Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 383 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүүнүн 2013-2020-жылдарга карата ПРОГРАММАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
Кириш сөз
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын (мындан ары - кызматчылар) эмгек акысында бүткүл системаны кайра формалоо боюнча координацияланган аракеттер жасалбастан, механикалык көбөйтүү гана болуп келген. Азыркы учурда кызматчылардын көпчүлүгүнүн эмгек акысынын деңгээли мамлекеттик жана мамлекеттик эмес секторлордун башка тармактарындагы эмгек акынын деңгээлинен артта калып келе жатат.
Кызматчыларды шыктандыруу механизми карьералык (вертикалдуу) жогорулоонун алкагы менен чектелет, финансылык шыктандыруу мүмкүндүгү жок, кызматчылардын ишин баалоонун колдонулуп жаткан системасы алардын ишинин натыйжасына байлаштырылган эмес. Иш жүзүндө кызматчылардын реалдуу эмгек акысы квалификациялуу кадрларды ишке тартууга жана иште кармоого мүмкүндүк бербейт.
Кызматчыларга эмгек акы төлөөнүн эмгек акы системасы менен кызматчылардын ишинин натыйжасынын, кызмат орундардын иерархиясынын, шыктандыруунун реалдуу критерийлерин аныктоонун өз ара байланышына негизделген натыйжалуу системасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүүнүн 2013-2020-жылдарга карата Программасы (мындан ары - Программа) иштелип чыккан.
Программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 237 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү реформалоонун 2011-2015-жылдарга карата концепциясына ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын модернизациялоонун концепциясын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Программада эмгек акы төлөө системасын реформалоонун принциптери айтылган, алар эмгекке акы төлөөнүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөөгө шыктандыруунун натыйжалуу моделин түзүүгө өбөлгө болушат.
1. Кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн азыркы системасына талдоо
Координацияланган иштин жоктугу жана кызматчылардын эмгегине акы төлөө системасын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын көп сандуулугу алардын колдонулушун кыйындатып жана көп учурда эмгекке акы төлөөнүн мурда колдонулуп жүргөн системасынын натыйжалуулугун жана ачык-айкындыгын арттырууга олуттуу тоскоолдуктарды жаратып жатат, ал төмөнкүдөй негизги проблемалар менен мүнөздөлөт:
1) Кызматчылардын эмгегине акы төлөө чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жетик эместиги.
Эмгек акы боюнча айрым ченемдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдары жана мыйзамдан келип чыгуучу актылары менен жөнгө салынат. Ага байланыштуу эмгекке акы төлөө системасын жөнгө салуучу ченемдер менен эрежелердин басымдуу саны көп учурда ведомстволук тар кызыкчылыктарды көздөйт жана анын натыйжасында аларды ишке ашырууда кыйынчылыктар жаралат.
2) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөө шарттарын белгилөөдөгү принциптердин жетик эместиги.
Кызматчынын эмгек акысынын деңгээли жумуштун көлөмүн, татаалдыгын жана алар аткаруучу функциялык милдеттердин жоопкерчилигин эске албастан, ээлеген кызмат орунуна жараша болгон. Мунун натыйжасында кызмат орундары бирдей деңгээлдеги, бирок ар кандай көлөмдөгү, татаалдыктагы жана жоопкерчиликтеги функциялык милдеттерди аткаруучу кызматчылар бирдей эмгек акы алышкан.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы 385 жана 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 жарлыктары менен бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундардын реестрлери кызмат орундун классификациясы менен эмгек акынын деңгээлинин ортосундагы түз байланышты камсыздашкан эмес.
3) Кызматчылардын эмгек акыларын белгилөөдөгү ыкмалардын ар бөлөктүгү.
Бул мамлекеттик органдардын, алардын ведомстволук жана аймактык деңгээлдеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - ЖӨБО) кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөө үчүн пайдаланылчу минималдуу базалык ставканын жана эселик коэффициенттердин өлчөмдөрүндөгү дифференцияланган өлчөмгө байланыштуу. Минималдуу базалык ставка мамлекеттик органдардын арасында да (министрлик, агенттик, комиссиялар), ошондой эле башкаруу деңгээлдеринин арасында да (борбордук аппарат, ведомствого караштуу орган, облустук жана райондук (шаардык) деңгээлдер) ар кандай. Минималдуу базалык ставканын өлчөмүн мындай дифференциялоо эмгекке акы төлөө системасында орчундуу өксүктөргө алып келди. Азыркы учурда анын өлчөмү мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарынын деңгээлинде 4000ден 7000 сомго чейин жана облустук, райондук жана шаардык деңгээлдерде 2200дөн 3400 сомго чейин айырмаланат.
Ар бир мамлекеттик органда кызматтык маянага толуктоо катары эмгек акыга ар кандай кошумчалардын түрлөрү, сыйлыктар жана төлөмдөр бар, алар тигил же бул мамлекеттик органга карата мамиленин системалуу эместигин көрсөтүп турат. Айрым мамлекеттик мекемелерде өздөрүнүн кызматкерлерине атайын каражаттардын жана фонддордун эсептеринен кошумча төлөмдөрдү төлөөгө мүмкүнчүлүктөрү бар, бул колдонулуп жаткан системадагы адилеттүүлүктү ого бетер солгундатат.
Мындан тышкары, ЖӨБО муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына жергиликтүү кеңештер бекиткен башка кошумчаларды жана төлөмдөрдү да белгилей алышат (материалдык жардам, дарыланууга жөлөкпулдар, турак жай-коммуналдык кызматтарга акы төлөө боюнча жеңилдиктер).
Эмгек акыны талдоо эмгекке акы төлөөнү системасыз көбөйтүүлөр негизги үч ыкма менен ишке ашырылганын көрсөттү, алар:
- минималдуу базалык ставканын деңгээлдерин көбөйтүү;
- жаңы кошумчаларды жана сыйлыктарды киргизүү;
- эселик коэффициенттердин өлчөмдөрүн чоңойтуу.
Жогоруда аталган факторлор кызматчылардын эмгек акыларын түзүү боюнча бирдей ыкмаларды толук өзгөртүп, бул кызматтык маяна менен эмгек акынын жалпы өлчөмүнүн ортосундагы катышты орчундуу чоңойткон. Айрым мамлекеттик органдарда кызматтык маянанын айлык орточо эмгек акыга карата катышы болгону отуз пайызды түзөт, бул эл аралык стандартка салыштырганда өтө аз.
2. Кызматчылардын эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүүнүн максаттары, милдеттери жана принциптери
2.1. Кызматчылардын эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүүнүн максаттары жана милдеттери
Программанын максаты кызматчылардын эмгегине акы төлөөдө эмгекке акы төлөө системасы менен төмөнкүлөрдүн өз ара байланышына негизделген натыйжалуу системасын түзүүнү көздөйт:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын реестрлеринде аныкталган кызмат орундардын иерархиясына;
- кызматчылардын ишинин натыйжасына.
жогоруда аталган максаттарды ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй маселелерди чечүү зарыл:
1) Кыргыз Республикасынын кызматчылардын эмгегине акы төлөө чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына инвентаризация жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
2) натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен Кызматчылардын ишине баа берүүнүн тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана киргизүү;
3) кызматчылардын кызматтык маяналарынын торчосунун жаңы моделин иштеп чыгуу жана киргизүү, анда төмөнкүлөр каралат:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын реестрлери менен өз ара байланыш;
- натыйжалуулукту баалоонун негизинде горизонталдык илгерилөө;
- эмгекке акы төлөө деңгээлдерин оптималдаштыруу;
- мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ажырымдын минималдуу болушу;
4) өлкөнүн финансылык мүмкүндүгүнө жараша эмгекке акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү;
5) кызматчылардын эмгегине акы төлөөдө чекиттүү, системалуу эмес өзгөртүүлөргө мораторий белгилөө.
2.2. Кызматчылардын эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүүнүн принциптери
Эмгекке акы төлөөнүн сунушталып жаткан жаңы системасы Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө айтылган принциптерге эмгекке акы төлөө жагындагы эл аралык практиканы пайдалануу менен негизделген. Ал принциптер өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
Ачык-айкындык. Эмгекке акы төлөө системасын эмгекке акы төлөө системасы кызматчылардын жана коомчулуктун өкүлдөрү үчүн түшүнүктүү болууга тийиш.
Карьеранын өсүшүн стимулдоо. Чукулдатуу коэффициенти (кызматкерлердин эмгек акысынын минималдуу жана максимум өлчөмдөрүнүн ортосундагы айырма) алгылыктуу болууга жана алардын жогорураак кызматка көтөрүлүүгө умтулушуна стимул берүүгө тийиш. Эл аралык стандарттарга ылайык 1:4 1:5 катыш мамлекеттик жана муниципалдык кызматта карьера үчүн жакшы стимул болот (жогору окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн кошо алганда).
Натыйжалуулук. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО иштеринде эмгекке акы төлөө системасын өркүндөтүү жана программалык бюджеттин органикалык бөлүгү катары эмгек акы фондун белгилөө аркылуу максимум натыйжага жетишүү.
Кесиптик өсүштү стимулдоо. Эмгекке акы төлөөнүн колдонулуп жаткан системасында кызматчыларды шыктандыруу механизми карьералык (вертикаль) өсүштүн алкагы менен чектелген. Эмгекке акыны көбөйтүүнүн горизонталь принцибин киргизүү карьерасы майнаптуу кызматчыларды карьералык жогорулоосуз эле көтөрмөлөөгө жардам берет.
Бирдейлик. Эмгекке акы төлөө системасы башкаруунун ар бир конкреттүү тибинде жоопкерчиликтин ар түрдүү деңгээлдерин жана башкаруунун ар кайсы: борбордук, аймактык деңгээлдеринде жана ЖӨБО деңгээлинде кызмат орундун жоопкерчилигинин, татаалдыгынын деңгээлдериндеги айырмачылыктарды эске алат.
Эмгек рыногунда атаандаштыкка жарактуулук. Эмгекке акы төлөө фонду бюджеттик чөйрө үчүн белгиленген чектин алкагында сакталууга тийиш.
Акыны аткарган милдеттерине жараша төлөө. Кызматтык маянаны горизонталь боюнча көбөйтүү кызматчылардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүүнүн негизинде аткарылган иштин натыйжалуулугунун даражасын чагылдырууга тийиш.
Кызматчылардын социалдык корголушун камсыздоо. Эмгеги үчүн мыйзамда белгиленген жашоо деңгээлинен төмөн эмес акы алууга укук.
Адилеттүүлүк. Кызматчылардын эмгекке акы төлөөнү "аткарган ишине жараша акы" принцибине болушунча жакындатуу.
3. Эмгекке акы төлөө системасын реформалоонун этаптары жана негизги чаралары
Программада реформалоонун 2 этабы каралган.
I этап - 2013-2016-жылдар;
II этап - 2017-2020-жылдар.
Реформанын I этабына белгиленген негизги чаралар (2013-2016-жылдар):
- кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн шарттарын шайкеш келтирүүнү жана тартипке салууну камсыздоочу жаңы системасын киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундардын жаңы реестрлерин киргизүү;
- мамлекеттик башкаруунун баардык деңгээлдери үчүн бирдей минималдуу базалык ставканы белгилөө.
Эмгекке акы төлөө системасында адилеттүүлүккө, ачык-айкындыкка жетишүү жана бирдей түргө келтирүү максатында мамлекеттик башкаруунун баардык деңгээлдери үчүн бирдей минималдуу базалык ставканы (МБС) белгилөө сунушталат, анын өлчөмү жашоо минимумунан төмөн болбоого тийиш. Мында алыскы келечекте МБСнын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жыл сайын эсептеп чыгарып жана тийиштүү жылдагы республикалык бюджетте караштырылууга тийиш. Ошондой эле алыскы келечекте МБСтин өлчөмүнө салык салынбастыгын жана камсыздандыруу акылары кармалбастыгын белгилөө сунушталат.
Бул этапта экономикалык талдоонун негизинде МБСтин 2013-жыл үчүн оптималдуу өлчөмү - 5000 сом болуп аныкталган. Ошентип, башкаруунун төмөнкү деңгээли (айыл өкмөт) үчүн эмгек акынын минималдуу өлчөмү биринчи кадам болот жана 5000 сомду түзөт;
- кызматтык маянага он үчүнчү эмгек акыны кошуу, ошондой эле кызматтык маянага түзөтүүчү коэффициенттерди колдонуу жолу менен - чыгармачылыгы, демилгечилдиги жана иштин натыйжасына ынтызарлыгы үчүн кошумчаларды кошуу.
Алыскы келечекте кызматтык маянанын үлүшүн жалпы эмгек акынын 80 пайызына болушунча жакындатуу да белгиленүүдө;
- эмгекке акы төлөөнүн жаңы системасынын негизи катары эмгекке акы төлөө системасынын бирдей түргө келтирилген моделин киргизүү;
- эмгекке акы төлөө системасынын жаңы моделин этап менен киргизүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана киргизүү;
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
- (Он бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Эмгекке акы төлөө системасынын бирдей түргө келтирилген жаңы моделин иштеп чыгуу
Эмгекке акы төлөө системасын реформалоо процессин аягына чыгаруу жана анын бирдей түрдө болушун камсыздоо үчүн эмгекке акы төлөө системасынын жаңы моделин киргизүү керек. Бул модель мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын жаңы реестрлеринде аныкталган кызмат орундардын градациясынын жаңы структурасына негизделүүгө тийиш. Эмгекке акы төлөө системасынын модели кызматчыларды вертикалдуу жана горизонталдуу жылдыруунун элементтерин камтыйт.
Вертикалдуу жылдыруу төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
- эмгекке акы төлөө деңгээлдеринин саны мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарды классификациялаганда пайдаланылуучу деңгээлдердин санына ылайык келиши;
- жоопкерчиликтин жогорураак деңгээлин алган кызматчыларды шыктандыруу максатында баардык деңгээлдердеги акы төлөөлөрдүн ортосундагы айырма, эң жогорку деңгээлдердеги айырманы (15 пайыз) эсепке албаганда, 20 пайыздан кем болбоого тийиш.
Горизонталдуу жылдыруу эмгекке акы төлөөнүн кызматчылардын ишин баалоонун жыйынтыгына негизделген эмгек акыны горизонталдуу жогорулатуу принцибин көздөйт.
Мамлекеттик башкаруунун ар түрдүү деңгээлдериндеги кызмат орундардын ортосундагы айырмачылыктагы жана башкаруунун бир деңгээлиндеги мамлекеттик органдардын иерархиясындагы (мисалы: борбордук деңгээлдеги ар кайсы мамлекеттик органдардын ортосундагы) болуп жаткан проблемалар айрым органдардын мамлекеттик кызматчыларын колдонуудагы администрациялык-аймактык бөлүүнүн алкагында мамлекеттик органдын жана/же ЖӨБОнун статусуна жараша кирүүнүн ар кайсы чекиттерине таандык кылуу жолу менен чечилиши мүмкүн.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы атайын кызмат орундардын кызматтык маяналары Кыргыз Республикасынын өзүнчө ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
Эмгекке акы төлөө системасынын жаңы моделин этаптуу киргизүү
Эмгекке акы төлөө системасынын жаңы моделин киргизүү мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша бир нече этап менен ишке ашырылат. Эмгекке акы төлөө системасынын жаңы моделине өтүүнүн ырааты минималдуу базалык ставканын көбөйүүсүнө жараша болот.
Ошону менен бирге эле, ушул Программа менен белгиленүүчү эмгекке акы төлөө шарттары эмгек акынын жалпы өлчөмү азайышына алып келиши мүмкүн болгон мамлекеттик органдарда эмгекке акы төлөөдөгү чекиттик, системалуу эмес ченемдик өзгөртүүлөргө мораторий жарыялоо менен бирге эле эмгекке акы төлөөнүн колдонулуп жаткан шарттарын сактоо сунушталат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана киргизүү
Кызматчылардын эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү процессинде кызматкерлердин ишин баалоо системасын киргизүү жана ар бир кызматчы жетишүүгө тийиш болгон так максаттарды жана милдеттерди бир жылга карата белгилөө маанилүү.
Программаны ишке ашыруунун экинчи этабына карата караштырылган негизги чаралар (2017-2020-жылдар):
- финансылык ресурстарга жараша жана эмгекке акы төлөө шарттары начарлашына дуушарлантышы мүмкүн болгон факторлорду болтурбоо менен эмгекке акы төлөө системасы башкача мамлекеттик органдарды эмгекке акы төлөөнүн жаңы моделине бара-бара которуу;
- бир катар кошумчаларды жана төлөмдөрдү кызматтык маянага интеграциялоо;
- кызматчылардын баардык категориялары жана кызмат орундардын топтору үчүн минималдуу базалык ставканы жашоо минимумунан төмөн эмес белгилөө, анын өлчөмүнө салык салынбоого жана камсыздандыруу акылары кармалбоого тийиш;
- кызматчылардын ишин баалоо системасын андан ары илгерилетүү;
- 2017-2020-жылдарда эмгекке акы төлөө системасы башкача болгон мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларынын эмгегине акы төлөө системасынын жаңы моделин киргизүү пландалып жатат.
Саясий кызмат орундарды ээлеген кызматкерлер үчүн Саясий кызмат орундардын жаңы реестрин эске алуу менен эселик коэффициенттин өзүнчө таблицасы иштелип чыгат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоонун системасын илгерилетүү
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоонун системасын киргизүү ийгиликтүү болушу үчүн уюштуруучулуктагы өнүгүүгө байланышкан айрым жакшыртуулар зарыл. Ар бир уюм так стратегияны, максаттарды жана иштин натыйжалуулугунун индикаторлорун иштеп чыгууга тийиш. Башкаруунун мындай системасынын элементтери азыркы учурда натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнүн алкагында иштелип чыгууда, аларды баардык мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО иштерине киргизүү жана чыңдоо зарыл.
4. Күтүлгөн натыйжалар
Кызматчылардын эмгегине акы төлөө системасын реформалоонун натыйжасында акы төлөөнүн таптакыр жаңы системасы түзүлөт, ал төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүгө алып келет:
- эмгекке акы төлөөнүн жаңы системасы мамлекеттик органдарды жана ЖӨБО финансылык ресурстар чектелген шартта иштин максималдуу натыйжасына жетишүүгө шыктандырат;
- эмгекке акы төлөөдө "кандай иштесе ошондой акы" принцибине негизделген адилеттүүлүккө жетишилет;
- эмгекке акы төлөө системасы ачык-айкын болуп калат, анткени кызматтык маяна эмгек акынын жалпы өлчөмүнүн негизги бөлүгүн түзөт;
- кызматчылардын эмгегине акы төлөө системасын башкаруу жөнөкөйлөштүрүлөт;
- кызматчылардын көпчүлүгү үчүн горизонталдуу илгерилөөгө мүмкүндүк көбөйөт;
- ишти баалоо системасы эмгекке акы төлөө системасына интеграцияланат;
- эмгек акы атаандаштыкка жарактуураак болот жана мамлекеттик эмес секторго жакындатылат;
- квалификациялуу кызматкерлерди ишке тартуунун, шыктандыруунун жана иште кармоонун механизмдери жаралат;
- кызматкерлер өзүнүн квалификациясын жогорулатууга жана карьералык өсүшкө умтула башташат.
Эмгекке акы төлөө системасын өркүндөтүү процесси эмгекке акы төлөө түшүнүгүн принциптүү жаңыча өнүктүрүүгө жана баардык деңгээлдердеги кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө болот.
Программада жолуккан терминдердин глоссарийи
Базалык/кызматтык маяна - убакыттын бирдиги ичинде тийиштүү татаалдыктагы (квалификациядагы) кызматтык милдеттерди аткаргандык үчүн кызматкердин эмгек акысынын туруктуу белгиленген өлчөмү.
Градация - мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун структурасына байланыштуу кызмат орундардын иерархиясын түзүүгө багытталган процедура. Кызмат орундарды баалоо системасы кызмат орун кайсы градациядагы кызмат орундарга киргенине жараша эмгекке акынын деңгээлинин чектерин аныктайт.
Горизонталдуу жылдыруу - мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоонун жыйынтыгынын негизинде карьералык жогорулатуусуз илгерилетүү.
Эселик коэффициент - мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарын белгилөөдө пайдаланылуучу коэффициент.
Минималдуу базалык ставка - мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарын белгилөөдө пайдаланылуучу минималдуу өлчөмдөгү маяна.
Кызматтык ишти баалоо - мамлекеттик кызматчынын кызматтык милдеттерди аткаруусунун натыйжалуулугун баалоо жана мамлекеттик органдын максаттарына жана милдеттерине жараша натыйжага жетишүү даражасын аныктоо.
Кыргыз Республикасынын кызматчылардын эмгегине акы төлөөгө тиешелүү негизги ченемдик укуктук актылары
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.