Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-ноябры, № 640
Белгилүү жашаган жери жок адамдарга түнөк үйлөрүндө көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдык социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө
Белгилүү жашаган жери жок адамдарды социалдык коргоо боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана социалдык жактан тейлөө чөйрөсүндө белгилүү жашаган жери жок адамдар үчүн көрсөтүлүүчү кызматтарга талаптарды аныктоо максатында, "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Белгилүү бир жашаган жери жок адамдарга түнөк үйлөрүндө көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдык социалдык стандарттары бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги белгилүү бир жашаган жери жок адамдарга түнөк үйлөрүндө керсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдык социалдык стандарттарын колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 640 токтому менен бекитилген |
1. Ушул белгилүү жашаган жери жок адамдарга түнөк үйлөрүндө көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдык социалдык стандарттары (мындан ары - минималдык социалдык стандарттар) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
2. Минималдык социалдык стандарттар белгилүү жашаган жери жок адамдарга түнөк үйлөрүндө социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн минималдык көлөмүн, шарттарына жана тартибине болгон талапты белгилейт, социалдык кызматтарды көрсөтүү жана токтотуу (токтото туруу) шартын аныктайт.
3. Минималдык социалдык стандарттар менчигинин түрүнө карабастан белгилүү жашаган жери жок адамдарга социалдык кызматтарды көрсөтүүчү бардык түнөк үйлөрүнө жайылтылат.
4. Минималдык социалдык стандарттардын негизинде түнөк үйлөрүндө көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарды алуучулар болуп белгилүү жашаган жери жок адамдар - Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар саналат.
5. Менчигинин түрүнө карабастан белгилүү жашаган жери жок адамдар үчүн түнөк үйлөрүнүн ишин координациялоону Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишке ашырышат.
6. Белгилүү жашаган жери жок адамдар үчүн түнөк үйлөрүнүн иши мамлекеттик бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен каржыланат.
7. Белгилүү жашаган жери жок адамдар үчүн түнөк үйлөрүнүн негизги милдети болуп Кыргыз Республикасынын Өкмвтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 255 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкына көрсөтүлүүчү кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн Тизмегине ылайык социалдык-турмуш-тиричилик, социалдык-медициналык жана социалдык- укуктук кызматтарды көрсөтүү саналат.
8. Түнөк үйлөрүнүн негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) белгилүү жашаган жери жок адамдарды кабыл алуу жана жайгаштыруу;
2) белгилүү жашаган жери жок адамдарга керебет-орун берүү;
3) белгилүү жашаган жери жок адамдарды төшөнчүлөр, өздүк гигиеналык буюмдар, ич кийим менен камсыз кылуу;
4) белгилүү жашаган жери жок адамдарга бир жолу ысык тамак берүү;
5) белгилүү жашаган жери жок адамдарды медициналык кароодон өткөрүү, зарыл болгон учурда алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, процедураларды өткөрүү, алардын ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүү;
6) белгилүү жашаган жери жок адамдарга жарандардын социалдык тейлөөгө укугу менен байланышкан маселелер боюнча консультация берүү;
7) белгилүү жашаган жери жок адамдарды Реабилитациялоо борборлоруна, социалдык мекемелерге жана дарылоо уюмдарына аныктоо жана жиберүү;
8) зарыл болгон учурда түнөк үйлөрүнө келген жашы жете элек белгилүү жашаган жери жок өспүрүмдөргө керек болгон социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн тиешелүү органдарды (саламаттык сактоо мекемелери, документтерди берүү органдары ж.б.) тартуу;
9) белгилүү жашаган жери жок адамдарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү жана түрлөрү, түнөк үйлөрүнүн ички тартип эрежелери тууралуу маалымат берүү;
10) белгилүү жашаган жери жок адамдардын түнөк үйлөрүндөгү коопсуздугун камсыздоо;
11) түнөк үйлөрүнүн кызматкерлеринин ишин уюштуруу жана квалификацияларын жогорулатуу;
12) тийиштүү мамлекеттик органдар (саламаттык сактоо, документтерди берүү органдары ж.б.) жана коммерциялык эмес уюмдар менен түнөк үйлөрүнүн ишине тиешелүү волонтерлорду тартуу жана башка маселелерди чечүү боюнча кызматташуу.
9. Түнөк үйүнүн жетекчиси ишти уюштурат, анын ишин жана көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын сапатын контролдойт жана координациялайт, минималдык социалдык стандарттардын сакталышына жана алардын ез убагында аткарылышына жоопкерчилик тартат. Кызматкерлердин коопсуздугун ички жана тышкы уюлдук байланыш менен камсыздайт, иш боюнча нускама өткөрөт, кол кап жана маскалар түрүндөгү жеке гигиеналык буюмдарын берет.
10. Түнөк үйлөрүнүн иштөө режими төмөнкүдөй белгиленет: кышкы убакта - саат 17.00дон эртең мененки саат 10.00го чейин, жайкы убакта - саат 21.00дон эртең мененки саат 10.00го чейин. Белгилүү жашаган жери жок адамдардын түнөк үйлөрүндө болуу мөөнөтү 3 айга чейин.
11. Түнөк үйлөрүнүн кызматкерлери ишти түнөк үйүнүн жетекчиси тарабынан бекитилген функционалдык милдеттерге ылайык аткарышат.
12. Белгилүү жашаган жери жок адамдарга карата түнөк үйлөрүндө күч колдонуу же аларды өз максаттарына жумушчу күч катары тартууга тыюу салынат. Белгилүү жашаган жери жок адамдарга орой мамиле жасалган учурлар жөнүндө билген же күбө болгон түнөк үйлөрүнүн кызматкерлери бул тууралуу түнөк үйүнүн жетекчисине билдирүүгө милдеттүү.
13. Белгилүү жашаган жери жок адамдарды этностук таандыгы, жынысы, тили, курагы, билими, туткан дини, расасы, саясий көз караштары, мүлктүк же башка абалы, майыптуулугу, ата теги, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол берилбейт.
14. Зомбулук/агрессиялык көрүнүштүн себептери, узактыгы, болгондугу жана көрүлгөн чаралар атайын журналга катталат.
15. Түнөк үйлөрүнде даттануулар жана сунуштар китепчеси таризделет. Даттануулар жана сунуштар китепчеси түнөк үйлөрүнүн жетекчиси тарабынан жума сайын, ал эми координациялык орган тарабынан ай сайын каралат.
16. Түнөк үйлөрүнө 18 жаштан жогору курактагы, жашоого каражаты жок турмуштук оор кырдаалга туш болгон, турак-жайы жок же ар кандай себептер боюнча андан айрылган, белгилүү жашаган жери жок адамдар кабыл алынат.
17. Түнөк үйлөрүнө 18ге чейинки курактагы балдары бар, белгилүү жашаган жери жок үй-бүлөлөр кайрылган учурларда, алар түнөк үйүнүн жетекчилиги тарабынан тиешелүү чаралар кабыл алганга чейин түнөк үйлөрүнө убактылуу жайгаштырылат.
18. Түнөк үйлөрүнө кабыл алуу төмөнкүлөр боюнча ишке ашырылат:
- белгилүү жашаган жери жок адамдардын жекече кайрылуусу боюнча;
- тиешелүү аймактык уюмдардын (ички иштер, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү) кызматкерлери белгилүү жашаган жери жок адамдарды жеткирүүсү аркылуу;
- жарандык сектордун өтүнүчү боюнча.
19. Түнөк үйлөрүнө келип түшүүчү белгилүү жашаган жери жок адамдар үчүн биринчи кезектеги чаралар:
- жуунуу;
- кийим-кечесин которуу;
- санитардык тазалоону жүргүзүү (кийим-кечени жана жеке буюмдарын дезинфекциялоо);
- тамак аш менен камсыздоо;
- каттоо журналына белгилөө;
- медициналык кароодон өткөрүү.
20. Белгилүү жашаган жери жок адамдарда жугуштуу жана башка оорулардын болгондугуна шектенүү пайда болсо, алар дарты аныкталганга чейин, өзүнчө бөлүнгөн бөлмөгө жынысына жараша жайгаштырылат.
21. Белгилүү жашаган жери жок адамдарда оор психикалык оорулар, аракечтиктин жана баңгиликтин оор түрү аныкталган учурларда, алар дарылоо же жашоо үчүн адистештирилген медициналык уюмдарга же социалдык стационардык мекемелерге которулушат. Аларды жеткирүүгө жана дарылоого кетчү каражаттар түнөк үйлөрүнүн чыгымдар сметасында каралат.
22. Белгилүү жашаган жери жок адамдардын акчалай каражаттары жана баалуу буюмдары болсо, алар журналда катталууга тийиш жана белгилүү жашаган жери жок адамдар талап кылганга чейин сейфке салынат.
23. Түнөк үйлөрүнө кабыл алууда каттоо журналына белгилүү жашаган жери жок адамдар жөнүндө тиешелүү маалымат жазылат (1-тиркеме).
24. Белгилүү жашаган жери жок адамдар түнөк үйлөрүнүн иштөө эрежелери жана тартиптери тууралуу маалымат алуулары жана журналга кол коюулары керек.
25. Өткөрүлгөн маектешүүнүн жана анкеталык маалыматтардын негизинде социалдык кызматкер түнөк үйүнүн жетекчисине белгилүү жашаган жери жок адамдарды андан ары реабилитациялоо жөнүндө сунуштама бериши керек.
26. Түнөк үйүнүн жетекчисинин белгилүү жашаган жери жок адамдарды Реабилитациялоо жана адаптациялоо борборуна жиберүү жөнүндө чечими анын макулдугу менен ишке ашырылат.
27. Белгилүү жашаган жери жок бир адамга минималдык уруксат берилген аянт 3,5 кв.м, бөлмөнүн температурасы 22-25 градустан төмөн эмес болушу керек (2-тиркеме).
28. Белгилүү жашаган жери жок адамдарга керебет-орун берилет, белгилүү жашаган жери жок ар бир адамда жеке керебет жана өздүк буюмдары үчүн тумбочка болушу керек.
29. Ар бир бөлмөдө стол, отургучтар, таштанды челеги болушу керек.
30. Белгилүү жашаган жери жок адамдар ден соолугунун абалы жана психологиялык жактан дал келүүсү эске алынуу менен жынысына жараша ар башка бөлмөлөргө жайгаштырылат.
31. Түнөк үйлөрүндөгү жайларда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн ыңгайлуу шарттар болууга тийиш.
32. Түнөк үйлөрүнүн жайлары тазалыкта кармалууга жана санитардык-гигиеналык стандарттарга жооп берүүгө тийиш: жетишээрлик аянтка ээ болушу, жакшы жарыктандырылып, жылытылып, шамалдатылып жана муздак, ысык суу менен камсыздалышы керек.
33. Түнөк үйлөрүндө белгилүү жашаган жери жок бардык адамдарга өздүк гигиенаны сактоо үчүн мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу зарыл. Кызматкерлер белгилүү жашаган жери жок адамдарда гигиеналык буюмдар (тиш жууган щетка, тиш жууган паста, самын, дене жуугуч, шампунь, сүлгү, даарат кагаз, гигиеналык буюмдар), кийимди жуу үчүн каражаттын (айна, самын) бар экендигин текшерип турууга жана белгилүү жашаган жери жок адамдар тарабынан өздүк гигиена эрежелеринин сакталышын контролдоого милдеттүү. Санитардык түйүндүн (жуунгуч, душ, эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө унитаз) болушу милдеттүү шарт болуп эсептелет (3-тиркеме).
34. Түнөк үйлөрүнүн кызматкерлери үчүн санитардык түйүн өзүнчө болуш керек.
35. Шейшептер жана сүлгүлөр жумасына 2 жолу алмаштырылышы керек.
36. Түнөк үйлөрүндө жылуу кийимдердин жана бут кийимдердин резерви болууга тийиш, алар тиешелүү тазалоо иштеринен өткөндөн кийин белгилүү жашаган жери жок адамдарга берилет.
37. Түнөк үйлөрүндө шейшептерди жана кийимдерди жуу жана үтүктөө үчүн атайын жайлар болууга тийиш.
38. Түнөк үйлөрүндө таза шейшептерди жана кийимдерди сактоо үчүн өзүнчө жай болууга тийиш.
39. Түнөк үйлөрүндө тазалоо күн сайын, дезинфекциялоо жума сайын жүргүзүлөт.
40. Түнөк үйлөрүндө белгилүү жашаган жери жок адамдар бир жолу ысык тамак ичишет жана ичүүчү сууну каалаганча пайдаланышат.
41. Белгилүү жашаган жери жок адамдар түнөк үйлөрү үчүн физиологиялык тамак-аш ченемдерин эске алуу менен жетиштүү сандагы балансталган тамак-аш менен камсыздалат (4-тиркеме).
42. Тез даярдалуучу азыктардан ысык тамак даярдоо тиешелүү уюмдардын түнөк үйлөрүнө келишимге ылайык тез даярдалуучу азыктарды жеткирүүсү аркылуу уюштурулат.
43. Түнөк үйлөрүнөн белгилүү жашаган жери жок адамдар төмөнкү учурларда чыгарылат:
1) жашоо үчүн турак-жай аянты жана өз алдынча каражаты болгон учурда;
2) белгилүү жашаган жери жок адамдарды социалдык стационардык мекемелерге, дарылоо уюмдарына которгон учурда.
44. Белгилүү жашаган жери жок адамдарды түнөк үйлөрүнөн башка мекемелерге которуу тиешелүү мекемелер менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
|
| Белгилүү жашаган жери жок адамдарга түнөк үйлөрүндө көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдык социалдык стандарттарга 1-тиркеме |
№ | Аты-жөнү | Келип түшкөн күнү | Улуту | Жарандыгы | Туулган жылы | Акыркы жашаган жеринин дареги | Документтердин болушу | Баалуу буюмдардын болушу | Чыгып кеткен күнү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Белгилүү жашаган жери жок адамдарга түнөк үйлөрүндө көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдык социалдык стандарттарга 2-тиркеме |
Жайлардын аталышы | Ченемдик көрсөткүч | |
50 орунга чейин | 51ден 100гө чейин | |
Кабыл алуу блогу: | ||
- санитардык-өткөрмө | 1 | 1 |
Медициналык блок: | ||
- эркектер изолятору | 1 | 2 |
- аялдар изолятору | 1 | 1 |
- медициналык кабинет | 1 | 2 |
Кир жуучу жай | 1 | 1 |
Кызматкерлер үчүн санитардык түйүн | 1 | 1 |
Белгилүү жашаган жери жок адамдар үчүн санитардык түйүн | 2 | 4 |
Душ кабиналары | 2 | 4 |
Белгилүү жашаган жери жок бир адамга туура келүүчү аянт | 3,5 чарчы м | 3,5 чарчы м |
|
| Белгилүү жашаган жери жок адамдарга түнөк үйлөрүндө көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдык социалдык стандарттарга 3-тиркеме |
№ | Аталышы | Өлчөө бирдиги | 1 керебет-орунга | |
Ченем | Мөөнөттөр (жыл) | |||
1 | Шейшеп | даана | 3 | 1 |
2 | Жуурканга көктөлгөн шейшеп | даана | 3 | 1 |
3 | Жаздык кап | даана | 3 | 1 |
4 | Сүлгү | даана | 1 | 1 |
5 | Матрац | даана | 1 | 1 |
6 | Жаздык | даана | 2 | 3 |
7 | Жууркан | даана | 2 | 3 |
8 | Жапкыч | даана | 1 | 2 |
9 | Ич кийим | даана | 3 - бир кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуга | 1 |
10 | Майка | даана | 2 - бир эркекке | 1 |
11 | Бюстгальтер | даана | 2 - бир аялга | 1 |
12 | Байпак | түгөй | 6 - бир кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуга | 1 |
13 | Тиш щеткасы | даана | 1 - бир кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуга | 3 ай |
14 | Тиш пастасы | миллилитр | 900 | 1 |
15 | Кол самыны | грамм | 1200 | 1 |
16 | Клеенка | даана | керектигине жараша, бирок бир керебет-орунга 1 даанадан көп эмес | 1 |
17 | Аялдардын гигиеналык буюму | даана | керектигине жараша, бирок бир аялга айына 10 даанадан көп эмес |
|
18 | Подгузниктер | даана | түнөк үйүнүн дарыгеринин корутундусу боюнча, бирок бир кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуга күнүнө 1 даанадан көп эмес |
|
|
| Белгилүү жашаган жери жок адамдарга түнөк үйлөрүндө көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдык социалдык стандарттарга 4-тиркеме |
№ | Тамак-аш азыктарынын аталышы | Тамактануунун нормалары (грамм) |
1 | Буудай наны | 100 |
2 | Акшактар, макарондор | 100 |
3 | Картөшкө | 200 |
4 | Жашылча, анын ичинде: | 230 |
а | - кызылча | 50 |
б | - сабиз | 50 |
в | - капуста | 50 |
г | - пияз | 30 |
д | Башка жашылчалар, анын ичинде: помидор, бадыраң ж.б. | 50 |
5 | Чай | 1 |
6 | Эт | 100 |
7 | Сүт | 100 |
8 | Каймак май | 10 |
9 | Кант | 30 |
10 | Туз | 3 |
11 | Жумуртка (даана) | 1 |