Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 601 токтому менен бекитилген |
1. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын чек арасындагы мындан ары - мамлекеттик чек ара) жана чек арага чектеш райондордогу оор кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин минималдаштыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аракеттенүү тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана коргоо боюнча өз ара аракеттенүүнүн ишке ашыруучу субъекттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба жана мелиорация министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
3. Бул Нускамада колдонулуучу терминдер жана түшүнүктөр:
"оор кырдаал" - мамлекеттик чек аранын айрым тилкелериндеги абалдын туруктуулугун бузуп, аны жөнгө салуу үчүн жамааттык чараларды көрүүнү талап кылган, аскердик-саясий жана социалдык жаңжалдардын жыйындысы;
"оор кырдаалды жөнгө салуу (жоюу)" - мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын оор кырдаалды локалдаштырууга, турукташтырууга жана жоюуга багытталган макулдашылган, кечиктирилгис уюштуруучулук жана практикалык чаралардын жыйындысы;
"оор кырдаал жаралгандагы жана аны жөнгө салуудагы (жоюудагы) өз ара аракеттер" - оор кырдаалды эң майнаптуу жөнгө салуу үчүн чек ара жана башка органдардын максаттары, тапшырмалары, ыкмалары, убактысы жана орду боюнча макулдашылган бирдиктүү иш-аракеттери.
4. Ушул Нускаманын укуктук негиздерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актылары түзөт.
5. Субъекттердин өз ара аракеттенүүсү төмөнкү түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн:
- Мамлекеттик чек арада жана чек арага чектеш райондордо оор кырдаалдардын пайда болуусунун өбөлгөлөрү жана айкын коркунучу бардыгы жана алардын мүмкүн болуучу кесепеттери жөнүндө маалымат алмашуу;
- мамлекеттик чек арада жана ага чектеш райондордо оор кырдаалдардын алдын алуу жана локалдаштыруу үчүн күчтөрдү жана каражаттарды бөлүү.
6. Өз ара аракеттенүүнүн түздөн-түз субъекттери төмөнкүлөр болуп саналат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан - чек ара маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын өкүлүнүн катчылыгы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан - региондук чек ара башкармалары, чек ара кошуундары, чек ара тозоттору, чек ара контролунун бөлүнүштөрү;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан - түштүк-батыш региондук командачылыктын бирикмелери жана бөлүктөрү, Советтер Союзунун Баатыры И.Панфилов атындагы Гвардиялык аткычтар дивизиясынын 8-бөлүнүшү, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн бөлүктөрү;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан - облустук башкармалыктар жана ага баш ийген шаардык, райондук бөлүмдөр (бөлүмчөлөр), ошондой эле аскердик каршы чалгындоо органдарынын бөлүнүштөрү;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан - облустардын ички иштер башкармалыктары, башкы башкармалыктары, башкармалыктары, бөлүмдөрү, бөлүмчөлөрү, шаарлардын, райондордун, айыл аймактардын жана айылдардын ички иштер пункттары, ички иштер органдарынын темир жол, аба транспорт бөлүмдөрү, чек ара райондорунда жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын аймактарында өзүнүн ишин жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин бөлүктөрү жана бөлүнүштөрү;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан - облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын башкармалыктары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан - мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында иштеген бөлүнүштөр;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан - чек ара райондорунда жана мамлекеттик чек арадан өткөрүү пункттарында ишин аткарган бөлүнүштөр;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринария жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан - чек ара ветеринариялык контролдоо пункттары жана фитосанитариялык контролдоо пункттары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары;
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттары;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан - шаарлардын мэриялары жана айыл өкмөттөрү.
7. Өз ара аракеттенүүнүн объектиси болуп, мамлекеттик чек арада жана чек арага чектеш райондордогу оор кырдаалдардын алдын алуу жана локалдаштыруу боюнча аткарылуучу бардык чаралар саналат.
8. Мамлекеттик чек арада жана чек арага чектеш райондордо оор кырдаалдын алдын алуу жана кесепетин жоюу максатында өз ара аракеттенүү субъекттеринин ортосунда маалымат алмашуу ыкчам нөөмөт кызматы аркылуу жүргүзүлөт.
9. Өз ара аракеттенүү субъекттеринин ортосундагы маалымат алмашуу төмөнкүлөр боюнча токтоосуз жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын аймагына куралдуу басып кирүү (куралдуу басып кирүүгө даярдануу);
- мамлекеттик чек арада чек ара жаңжалдарынын чыгышы;
- өз ара аракеттенүү субъекттеринин бөлүнүштөрүнө жана объекттерине коркунуч туулушу;
- мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз түрдө жапырт өтүү (өтүүгө аракет кылуу);
- чек арага чектеш райондордо жана чектеш мамлекеттердин аймагында табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардын, эпидемиялардын, эпизоотиялардын, эпифитотиялардын чыгышы;
- дезертирлик, аскер бөлүктөрүн өзү билип таштап кетүү, өз ара ара аракеттенүү субъекттеринин бөлүнүштөрүнүн кызматкерлеринин же чек арага чектеш райондордо жашаган жана кандайдыр бир себептерден улам мамлекеттик чек ара сызыгы өткөн жерге жакын жердеги жарандардын жоголгон фактылары;
- республикага кирүүгө же чыгууга чектөө коюлган, алардын демографиялык чоо жайын, чек араны кесип өткөн жерин, убактысын, жарандык тиешелүүлүгүн, катталган жана жашаган жерин, ошондой эле алардын шарттарын көрсөтүү менен террористтик, экстремисттик жана башка кылмыштуулукка тиешеси бар, республикалык жана эл аралык издөөдө турган адамдар жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын аймагына жаныбарлардын жугуштуу ооруларын козгоочуларды таратуу коркунучун түзгөн айыл чарба жана жапайы жаныбарлардын (ача туяктуулардын) чек арадан контролсуз өтүшү;
- мамлекеттик чек арада жана чек арага чектеш райондордо жагдайдын өнүгүшүнө терс таасир бере алган, ошондой эле өз ара аракеттенүү субъекттеринин ишине, персоналына жана объекттерине коркунуч түзө алган башка окуялар жана фактылар.
10. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы координациялоочу ролун аткаруу учурунда өз ара аракеттенүүнүн башка субъекттерине төмөнкүлөр жөнүндө маалымат берет:
- мамлекеттик чек араны кайтаруу режиминин жана, өткөрүү пункттарынын ишинин режиминин өзгөрүүсү жөнүндө;
- баңги зат каражаттарын жеткирүүдө жана сатууда шектүү адамдардын кармалгандыгы жана мамлекеттик чек ара аркылуу баңги зат каражаттарын алып өтүү аракеттери айкындалгандыгы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматка маалымат берилет);
- чек арага чектеш райондордун тургундары жана өз ара аракеттенүү субъекттеринин кызматчылары менен алдын алуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына маалымат берилет);
- мамлекеттик чек ара бузуучулар кармалгандыгы жөнүндө (ар-кандай ыкма менен өткөрүү пунктунан сырткары же өткөрүү пункту аркылуу өтүү боюнча бекитилген эрежелерди бузуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөндөр, же өтүүгө аракет кылгандар) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине маалымат берилет;
- Кыргыз Республикасынан мыйзамсыз чыгып кетүү максатында улуттук же чет өлкөгө бара жаткан чет өлкөлүк транспортко түшүп алган же түшүп алууга аракеттенген адамдар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине маалымат берилет);
- Мамлекеттик чек арада ар кандай жумуштарды, өнөр жай жана башка ишин жүргүзүүдө мамлекеттик чек араны күтүү жана андан өтүү тартибин бузган, мамлекеттик чек ара аркылуу байланышты же болбосо мамлекеттик чек арадан белгиленген тартипти бузуу менен өтүүнү ишке ашырган адамдар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине маалымат берилет);
- республикага кирүүгө же чыгууга чектөө коюлган, алардын демографиялык чоо жайын, чек араны кесип өткөн жерин, убактысын, жарандык тиешелүүлүгүн, катталган жана жашаган жерин, ошондой эле алардын шарттарын көрсөтүү менен террористтик, экстремисттик жана башка кылмыштуулукка тиешеси бар, республикалык жана эл аралык издөөдө турган адамдар жөнүндө;
- мамлекеттик ветеринариялык жана фитосанитариялык контролдогу жүктөр (товарлар) кармалгандыгы тууралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына маалымат берилет).
11. Өз ара аракеттенүү субъекттери белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын бөлүнүштөрүнө төмөнкүлөр жөнүндө маалымдайт:
- аба мейкиндигинде мамлекеттик чек арадан өткөн же мамлекеттик чек ара сызыгына жакын учууларды аткарган аба кемелери жана учуучу аппараттар, ошондой эле алардын аракеттерине байланыштуу жаңжалдар;
- мамлекеттик чек ара сызыгы өткөн жерге жакын жерлерде же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын бөлүктөрү кызмат өтөгөн жерлерде кызматтык тапшырмаларды аткарууда курал жана күжүрмөн техниканын колдонулушу;
- мамлекеттик чек арадан өткөн (өтүүгө аракеттенген) адамдар жана транспорт каражаттары, өткөрүү пункттарынан тышкары мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдү, товарларды алып өтүүлөр (алып өтүү аракети);
- мамлекеттик чек араны, мамлекеттик чек ара режимин, өткөрүү пункттарынын режимин бузган, мамлекеттик чек арада жаңжалдарды жана каршылык кырдаалдарын уюштурууда шектүүлөрдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын бөлүнүштөрү кызмат өтөгөн жерлерге жакын жерлерде болуп өткөн кылмыштарда жана укук бузууларда шек туудурган башка адамдарга карата көрүлгөн чаралар;
- мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерлерде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын тарамдары кызмат өтөгөн жерлерде өткөрүлүүчү машыгууларды, маневрларды, инженердик жана башка иштерди өткөрүү;
- кароолдорду, туруктуу жана убактылуу постторду, башка кезметтерди жана убактылуу объекттерди коюу (дайындоо), ошондой эле алардын жайгашкан жайлары жана кызмат өтөө (иштөө) убактысы, эгер алар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын бөлүнүштөрү кызмат өтөгөн жайларга жакын жерлерге коюлса (дайындалса);
- мамлекеттик чек араны, мамлекеттик чек ара режимин, өткөрүү пункттарынын режимин бузган, мамлекеттик чек арада жаңжалдарды жана тирешүү кырдаалдарын уюштурууда шектүү, ошондой эле кылмыштарды жана укук бузууларды жасоого шектүү башкаларды жана мамлекеттик чек арада, чек арага чектеш райондордогу жагдайга таасир берүүгө жөндөмдүү башка адамдарды издөөнүн натыйжалары;
- оор жана өзгөчө оор кылмыштар жасалгандагы, адамдардын өлүмү жана жаралануу фактылары ачылгандагы, ошондой эле мамлекеттик чек арага жакын жердеги укук тартибинин жалпы абалы;
- чек арага жакын чектеш райондордо жана мамлекеттик чек ара сызыгына түздөн-түз жакын жерде мамлекеттик чек арадагы кырдаалдын туруктуулугун бузууга ниеттенген топтордун жана адамдардын пайда болгондугу;
- эл аралык, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын бөлүнүштөрү кызмат өтөгөн жерлерге жакын өткөрүлүүчү облустук, райондук, жергиликтүү маанидеги башка иш-чаралар;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ишке ашыруучу, чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды администрациялык чыгаруу күтүлгөндүгү;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын бөлүнүштөрү кызмат өтөгөн жерлерде же мамлекеттик чек ара сызыгы өткөн жерге түздөн-түз жакын өткөрүлүүчү иш-чаралар, ыкчам иш-чаралар;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин мыйзамга туура келбеген иштеринин фактыларынын айкындалгандыгы;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын бөлүнүштөрү кызмат өтөгөн жерлерде же мамлекеттик чек ара сызыгына түздөн-түз жакын жерлерде өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда өз ара аракеттенүү субъекттеринин кызматкерлерине карата мыйзамга туура келбеген иш фактылары айкындалгандыгы;
- мамлекеттик чек ара сызыгы өткөн жерге жакын өз ара аракеттенүү субъекттеринин аба кемелери жана учуучу аппараттары менен тапшырма аткарып жаткандыгы;
- мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерлерде өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу мүмкүндүгү бар деп саналган, түпкүлүгү коркунучтуу объекттердин жана табигый чөйрөнүн абалы;
- мамлекеттик чек ара сызыгы өткөн аймактардын жээгиндеги табигый кырсыктардан, техногендик кыйроолордон жана аламаттардан пайда болуучу экологиялык жана экономикалык кесепеттери;
- чектеш мамлекеттердин аймагындагы табигый кырсыктардын жана аламаттардын дарамети жана алардын Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш райондорундагы кырдаалга тийгизген таасири;
- баңги зат каражаттарын жеткирүү жана сатуу боюнча шектүү адамдардын кармалгандыгы жана мамлекеттик чек ара аркылуу баңги зат каражаттарын алып өтүү аракеттеринин фактыларынын айкындалгандыгы.
12. Өз ара аракеттенүү субъекттери мамлекеттик сырларды сактоону камсыздоо талаптарын аткаруу менен өздөрүнүн бөлүнүштөрүнүн жана органдарынын туруктуу жайгашкан жерлери, ыкчам кезметчилердин (кезметчи кызматынын), жетекчи курамдын (командалыктын) телефон номурларын, көрсөтмө маалыматтарын ар бир жылдын 1-январына карата бири-биринин дарегине жөнөтүшөт.
13. Мамлекеттик чек арада чыгышы мүмкүн болгон же чыккан өзгөчө кырдаалды эрте алдын алуу жана тез локалдаштыруу, ошондой эле алардын кесепетин минималдаштыруу максатында, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери өздөрү бөлгөн өз ара аракеттенүү субъекттеринин күчтөрүн жана каражаттарын, өздөрүнүн милдеттеринин чечилишин эске алуу менен өзгөчө кырдаалды же анын шарттарын чектөө үчүн чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга түздөн-түз башкарууга берилүүгө тийиш.
14. Өз ара аракеттенүү субъекттери күчтөрдү жана каражаттарды берүүнү ишке ашыруудагы жагдайдын шарттары, ошондой эле саны, жабдыктары, өткөрүп берүү мөөнөттөрү, камсыздоонун түрлөрүн камсыздоо тартиби, жайгашуу жайлары, кабарлоо белгилери жана берилүүчү күчтөрдү жана каражаттарды пайдалануу тартибинин башка өзгөчөлүктөрү өз ара аракеттенүү субъекттери тарабынан Мамлекеттик чек арада жана чек арага жакын жайгашкан областтын аймактарындагы (райондо, айылдык аймакта - өз ара аракеттенүү субъекттеринин деңгээлине жараша) оор кырдаалдын алдын алуу (жоюу) планында көрсөтүлүп, тийиштүү эсеп-кысап менен аныкталат.
15. 14-пунктта көрсөтүлгөн план (мындан ары - План), өз ара аракеттенүү субъекттеринен келип түшкөн далил маалыматтарды эске алуу менен, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жалпыланып, ар бир жылдын 15-январына чейин өз ара аракеттенүү субъекттеринин биринчи жетекчилери кол койгондон кийин, бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын администрациялык аймактык деңгээлине жараша облустук, райондук, айылдык аймактын биринчи жетекчисине берилет.
Типтүү пландын формалдуу бланкы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук штабы тарабынан иштелип чыгат.
16. План мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өз ара аракеттенүү субъекттеринен жазуу жүзүндө сунуштарды берүү жолу менен кварталында кеминде бир жолу такталат. Маалыматтардын актуалдуулугу жана мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга күчтөрдү жана каражаттарды өз убагында берүү жоопкерчилигин өз ара аракеттенүү субъекттеринин биринчи жетекчилери тартат.
17. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы күчтөрдү жана каражаттарды багыты боюнча пайдаланууга кабыл алуу үчүн бардык зарыл шарттарды даярдайт, кварталда кеминде бир жолу өз ара аракеттенүү субъекттери жайгашкан жерлерде жекече курамды машыгуу-методикалык окутуудан өткөрөт. Өз ара аракеттенүү субъекттеринин жетекчилери берилген күчтөрдүн жана каражаттардын зарыл болгон даярдыгын колдоого, ошондой эле План такталгандан кийин бир айдын ичинде алар менен машыгууларды өтүүгө убакыт бөлүүгө милдеттүү.
18. Планды бекиткен адам өзүнө баш ийген аймактагы учурдагы абалды жана материалдык ресурстардын болушун эске алып, Пландын актуалдуулугун текшерүү максатында План такталгандан кийин, кварталда бир жолу күчтөрдү жана каражаттарды берүү жана пайдалануунун тууралыгы боюнча машыгуу (окуу жыйынын) өткөрө алат.