Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-октябрындагы № 566
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-сентябрындагы № 493 «Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 87-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-сентябрындагы № 493 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын уставына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
23-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
«Кыргызтуракжайкоммунсоюздун ишин жетектөө директор тарабынан ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин бекитүүсүнө сунуштоо үчүн директордун кызмат ордуна көрсөтүлүп жаткан талапкер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги тарабынан карап чыгууга киргизилет.
Кыргызтуракжайкоммунсоюздун директору кызмат ордуна эки жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте укук, милдеттерге ээ жана жоопкерчилик тартат, ошондой эле ушул Уставдын жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин аны менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иш жүргүзөт.».
«Кыргызтуракжайкоммунсоюздун директору Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматтан бошотулат.»;
24-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
«Кыргызтуракжайкоммунсоюздун» директору Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тарабынан кызматка дайындалуучу жана ээлеген кызматынан бошой турган орун басарларга ээ.».
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги бул токтомдон келип чыккан тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |