Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 6-майындагы № 247 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-декабры № 651
«Өрт коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өрт коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын «Өрт коопсуздугу жөнүндө» Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., №7, 87-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-беренеде:
- аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү «кызматтары» деген сөздөр «органдары» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 1-бөлүгүнүн 1) пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу мамлекеттик органдардан;».
2. 4-берене күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. 5 жана 6-беренелер төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«5-берене. Өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл
Курулуш жана пайдалануу (коргоо объектилерин) мамлекеттик өрт көзөмөлүнө алынууга тийиш.
Куруу стадиясында мамлекеттик өрт көзөмөлү объекттерди өрт коопсуздугуна техникалык изилдөө жолу менен ишке ашырылат, ал эми пайдалануу (колдонуу), техникалык тейлөө стадиясында – өрттөн сактоо системаларынын ишке жарактуулугун мезгилдүү текшерүү, ошондой эле өрт коопсуздугунун жана Техникалык регламенттин талаптарына ылайыктыгы жөнүндө корутундуда баяндалган иш-чаралардын аткарылганын текшерүү жолу менен ишке ашырылат.
Мамлекеттик өрт көзөмөлүн өткөрүү ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
6-берене. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу объекттерди долбоорлоо, куруу, колдонууга берүү пайдалануу жана өрт фактысы боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
Мында обьекттердин долбоорлук документтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте макулдашуудан өтүүгө тийиш.
Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу төмөнкүдөй ишке ашырылат:
- курулушка жер участокту бөлүп берүү,курулуш обьектисин долбоорлоо, профилин өзгөртүү, өзгөртүп пландоо, реконструкциялоо, ошондой эле капиталдык оңдоо, техникалык кайра жабдуу жана сактоо обьектисинин функциялык арналышын өзгөртүү стадиясында;
- Өрткө каршы сигнализациясынын жана өрт өчүрүүчүнүн автоматташтырылган тутумдарын, өрт жөнүндө адамдарга автоматташтырылган кабарлоо тутумун,түтүндөн сактоочу автоматтык тутумдарды долбоорлоо,монтаждоо жана пайдаланууга кабыл алуу стадиясында. Мында өрткө каршы сигнализацияны жана өрт өчүрүүнүн автоматташтырылган тутумдары «101» кызматына туташтырылууга тийиш. Өрткө каршы алдын алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Өрткө каршы алдын алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. 10-беренеде;
- 1-бөлүгүндөгү «өрттөн сактоо кызматына» деген сөздөрү «өрткө каршы кызматка» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-бөлүгүндөгү «өрткө каршы мамлекеттик ишкананын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу мамлекеттик органдын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 11-беренеде:
- аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү «кызматын» жана «кызматы» деген сөздөр тиешесине жараша «органдарын» жана «органы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-бөлүгүнүн 1) пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу мамлекеттик органдар - мамлекеттик бюджеттин каражатынан, ошондой эле ыктыярдуу кошумчалардан жана башка каражаттардан;»
6. 12-беренеде «өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. II бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«II бөлүм. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу жана өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл».
8. 14-берене күчүн жоготту деп эсептелсин.
9. 15-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«15-берене. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу жана өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл
Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу жана өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу орган тарабынан ишке ашырылат. Мында кызмат адамдары болуп саналган кызматкерлеринин тизмеси, ошондой эле аларга тапшырылган функцияларды аткаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет».
10. 16-берене күчүн жоготту деп эсептелсин.
11. 18-беренеде:
- аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү «кызматынын» деген сөздөр «органдарынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-бөлүгүндөгү «Өрт коопсуздук кызматтарынын жеке курамы» деген сөздөр «Өрт коопсуздугунун органдары» деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 19-беренеде:
- аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү «кызматынын» жана «кызматы» деген сөздөр тиешесине жараша «органдарынын» жана «органдары» деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 20-беренедеги «өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. IV бөлүмдүн аталышындагы «өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын» деген сөздөр «Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуучу органдын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
15. 21-беренеде:
- аталышындагы жана 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндөгү «Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын» деген сөздөр «Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуучу органдын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 211-берене күчүн жоготту деп эсептелсин.
17. V бөлүмдө «өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын» деген сөздөр «өрт коопсуздугу органдарынын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
18. 22-беренеде:
- аталышындагы «өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын» деген сөздөр «өрт коопсуздугу органдарынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-бөлүгүндөгү «мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн республикалык, аймактык, жергиликтүү органдарынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу мамлекеттик органдардын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
- 4-бөлүгүндөгү «өрт көзөмөлү органдары» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу мамлекеттик органдар» деген сөздөргө алмаштырылсын.
19. 23-берененин мамлекеттик тилдеги текстинде «мамлекеттик өрт көзөмөлү органдары менен макулдашкан» деген сөздөр алып салынсын, «уюштурулат» деген сөздөн кийин «, мында ведомстволук өрттөн сактануу уюму Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү тартипте макулдашылууга тийиш» деген сөздөр менен толукталсын.
20. 25-беренеде
- 1- бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу мамлекеттик органдардын кызматкерлери аларга тапшырылган функцияларын тийиштүү түрдө аткарбаганы жана берилген укуктарын туура эмес пайдаланганы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.»;
- 2-бөлүгүндөгү «, ал эми шаарлар жана элдүү пункттар боюнча жалпысынан - жергиликтүү бийликтин органдары жана башкармалары» деген сөздөр алып салынсын.
21. 28-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«28-берене. Өрт коопсуздугу органдарынын кызматкерлеринин иштери боюнча даттануу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу өрт коопсуздугу органдарынын кызматкерлеринин иштери боюнча даттануулар жана арыздар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.».
2-берене. Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|