Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 19 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-майы № 285, 2015-жылдын 9-октябры № 702, 2018-жылдын 22-январындагы № 44 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттары киргенде айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө ушул убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) транспорт каражаттарынын ээлеринен (менчик ээлеринен) же айдоочуларынан Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартибин аныктайт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-майы № 285 токтомдун редакциясына ылайык)
2. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-майы № 285 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
3. Төлөмдөрдү алуудан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Төлөмдөр унаа каражаттарынын ээлеринен (менчик ээлеринен) же айдоочулардан улуттук валютада Кыргыз Республикасынын аймагына ар бир кирүүсү үчүн алынат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-майы № 285 токтомдун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттарынын кирүүсү үчүн төлөм (мындан ары - төлөм) төмөнкүлөр аркылуу төлөнөт:
- ушул Убактылуу жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн автомобиль өткөрүү пункттарында орнотулган төлөм терминалдары же банк мекемелери аркылуу;
- төлөм терминалдары, ошондой эле төлөм терминалдарынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуучу шарттар жок болгон учурда кыргыз-казак чек арасынан тышкары, төлөмдү алуу кириштөө кассалык ордерин пайдалануу менен бажы органдары тарабынан ишке ашырылат. Төлөм төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны (чекти) милдеттүү түрдө берүү менен ишке ашырылат, ал Кыргыз Республикасынын аймагынан чыкканга чейин сакталууга тийиш.
Акча каражаттарын төлөм терминалдары аркылуу жыйноодо, сактоодо жана ташууда (инкассирлөөдө) алардын сакталышын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасында кассалык операцияларды жүргүзүүнүн колдонуудагы тартибине ылайык ишке ашырылат.
- төлөм терминалдары, ошондой эле төлөм терминалдарынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуучу шарттар болбогон учурда, кыргыз-казак чек арасында төлөмдү алуу кириштөө кассалык ордерин пайдалануу менен экологиялык посттордун кызматкерлери тарабынан ишке ашырылат.
Кириштөө кассалык ордерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу эсепке алынууга тийиш.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-майы № 285, 2015-жылдын 9-октябры № 702 токтомдорунун редакциясына ылайык)
6. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-майы № 285 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
7. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-майы № 285 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
8. Төмөнкү товарларды ташып келүүчү жүк ташуучу унаа каражаттары төлөмдөн бошотулат:
- табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алууга жана жоюуга арналган, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткан адамдарга бекер таратуу же болбосо ушул эле максаттарда коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдарына берүү үчүн багытталган, ошондой эле авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү, авариялык-куткаруу түзүлүштөрүнүн жашоо-турмушу үчүн зарыл болгон товарларды;
- гуманитардык жардам, грант катары келүүчү товарларды;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
9. Каражаттардын түшүүсүн жана пайдаланылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан ишке ашырылат.
Мотоциклдер (8711 ТЭИ ТН коду) | 500 сом |
Жеңил транспорт (8703 ТЭИ ТН коду) | 1000 сом |
Автобустар жана жүк ташуучу автомобилдер (8702, 8704 ТЭИ ТН коду) | 2500 сом |
Отургучтуу сүйрөгүчтөр (8701 20 101 и 8701 20 901 ТЭИ ТН коду) | 2500 сом |
Табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн багытталган, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткан адамдарга бекер таратуу же болбосо ушул эле максаттарда коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдарына берүү үчүн багытталган, ошондой эле авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрүнүн жашоо тиричилиги үчүн зарыл болгон товарларды ташып келүүчү жүк ташуучу транспорт каражаттары | 0 сом |
Гуманитардык жардам жана грант катары келүүчү товарларды ташып келүүчү жүк ташуучу транспорт каражаттары | 0 сом |
Эл аралык окууларга жана жыйындарга катышуу үчүн чек арадан өтүүчү чет мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн кызматтык транспорт каражаттары | 0 сом |
Ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик мекеменин ар бир транзакция үчүн комиссиялык чегерүүлөрү | 20 сом |
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-майы № 285 токтомдун редакциясына ылайык)