Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 19 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-майы № 285
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан чет мамлекеттердин жүк ташуучу автоунаа каражаттары киргенде/чыкканда айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүнүн абалына тийүүчү техногендик жана башка терс таасирди төмөндөтүү максатында, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан чет мамлекеттердин жүк ташуучу автоунаа каражаттары киргенде/чыкканда айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттары киргенде айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу";
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттары киргенде айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө убактылуу жобо бекитилсин.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан чет мамлекеттердин жүк ташуучу автоунаа каражаттары киргенде/чыкканда айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттары киргенде айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө убактылуу жобо";
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттары киргенде айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө ушул убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) транспорт каражаттарынын ээлеринен (менчик ээлеринен) же айдоочуларынан Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартибин аныктайт.";
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пункт "валютада" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын аймагына ар бир кирүүсү үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттарынын кирүүсү үчүн төлөм (мындан ары - төлөм) төмөнкүлөр аркылуу төлөнөт:
- ушул Убактылуу жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн автомобиль өткөрүү пункттарында орнотулган төлөм терминалдары же банк мекемелери аркылуу;
- төлөм терминалдары, ошондой эле төлөм терминалдарынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуучу шарттар жок болгон учурда, төлөмдү алуу кириштөө кассалык ордерин пайдалануу менен бажы органдары тарабынан ишке ашырылат. Кириштөө кассалык ордерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык так эсепке алынууга тийиш.
Төлөм төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны (чекти) милдеттүү түрдө берүү менен ишке ашырылат, ал Кыргыз Республикасынын аймагынан чыкканга чейин сакталууга тийиш.
Акча каражаттарын төлөм терминалдары аркылуу жыйноодо, сактоодо жана ташууда (инкассирлөөдө) алардын сакталышын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасында кассалык операцияларды жүргүзүүнүн колдонуудагы тартибине ылайык ишке ашырылат.";
- 6 жана 7-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик мекеменин комиссиялык чегерүүлөрүн эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттары киргенде айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдүн өлчөмдөрү
Мотоциклдер (8711 ТЭИ ТН коду) | 500 сом |
Жеңил транспорт (8703 ТЭИ ТН коду) | 1000 сом |
Автобустар жана жүк ташуучу автомобилдер (8702, 8704 ТЭИ ТН коду) | 2500 сом |
Отургучтуу сүйрөгүчтөр (8701 20 101 и 8701 20 901 ТЭИ ТН коду) | 2500 сом |
Табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн багытталган, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткан адамдарга бекер таратуу же болбосо ушул эле максаттарда коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдарына берүү үчүн багытталган, ошондой эле авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрүнүн жашоо тиричилиги үчүн зарыл болгон товарларды ташып келүүчү жүк ташуучу транспорт каражаттары | 0 сом |
Гуманитардык жардам жана грант катары келүүчү товарларды ташып келүүчү жүк ташуучу транспорт каражаттары | 0 сом |
Эл аралык окууларга жана жыйындарга катышуу үчүн чек арадан өтүүчү чет мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн кызматтык транспорт каражаттары | 0 сом |
Ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик мекеменин ар бир транзакция үчүн комиссиялык чегерүүлөрү | 20 сом |
".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен бирге ушул токтомдун тиркемесинде аталган өткөрүү пункттарындагы төлөм терминалдарын орнотуучу, пайдаланууга берүүчү жана тейлөөчү ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик мекемени аныктасын;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан жоболор жөнүндө чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына кабарласын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен бирге 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө киргенге чейин кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында төлөмдөрдү алууну контролдоо маселесин иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул токтомдун тиркемесинде аталган өткөрүү пункттарында орнотулган төлөм терминалдарын байланыш менен камсыз кылуу маселесин иштеп чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик мекеменин инкассация кызматынын ушул токтомдун тиркемесинде аталган өткөрүү пункттарында орнотулган төлөм терминалдарына кирүүсүн камсыз кылсын.
5. Ушул токтом 2015-жылдын 15-майынан тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу автомобиль өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕГИ
№ | Өткөрүү пунктунун аталышы | Төлөм терминалдарын киргизүү мөөнөтү | Өткөрүү пункту жайгашкан жер |
1 | Ак-Жол автожолу | 2015-жылдын 15-майынан тартып | Чүй облусу, Аламүдүн р-у (Бишкек-Алматы а/ж 18 км) |
2 | Чалдыбар автожолу | 2015-жылдын 15-майынан тартып | Чүй облусу, Панфилов р-у, Чалдыбар айылынын батыш чет жагы, (Бишкек-Тараз а/ж 98 км) |
3 | Ак-Тилек автожолу | 2015-жылдын 15-майынан тартып | Чүй облусу, Ысык-Ата р-ну, Чүй суусунун түштүк жээги (Хун-Чи айылынын чыгыш жагындагы көпүрөнүн жаны) |
4 | Токмок автожолу | 2015-жылдын 15-майынан тартып | Чүй облусу, Чүй р-ну (Бишкек-Кемин а/ж 63 км, Чүй суусу аркылуу Дунларов атындагы көпүрөнүн жаны) |
5 | Кең-Булуң автожолу | 2015-жылдын 15-майынан тартып | Чүй облусу, Ысык-Ата р-ну, Трудовик РК айылынын бурулушундагы көпүрөнүн жаны |
6 | Чоң-Капка автожолу | 2015-жылдын 15-майынан тартып | Талас облусу, Манас р-ну |
7 | Торугарт автожолу | 2015-жылдын 15-майынан тартып | Нарын обл., Ат-Башы р-ну (Бишкек-Кашкар а/ж 531 км (КЭР) |
8 | Каркыра автожолу | 2015-жылдын 15-майынан тартып | Ысык-Көл облусу, Түп р-ну, Каркыра жери (3-МТФ) |
9 | Эркеч-Там автожолу | 2015-жылдын 15-майынан тартып | Ош обл., Алай р-ну (Нур айылынын 4 км чыгыш жагы) |
10 | Достук автожолу | 2015-жылдын 15-майынан тартып | Ош облусу, Кара-Суу р-ну (Ош-Андижан а/ж 5 км) |
11 | Карамык | 2015-жылдын 15-майынан тартып | Ош обл., Чоң-Алай р-ну, Карамык айылынын түштүк-батыш чет жагы |
12 | Кызыл-Бел автожолу | 2015-жылдын 15-майынан тартып | Баткен обл., Баткен р-ну, Кызыл-Бел айылынын түштүк чет жагы |
13 | Кайрагач автожолу | 2015-жылдын 15-майынан тартып | Баткен обл., Лейлек р-ну (Раззаков атындагы айылдын 0,5 км батыш жагы) |
14 | Кулунду автожолу | 2015-жылдын 15-майынан тартып | Баткен обл., Лейлек р-ну, Кулунду айылынын түндүк чет жагы |
15 | Бор-Дөбө автожолу | 2015-жылдын 15-майынан тартып | Ош обл., Чоң-Алай р-ну, Бор-Дөбө жери |
16 | Кызыл-Кыя автожолу | Өткөрүү пункту ачылганга жараша | Баткен облусу, Кадамжай р-ну, (Кызыл-Кыя Фергана а/ж 3 км) |