Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 24-августу № 433
Социалдык өнүктүрүү жана гуманитардык жардам чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 , 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 321 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында калктын социалдык аярлуу катмарына өз учурунда социалдык колдоо көрсөтүү жана социалдык туруктуулукту камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды чектөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 181-пункт менен толукталсын:
"181. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шартында ай сайынкы чектелген компенсацияларды төлөөнүн мөөнөтү өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал мезгилинде колдонулуу мөөнөтү аяктай турган ушул Жобонун 15-пунктунда жана тиркемесинде аталган документтерди талап кылбастан өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режимин алып салган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин узартылат.
Мында жарандардан ай сайынкы компенсацияны чектөө жөнүндө арыздарын кабыл алуу өзгөчө абал режими киргизилген белгилүү бир администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында калкты тейлеген аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүндө өзгөчө абал режими алып салынганга чейин токтотула турат.";
- 21-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде алуучу аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүйөөлүү себептер (ооруп калуу, аракетке жөндөмсүздүк, ишенимдүү адамдардын жоктугу, өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режимин киргизүү) менен үч айдан кийин кайрылса, анда ай сайынкы компенсацияны төлөө ал токтотулуп турган күндөн тартып кошумча үч айга узартылат.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 321 токтомуна ылайык күчүн жоготтот)
Көңүл бургула! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 321 токтому менен 2-пункттуна киргизилген өзгөртүүлөр 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жободо:
- 121-пункту "корутунду берүүсү" деген сөздөрдөн кийин "ушул Жобонун 9-пунктунда белгиленген документтердин тизмегиндеги" деген сөздөр менен толукталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө жобо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:
"101. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында жумушсуздук боюнча дайындалган жөлөкпул өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими алып салынган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин жумуш издөө жөнүндө маалым каттарды талап кылбастан ай сайын төлөнөт.
Расмий жумушсуздарга жумушсуздук боюнча жөлөкпулду чектөө ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу электрондук маалымат алмашуу жолу менен маалыматтарды текшерүүнүн негизинде жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү жумушсуз жаранга маалыматтык-телекоммуникациялык тармактар аркылуу 5 жумуш күндүн ичинде жумушсуздук боюнча жөлөкпулду которгондугу тууралуу билдирүү жиберет.".
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жобо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-глава менен толукталсын:
"4-глава. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында мамлекеттик жөлөкпулдарды берүү
49. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында колдонуу мөөнөтү өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин мезгилинде аяктаган мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө ушул Жобонун 1-тиркемесинде аталган тиешелүү документтерди талап кылбастан, өзгөчө кырдаал/өзгөчө кырдаал режими алып салынган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин аймактык бөлүмдөр тарабынан узартылат.
50. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин мезгилинде 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулду чектөөгө арыз берген үй-бүлөлөр текшерилбейт.
16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулду чектөө маалыматтарды электрондук алмашуу жолу менен текшерүүнүн негизинде ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Мында өзгөчө абал режими киргизилген белгилүү бир администрациялык-аймактык бирдикте калкты тейлеген аймактык бөлүмгө мамлекеттик жөлөкпулдар үчүн кайрылган жарандарды кабыл алуу өзгөчө абал режими алып салынганга чейин токтотула турат.".
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул эгерде эмгекке жарамсыздык баракчасы жабылган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен алар үчүн кайрылуу берилген учурда дайындалат жана төлөнөт.
Эгерде, арыз ээси/иш берүүчү өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режимин киргизүүгө байланыштуу эмгекке жарамсыздык баракчасы жабылган күндөн тартып алты ай өткөнгө чейин социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө кайрыла албаса, анда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул/кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими алып салынгандан кийин үч айдан кечиктирбестен кайрылуу берилгенде дайындалат жана төлөнөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 601-пункт менен толукталсын:
"601. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду чектөө/ордун толтуруу үчүн өзгөчө абал режими киргизилген белгилүү бир администрациялык-аймактык бирдикте калкты тейлеген аймактык бөлүмгө кайрылган адамдардын, жарандардын арыздарын/өтүнмөлөрүн кабыл алуу өзгөчө абал режими алып салынганга чейин токтотула турат.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Мында расымдык жөлөкпулду дайындоо/ордун толтуруу үчүн арыздарды/өтүнмөлөрдү кабыл алуу өзгөчө абал режими киргизилген белгилүү бир администрациялык-аймактык бирдикте калкты тейлеген социалдык өнүктүрүүнүн аймактык бөлүмдөрүндө токтотула турат.".
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Расымдык жөлөкпулду алуу үчүн кайрылуу каза болгондугу жөнүндө маалымкат берилген күндөн тартып алты айдан кечиктирилбей берилсе дайындалат жана төлөнүп берилет.
Эгерде каза болгондугу жөнүндө маалымкат берилген күндөн тартып алты айлык мөөнөттүн ичинде арыз берүүчү/жумуш берүүчү жүйөлүү себеп боюнча (катуу оору, аракетке жөндөмсүздүк, өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал, маалымкатты кечиктирип берүү, соттук териштирүүлөр, камкорчулук же көзөмөлчүлүк белгилөө, жашаган жерин алмаштыруу, каза болгондугу жөнүндө маалымкаттын/каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү) аймактык бөлүмгө кайрыла албаса, анда расымдык жөлөкпулду дайындоо мөөнөтү дагы алты айга узартылат.
Мында расымдык жөлөкпулду дайындоо жөнүндө чечим төлөмдү каржылаган орган - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан кабыл алынат.".
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 556 "Багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө жобо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 261-пункт менен толукталсын:
"261. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режимин алып салган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин төмөнкүлөрдүн жарактуулук мөөнөтү узартылат:
- ушул Жобонун 26-пунктунун 3 жана 5-8-пунктчаларындагы учурларды кошпогондо, өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал мезгилинде жарактуулугу аяктай турган багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы багуу боюнча жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө келишимдин;
- багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы багуу боюнча жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө ыктыярдуу патенттердин жана камсыздандыруу полистеринин.".
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Эгерде "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдү чектөө жөнүндө арыз берүүнүн мөөнөтү өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими колдонулган мезгилде аяктаса, анда өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими алып салынгандан кийин "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдү дайындоо жөнүндө арыз берүүнүн мөөнөтү өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режимин алып салган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин узартылат.".
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 "Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк жөнүндө жобо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 44-пункт менен толукталсын:
"44. Эгерде аймактык бөлүмдүн камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөө жөнүндө буйругунун колдонуу мөөнөтү өзгөчө кырдаалдын/өзгөчө абалдын мезгилинде аяктай турган болсо, буйруктун күчү өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими алып салынган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин узартылат, буга ушул Жобонун 41-пунктунда жана 42-пунктунун үчүнчү абзацында аталган жагдайлар кирбейт.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баланы үй-бүлөдөн тышкары жайгаштыруу тартиби жөнүндө жобо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12. Ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды жетим балдар же ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн бардык типтеги мекемелерге (тарбиялоо мекемелери, калкты социалдык коргоо мекемелери, дарылоо мекемелери жана менчигинин түрүнө карабастан ушул сыяктуу башка мекемелер) убактылуу жайгаштыруу жөнүндө аймактык бөлүмдүн буйругунун жарактуулук мөөнөтү өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминде аяктай турган болсо, камкордук көрүү, көзөмөлдүк кылуу же асырап алуу жөнүндө соттун чечими күчүнө кирген учурларды кошпогондо, буйруктун күчү өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими алып салынган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин узартылат.".
11. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 22-мартынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | К.А. Боронов |