Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-ноябры № 601
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндө министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун, мамлекеттик чек араны ишенимдүү кайтаруу менен коргоону камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүчү күч-аракетин шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө Нускама бекитилсин.
2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы менен өз ара аракеттенүүнү туруктуу негизде ишке ашыруу чараларын көрүшсүн;
- ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрүшсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |