Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-декабры № 665
Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 2013-жылы үлүштүк төгүмдөрдү төлөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 273 токтомунун редакциясына ылайык)
Эл аралык милдеттерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2013-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан биринчи кезектеги тартипте:
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык уюмдарга жана алардын органдарына мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрдү тиркемеге ылайык төлөсүн;
- 1979-1989-жылдары Афганистандагы согуштун мезгилинде дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларына издөө салууну, көмүлгөн жерлерин издөөнү, сөөгүн эксгумациялоону, идентификациялоону жана аларды Ата мекенинде кайрадан жерге коюуну улантууга байланышкан КМШга катышуучу мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин алдындагы Интернационалист-аскерлердин иштери боюнча комитетинин 77072,72 сом (жетимиш жети миң жетимиш эки сом 72 тыйын) өлчөмүндө чыгымдарын төлөсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 273 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Приложение к постановлению Правительства Кыргызской Республики от 10 декабря 2013 года № 665 |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 273 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Уюмдардын аталышы | 2013-жылдын бюджетинде каралган (сом) |
1. | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин бирдиктүү бюджети | 6 493 478,47 |
2.
| Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 5 006 575,08
|
3.
| Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин алдындагы Абадан коргонуу маселелери боюнча координациялык комитет | 2 140 685,46
|
4. | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясы | 11 210 671,08 |
5. | Евразиялык экономикалык коомдоштук | 8 051 488,25 |
6. | Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму | 26 098 311,68 |
7. | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму | 1 680 524,93 |
8. | Миграция боюнча эл аралык уюм | 260 583,32 |
9. | Парламенттер аралык союз | 566 372,26 |
10. | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм | 1 440 281,48 |
11. | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун парламенттик ассамблеясы | 91 673,46 |
12. | Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму | 3 220 046,38 |
13. | Бириккен Улуттар Уюмунун регулярдуу бюджети | 1 911 968,00 |
14. | Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму | 1 123 408,65 |
15. | Шанхай кызматташтык уюму | 16 177 418,36 |
16. | Шанхай кызматташтык уюмунун региондук терроризмге каршы түзүмү | 10 012 169,30 |
17. | Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясы | 2 435 266,15 |
18. | Азия өнүктүрүү банкы | 39 531 234,83 |
19.
| Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы | 7 130 568,94 |
20. | Дүйнөлүк соода уюму | 1 673 109,09 |
Жыйынтыгы: | 146 255 835,17 |