка алынгандын мүлкүн ээликтен ажыратууга алдын ала макулдук берүүгө укуксуз:
- соттук чечимге ылайык мажбурлап өндүрүү, анын ичинде күрөөгө коюлган предмет катары өндүрүү;
- рента келишими боюнча ээликтен ажыратуу, эгерде мындай келишим камкорчулукка алынгандын пайдасына түзүлсө;
- алмашуу келишими боюнча ээликтен ажыратуу, эгерде мындай келишим камкорчулукка алынгандын пайдасына түзүлсө;
- камкорчулукка алынгандын жашаган жери өзгөргөндө, камкорчулукка алынганга таандык турак үйдү, турак үйдүн бир бөлүгүн же батирди ээликтен ажыратуу;
- эгерде бул камкорчулукка алынгандын кызыкчылыгы үчүн зарыл болсо, өзгөчө учурларда (кымбат дарылоону төлөө, жана башка) кыймылсыз мүлккө болгон ээликтен ажыратуу.
33. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын алдын ала уруксаты камкорчулукка алынгандын атынан ишеним кат берилген учурда талап кылынат.
34. Камкорчулукка алынгандын камкорчусу, көзөмөлчүсү, баланын ата-энеси алдын ала уруксат алуу үчүн алардын туруктуу жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө кайрылышат. Алдын ала уруксат аймактык бөлүмдүн буйругу түрүндө таризделет.
Аймактык бөлүмдүн алдын ала уруксаты же ушундай уруксатты берүүдөн баш тартуу камкорчуга же көзөмөлчүгө жазуу жүзүндө мындай уруксатты берүү жөнүндө арыз берилген күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш. Мындай уруксатты берүүдөн баш тартуу негизделүүгө тийиш. Аймактык бөлүм тарабынан берилген алдын ала уруксат же мындай уруксатты берүүдөн баш тартуу камкорчу же көзөмөлчү, башка кызыкдар адамдар, ошондой эле прокурор тарабынан соттук тартипте талашылышы мүмкүн.
35. Аймактык бөлүмдүн алдын ала уруксатысыз камкорчулукка алынгандын атынан келишим түзүү фактысы белгилүү болгондо, аймактык бөлүм эгерде мындай келишим камкорчулукка алынгандын пайдасына түзүлгөн учурлардан тышкары, камкорчулукка алынгандын атынан жарандык мыйзамдарга ылайык мындай келишимди бузуу жөнүндө талап менен сотко токтоосуз кайрылууга милдеттүү. Мындай келишим бузулган учурда, камкорчулукка алынганга таандык мүлк кайтарылууга тийиш, ал эми келишимдин тараптарына келтирилген чыгымдардын орду камкорчу же көзөмөлчү тарабынан жарандык мыйзамдарда белгиленген өлчөмдө жана тартипте толтурууга тийиш.
36. Сот тарабынан аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жашы жеткен жаран мүлктүк укуктарын коргоо боюнча чараларды өз алдынча көрөт.
Сот тарабынан аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, жашы жеткен жарандын мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого ушул Жобонун 29-пунктунун 1, 2-пунктчаларынан тышкары, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 72-статьясынын эрежелери, ошондой эле ушул Жобонун ченемдери колдонулат.
Сот тарабынан аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жашы жеткен жарандын көзөмөлчүсү камкорчулукка алынган анын макулдугусуз жасаган бүтүмдөрүн Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 65-статьясына ылайык жараксыз деп таанууну талап кылууга укуктуу.
37. Камкорчулар же көзөмөлчүлөр камкорчулукка алынгандардын жашаган жерин которгондугу жөнүндө алар мурдагы жашаган жеринен кеткен күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен аймактык бөлүмгө билдирүүгө милдеттүү.
Аймагында камкорчулукка алынганга камкорчулук жана көзөмөлчүлүк белгиленген аймактык бөлүм камкорчудан же көзөмөлчүдөн камкорчулукка алынгандын жашаган жеринин өзгөргөндүгү жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде камкорчулукка алынгандын делосун анын жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмүнө жиберүүгө милдеттүү.
Камкорчулукка алынгандын жаңы жашаган жери боюнча камкорчулардын жана көзөмөлчүлөрдүн ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктар камкорчулукка алынгандын өздүк делосун алган күндөн тартып тиешелүү аймактык бөлүмгө жүктөлөт.
38. Камкорчулардын жана көзөмөлчүлөрдүн ишин контролдоо камкорчулукка алынгандардын жашаган жери боюнча аймактык бөлүм тарабынан же болбосо, эгерде камкорчу же көзөмөлчү алардын жашаган жери боюнча дайындалса, камкорчулардын жана кчзөмөлчүлөрдүн жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөр тарабынан ишке ашырылат.
Аймактык бөлүм он эки айда бир жолудан кем эмес камкорчулукка алынгандардын жашоо шарттарына, камкорчулар жана көзөмөлчүлөр тарабынан камкорчулукка алынгандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына, алардын мүлктөрүнүн сакталышын камсыз кылынышына пландуу текшерүү жүргүзөт.
Жашы жете элек камкорчулукка алынгандардын жашоо шарттарын пландуу текшерүү билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү (социалдык педагог) менен биргеликте аймактык бөлүмдүн жооптуу кызматкери тарабынан жүргүзүлөт.
Аймактык бөлүм ушул Жобонун 22-пунктуна ылайык кабыл алынган чечимдердин аткарылышына дайыма контроль жүргүзүүгө милдеттүү.
Камкорчулукка алынгандар камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөө тууралуу чечимди кабыл алган органга камкорчулардын жана көзөмөлчүлөрдүн аракетине же аракетсиздигине даттанууга укуктуу.
Камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алынган адамдын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч болгондугу, анын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулгандыгы жөнүндө кабардар болгон адамдар бул тууралуу камкорчулукка алынгандын иш жүзүндө турган жери боюнча аймактык бөлүмгө же ички иштер органдарына билдирүүгө милдеттүү. Аймактык бөлүм аталган маалыматтарды алганда камкорчулукка алынгандын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө жана бул тууралуу арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
39. Камкорчулар жана көзөмөлчүлөр камкорчулукка алынгандардын мүлкүн башкаруу жана сактоо боюнча өткөн жыл үчүн жазуу жүзүндөгү отчетту (9-тиркеме) аймактык бөлүмгө жыл сайын 15-февралдан кечиктирбестен берип турушат.
Аймактык бөлүм камкорчулукка алынгандардын мүлкүн башкаруу жана сактоо боюнча ушул Жобонун талаптары бузулган учурда, камкорчулардан жана көзөмөлчүлөрдөн аталган отчетту бир жылдык мөөнөт аяктаганга чейин эле талап кылышы мүмкүн. Отчеттор маанисине карата текшерилет жана камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери боюнча аймактык бөлүм тарабынан отчеттун ар бир барагына кол коюу менен бекитилет, отчетко кирбеген фактылар же болбосо аныктыгы күмөн туудурган фактылар белгилүү болгон учурда, камкорчулардан жана көзөмөлчүлөрдөн түшүндүрмөлөрдү жана ырастоочу документтерди берүүлөрү суранат. Бекитилген отчеттун көчүрмөсү камкорчуга же көзөмөлчүгө берилет.
Камкорчулукка алынгандын мүлкүнүн курамы өзгөрүлгөн жана камкорчулукка алынгандын мүлкүнүн курамын өзгөртүүгө аймактык бөлүм макул болгон учурда мүлктүн курамы өзгөрүлгөнү тууралуу акт түзүлөт (10-тиркеме) жана мүлктү факт боюнча тизимдөө жүргүзүлөт. Аймактык бөлүм ушул Жобонун 40-пунктуна ылайык белгиленген учурларда мүлктүн курамынын өзгөрүлүшүнө макулдук берүүгө укуксуз. Мүлктүн жаңы тизими түзүлгөндүгүнө байланыштуу мүлктүн мурдагы тизими күчүн жоготот.
Аймактык бөлүм камкорчудан же көзөмөлчүдөн ага жүктөлгөн милдеттерди ак ниет эмес же шалаакылык менен аткаруунун натыйжасында камкорчулукка алынганга келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толтурууну талап кылууга милдеттүү.
Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк токтотулган, ошондой эле камкорчулар жана көзөмөлчүлөр өздөрүнүн милдеттерин аткаруудан бошотулган, четтетилген учурда, камкорчулар жана көзөмөлчүлөр өз иштери жөнүндө жалпы жазуу жүзүндөгү отчет беришет, ал аймактык бөлүм тарабынан каралат, ал эми камкорчулукка алынгандардын болгон мүлкү өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүлүп берилет.
Камкорчулар жана көзөмөлчүлөр тарабынан ушул пункттун ченемдеринин бузулушу алардын бул милдеттерди аткаруудан сот тарабынан четтетилиши үчүн негиз болуп саналат.
40. Камкорчулар камкорчулукка алынгандардын атынан жасалган бүтүмдөр боюнча мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
Камкорчулар жана көзөмөлчүлөр алардын күнөөсү боюнча камкорчулукка алынгандын инсандыгына же мүлкүнө зыян келтирилгендиги үчүн жарандык мыйзамдарда каралган зыян келтирүү үчүн жоопкерчилик ченемдерине ылайык жооп беришет.
Камкорчу жана көзөмөлчү тарабынан камкорчулукка алынгандын мүлкүн коргоо жана башкаруу боюнча милдеттердин талаптагыдай эмес аткарылгандыгы белгилүү болгондо (мүлктү бузуу, талаптагыдай эмес сактоо, мүлктү максатсыз чыгымдоо, камкорчулукка алынгандын мүлкүнүн наркынын азайышына алып келген иштерди жасоо жана башкалар) аймактык бөлүм акт түзүүгө милдеттүү жана камкорчудан жана көзөмөлчүдөн камкорчулукка алынганга келтирилген зыяндардын ордун толтурууну талап кылууга милдеттүү.
41. Камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү өз милдеттерин аткаруудан бошотуу жана четтетүү сот тарабынан, ал эми убактылуу дайындалган камкорчуну же көзөмөлчүнү өз милдетин аткаруудан бошотуу аймактык бөлүм тарабынан жүргүзүлөт.
Камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү өз милдеттерин аткаруудан бошотуу жашы жете элек өзүнүн ата-энесине кайтарылып берилген же ал асырап алынган учурларда жүргүзүлөт.
Камкорчу жана көзөмөлчү өз милдеттерин аткаруудан жүйөлүү себептер болгондо (ооруусуна, мүлктүк абалынын өзгөрүшүнө байланыштуу, камкорчулукка алынуучу менен өз ара түшүнүшүү жок болгондо ж.б.) өзүнүн өтүнүчү боюнча бошотулушу мүмкүн.
Камкорчуну же көзөмөлчүнү бошотуу жөнүндө арыз камкорчу же көзөмөлчү, баланын ата-энеси же асырап алуучулар тарабынан камкорчулук же көзөмөлчүлүк тууралуу чечимди кабыл алган органга (сотко же аймактык бөлүмгө) берилет.
Камкорчулукка алынган тиешелүү тарбиялоочу, дарылоочу мекемеге, калкты социалдык коргоо мекемесине жана ушуга окшогон башка мекемеге жайгаштырылган учурда мурда дайындалган камкорчуну же көзөмөлчүнү өз милдеттерин аткаруудан бошотуу, эгерде бул камкорчулукка алынгандын кызыкчылыктарына каршы келбесе жүргүзүлөт.
Эгерде жаран аракетке жөндөмсүз деп таанылган негиздер жараксыз болуп калса, камкорчу ушул негиздер жараксыз болуп калган учурдан тартып 10 календарлык күндүн ичинде бул тууралуу аймактык бөлүмгө билдирүүгө жана камкорчулукка алынганды аракетке жөндөмдүү деп таануу жана камкорчулукту токтотуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга милдеттүү.
Камкорчунунун камкорчулукка алынганды аракетке жөндөмдүү деп таануу жана өзүнөн камкорчулук милдеттерин алып салуу боюнча аракетсиздик учурунда аймактык бөлүм камкорчулукка алынганды аракетке жөндөмдүү деп таануу жөнүндө өз алдынча сотко арыз берет жана камкорчуну милдеттерин аткаруудан четтетүү тууралуу, күнөөлүүнү мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өтүнүч кат менен кайрылат.
Камкорчу же көзөмөлчү өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбаган учурда, анын ичинде алар камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү өз кызыкчылыгына пайдаланганда же камкорчулукка алынганды кароосуз жана зарыл жардамсыз калтырганда, ошондой эле камкорчулукка алынганды аракетке жөндөмдүү деп таануу жана камкорчулук милдеттерин өзүнөн алып салуу боюнча камкорчунун аракетсиздиги учурунда сот камкорчуну же көзөмөлчүнү бул милдеттерди аткаруудан четтетиши жана күнөөлүүнү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартышы мүмкүн.
Камкорчуну же көзөмөлчүнү бошотуу же четтетүү тууралуу ишти сот аймактык бөлүмдүн катышуусу менен карайт.
42. Жашы жеткен жарандарга камкорчулук жана көзөмөлчүлүк камкорчунун, көзөмөлчүнүн же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн арызы боюнча камкорчулукка алынганды аракетке жөндөмдүү деп таануу же анын аракетке жөндөмдүүлүгүнүн чектелгендигин жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими чыккан учурда токтотулат.
Кенже жаштагы камкорчулукка алынгандар он төрт жашка чыкканда аларга камкорчулук токтотулат, ал эми камкорчунун милдетин аткарган жаран бул тууралуу кошумча чечимсиз эле жашы жете элекке көзөмөлчү болуп калат.
Жашы жете электерге көзөмөлчүлүк өзгөчө чечимсиз эле жашы жете элек камкорчулукка алынган он сегиз жашка чыкканда, ошондой эле ал никеге турганда жана алар жашы жеткенге чейин толук аракетке жөндөмдүүлүккө ээ болгон учурда токтотулат.
43. Камкорчунунун же көзөмөлчүнүн милдетин аткарган адам, ага камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү токтотуу, ошондой эле аларды камкорчулук же көзөмөлчүлүк милдеттерин аткаруудан бошотуу жана четтетүү жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып үч жумушчу күндөн кечиктирбестен аймактык бөлүмгө ушул Жобонун 39-пунктунда белгиленген эрежелерге ылайык жазуу жүзүндө отчет берет.
Аймактык бөлүм камкорчунун же көзөмөлчүнүн аракеттеринен аларды административдик, кылмыш же башка жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз тапкан учурда, отчетту алган күндөн тартып 20 жумушчу күндөн кечиктирбестен же камкорчуну же көзөмөлчүнү жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз тапкан учурдан тартып, 30 жумушчу күндөн кечиктирбестен тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 токтомуна 1-тиркеме |
_________________________________
(органдын аталышы көрсөтүлсүн)
_________________________________
___________ дареги боюнча жашаган
_________________________________
(aты-жөнү толугу менен)
_________________________________
Паспорт: ________________________
(сериясы, номери, ким
_________________________________
тарабынан жана качан берилген)
Мен, ____________________________________________________________,
(аты-жөнү толугу менен)
19__-жылдын "__" ________ туулган, Сизден мени камкорчу катарында эсепке коюуңузду жана камкорчу болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду берүүңүздү суранам.
Материалдык мүмкүнчүлүгүм, турак-жай шартым жана ден соолугумдун абалы мага баланы камкорчулукка алууга мүмкүндүк берет. Сот тарабынан ата-энелик укугумдан чектелген эмесмин(биз), камкорчу милдеттеринен четтетилген эмесмин(биз).
Мен ______________________________________________________________ _______________________________________________________________ иштейм. (Иштин мүнөзүн баяндап жазуу зарыл: туруктуу/убактылуу, өндүрүштө/кеңседе/башка, узак командировка менен байланыштуубу же жокпу, иштин режими жана үйдөн алыстыгы. Эгерде арыз ээси пенсионер болсо, анда пенсиялык камсыздоонун, берилүүчү жеңилдиктердин түрү көрсөтүлөт. Эгерде арыз ээси иштебесе, анда анын себептери көрсөтүлөт: "___________ байланыштуу убактылуу"/үй кожойкеси ж.б., ошондой эле жашоосун камсыз кылуу булагы).
Жубайым __________________________________________________________ ________________________________________________________________ иштейт
(Арыз ээсинин жубайынын аты-жөнү (эгерде бар болсо) толугу менен)
________________________________________________________________ жашайм (Турак-жайынын кыскача мүнөздөмөсү берилет: туруктуу/убактылуу; коммуналдык/жатакана/өзүнчө бөлүнгөн ж.б.; жалпы жана турак-жай аянтынын көлөмү; бөлмөлөрдүн саны; турак жайдын таандыгы: муниципалдык фонддон/ ведомстволук/менчиктештирилген/жеке менчик).
Мени менен бирге _________________________________________________ _______________________________________________________________ жашашат (Арыз ээси менен иш жүзүндө бирге жашагандар жана алардын арыз ээсине болгон туугандык даражасы көрсөтүлөт. Алардын ичинен: багуусундагы жашы жете электер, пенсионерлер, майыптар, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендер жана аракетке жөндөмсүздөр, ата-энелик укугунан чектелгендер жана ажырагандар бар экендиги көрсөтүлөт).
_______________________________________________________________________
Өзүм жөнүндө кошумча төмөнкүлөрдү билдире алам ___________________ ______________________________________________________________________. (Арыз ээси камкорчунун ролун ийгиликтүү аткаруу үчүн керек деп эсептеген жүйөөлөрдүн бары көрсөтүлөт: билими, балдарды тарбиялоо тажрыйбасы, сыйлыктары, коомдук иштери, туугандарынын колдоосунун бар экендиги ж.б.).
Күнү: 20__-жылдын "__" _________ ___________________________
(арыз ээсинин колу)
Жубайым, үй-бүлөмдүн бирге жашаган башка мүчөлөрү (эгерде бар болсо) баланы камкорчулукка алууга каршы эмес.
Күнү: 20__-жылдын "__" ________ _________________________________
(жубайынын аты-жөнү толугу менен)
__________________________________________________________________
(жубайынын колу, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн колу)
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1) Паспорттун көчүрмөсү (же ким экендигин ырастаган башка документ).
2) Нике жөнүндө күбөлүк (эгер никеде турушса).
3) Жубайынын камкорчулукка же көзөмөлчүлүккө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу (эгер никеде турушса).
4) Жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат.
5) Соттуулугу жоктугу, алып салынгандыгы же жабылгандыгы жөнүндө ички иштер органынын маалымкаты.
6) Үй-бүлөнүн туруктуу киреше булагы бар экенин ырастагам документ (иштеген жеринен кызмат орду жана эмгек акысы көрсөтүлгөн маалымкат, ишкердик иштен алынган кирешеси жөнүндө декларациянын көчүрмөсү, пенсиясынын өлчөмү жөнүндө маалымкат, дыйкан чарба менчигинде жер үлүшү, малы жана башка активдери бар экени жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын маалымкаты).
7) Камкорчу болууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугунун абалы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу Адам ооруп калганда багып алуучу ата-эне, камкорчу жана көзөмөлчү боло албай турган оорулардын тизмегине ылайык оорулардын жоктугу тууралуу мамлекеттик дарылоо-алдын алуучу жана медициналык-социалдык уюмдун медициналык корутундусу (2-тиркеме).
8) Иштеген же жашаган жеринен мүнөздөмө.
9) Арыз ээлеринин толук өмүр баяндары.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 токтомуна 2-тиркеме |
Талапкердин аты-жөнү _____________________________________________
Туулган күнү _____________________________________________________
Үй дареги ________________________________________________________
┌──┬────────────────┬─────────────────┬─────────────┬─────────────────┐
│№ │ Адис │ Оорусу бар │ Текшерилген │ Дарыгердин │
│ │ │ же жок экендиги │ күн │ жана мекеменин │
│ │ │жөнүндө корутунду│ │жетекчисинин колу│
├──┼────────────────┼─────────────────┼─────────────┼─────────────────┤
│1 │Психиатр │Аныкталды. │ │ │
│ │ │Аныкталган жок │ │ │
├──┼────────────────┼─────────────────┼─────────────┼─────────────────┤
│2 │Нарколог │Аныкталды. │ │ │
│ │ │Аныкталган жок │ │ │
├──┼────────────────┼─────────────────┼─────────────┼─────────────────┤
│3 │Теривенеролог │Аныкталды. │ │ │
│ │ │Аныкталган жок │ │ │
├──┼────────────────┼─────────────────┼─────────────┼─────────────────┤
│4 │Фтизиатр │Аныкталды. │ │ │
│ │ │Аныкталган жок │ │ │
├──┼────────────────┼─────────────────┼─────────────┼─────────────────┤
│5 │Флюорография │Аныкталды. │ │ │
│ │ │Аныкталган жок │ │ │
├──┼────────────────┼─────────────────┼─────────────┼─────────────────┤
│6 │Терапевт │Аныкталды. │ │ │
│ │ │Аныкталган жок │ │ │
└──┴────────────────┴─────────────────┴─────────────┴─────────────────┘
Поликлиниканын башчысы, ___________________________ _____________
(аты-жөнү) (колу)
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 токтомуна 3-тиркеме |
_________________________________________________________________,
(аты-жөнү)
________________________________________________ дареги боюнча жашаган,
20__-жылдын "__" ________
Актыны түзгөн кызматкердин кызмат орду, аты-жөнү: ________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Дареги: __________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Текшерүүнүн себеби: ______________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Үй-бүлөнүн социалдык турмуш-тиричилик абалына текшерүү жүргүзүлдү: _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(үй-бүлөнүн категориясы жана текшерүүнүн себеби көрсөтүлсүн)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ жана акт түзүлдү.
Жарандын үй-бүлөсү төмөнкү курамдан турат:
_______________________________________________________________________
(аты-жөнү, туулган күнү, иштеген же окуган жери)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Текшерүү убагында төмөнкүлөр аныкталды: __________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Эмеректердин жана тиричилик буюмдарынын бар экендиги: ____________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Имараттын санитардык-гигиеналык абалы: ___________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Жашоо шарты: _________ кв.м; бөлмөлөрдүн саны: ___________________
Турак-жай кимге таандыгы: ________________________________________ _______________________________________________________________________
а) турак-жайдын абалы авариялык, эски, жашаганга жарактуу;
(асты сызылсын)
б) турак-жайдын түрү: менчик, мамлекеттик, жатакана, менчиктешти-
(асты сызылсын)
рилген;
в) шарттардын ыңгайлуулугу: ыңгайлуу, ыңгайлуу эмес, жарым жарты-
(асты сызылсын)
лай.
Турак-жай шартын жакшыртууга муктаждыгы: бар, жок ________________
(көрсөтүлсүн)
г) транспорту бар экендиги, бар/жок ______________________________
(көрсөтүлсүн)
д) короо-жай участогу, бар/жок ___________________________________
(көрсөтүлсүн)
е) көмөкчү чарбасы, бар/жок ______________________________________
(көрсөтүлсүн)
Алган кирешелеринин жана социалдык-укуктук жардамдарынын түрлөрү жана өлчөмдөрү:
балдарга ай сайын берилүүчү жөлөкпул: ____________________________
(суммасы көрсөтүлсүн)
жалгыз бой эненин жөлөкпулу: _____________________________________
(суммасы көрсөтүлсүн)
алименттери: _____________________________________________________
(суммасы көрсөтүлсүн)
эмгек акысы: _____________________________________________________
(суммасы көрсөтүлсүн)
пенсиясы: ________________________________________________________
(суммасы көрсөтүлсүн)
даректүү жардам: _________________________________________________
(суммасы көрсөтүлсүн)
стипендия: _______________________________________________________
(суммасы көрсөтүлсүн)
Коммуналдык төлөмдөр боюнча жеңилдиктер: _________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(колдонулабы же жокпу жана кандай негиздер боюнча)
20__-ж. "__" _________ жалпы кирешеси ____________________________ ________________________________________________________________ түздү.
Мектептен акысыз тамак ичет, ооба/жок: ___________________________
(көрсөтүлсүн)
_______________________________________________________________________
Кошумча маалыматтар: _____________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Корутунду: _______________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Аты-жөнү _________________________________________________________
(текшерүү жүргүзгөн(үшкөн) кызматкер(лер))
_______________________________________________________________________
(кызматы)
М.О.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 токтомуна 4-тиркеме |
Балага баруу үчүн № _____
Ушул менен _______________________________________________________
(органдын толук аталышы)
_______________________________________________________________________ камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө), асырап алууга, багып алуучу ата-энеге талапкер ______________________________________________________________
(талапкердин аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(паспорттук маалыматтары)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________ жашаган
(бала турган мекеменин толук аталышы)
_______________________________________________________ барууга жиберет
(баруучу баланын аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
Берилген күн: 20__-жылдын "__" __________
Колу _____________________________________________________________
(аймактык бөлүмдүн начальниги же начальнигинин орун басары)
Жолдомо берилген күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин жараксыз деп эсептелет.
М.О.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 токтомуна 5-тиркеме |
___________________________
(органдын аталышы)
___________________________
___________________________
(арыз ээсинин аты-жөнү)
Мен, (биз) _______________________________________________________
(арыз ээсинин аты-жөнү толугу менен)
_______________________________________________________________________
(баланын аты-жөнү)
________________________________________ бала менен жеке тааныштым(тык) _______________________________________________________________________
__________________________________________________________________
(жолдомону берген органдын аталышы)
20__-жылдын "__" ________ № _______ жолдомосу.
Анын өздүк делосу, медициналык картасы жана башка берилген маалыматтар менен __________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(кандай маалыматтар кошумча берилгендиги көрсөтүлөт)
___________________________________________________________ байланыштуу
(баш тартуунун себептери көрсөтүлөт)
_________________________________________________________ макулмун(буз)
(асыроону, камкорчулукту (көзөмөлчүлүктү) белгилөөгө,
баланы багып алуучу үй-бүлөгө кабыл алууга)
Күнү: 20__-жылдын "__" ___________ _______________________
(арыз ээсинин колу)
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 токтомуна 6-тиркеме |
20__-ж. "__" _________ _________________
(калктуу конуш)
Биз төмөндө кол койгондор: _______________________________________
(аты-жөндөрү)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Жашы жетпегенди (баланы) алуу жөнүндө акты түздүк: _______________ _______________________________________________________________________
(аты жөнү, туулган жылы, турган жери же жашаган жери көрсөтүлсүн)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Маселени маңызы боюнча чечүү үчүн жашы жетпеген __________________ _________________________________________________________ аныкталды.
Акт менен таанышышты: ____________________________________________
Күбө-калыстар: 1. __________________________ дареги боюнча жашаган _______________________________________________________________________
(аты-жөнү көрсөтүлсүн)
2. _________________________________________ дареги боюнча жашаган _______________________________________________________________________
(аты-жөнү көрсөтүлсүн)
Актыны түзүштү: __________________________________________________
(аты-жөнү көрсөтүлсүн)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 токтомуна 7-тиркеме |
__________________________________________________________________
(камкорчулукка алынгандын аты-жөнү)
20__-ж. "__" ________ ___________________
(калктуу конуш)
Мүлктү ___________________________________________________________
(кимге)
______________________________________________ берип жаткан учурда.
Камкорчулукка алынгандын мүлкү төмөнкү курамда тизимделди:
┌──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│1 │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│2 │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│3 │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│4 │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│5 │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6 │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│7 │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│8 │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ │ │
└──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┘
Камкорчулукка алынгандын мүлкү камкорчунун (көзөмөлчүнүн) катышуусунда түзүлдү, ________________________________________________________
(аты-жөнү көрсөтүлсүн)
_______________________________________________________________________
Тизим _________ нускада, камкорчу (көзөмөлчү), ___________________ ________________________________________________ үчүн бирден түзүлдү.
Аймактык бөлүмдүн жооптуу кызматкери: ____________________________
(колу)
Камкорчу, көзөмөлчү: _____________________________________________
(колу)
Катышуучу адамдар: _______________________________________________
(аты-жөндөрү көрсөтүлсүн)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(колдору)
М.О.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 токтомуна 8-тиркеме |
__________________________________________________________________
(мүлк кимге өткөрүлүп берилет)
паспорту: _____________________________________________________________
(сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
Мүлктү камкорчуга, көзөмөлчүгө өткөрүп берип жатканда (же камкорчу, көзөмөлчү мүлктү жооптуу органга өткөрүп берип жатканда) анын негизинде мүлк берилип жаткан чечимди чыгарган органдын аталышы, чечим чыгарылган күн жана анын номери көрсөтүлөт: _____________________________ _______________________________________________________________________
Камкорчулукка алынгандын: ________________________________________
(аты-жөнү)
_________________________________________________________ мүлкү төмөнкү курамда өткөрүлүп берилип жатат:
┌──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│1 │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│2 │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│3 │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│4 │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│5 │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6 │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│7 │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│8 │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ │ │
└──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┘
Аймактык бөлүмдүн жооптуу кызматкери: ____________________________ _______________________________________________________________________
(колу)
Камкорчу, көзөмөлчү: _____________________________________________
(колу)
Катышкан адамдар: ________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(колдору)
Мөөр:
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 токтомуна 9-тиркеме |
__________________________________________________________________
(аты-жөнү)
________ тартып _________ жылга чейинки мезгил үчүн
Камкорчулукка алынган ____________________________________________
(аты-жөнү)
Мен, камкорчу (көзөмөлчү) ________________________________________
(аты-жөнү)
камкорчулукка алынгандын мүлкүн ________ жылдын "__" _______ аймактык бөлүм тарабынан түзүлгөн мүлктүн тизимине ылайык кабыл алдым.
Отчеттук мезгил үчүн мүлктүн курамы өзгөртүлгөн жок.
Эгерде камкорчулукка алынгандын мүлкүнүн курамы мүлктүн тизимине ылайык келбесе, анда мүлктүн курамы өзгөрүлгөн, буга байланыштуу аймактык бөлүмдүн ээликтен ажыратууга, алмашууга ж.б. макулдугу жөнүндө буйругу чыгарылган күндү жана анын номерин көрсөтүү менен мүлктүн курамында жок болгон мүлктүн аталышын же өзгөрүлгөн мүлктүн аталышын көрсөтүү зарыл.
Ошондой эле камкорчулукка алынгандын эсебинен алынган мүлктүн курамынын көбөйүшү көрсөтүлөт: __________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Камкорчунун (көзөмөлчүнүн) колу __________________________________
Аймактык бөлүмдүн жооптуу кызматкеринин колу _____________________
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 токтомуна 10-тиркеме |
Камкорчу (көзөмөлчү) _____________________________________________
(аты-жөнү)
Паспорт: _________________________________________________________
(сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
__________________________________________________________________
(чечимди чыгарган органдын аталышы, чечим чыгарылган күн
_______________________________________________________________________
жана анын номери)
______________________________________________ чечими менен дайындалган
Камкорчулукка алынгандын мүлкү ___________________________________
(аты-жөнү)
______ ж. __________ мүлктүн тизимине жана ______ ж. __________ мүлктү өткөрүп берүү актысына ылайык камкорчуга (көзөмөлчүгө) өткөрүлүп берилген.
Камкорчулукка алынгандын мүлкүнүн курамы өткөрүп берүү актысында жана мүлктүн тизиминде көрсөтүлгөн мүлктүн курамына шайкеш келбейт.
Камкорчулукка алынгандын мүлкүнүн курамы камкорчулукка алынгандын мүлкүн коргоо жана анын мүлкүн башкаруу боюнча милдеттерди камкорчу жана көзөмөлчү талаптагыдай аткаруу учурунда, ___________________________ _______________________________________________________________________
(себеби, саны, аталышы ж.б. көрсөтүлсүн)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ ___________________________________________ натыйжасында өзгөртүлгөн.
Мүлктүн курамы камкорчулукка алынгандын мүлкүн коргоо жана анын мүлкүн башкаруу боюнча милдеттерди камкорчу (көзөмөлчү) талаптагыдай эмес аткарган учурда, _________________________________________________ _______________________________________________________________________
(себеби, саны, аталышы ж.б. көрсөтүлсүн)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ ___________________________________________ натыйжасында өзгөртүлгөн.
Акты түзүлгөн күн: 20__-жылдын "__" _________
Аймактык бөлүмдүн
жооптуу кызматкери: __________________________ __________________
(аты-жөнү) (колу)
Камкорчу, көзөмөлчү __________________________ __________________
(аты-жөнү) (колу)
Катышуучу адамдар: _______________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(аты-жөндөрү, колдору)
Мөөр: