Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-декабры № 721
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттарын бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
Ички аудитти өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттары бекитилсин.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 129 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| Ж.Сатыбалдиев |