Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
редакциясына ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-декабры № 690
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын чет мамлекеттер менен кызматташтык ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмеси бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 690 токтомуна тиркеме |
Өкмөттөр аралык комиссиянын аталышы | Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы |
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын премьер-министри |
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-украин биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын экономика министри |
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри |
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссия | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри |
Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-тажик комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри |
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-молдова комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри |
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-азербайжан комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри |
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-армян комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри |
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-грузин комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын экономика министри |
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-москва биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Москва облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы 2004-жылдын 20-январында Москва шаарында кол коюлган Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык жөнүндө макулдашууну аткаруунун жүрүшүн координациялоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү тобу | - Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты координациялоо боюнча биргелешкен комиссия | - Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри |
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-санкт-петербург биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри |
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри |
Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссия | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри |
Эки тараптуу экономикалык байланыштар боюнча кыргыз-австрия аралаш комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын финансы министри |
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-болгар биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри |
Соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-индия комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри |
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы "Кыргызстан - СУАР КЭР" координациялык тобу | - Кыргыз Республикасынын экономика министри |
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-монгол комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри |
Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-пакистан комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри |
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-поляк комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын экономика министри |
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри |
Соода жана инвестициялар боюнча кыргыз-герман жумушчу тобу | - Кыргыз Республикасынын экономика министри |
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын финансы министри |
Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын экономика министри |
Экономикалык жана өнөр жайлык кызматташтык жана алмашуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-италия жумушчу тобу | - Кыргыз Республикасынын финансы министри |
Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-корей комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри |
Экономикалык, өнөр жайлык, илимий жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-латвия комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри |