Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры № 704
2014-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо жөнүндө
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине ушул токтомдун 1-пункту менен аныкталган квотаны жыл ичинде экономика тармактарынын жана региондордун ортосунда кайра бөлүштүрүү укугу берилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-декабрындагы № 704 токтомуна тиркеме |
Региондор | Экономика тармактары (адам) | ||||||
Өнөр жай жана курулуш | Айыл жана токой чарба, кайра иштетүү өнөр жайы | Транспорт коммуникация, геологиялык чалгындоо жана кен казуу өнөр жайы | Соода, кызмат көрсөтүү чөйрөсү, коомдук тамактануу жана башка экономикалык иш | Саламаттык сактоо, билим берүү, илим, маданият жана искусство | Насыя берүү, банк сектору, камсыздандыруу | Жыйынтыгы | |
Баткен облусу | 150 | 40 | 150 | 20 | 10 | 10 | 380 |
Жалал-Абад облусу | 1740 | 50 | 400 | 50 | 50 | 10 | 2300 |
Ысык-Көл облусу | 10 | 8 | 213 | 4 | 10 | 5 | 250 |
Нарын облусу | 87 | 10 | 230 | 8 | 20 | 5 | 360 |
Ош облусу | 400 | 20 | 170 | 1280 | 10 | 30 | 1910 |
Талас облусу | 140 | 45 | 40 | 20 | 20 | 5 | 270 |
Чүй облусу | 670 | 50 | 350 | 250 | 120 | 35 | 1475 |
Бишкек шаары | 1440 | 50 | 230 | 2540 | 510 | 350 | 5120 |
Ош шаары | 355 | 10 | 120 | 150 | 190 | 100 | 925 |
Жыйынтыгы | 4992 | 283 | 1903 | 4322 | 940 | 550 | 12990 |