Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 609 токтому менен бекитилген |
1. "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан чакан ишкердик субъекттеринин бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүсүнүн ушул эрежелери (мындан ары - Эрежелер), бухгалтердик эсепти алып баруунун жана уюштуруунун, чакан ишкердиктин субъекттеринин финансылык отчетту түзүүсүнүн тартибин аныктайт.
2. Товарларды сатуудан, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруудан түшкөн жылдык акчасы салык мыйзамдарына ылайык кошумча нарк салыгы боюнча каттоо босогосунун өлчөмүнөн ашпаган юридикалык жактар да, жеке ишкерлер да чакан ишкердиктин субъекттери болуп саналышат. Чакан ишкердик субъекттери салык эсебин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүшөт.
3. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык, бирдиктүү салыктын негизинде салык тартибин колдонгон чакан ишкердиктин субъекттери ушул эрежелерге ылайык отчетторду түзөт жана бухгалтердик эсепти жүргүзөт.
4. Чакан ишкердиктин субъекттери бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү төмөнкүлөр аркылуу уюштурат:
1) башкы бухгалтер же ыйгарым укуктуу башка адам жетектеген түзүмдүк бөлүм катары бухгалтердик кызматты түзүү;
2) штатка бухгалтердик кызмат орунду киргизүү;
3) контракттык негизде адистешкен уюмдардын же адис бухгалтердин кызматын пайдалануу;
4) чакан ишкердик субъектинин жетекчисинин бухгалтердик эсептерди жүргүзүүсү.
5. Чакан ишкердиктин субъектиси колдо бар активдерге жана анын кыймылына, милдеттенмелерге, капиталга, кирешелерге жана чыгымдарга байланышкан операциялардын жана окуялардын бухгалтердик эсебин бул эрежелерде белгиленген бухгалтердик эсептин, пландык эсептөөлөрүнө жараша жүргүзөт.
6. Чарбалык операцияларды аткарууда бухгалтердик эсепти уюштуруу, мыйзамдарды сактоо үчүн жоопкерчиликти чакан ишкердиктин субъектисинин жетекчиси тартат.
7. Бухгалтердик алгачкы документтер - операциялардын жасалгандыгын же окуянын болгонун ырастоочу документтер, алардын негизинде бухгалтердик эсептер жүргүзүлөт.
8. Бухгалтердик алгачкы документтердин түрү чакан ишкердиктин субъекттери тарабынан өз алдынча иштелип чыкса, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген милдеттүү реквизиттерди камтыса, анда ал эсепке алынат.
9. Кассалык жана банктык алгачкы документтерге оңдоолорду киргизүүгө жол берилбейт. Туура эмес текстти же суммаларды чийип салуу жана чийилгендин үстүнө туура текстти же суммаларды жазуу жолу аркылуу баштапкы документтердеги каталар оңдолот. Чийип салуу мурда жазылгандар окулгандай кылынып ичке сызык менен сызылышы керек. Алгачкы документтеги каталарды оңдоо "Оңдолду" деген жазуу менен эскертилүүгө жана оңдолгон күнү көрсөтүлүп, документке кол койгон адамдардын койгон колдору менен ырасталууга тийиш.
10. Бухгалтердик эсептин регистри (мындан ары - БЭР) - бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук тутумунда көрсөтүү үчүн эсепке алынган баштапкы документтерде камтылган маалыматтарды топтоо жана тутумдаштыруу, жалпылоо үчүн колдонулган таблицалардын белгилүү түрү.
11. Чарбалык операциялар БЭРде убакыт тартиби боюнча берилиши жана бухгалтердик эсептин тиешелүү эсептери боюнча топтолушу керек.
12. Активдердин, милдеттенмелердин, өздүк капиталдын жана алар менен жасалган операциялардын бухгалтердик эсебин жүргүзүү, бул эрежелердин 1-тиркемесине ылайык Бухгалтердик эсептин эсеп планына киргизилген, бухгалтердик эсепке алуу эсеп-чотторунда эки илтиктүү жазуу методу менен жүргүзүлөт. Ар бир операциянын бир мезгилдеги бухгалтердик эки эсептеги өз ара байланышынын чагылдырылып көрсөтүлүшү эки илтиктүү жазуунун маңызын түзөт: бир эсептин дебети жана башка эсептин насыясы боюнча.
13. БЭРдеги маалыматтар топко бөлүнгөн түрдө отчетко киргизилет.
14. Ички жана тышкы контролду жүргүзүү максатында БЭР катары накта акчалардын кыймылынын эсебин алуучу китеп пайдаланылат:
- кассалык китеп (валютанын ар бир түрү боюнча өзүнчө китеп толтурулат);
- контролдук-кассалык машиналарды колдонууда операция жасоочу кассирдин китеби.
15. Чакан ишкердиктин субъекттериндеги бухгалтердик маалыматтардын эсеби суммаларды кошуу принцибине негизделет, ага ылайык кирешелер качан иштелип табылса киреше деп, ал эми чыгашалар менен зыяндар болсо чыгымдар жана чыгашалар деп таанылат (көрсөтүлөт).
16. Чакан ишкердиктин субъектисинин бухгалтердик эсеби төмөнкүдөй талаптарды эске алуу менен жүргүзүлөт:
1) мүлктүн обочолонушу, анткени чакан ишкердиктин субъектисинин мүлкү менен милдеттенмелери катышуучу(лардын) юридикалык жактын же жеке ишкердин жана башка уюмдардын мүлктөрүнөн, милдеттенмелеринен обочолонтулуп эсепке алынат;
2) бухгалтердик эсептин үзгүлтүксүздүгү жана толуктугу, ага ылайык ишкердиктин субъектиси катары мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып кайра уюштурулганга же жоюлганга (ишкердик ишти токтотконго) чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсептер үзгүлтүксүз жүргүзүлөт;
3) бухгалтердик эсептер мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт;
4) бухгалтердик эсептин жана каржылык отчеттуулуктун маалыматтарынын тууралыгы жана аныктыгы активдерди жана милдеттенмелерди толук тизмеге алуунун жыйынтыгы менен ырасталат.
17. Накта акчаларды кабыл алуу жана аларды кичи ишкердиктин субъектисинин кассасынан берүү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген Кыргыз Республикасындагы кассалык операцияларды жүргүзүүнүн тартибинин талаптарына ылайык ишке ашырылат.
18. Чакан ишкердиктин субъектисинде белгиленген тартипте салык органдарында катталган так отчеттуулук бланкалары (квитанция, билеттер же талондор түрүндө) болгон учурда квитанция (билет же талон) жазылат жана кардарга берилет, ал эми квитанциянын (билеттин же талондун) дүмүрчөгү кийинки кассалык отчетту түзүү үчүн кассада калат.
19. Контролдук-кассалык машина колдонулган учурда кассалык чек берилет.
20. Субъектинин жетекчиси тарабынан ыйгарым укук берилген кассир же башка адам, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган баалуулуктардын сакталышына толук материалдык жоопкерчиликти тартат.
21. Тапшыруучулардан келип түшкөн материалдардын эсеби кириштөө документтеринин (коштомо каттын, товардык-транспорттук коштомо каттын, эсеп-фактуранын) негизинде жүргүзүлөт.
22. Камдыктардын (материалдардын, товарлардын ж.б.) өздүк наркы сатып өткөрүүдө же өндүрүшкө берүүдө орточо тең салмактуу ыкма менен эсептелет (мезгилдин башындагы калдык + кириштөө - мезгилдин аягындагы калдык = сатылып өткөрүлгөн, өндүрүшкө берилген товарлардын/материалдардын өздүк наркы же болбосо "биринчи партия кириштелет - биринчи партия чыгышталат" (ФИФО) ыкмасы боюнча эсептелет).
23. Даяр өндүрүмдүн өздүк наркы бардык материалдардын бааларынын суммаларынан, эмгекке акы төлөөдөн, Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна чегерүүлөрдөн жана өндүрүштүк негизги каражаттардын амортизациялары боюнча кошулган чыгымдардан турат. Даяр өндүрүмдү өндүрүү учурунда тарткан башка чыгымдар жалпы чыгым катары эсепке алынат.
24. Негизги каражаттар алардын өздүк наркы боюнча эсепке алынат. Негизги каражаттардын өздүк наркы аларды сатып алуу бааларынан, анын ичинде каражаттарды максаты боюнча пайдаланууну камсыз кылуу менен тике байланышкан импорттук төлөм-жыйымдардан жана башка ар кандай чыгымдардан куралат.
25. Негизги каражаттардын амортизациясы, алардын кызматка жарамдуу мөөнөтүнө үзгүлтүксүз түрдө кошулуп эсептелинет. Амортизациялоону бир калыпта кошуп эсептөө (нарк/кызматка жарамдуулук = жылдагы амортизациянын суммасы) амортизациялоонун методу болуп саналат. Кызматка жарамдуулук мөөнөт чакан ишкердиктин субъектиси тарабынан аныкталат. Эгерде негизги каражаттын сатылып алынышынын же жарабай калышынын (сатылышынын же эсептен чыгарылышынын) жылында амортизация эсептелинсе, анда амортизациянын эсептелинген суммасы 12 айга бөлүнөт жана ошол негизги каражат чакан ишкердиктин субъектисине таандык болгон айлардын санына көбөйтүлөт.
Чакан ишкердиктин субъектисинин тандоосу боюнча негизги каражаттардын амортизациясы салык мыйзамдарына ылайык кошулуп эсептелиши мүмкүн.
26. Чакан ишкердиктин субъектисинин иштеп жаткан учурунда ар бир объект боюнча аны пайдалангандыгына жараша негизги каражаттарды эсепке алуу жүргүзүлөт. Инвентаризациялоо ведомостуна (бухгалтердик регистрге) жазууларды жазуу жолу менен инвентардык номерлер боюнча ар бир негизги каражаттын эсеби жүргүзүлөт. Негизги каражаттардын келип түшүшүнө жараша аларга инвентардык номер ыйгарылат.
27. Чакан ишкердиктин субъекттери бухгалтердик эсептин жана отчеттук маалыматтардын аныктыгын камсыз кылуу максатында активдерге жана милдеттенмелерге жылына бир жолудан кем эмес, отчетко жакынкы күндө (1-октябрдан тартып) инвентаризациялоо жүргүзүшөт. Ошондой эле чакан ишкердиктин субъектилери инвентаризациялоону өткөрүүнүн башка мөөнөттөрүн өз алдыларынча аныктай алышат.
28. Чакан ишкердиктин субъектисине таандык бардык мүлктөр, жайгашкан жерлерине карабастан, ошондой эле чакан ишкердиктин субъектисине таандык болбосо да бухгалтердик эсепке алынган (сактоо жоопкерчилигинде турган, келишимге ылайык ижарага алынган, кайра иштетүү үчүн алынган, комиссияга кабыл алынган) мүлктөр, ошондой эле кандайдыр бир себептер менен эсепке алынбаган, бирок чакан ишкердиктин колунда турган мүлктөр жана дебитордук карыздардын жана милдеттенмелердин бардык түрлөрү инвентаризациялоодон өткөрүлөт.
29. Төмөнкүдөй учурларда инвентаризациялоо милдеттүү тартипте өткөрүлөт:
1) материалдык жоопкерчиликтүү адамдар алмаштырылганда (ишти өткөрүү-кабыл алуу күнү);
2) жетишпестик, уурдоо же мүлктүн жараксыз кылынган фактылары аныкталган учурда;
3) табигат кырсыктары, өрт, кыйроо же экстремалдык шарттардан улам жаралган башка өзгөчө кырдаалдар болгон учурда;
4) юридикалык жак кайра уюштурулса, бөлүштүрүү балансын түзүүнүн алдында.
30. Отчеттук мезгилде мүлктөрдү пландуу толук тизмелөөнүн саны, аларды өткөрүүнүн күнү, алардын ар биринде текшерилүүчү активдердин жана милдеттенмелердин тизмеси чакан ишкердиктин жетекчиси тарабынан белгиленет.
Активдерге жана милдеттенмелерге инвентаризациялоо жүргүзүү үчүн чакан ишкердиктин жетекчиси тарабынан мүлктөрдү толук тизмелөөчү комиссия түзүлөт, анын курамы буйрук менен бекитилет, анда толук тизмелөөнү өткөрүүнүн мөөнөтү көрсөтүлөт.
31. Инвентаризациялоо комиссиясынын курамына (мындан ары - комиссия) чакан ишкердиктин субъекттеринин кызматкерлери же атайын тартылган адистер киргизилет.
32. Сактоо жоопкерчилигине келип түшкөн бардык мүлктөрдүн кириштелгендиги, ал эми жараксыз болуп калгандары чыгышталгандыгы же сатылгандыгы, анын карамагында турган мүлктөрдүн бардык чыгыштоо жана кириштөө документтери бухгалтериялык кызматка берилгендиги жөнүндө тил катты материалдык жоопкерчиликтери бар адамдар инвентаризациялоо башталганда берет.
33. Мүлктөрдү инвентаризациялоо мүлктөр жайгашкан жерде жүргүзүлөт.
Иш жүзүндө калган калдыктарды текшерүү материалдык жоопкерчилиги бар адамдын милдеттүү катышуусунда жүргүзүлөт.
34. Эсептөөлөрдүн, өлчөөлөрдүн, таразага тартуулардын жыйынтыктары инвентардык тизимге киргизилет - инвентаризациялоо учурунда түзүлгөн жана алардын бар экендиги аныкталган күндөгү ырастоочу документтер эки нускада түзүлөт, аларга комиссиянын бардык мүчөлөрү жана материалдык жоопкерчилиги бар адамдар колдорун коюшат. Тизим түзүлүп бүткөндөн кийин материалдык жоопкерчилиги бар адам өзүнүн катышуусу менен комиссиянын мүлктү текшергендигин ырастаган, комиссиянын мүчөлөрүнө кандайдыр бир дооматтардын жок экендиги жөнүндө тил катты берет. (Мүлктөрдүн тизмесинин үлгүсү № 2 тиркемеде, буйруктун үлгүсү № 3 тиркемеде).
35. Материалдык жоопкерчилиги бар адам алмашканда иш жүзүндө болгон мүлктү текшерүү учурунда, ошол мүлктү кабыл алган адам аларды кабыл алгандыгы үчүн, ал эми аларды өткөрүп берүүчү өткөрүп бергендиги үчүн инвентардык тизимге колдорун коюшат.
36. Чакан ишкердиктин субъектисинин менчиги болуп саналбаган, бирок анын карамагында турган мүлктөргө өзүнчө инвентардык тизим түзүлөт.
37. Жараксыз болуп калган мүлктөргө өзүнчө инвентардык тизим түзүлөт.
38. Инвентардык тизим түзүлүп бүткөндөн кийин жазылган инвентардык тизим бухгалтерияга берилет.
39. Негизги каражаттарды инвентаризациялоодо комиссия объекттерге кароолорду жүргүзөт жана алардын толук аталышын, эмнеге пайдаланылаарын, инвентардык номерин жана негизги техникалык же пайдалануу көрсөткүчтөрүн инвентардык тизимге жазат.
40. Негизги каражаттар тизимге аты-жөнү боюнча киргизилет. Эгерде негизги каражат калыбына келтирилсе, кайра конструкцияланса, кеңейтилсе же кайра жабдылса жана ошолордун натыйжасында анын негизги багыты өзгөрсө, анда жаңы багытка тиешелүү аты-жөнү тизимге киргизилет.
Чарбалык инвентардагы окшош буюмдар, бирдей баадагы курал-жарактар, станоктор жана д.у.с. алардын санын көрсөтүү менен аты-жөндөрү боюнча инвентардык тизимде келтирилет.
41. Бардык акчаларды, баалуу кагаздарды, акчалардын документтерин, так отчеттун бланкаларын түрлөрү боюнча актыдагы аталыштарын, номерлерин, серияларын жана энчилүү бааларын көрсөтүү менен, барактап толук кайра эсептеп чыгуу аркылуу кассадагы каражаттардын инвентардык тизими түзүлөт (акча каражаттарын инвентаризациялоо актысынын үлгүсү бул эреженин 4-тиркемесинде келтирилет). Накта акчалар топтомдору жана суммалары боюнча актыга киргизилет.
42. Накта акча каражаттарынын инвентардык актысындагы кассада турган акча каражаттарынын калдыктары инвентаризациялоо болгон күндөгү эсептик маалыматтар менен салыштырылат жана жыйынтыгы чыгарылат. Комиссия канча акча жетишпегендигинин же ашыкчалардын суммасын актыда көрсөтөт.
43. Банкта ачылган эсепте сом менен, ачылган эсепте валюта менен турган акча каражаттарын инвентаризациялоо - тиешелүү бухгалтердик эсептердеги калдыктардын суммасын банктардын көчүрмөлөрүндөгү маалыматтар менен салыштыруу жолу менен жүргүзүлөт.
44. Мүлктөрдүн тизмеси кагазга, ал эми маалыматтар электрондук түрде болгон учурда электрондук түрдө жазылышы керек.
Инвентардык тизимдеги жазуулар оңдоолорсуз жана тазалоосуз жазылат.
45. Инвентаризациялоодо колдо болгон мүлктөр менен бухгалтердик эсептин маалыматтарынын ортосундагы бети ачылган айырмачылыктар төмөнкүдөй деп таанылат: ашыкчалар - киреше жана ал кириштелүүгө жатат, кемип калганы - чыгым.
46. Табигый азаюу ченемдери иш жүзүндө кем чыгуу аныкталганда гана колдонулат. Белгиленген ченемдин чектериндеги табигый азаюунун суммасы кайра сорттоо боюнча кемип калуу, ашыкчалар такталгандан кийин аныкталат. Эгерде кайра тактоодон кийин запастар кемип кала турган болсо, анда кем экендиги белгиленген запастардын аталыштарына гана табигый азаюунун ченемдери колдонулат.
47. Күнөөлүү адамдар болгон учурда запастардын табигый азаюу ченеминен ашык, кем чыгуулардын, жараксыз болуулардын ордун күнөөлүү адам төлөп берет.
48. Инвентаризациялоо бүткөн айдагы бухгалтердик эсепте мүлктөрдү инвентаризациялоонун жыйынтыгы, ал эми жылдагы инвентаризациялоо - жылдык отчетто берилет.
49. Чакан ишкердиктин субъекттери финансылык отчетту уюштуруучуларга (катышуучуларга) же мүлктүн менчик ээсине берет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчет мамлекеттик органдарга, банктарга жана башка финансылык отчетту пайдалануучуларга берилет.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, чакан ишкердиктин субъекттери отчеттук жыл бүткөндө жылдык каржылык отчетту 60 күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
50. Чакан ишкердиктин субъекттери - юридикалык жактар үчүн негизги финансылык отчеттордун төмөнкү эң аз топтомун өзүнө камтышы керек:
1) балансты;
2) пайдалар жана чыгашалар жөнүндө отчетту;
3) отчетко эскертүүлөрдү.
51. Чакан ишкердиктин субъекттери өздөрүнүн кароолору боюнча пайдалануучуларга берилүүчү маалыматтардын сапатын жогорулатууга жөндөмдүү болгон жана башка отчетторду бере алышат, мисалы, акча каражаттарынын кыймылы тууралуу отчетту.
52. Чакан ишкердиктин субъекттеринин ишинин үзгүлтүксүздүгү жөнүндө болжолду эске алуу менен отчеттор түзүлүшү керек, качан жетекчилик чарбалык ишин жоюуга же токтотууга ниеттенип жаткан учурдан башкасында.
53. Отчеттуулуктун элементтери:
1) активдер - чакан ишкердиктин субъекттери контролдогон, анын өткөндөгү ишинин натыйжасында алынган ресурстар жана келечекте ага алып келинүүчү экономикалык пайдалар;
2) милдеттенмелер - буга чейинки ишинин натыйжасында жаралган жана ишкананын ресурстарынын агып чыгышын пайда кылган экономикалык мааниси бар чакан ишкердиктин субъекттеринин учурдагы жана узак мөөнөттүү милдеттенмелери;
3) өздүк капитал - баардык милдеттенмелерди эсептеп чыгаргандан кийинки чакан ишкердиктин субъектисинин активдеринин калган бөлүгү:
өздүк капитал = активдер - милдеттенмелер.
Капитал менчик ээлери салган каражаттар, бөлүштүрүлбөгөн пайдалар жана башка булактар түрүндө аныкталат;
4) кирешелер - каражаттардын агып кириши же активдердин көбөйүшү, ошондой эле өздүк капиталдын өсүшүнө алып келген милдеттенмелердин азайышы түрүндө отчеттук мезгилде ишкананын экономикалык пайдасынын көбөйүшү, буга менчик ээлеринин кошумча салымдарды салууларынын шартындагы өсүш кирбейт;
5) чыгымдар - каражаттардын агып чыгышы же активдердин азайышы, ошондой эле өздүк капиталдын азайышына алып келген, милдеттенмелердин көбөйүшү түрүндө отчеттук мезгилдин ичинде экономикалык пайданын азайышы, буга менчик ээлеринин ортосунда бөлүштүрүү шартындагы кыскаруулар кирбейт.
54. Отчеттуулуктун негизги реквизиттери:
1) чакан ишкердиктин субъектисинин бере турган отчетунун аталышы;
2) баланстык отчет түзүлгөн күн, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчетто камтылган мезгил;
3) отчетто колдонулган валюта (сом).
55. Мурдагы мезгилдеги салыштырмалуу көрсөткүчтөр отчетто камтылышы керек.
56. Баланстык отчеттун негизги бөлүгүндө чакан ишкердиктин субъектиси өзүнчө позиция катары өздүк жүгүртүлүүчү жана жүгүртүлбөөчү активдерди, ошондой эле учурдук жана узак убакыттык милдеттенмелерди көрсөтүүгө тийиш.
57. Активдерди жүгүртүүчүлөргө киргизүү керек, эгерде алар:
1) өндүрүштүн кадыресе операциялык тутумунун алкагында сатылышы мүмкүн болсо, сатуу же керектөө үчүн даярдала турган болсо;
2) сатуу максатында кыска мөөнөт ичинде сакталса жана баланстык отчеттук күндөн тартып 12 ай ичинде сатылып өткөрүлө турган болсо;
3) кассадагы накта акча же банктардын эсептериндеги каражаттар болсо.
58. Бардык башка активдер жүгүртүлбөөчүгө (негизги каражаттарга) киргизилиши керек.
59. Милдеттенме учурдук деп эсептелинет, качан алар:
1) өндүрүштүн кадыресе операциялык тутумунун алкагында алар төлөнүп берилет деп жоромолдонсо;
2) баланстык отчеттук күндөн тартып 12 ай ичинде төлөнүп бериле турган болсо.
60. Бардык башка милдеттенмелер узак мөөнөттүүлөргө киргизилет.
61. Баланстык отчеттун негизги бөлүгүндө бул эреженин 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн беренедегилер камтылышы керек.
62. Пайдалар жана чыгашалар жөнүндө отчеттун негизги бөлүгүндө бул эреженин 6-тиркемесинде көрсөтүлгөн беренедегилер келтирилиши керек.
63. Пайдалар жана чыгашалар жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн салыктар боюнча чыгымдар отчеттук мезгилде кирешеден (киреше салыгынан) же түшкөн акча каражаттарынан (бирдей салыктан) алынуучу салыктардын эсептеринде (салык декларациясына ылайык) чагылдырылышы керек.
64. Отчетко эскертмеде төмөнкүлөр камтылышы керек:
1) чакан ишкердиктин субъектисинин операцияларынын жана анын негизги ишинин баяны;
2) Финансылык отчетту түзүүдө колдонулган бухгалтериялык эсептин усулдук таануусун көрсөтүү;
3) мүмкүн болуучу активдердин же пассивдердин баяндамасы, келечектеги белгисиз окуялар болгондо же болбогондо ырасталат;
4) отчетторду түшүнүү үчүн мааниси (олуттуулугу) бар ар кандай башка маалыматтар.
65. Бул Эрежелерде камтылбаган олуттуу операцияларга же окуяларга карата ФОЭС боюнча Комитеттин фонду (Лондон шаары) тарабынан кабыл алынган, Чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн финансылык отчеттун эл аралык стандартында (ЧОИ үчүн ФОЭС) баяндалган, тиешелүү талаптарга кайрылуу керек.
66. Чакан ишкердиктин субъекттери баштапкы эсептик документтерди, бухгалтердик регистрлерин, бухгалтердик эсептин жумуш пландарынын эсептерин, каржылык отчетту, отчет жүзүндөгү жана эсептин компьютерлештирилген тутумундагы башка документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө сактоого милдеттүү.
67. Эсептик документтерди, бухгалтердик эсептин регистрлерин жана каржылык отчетту сактоону уюштуруу үчүн жоопкерчиликти чакан ишкердиктин субъектисинин жетекчиси тартат.
|
| Чакан ишкердиктин субъекттеринин бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү эрежелеринин 1-тиркемеси |
1000 бөлүм "Жүгүртүлүүчү активдер"
2000 бөлүм "Жүгүртүлбөөчү активдер"
3000 бөлүм "Кыска мөөнөттүк милдеттенме"
4000 бөлүм "Узак мөөнөттүк милдеттенме"
5000 бөлүм "Капитал"
6000 бөлүм "Операциялык иштен алынган кирешелер"
7000-8000 бөлүмдөр "Операциялык чыгымдар"
9000 бөлүк "Операциялык эмес иштен алынган кирешелер жана чыгымдар"
1000 "Жүгүртүү активдери"
1100 "Кассадагы акча каражаттары"
1110 "Улуттук валютадагы акча каражаттары"
1120 "Чет элдик валютадагы акча каражаттары"
1200 "Банктагы акча каражаттары"
1210 "Улуттук валютадагы эсептер"
1220 "Жергиликтүү банктардагы чет элдик валютадагы эсептер"
1300 "Кыска мөөнөттүк инвестициялар"
1410 "Товарларды, кызматтарды алуу үчүн эсептер"
1500 "Башка операциялар боюнча дебитордук карыздар"
1520 "Кызматкерлердин жана директорлордун дебитордук карыздары"
1600 "Товардык-материалдык запастар"
1610 "Товарлар"
1620 "Чийки заттардын жана негизги материалдардын запастары"
1630 "Бүтпөгөн өндүрүш"
1640 "Даяр өндүрүмдөр"
1650 "Биологиялык активдери бар айыл чарба өндүрүмдөрү"
1700 "Көмөкчү материалдардын запастары"
1740 "Башка материалдар"
1750 "Баасы төмөн жана бат эскирип жыртылуучу буюмдар"
1800 "Берилген аванстар"
1900 "Уставдык капиталга салынуучу салымдар боюнча уюштуруучулардын (катышуучулардын) карыздары"
2000 "Жүгүртүүдөн тышкары активдер"
2100 "Негизги каражаттар"
2110 "Жер"
2130 "Имараттар, курулуштар"
2193 "Топтолгон амортизация - имараттар, курулуштар"
2140 "Жабдуулар"
2194 "Топтолгон амортизация - жабдуулар"
2170 "Транспорттук каражаттар"
2197 "Топтолгон амортизация - транспорттук каражаттар"
2200 "Биологиялык активдер"
2210 "Малдар (биологиялык активдерди жей турган)"
2220 "Малдар (биологиялык активдердин төлдөрүн берүүчү)"
2230 "Өсүмдүктөр (биологиялык активдерди сиңирип алуучу)"
2240 "Түшүм берүүчү өсүмдүктөр"
2250 "Иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча эсептелинүүчү биологиялык активдер"
2800 "Узак мөөнөттүк инвестициялар"
2900 "Материалдык эмес активдер"
3000 "Кыска мөөнөттүк милдеттенмелер"
3100 "Төлөп берүү эсеби"
3110 "Товарлар жана кызматтар үчүн төлөп берүү эсеби"
3200 "Алынган аванстар"
3210 "Сатып алуучулар менен заказ берүүчүлөрдүн аванстары"
3300 "Кыска мөөнөттүк карыз милдеттенмеси"
3310 "Банктык насыялар, карыздар"
3320 "Башка насыялар, карыздар"
3400 "Төлөнүүчү салыктар"
3520 "Чегерилген эмгек акы"
3530 "Социалдык камсыздандырууга чегерилген акылар"
3590 "Башка чегерилген чыгымдар"
3600 "Башка кыска мөөнөттүк милдеттенмелер"
4000 "Узак мөөнөттүк милдеттенмелер"
4100 "Узак мөөнөттүк милдеттенме"
4120 "Банктык насыялар, карыздар"
4130 "Башка насыялар, карыздар"
5000 "Өздүк капитал"
5100 "Уставдык капитал"
5200 "Башка капитал"
5300 "Бөлүштүрүлбөгөн киреше"
5999 "Кирешелердин жана чыгымдардын жыйындысы"
6000 "Операциялык иштерден алынган кирешелер"
6100 "Түшкөн акча каражаттары"
6200 "Операциялык иштерден алынган башка кирешелер"
6300 "Биологиялык активдерден алынган пайда (чыгаша)"
7000-8000 "Операциялык чыгымдар"
7100 "Товардык-материалдык запастарды үзгүлтүксүз эсептөө ыкмасы менен аныкталган сатылган
өндүрүмдөрдүн жана көрсөтүлгөн кызматтардын өздүк наркы"
7200 "Товардык-материалдык запастарды (сатууну) үзгүлтүксүз эсептөө ыкмасы менен аныкталган
сатылган товарлардын өздүк наркы"
7300 "Биологиялык активдерди өндүрүү боюнча чыгымдар"
8000 "Жалпы жана административдик чыгымдар"
8010 "Эмгек акы төлөө боюнча чыгымдар"
8020 "Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча чыгымдар"
8030 "Ижара акысын төлөө боюнча чыгымдар"
8040 "Кызмат көрсөтүүлөрдүн жана материалдардын акысын төлөө боюнча чыгымдар"
8200 "Командировкалык чыгымдар"
8230 "Бюджетке алынуучу айыптар, өсүп кеткен айып төлөмдөрү, үстөктүү айыптар"
8470 "Негизги каражаттардын амортизациясына жумшалган чыгымдар"
8490 "Башка жалпы жана административдик чыгымдар"
9000 "Операциялык эмес иштерден алынган кирешелер жана чыгымдар"
9100 "Операциялык эмес иштерден алынган кирешелер"
9500 "Операциялык эмес иштерден алынган чыгымдар "
|
| Чакан ишкердиктин субъекттеринин бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү эрежелеринин 2-тиркемеси |
Үлгү
___________________________________
(ЧИ субъектисинин аталышы)
Документтин номери | Түзүлгөн күнү |
|
|
Негизги каражаттардын тизилген тизмеси
Негизги каражаттар
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
Жайгашкан жери
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
Мүлктөрдү толук тизмелөөнү өткөрүүнүн башталында баалуулуктарды кириштөөлөрдүн жана чыгыштоолордун баардык документтери бухгалтерияга берилди, менин жоопкерчилигиме (биздин жоопкерчилигибизге) келип түшкөн баардык баалуулуктар кириштелди, ал эми жараксыз болуп калгандар чыгышталды.
Негизги каражаттардын сакталышы үчүн жоопкер адамдар:
___________________ | ___________________ | ___________________ |
(кызмат орду, колу) | (кызмат орду, колу) | (кызмат орду, колу) |
___________________ | ___________________ | ___________________ |
(аты-жөнү) | (аты-жөнү) | (аты-жөнү) |
20__-жылдын "__" ______ № ____ буйруктун негизинде иш жүзүндө калдыктарды алуу жүргүзүлдү ____________________ 20__-жылдын "__" _______ абал боюнча
Мүлктөрдү толук тизмелөө башталды: 20__-жылдын "__" ______
Мүлктөрдү толук тизмелөө бүттү: 20__-жылдын "__" ______
Инвентаризациялоо учурунда төмөнкүлөр аныкталды:
Иреттик номери | Аталышы жана кыскача мүнөздөмөсү | Чыгарылган | Номери | Иш жүзүндөгүсү | Эсептик маалымат боюнча | Жарабай калгандары жөнүндө белгилер | Эскертүү | |
(курулган) жылы | Тизилген тизмедеги | заводдук (паспорту) | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Тизимдин жыйынтыгы: | а) катар номерлери | _________________ (чоң тамгалар менен) |
| б) иш жүзүндөгү бирдиктердин жалпы саны | _________________ (чоң тамгалар менен) |
| в) иш жүзүндөгү суммасы, сом | _________________ (чоң тамгалар менен) |
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
Комиссиянын төрагасы
________________ (кызмат орду) ___________ (аты-жөнү) ______________ (колу)
Комиссиянын мүчөлөрү:
________________ (кызмат орду) ___________ (аты-жөнү) ______________ (колу)
________________ (кызмат орду) ___________ (аты-жөнү) ______________ (колу)
Ушул инвентардык тизимде аталган № ____ ден № ____ га чейинки баардык баалуулуктар менин катышуумда (биздин катышуубузда) натуралай текшерилди жана тизимге киргизилди, ушуга байланыштуу инвентаризациялоо комиссиясына карата доом (дообуз) жок. Тизимде саналып көрсөтүлгөн баалуулуктар менин жоопкерчилигимдеги (биздин жоопкерчиликтеги) сактоодо турат.
Негизги каражаттардын сакталышы үчүн жоопкер адам:
____________ (колу) ___________________ (аты-жөнү)
20__-жыл "__" _________
|
| Чакан ишкердиктин субъекттеринин бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү эрежелеринин 3-тиркемеси |
Үлгү
______________________ (Субъектинин аталышы) инвентаризациялоону өткөрүү үчүн төмөнкүдөй курамдагы инвентаризациялоо комиссиясы дайындалат:
1. Комиссиянын төрагасы _______________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү)
2. Комиссиянын мүчөлөрү: ______________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү)
Инвентаризациялоого жатат ____________________________________
Инвентаризациялоого киришсин ________________________________ (күнү)
жана бүтсүн _________________________________________________ (күнү)
ЧИнин субъектисинин жетекчисинин аты-жөнү
|
| Чакан ишкердиктин субъекттеринин бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү эрежелеринин 4-тиркемеси |
Үлгү
_________________________________________
(ЧИ субъектисинин аталышы)
Документтин номери | Түзүлгөн күнү |
Болгон акча каражаттарынын инвентардык актысы ТИЛКАТ
Инвентаризациялоону өткөрүүнүн башталында акча каражаттарын кириштөөлөрдүн жана чыгыштоолордун баардык документтери бухгалтерияга/бухгалтерге берилди, менин жоопкерчилигиме келип түшкөн баардык акча каражаттары кириштелди, ал эми жумшалгандар чыгышталып салынды.
Материалдарга жоопкер адам:
_____________________ | _____________________ | _____________________ |
(кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
20__-жылдын "__" _______ № ___ буйруктун негизинде 20__-жылдын "__" ______ абал боюнча акча каражаттарын инвентаризациялоо өткөрүлдү.
Инвентаризациялоо учурунда төмөнкүлөр аныкталды:
1) Болгон акчалар _____ сом ____ тыйын.
Иш жүзүндө болгон акчалардын жыйынтыгы: _______ сом ______ тыйын.
___________________________________________________________ (чоң тамгалар менен)
Эсептик маалыматтар боюнча _______ сом ______ тыйын.
Инвентаризациялоонун: ашканы ___________ жетпегени _______________
Кассадагы ордерлердин акыркы номерлери:
кириштелгени № _____, чыгышталганы № _____
Комиссиянын төрагасы
_______________ (кызмат орду) __________ (колу) _______________ (аты-жөнү)
Комиссиянын мүчөлөрү:
_______________ (кызмат орду) __________ (колу) _______________ (аты-жөнү)
_______________ (кызмат орду) __________ (колу) _______________ (аты-жөнү)
Актыда саналып көрсөтүлгөн акча каражаттары менин жоопкерчилигимдеги сактоодо тургандыгын ырастаймын.
Материалдык жоопкерчиликтүү адам
20__-ж. "__" __________
|
| Чакан ишкердиктин субъекттеринин бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү эрежелеринин 5-тиркемеси |
Үлгү
20__-жылдын 31-декабрындагы абал боюнча
Жеке ишкердин аты-жөнү:
Өлчөө бирдиги: сом/миң сом.
| Беттин № | 20__-ж. | 20__-ж. |
Активдер |
|
|
|
Жүгүртүүдөн тышкаркы активдер |
|
|
|
Негизги каражаттар | 1 |
|
|
Жүгүртүү активдери |
|
|
|
Чийки заттар, материалдар | 2 |
|
|
Даяр өндүрүмдөр | 3 |
|
|
Дебитордук карыздар | 4 |
|
|
Аванстык төлөмдөр | 5 |
|
|
Акча каражаттары (касса, банк) | 6 |
|
|
Материалдык эмес активдер |
|
|
|
Башка активдер |
|
|
|
Бардык активдер | 8 |
|
|
Капитал жана милдеттенмелер |
|
|
|
Капитал |
|
|
|
Өздүк капитал 1-январга | 9 |
|
|
- өздүк капиталга келип түшүүлөр | 10 |
|
|
- керектен чыкканы | 11 |
|
|
Өздүк капитал 31-декабрга | 12 |
|
|
Өздүк капиталдын жыйынтыгы | 13 |
|
|
Узак мөөнөттүү милдеттенмелер |
|
|
|
Насыялар жана зайымдар | 14 |
|
|
Кыска мөөнөттүк милдеттенмелер |
|
|
|
Насыялык карыз | 15 |
|
|
Насыялар жана зайымдар | 16 |
|
|
Кыска мөөнөттүк милдеттенмелер | 17 |
|
|
Салык боюнча милдеттенме | 18 |
|
|
Башка милдеттенмелер |
|
|
|
Милдеттенмелердин жыйынтыгы | 19 |
|
|
Капитал жана милдеттенмелердин бардык жыйынтыгы | 20 |
|
|
Жетекчи/жеке ишкер:
(аты-жөнү)
Башкы бухгалтер:
(аты-жөнү)
|
| Чакан ишкердиктин субъекттеринин бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү эрежелеринин 6-тиркемеси |
Үлгү
20__-жылдын 31-декабрында бүткөн жыл үчүн
Жеке ишкердин аты-жөнү:
Өлчөө бирдиги: сом/миң сом.
| Беттин № | 20__-ж. | 20__-ж. |
Түшкөн акча | 1 |
|
|
Өздүк нарк | 2 |
|
|
Дүң кирешеси | 3 |
|
|
Эмгек акы төлөөгө жумшалган чыгымдар | 4 |
|
|
Соц. камсыздандырууга жумшалган чыгымдар | 5 |
|
|
Негизги каражаттардын амортизациясы | 6 |
|
|
Ижаралык жана коммуналдык чыгымдар | 7 |
|
|
Администрациялык жана жалпы чыгымдар | 8 |
|
|
Бардык чыгымдар | 9 |
|
|
Операциялык пайда | 10 |
|
|
Башка кирешелер |
|
|
|
Операциялык эмес кирешелер |
|
|
|
Башка чыгымдар |
|
|
|
Операциялык эмес чыгымдар |
|
|
|
Пайыздар боюнча төлөмдөр | 11 |
|
|
Пайыздарды эсептеп чыгаргандан кийинки пайда | 12 |
|
|
Салык боюнча чыгымдар (бирдиктүү салык, пайда салыгы) | 13 |
|
|
Отчеттук жылдагы пайда |
|
|
|
Жетекчи/жеке ишкер:
(аты-жөнү)
Башкы бухгалтер:
(аты-жөнү)