Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 31-декабры № 721

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин  ички аудиторлорунун этикалык стандарттарын бекитүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)

Ички аудитти өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттары бекитилсин.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 129 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

 

Ж.Сатыбалдиев