Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-сентябры № 535
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2013-жылдын октябрь-декабрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 31-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 30-августундагы № 181 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2013-жылдын октябрь-декабрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте:
- 2013-жылдын октябрь-декабрында чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары жок, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укуктарынан ажырашкан эркек жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурсун;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзсүн, аларды медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шаймандар менен жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары менен камсыз кылсын;
- маалымдоо жана жарандардын аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келишин камсыздоо боюнча чараларды көрсүн жана зарыл болсо аларды автоунаа менен жеткирүүнү уюштурсун;
- аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуучу жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууну уюштурууда аскер комиссариаттарына көмөк көрсөтүшсүн жана чакыруу комиссияларынын ишин уюштуруу үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарын төмөнкүлөр менен камсыздашсын:
- жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары, медикаменттер, шаймандар, медициналык жана чарбалык мүлк, автоунаа транспорту, байланыш каражаттары;
- зарыл сандагы техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү персоналдын адамдары менен.
4. Республикалык чакыруу комиссиясынын тиркелген курамы бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимин тандап текшерүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар жүктөлсүн.
5. Саламаттык сактоо министрлиги:
- аскер комиссариаттарынын суроо-талабы боюнча райондук (шаардык) чакыруу пункттарында чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу дарыгер-адистерди жана орто медициналык персоналды бөлүп берсин;
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөөчү жерине жөнөтөөр алдында аларды контролдук медициналык кароодон өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Талас шаарларындагы жана Нарын облусунун Кочкор айылындагы жыйноо пункттарын дарыгер-адистер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, көз догдур, отоларинголог, тиш догдур, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) жана орто медициналык персонал менен камсыз кылсын;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулатордук) медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү камсыз кылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 535 токтомуна тиркеме |
А.К.Керималиев - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын 2-башкармалыгынын (чакыруу) начальниги, комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
У.Б.Субанов - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;
Т.К.Арстамкулов - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо-профилактикалык жардам башкармалыгынын башкы адиси;
И.В.Лебедев - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын 2-башкармалыгынын (чакыруу) начальнигинин орун басары - бөлүм башчысы;
Д.Б.Абакиров - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн улук офицери;
Т.А.Кутуев - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын (чакыруу) бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
Т.А.Калмурзаев - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн улук офицери;
Жапар уулу A. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын аскерге чакырууга чейинки даярдык бөлүмчөсүнүн начальниги;
С.А.Мамбеталиев - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын (чакыруу) бөлүмүнүн башкы адиси, улук дарыгер (Бишкек шаары - Чүй облусу);
Р.К.Курманбаев - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Аскердик-дарыгердик комиссиясынын дарыгер-эксперти (Жалал-Абад облусунун жыйноо пункту);
Ш.O.Усупканов - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Аскердик-дарыгердик комиссиясынын дарыгер-эксперти (Ош облусунун жыйноо пункту);
Т.Б.Стамалиев - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик-дарыгердик комиссиясынын катчысы (Нарын облусунун жыйноо пункту);
А.М.Мурзагулов - 44549 аскер бөлүгүнүн хирург дарыгери (Талас облусунун жыйноо пункту);
И.К.Абыкеев - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик-дарыгердик комиссиясынын аскердик-дарыгердик экспертиза бөлүмүнүн начальниги (Ысык-Көл облусунун жыйноо пункту).
|
|