Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-ноябры № 648
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык
коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин ведомстволук
форма кийимдери жана айырмалоо белгилери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабры № 829 , Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456
токтомдорунун редакциясына ылайык)
Атайын жана ведомстволук форма кийимдерин кийүүнү тартипке салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдеринин жана айырмалоо белгилеринин тиркелген сүрөттөлүшү бекитилсин.
2. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 3-декабры № 829 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023- жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-ноябрындагы № 648 токтому менен бекитилген
|
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекторлордун (мындан ары - мамлекеттик инспекторлор ) форма кийимдери төмөнкудөй төрт комплектиден турат:
- сый кийим;
- кунумдук;
- талаачылык;
- лабораториялык (атайын кийим).
2. Сый кийим жана кунумдук комплектиге төмөнкулөр кирет:
- кышкы пальто;
- бапак;
- кулакчындуу тумак;
- моюн орогуч;
- мээлей;
- плащ;
- фуражка;
- пилотка (кепка);
- китель;
- узун жана кыска жеўдуу көйнөктөр;
- жазгы-кузгу курмө;
- кышкы, жазгы-кузгу жана жайкы бут кийим;
- шым.
Сый комплектидеги көйнөк, мээлей жана моюн орогуч ак тустө болот.
Жазгы-кузгу курмӨ кунумдук комплектиге гана кирет.
Талаачылык комплектиге камуфляж кирет, ал бушлаттан, курмөдөн, шымдан жана кончу бийик батинкеден турат.
Жылдын кыш мезгилинде бапак, кулакчындуу тумак жана кышкы бут кийим, жай мезгилинде – фуражка, пилотка жана кепка (панама) пайдаланылат.
Лабораториялык комплект (атайын кийим) лабораториялардын адистери учун арналган жана такыядан, халаттан, мээлейден жана бахиладан (ак, көгулдур же боз тустөгу) турат.
Кышкы пальто.
Пальто эки жакка кымтыланма, денеге кыналып турат, ичине ватин салынган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тушурулгӨн алтын тустуу алты формалык топчуга топчуланат. Жакасы кайырмалуу лацкандары менен, жеўдери кош тигиштуу. Кенже, улук жана башкы кызмат орундарынын наамдары бар адамдары учун пальто кочкул көк тустөгу драптан тигилет.
Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдары учун пальто боз тустөгу драптан тигилет. Жакасы каракул, жердери тилик, кош тигиштуу, тиликке Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тушурулгөн алтын тустуу кичине өлчөмдөгу экиден топчу кадалган.
Кызматкер аялдар учун - пальто денеге жарым-жартылай кынама көрунуштө, бир жагына кымтыланма, жакасы кайырма, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тушурулгөн төрт формалык топчуга топчуланат.
Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар кызматкер аялдар учун пальто денеге жарым-жартылай кынама көрунуштө, боз тустөгу кездемеден тигилет, эки жакка кымтыланма, ичине ватин салынган. Жакасы кайырма, жаканын жогорку бөлугунө, кайрууларына жана манжеттерине каракул салынган. Пальто Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тушурулгөн алты формалык топчуга топчуланат.
Кышкы бут кийим.
Өтук мех менен ичтелген кара булгаарыдан ултарылат, эркектер учун кончу кыска жана аялдар учун кончу узун жасалат. Кончуна сыдырма салынган.
7. Плащ.
Плащ кочкул көк тустөгу суу өткөрбөс кездемеден тигилет, төрт топчуга ичинен топчулануучу бир жагына кымтыланма, ичилик салынган, тогоо менен курчалуучу куру бар. Жакасы кайырма, кесик каттамдуу кокеткалуу, кыюуланган тилик чөнтөктуу. Учасы кокеткалуу жана тигиш дал ортосунан өтуп, тилик болуп бутөт. Жеўи кош тигиштуу, уч жагы тигилген жеў тарткычтуу, анын бош учтары топчулукка топчуланат.
8. Жазгы-кузгу курмө.
Жазгы-кузгу курмө кочкул көк тустөгу суу өткөрбөс кездемеден тигилет, бир жагына кымтыланма, каптама жан чөнтөктөрунун капкалдырыктары топчуга топчуланат. Төш чөнтөктөрунө сыдырма салынган. Жакасы кайырма. Топчулугу кайып тигилген бөйрмчөсундө, жеўдери бир тигиштуу орнотулма, алды жагы паталуу, ал пластмасса топчуларга топчуланат. Курмөнун белинде - көмускө тартма. Баш чумбөтунө жана ичилигине синтепон салынган, топчуларга топчуланат. Жакасына, бөйрөмчөсунө, жеўдин учтарына, чөнтөктөрунө жана капкалдырыктарына кооздоочу тигиш салынган.
9. Бапак.
Бапак кесилген конус турундөгу алкактан жана алкактын устуўку кырынан 4 см чыгып турган калпактан (төбөдөн) турат. Алкагы боз тустөгу накта каракулдөн жасалат. Калпак төрт талаадан туруп, кочкул-көк тустөгу ноотудан тигилет. Төбөсунун усту жагындагы тигиштерине эни 5-6 см болгон алтын тустөгу тасма кайчылаш бастыра тигилген.
Бапактын алкагынын алды жагынын дал ортосуна кокарда бекитилет.
Эркектер учун бапак жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдарга гана берилет.
Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар кызматкер аялдар учун жана боз тустӨгу накта каракулдӨн беретка берилет.
10. Кулакчындуу тумак.
Тумак алкактан, төбөсунөн жана кептен турат. Алкагы (маўдай кыры, желкеси кулакчындары менен) боз тустөгу каракулдөн жасалат. Төбөсу төрт талаадан туруп, маўдай кыры жана кулакчындуу желкеси (ич жагы) кочкул көк тустөгу кудөрудөн тигилет. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлуктөр жана тегерек төбөдөн турат.
Аялдар учун кочкул көк тустөгу ноотудан тигилген беретка берилет.
11. Мээлей.
Мээлей ичи мех менен кара булгаарыдан тигилет.
12. Моюн орогуч
Моюн орогуч боз жана ак тустөгу жундөн токулган кездемеден болот.
13. Фуражка.
Фуражка көк-жашыл тустөгу баркыт алкактуу кочкул көк кездемеден тигилет, алкагына жана кебине милте бастырылат. Алкагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тушурулгөн эки кичине топчуга ӨрулгӨн кош катар боо бекитилип, алкагында алтын туспөлдөнгөн кокарда болот. Маўдай кыры кара, лакталган.
Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдар учун алкагындагы маўдай кырынын устунӨ алтын туспөлдөнгөн өрулгөн боодон башка, симметриялуу жайгашкан эки эмен бутагы турундӨгу алтын тустуу кооздук да саймаланып салынат. Жайкы фуражка ак же боз тустө болот.
Кызматкер аялдар учун фуражканын ордуна ак же кочкул көк тустөгу көк-жашыл милтеси бар тегерек формалуу шапочка (беретка, пилотка) берилет.
14. КундӨ кийилуучу кител-шым.
Бир жагына кымтыланма китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тушурулгөн уч топчуга топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, турсуз кездемеден тигилген, учасы тигиштуу жана ичилиги этегине тигилбеген, жакасы кайырма жана жеўи демейдегидей кош тигиштуу. Кителдин беттеме бугуштуу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тушурулгөн кичине өлчөмдөгу топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама төш чөнтөктөру, беттеме бугуштуу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тушурулгөн чоўураак өлчөмдөгу топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама жан чөнтөктөру бар.
Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдар учун - китель эки жакка кымтыланма, учасынын этеги тилик эмес. Кителдин капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөру жана тилкелуу тилик төш чөнтөктөру бар, аялдар учун - топчулук сол жагында болот.
Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдар учун китель кочкул көк тустөгу габардинден тигилет, жакасы жана кайрылган жеў учу көк-жашыл тустөгу милте менен кыйылган, милтенин эни 2,5 мм. Кызматкер аялдар учун топчулук сол жагында. Жогорку атайын наамдары бар адамдар сур тустөгу китель кийуугө укуктуу.
Шым багелеги коё берилип, манжетсиз тигилген, улук жана орто курамдагы атайын наамдары бар адамдар учун эни 2,5 мм болгон жашыл тустӨгу милте бастырылган. Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдар учун шымдын милтелеринен 0,5 см аралыкта буткул узундугуна формалык шымдын тышкы тигиши боюнча эни 2,2 см болгон көк-жашыл тустӨгу тилке бастырылып тигилген.
Кызматкер аялдарга форма шым берилиши мумкун.
15. Аялдардын кители жана юбкасы.
Аялдар учун китель жана юбка кочкул-көк тустөгу костюмдук кездемеден тигилет.
Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тушурулгөн эки топчуга сол жагына топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, турсуз кездемеден тигилген, учасы тигиштуу жана ичилиги этегине тигилбеген, жакасы кайырма жана жеўи демейдегидей кош тигиштуу.
Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тушурулгөн төрт топчуга сол жагына топчуланат, эки жакка кымтыланма, учасынын этеги тилик эмес. Кителдин алкакталган тилик жан чөнтөктөру бар.
Юбка туз, тизеге чейин.
16. Жайкы китель.
Жайкы китель кундө кийилуучу китель-шымдай эле, болгону ачык боз тустӨгу кездемеден тигилет.
17. Жайкы көйнөк.
Жайкы көйнөк көгуш тустөгу кездемеден тигилет, туз, орнотулма кыска жеўдуу, жеў учу кайырмалуу, көк жашыл тустөгу милте менен кыюуланган. Төш чөнтөктөру каптама, "бант" бугуштуу жана топчуга топчуланган капкалдырыктуу. Жакасы кайырма лацкандары менен, топчулугу белге чейин, көйнөктун жан чөнтөктөру тилик болуп, кыюуланган, көйнөктун юбкасы алды жагында беттеме бугуштуу, белинде тоголуу куру бар.
18. Аялдардын шымдуу жайкы костюму.
Жайкы костюм кочкул көк тустуу кездемеден тигилет, орнотулма кыска жеўдуу, денеге жарым-жартылай кынама кӨрунуштӨгу бир жагына кымтыланма жакеттен турат, кайрылган жеў учуна көк-жашыл тустөгу милте бастырылган, топчулугу кӨрунбӨйт, жакасы кайырма лацкандары менен, алкакталган тилик жан чөнтөктөру бар, учасы бир тигиштуу, төш чөнтөгу тилик болуп, кыюуланган.
Шым туз, жан чөнтөктөру бар, кайып тигилген кашатынын каптал тигишине көк-жашыл тустөгу милте бастырылган.
19. Курмө.
Курмө кочкул көк тустөгу жарым-жартылай жун кездемеден тигилет, сыдырма салынган тилик жан чөнтөктөру бар, кайырма жакалуу, бел кур жана ичилик салынган. Өңурлөру кокеткалуу, кокеткалар бастыра тигилген тигиштерге капкалдырыктуу жана "беттеме" бугуштуу каптама чөнтөктөр салынган. Учасы ортосунда тигиши бар кокеткалуу. Жеўи кош тигиштуу, учтарына тилиги бар манжета салынган.
Чөнтөктөрунун капкалдырыктары, манжеталар жана бел кур Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тушурулгӨн формалык топчуларга топчуланат.
Кызматкер аялдар учун курмөнун формасы ушундай эле.
20. Сырт көйнөк.
Узун жеўдуу көйнөк ак же көгултур тустөгу кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, “беттеме” бугуштуу жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгу бар, бел кур салынган.
Алды жагы этегине чейин ачык. Учасы кокеткалуу, жеўи тилик жана манжета салынган. Көйнөктун алды, манжеталары жана бел куру топчуга топчуланат.
Узун жеўдуу көйнөк манжета салынып, көгултур же ак тустөгу кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, “беттеме” бугуштуу жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгу бар, пластмасса топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсундө.
Кыска жеўдуу көйнөк ак же көгултур тустөгу кездемеден тигилет, жакасы кайырма, “беттеме” бугуштуу жана капкалдырыктуу эки төш чөнтөгу бар, бел кур салынган. Алды жагы этегине чейин ачык.
Учасы кокеткалуу. Көйнөктун алды, капкалдырыктар жана бел кур топчуга топчуланат.
Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдар учун көйнөктун бел куру резинкага бекитилет.
Кыска жеўдуу көйнөк көгултур же ак тустөгу кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, “беттеме” бугуштуу жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгу бар, пластмасса топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсундө.
Кызматкер аялдар учун сол жагына топчуланат.
21. Жагоо.
Жагоо кочкул көк же кара тустөгу жибек кездемеден жасалат, чоюлган трапеция турундөгу негизги бөлуктөн туруп, учтуу болуп бутөт.
22. Туфли.
Туфли кара же каралжын курөн тустө болот.
Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар жана 1-класстагы мамлекеттик эмгек инспектору учун булгаары таман салынып шаврадан; улук жана кенже курамдагы атайын наамдары бар калган адамдар учун резина таман салынып, хромдон жасалат.
Кызматкер аялдар учун туфли накта булгаарыдан, кара тустөгу анча бийик эмес такасы бар моделдуу жасалат.
23. Бийик кончтуу батинке.
Бийик кончтуу батинке (кончу кыска өтук) талаа формасы учун боосу менен кара тустө болот.
24. Баш кийимдеги кокарда.
Баш кийимдеги кокарда алтын тустөгу томпойгон суйру розетка турундө металлдан туташ куюлуп жасалат, дал ортосуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын символика белгисинин элементтери жайгашкан, символика белгисинин алкагынан кокарданын четтерине чейин гофрирленген бетке ээ.
Кокарданын арт жагынын дал ортосуна – аны баш кийимге бекитуу учун бекиткич жасалат.
Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар учун кокарда алтын тустуу жип менен саймаланат.
25. Кепке кадалуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сурөттөлушу.
Кепке кадалуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сурөттөлушу жун кездемеден жасалат жана белгиленген улгудӨгу тегерек формада болот.
26. Эмблема.
Эмблема алтын тустуу, металлдан туташ куюлуп жасалат. Сегиз жылдызчалуу калканча турундөгу рельефтуу контурду элестетет, контурдун дал ортосуна “Мамлекеттик экотехинспекциясы” деген жазуусу бар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сурөттөлушу жайгаштырылган.
27. Төш белги.
Төш белги кызыл тустөгу боёктуу элементи бар алюминийден жасалат, тегерек сфера (томпок) турундөгу формада жана мамлекеттик инспектордун жекече номери болот.
28. Жеўдеги белги.
Жеўдеги белги кителдин, пальтонун же көйнөктун жеўине тигуу учун ачык жашыл-жашыл, ак жана көгултур тустөгу кебез кездемеден жасалат, тиешелуу турдө ага шелкография жолу менен сурөттөлуш тушурулөт.
29. Топчулар.
Топчулар металлдан жасалып, алтын тустө, чөйчөкчөдөн, тупчөдөн, көзөнөктөн же бекиткич илмектен турат.
Устуўку бет жагы томпок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтуу сурөту тушурулгөн.
Топчунун диаметри 14 жана 22 мм.
Топчуну сары, каралжын жашыл жана ачык жашыл-жашыл тустөгу пластмассадан жасоого жол берилет.
30. Ийинге тагылма погондор.
Ийинге тагылма погондор пальтого, плащка, кителге, курмөгө жана көйнөккө кадалат. Погон жумшагыраак келип, жарыш кеткен узун жактары бар чоюлган алты бурчтук турундө болот, анын төмөнку учу тик бурчтуу, ал эми жогорку учу кесик жагынан кеў бурч болуп бутуп, төмөнку четине жарыш кетет.
Погондун узундугу 12-16 см, жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдар учун погондун эни - 5,5 см, башкыдан кенже кызмат орундарына чейинки атайын наамдары бар адамдар учун - 4-5,5 см. Погондун четтери, төмөн жагынан башкасы көк-жашыл тустөгу нооту менен милтеленет, милтенин эни - 2,5 мм.
Тигилме погондор пальтого, плащка, кителге кадалат. Чыгарып коймо погондор костюмга, көйнөктөргө, курмөгө тагылат. Погондор кочкул көк тустө, ал эми ак тустөгу көйнөккө – кумуш тустө же ак тустө болот.
31. Жогорку кызмат орундарындагы мамлекеттик инспекторлордун погондору.
Өзгөчө токулган көк тустөгу волокадан даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен капталган.
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеўешчисинин класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун, Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына алтын туспӨл металл жип менен кооздолгон диаметри 25 мм болгон беш бурчтуу 3 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеўешчисинин класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына алтын туспөл металл жип менен кооздолгон диаметри 25 мм болгон беш бурчтуу 2 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеўешчисинин класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына алтын туспөл металл жип менен кооздолгон диаметри 25 мм болгон беш бурчтуу 1 жылдызча тигилет.
32. Башкы кызмат орундарындагы мамлекеттик инспекторлордун погондору.
Өзгөчө токулган көк тустөгу волокадан даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен капталган.
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеўешчисинин класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын тустөгу беш бурчтуу томпок 3 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеўешчисинин класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын тустөгу беш бурчтуу томпок 2 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеўешчисинин класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын тустөгу беш бурчтуу томпок 1 жылдызча тигилет.
33. Кенже жана улук кызмат орундарындагы мамлекеттик инспекторлордун погондору.
Нооту капталган кочкул-көк тустөгу волокадан даярдалат. Погондордо ачык жашыл тустөгу бир жарык чагылдыргыч тилке бар.
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын тустөгу 4 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын тустөгу 3 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын тустөгу 2 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик кызматтын кенже инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын тустөгу 1 жылдызча бекитилет.
Жогорку, улук, орто курамдагы атайын наамдары бар адамдар учун параддык погондор алтын тустуу волокадан жасалат.
Погондордогу жылдызчалар аскер кызматчыларынын погондорундагы жылдызчалардын жайгашуусуна окшош жайгаштырылат.