Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 439 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-декабрындагы № 710 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча “Кыргыз китеп” мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча “Кыргыз китеп” мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын жарандары, өзгөчө балдар жана жаштар үчүн мамлекеттик тилде ата мекендик жана чет элдик адабияттын мыкты үлгүлөрүн колдонуу мүмкүндүгүн камсыз кылуу, заманбап талаптарга туура келген китеп басып чыгаруу жана китептерди, адабий котормолорду, анын ичинде аудио-видео алып жүрүүчүлөрдү колдонуу менен таркатуу тутумун өнүктүрүү максатында түзүлгөн.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
3. Ишкананын негиздөөчүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп эсептелет.
4. Ишкана өз алдынча балансы бар, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иш алып барган чарба жүргүзүү укугунда негизделген юридикалык жак болуп эсептелет, обочолонгон мүлккө ээ жана өз ишин чарбалык эсептин негизинде жүргүзөт.
5. Ишкананын ишин жалпы жетектөө жана координациялоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги (мындан ары - Министрлик) тарабынан жүргүзүлөт.
6. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдердеги штамптары жана мөөрлөрү, ошондой эле бланктары жана башка атрибуттары бар.
7. Ишкананын толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча “Кыргыз китеп” мамлекеттик ишканасы;
расмий тилде: Государственное предприятие по развитию книгоиздания и системы распространения «Кыргыз китеп» при Министерстве культуры, информации и туризма Кыргызской Республики.
8. Бул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Ишкананын милдеттери жана ыйгарым укуктары
9. Ишкананын милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- өзгөчө балдар жана жаштар үчүн мамлекеттик тилде китеп басып чыгаруу нускаларын көбөйтүүгө көмөктөшүү;
- заманбап талаптарга шайкеш келген китеп басып чыгаруу жана китептерди, адабий котормолорду таркатуу тутумун өнүктүрүү;
10. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Ишкана төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды ишке ашырат:
- ата мекендик жана чет элдик адабиятты мамлекеттик тилге которуу үчүн мыкты үлгүлөрдү тандоо боюнча конкурстарды өткөрөт;
- мамлекеттик тилдеги китеп продукциясын ички рынокто да, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары да сатат;
- окууну колдоонун жана өнүктүрүүнүн ар түрдүү долбоорлоруна катышат;
- Ишкананын компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдайт;
- коомчулуктун муктаждыктарына ылайык соодага чыгарылган китеп ассортиментин калыптандыруу боюнча басылмалар жана китеп чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк уюмдар менен кызматташат;
- китеп чөйрөсүндөгү иш-чараларды (көргөзмөлөр, жармаңкелер, фестивалдар, семинарлар ж.б.) өткөрөт, өткөрүлүүчү иш-чараларга, анын ичинен эл аралыктарына катышат;
- китеп басып чыгаруу жаатында келечектүү долбоорлорду андан ары өнүктүрүүгө инвестицияларды тартат.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында тышкы экономикалык ишти жүргүзөт;
- компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча уюмдар, чыгармачыл союздар жана коомчулуктар менен өз ара аракеттенет;
- обочолонгон мүлккө ээ, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алат, мүлктүн сакталышына жоопкерчилик тартат, бардык юрисдикциядагы соттордо доогер жана жоопкер болот;
- продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды, башка мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алат;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте жана Ишкананын уставдык милдеттерине ылайык юридикалык жактардын негиздөөчүсү боло алат, мүлктүн жеке менчик ээси менен макулдашуу боюнча филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү негиздөөгө укуктуу;
- Ишкананын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Министрликке киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка иштерди аткарат жана кызматтарды көрсөтөт.
3. Ишкананын башкармалыгы
11. Ишкананын ишин ишкананын директору жетектейт.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директор эки жылдык мөөнөткө кызматка дайындалат, укуктар менен милдеттерге ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат, ушул Уставдын жана Министрлик менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштейт.
Директордун бир орун басары болот, ал Министрликтин көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директор жок болгон учурда, анын милдетин аткаруу директордун орун басарына жүктөлөт.
Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
12. Директор:
- Ишкананын ишин жетектейт;
- ишеним каты жок эле Ишкананын атынан иштейт, анын таламдарын республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында тартышат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсебин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлерине милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына текшерүү уюштурат;
- Ишканага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жоопкерчилик алат;
- директордун орун басарынын жана башкы бухгалтердин ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Ишкананын жалпы санын жана штаттык санын бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрине сунуштайт;
- Ишкананын кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет, Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралгандардан төмөн эмес өлчөмдө Ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын аныктайт;
- Ишкананын кызматкерлерине сыйлык төлөө тууралуу жобону бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо жана аларга тартиптик жаза берүү чараларын көрөт;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерине дем алыш күндөрүн жана өргүү берүү тартибин белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек макулдашууларынын, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряддык келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдеринин негизинде Ишкананын жумуштарын аткаруу үчүн жарандарды тартат;
- жылдын жыйынтыгы боюнча Ишкананын иши жөнүндө отчетту Министрликке берет;
- Уставга ылайык Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иштерди аткарат.
13. Ишкана өзүнүн ишин Министрлик тарабынан бекитилген өз алдынча иштелип чыккан иш планынын (келечектүү, жылдык жана учурда болуп жаткан) негизинде жүргүзөт.
14. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкана менен керектөөчүлөрдүн, жеткирүүчүлөрдүн жана менчигинин түрүнө карабастан башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
15. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Ишкана өзүнө таандык болгон мүлккө чарба жүргүзүү укугунда ээлик кылат жана аны менен пайдаланат.
Мүлктү пайдалануунун негизи болуп кыймылсыз мүлк обьекттерине, негизги каражаттарга, негиздөөчүнүн жеке менчиги болгон жана ал тарабынан Ишкананын балансына берилген башка мүлккө мыйзамдарда каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен чарба жүргүзүү укугу эсептелет.
4. Мүлк, каржылоо жана Ишкананын кирешесин бөлүштүрүү
16. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүчү каражаттар, ошондой эле анын түзүмүнө кирген өндүрүштүк иштер үчүн зарыл болгон Ишкананын балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
Ишканадан анын негизги фонддорун, жүгүртүүчү каражаттарын жана колдонуп жаткан мүлкүн тартып алууга негиздөөчүнүн же соттун чечими боюнча гана жол берилет.
17. Ишкананын мүлкүн түзүү төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- Ишкананын ишинен алынган кирешелердин;
- чарба жүргүзүү укугуна берилген мүлктүн;
- мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын.
18. Ишкана жыл сайын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таза кирешенин бөлүгүн 50 пайыздан кем эмес өлчөмдө республикалык бюджеттин эсебине белгиленген тартипте которот.
19. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда ага таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана өнөктөштөрдүн уставдык капиталына салым (пай) катары кошууга же башка ыкма менен бул мүлктү тескөөгө жеке менчик ээсинен уруксат албастан укугу жок. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана бул Уставда белгиленген учурларды кошпогондо чарба жүргүзүү укугунда Ишканага таандык болгон башка мүлктү Ишкана өз алдынча тескейт.
20. Чарбалык иштин негизинде Ишкана алган жана 18-пунктта каралган зарыл болгон төлөмдөрдү бергенден кийин Ишканада калган кирешелер, ошондой эле өз каражаттарынын эсебинен сатып алынган мүлк Ишканага таандык жана анын балансында эсептелет.
21. Ишкана өз ишинин натыйжаларынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте оперативдүү чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсебин жүргүзөт.
22. Ишкана өзүнүн финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте берип турат.
Ишкананын финансы-чарбалык ишинин жүргүзүлүшүн контролдоо Министрлик тарабынан аткарылат.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле Министрликтин чечими боюнча Ишкананын каражаттарынын эсебинен аудит жүргүзөт.
23. Ишканадагы бухгалтердик отчеттуулуктун маалыматтарынын чындыгы үчүн жооптуу, мамлекеттик менчикти уурдагандыгын жабуу максатында отчетту бурмалаганга жол берген кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартат.
5. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
24. Ишкананы кайра уюштуруу (биригүү, кошулуу, бөлүү, чыгаруу, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
25. Ишкананын ишин токтотуу негиздөөчүнүн чечими боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурда жана тартипте ишке ашырылышы мүмкүн.
26. Ишкананын ишинин процессинде түзүлгөн документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.