Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-ноябры № 631
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-июнундагы № 381 “Буудай унунун импорттолушун териштирүү жана убактылуу коргоо чараларын киргизүүнү баштоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында, “Коргоо чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-июнундагы № 381 “Буудай унунун импорттолушун териштирүү жана убактылуу коргоо чараларын киргизүүнү баштоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-пункттагы “төрт айлык” деген сөздөр “жети айлык” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Евразиялык экономикалык коомчулуктун Интеграция комитетине, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Аткаруу комитетине жана БДСУнун коргоо чаралары боюнча комитетине, Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын элчилигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-июнундагы № 381 “Буудай унунун импорттолушун териштирүү жана убактылуу коргоо чараларын киргизүүнү баштоо жөнүндө” токтому менен киргизилген териштирүү жана убактылуу коргоо чараларын колдонуу мөөнөттөрүнүн узартылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |