Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-майы № 273
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
10-декабрындагы № 665 “Кыргыз Республикасы мүчө
болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 2013-жылы үлүштүк
төгүмдөрүн төлөө жөнүндө” токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрүн төлөө менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-декабрындагы № 665 “Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 2013-жылы үлүштүк төгүмдөрүн төлөө жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы “78 414,24 (жетимиш сегиз миң төрт жүз он төрт сом 24 тыйын)” деген цифралар жана сөздөр “77 072,72 (жетимиш жети миң жетимиш эки сом 72 тыйын)” деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 22-майындагы № 273 токтомуна тиркеме |
Төгүмдөрү 2013-жылы биринчи кезектеги тартипте төлөнүүчү эл аралык уюмдардын тизмеги | ||
№ | Уюмдардын аталышы | 2013-жылдын бюджетинде каралган (сом) |
1. | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин бирдиктүү бюджети | 6 493 478,47 |
2.
| Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 5 006 575,08
|
3.
| Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин алдындагы Абадан коргонуу маселелери боюнча координациялык комитет | 2 140 685,46
|
4. | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясы | 11 210 671,08 |
5. | Евразиялык экономикалык коомдоштук | 8 051 488,25 |
6. | Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму | 26 098 311,68 |
7. | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму | 1 680 524,93 |
8. | Миграция боюнча эл аралык уюм | 260 583,32 |
9. | Парламенттер аралык союз | 566 372,26 |
10. | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм | 1 440 281,48 |
11. | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун парламенттик ассамблеясы | 91 673,46 |
12. | Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму | 3 220 046,38 |
13. | Бириккен Улуттар Уюмунун регулярдуу бюджети | 1 911 968,00 |
14. | Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму | 1 123 408,65 |
15. | Шанхай кызматташтык уюму | 16 177 418,36 |
16. | Шанхай кызматташтык уюмунун региондук терроризмге каршы түзүмү | 10 012 169,30 |
17. | Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясы | 2 435 266,15 |
18. | Азия өнүктүрүү банкы | 39 531 234,83 |
19.
| Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы | 7 130 568,94 |
20. | Дүйнөлүк соода уюму | 1 673 109,09 |
Жыйынтыгы: | 146 255 835,17 | |