Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 31-октябры № 579
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 152 "Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруунун алкагында, электрондук форматта эмгекке убактылуу жарамсыздыкты ырастоочу эмгекке жарамсыздык баракчаларын түзүү жана берүү үчүн укуктук негиздерди камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 152 "Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча нускамада:
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эмгекке жарамсыздык баракчасы кагаз жана электрондук формаларда (мындан ары чогуу - эмгекке жарамсыздык баракчасы деп аталуучу) тиешелүү түрдө 1, 2-тиркемелерге ылайык берилет.";
- 20-пунктта "(1-тиркемеде көрсөтүлгөн)" деген сөздөр алып салынсын;
- 21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эмгекке жарамсыздыктын электрондук баракчаларын тариздөө, узартуу, берүү, кол коюу, алуу, бөлүштүрүү, сактоо жана эсепке алуу тартиби саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.";
- 81-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"№ 088 форма боюнча МСЭКке жолдомо кагаз же электрондук формада түзүлөт. МСЭКке жолдомонун электрондук формасы жана аны толтуруу боюнча нускама саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.";
- жогоруда аталган Нускаманын тиркемесинде:
жогорку оң бурчунда "Тиркеме" деген сөз "1-тиркеме" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 2-тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бир айлык мөөнөттө эмгекке жарамсыздыктын электрондук баракчаларын тариздөө, узартуу, берүү, кол коюу, алуу, бөлүштүрүү, сактоо жана эсепке алуу тартибин иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
Эмгекке жарамсыздыктын электрондук баракчасынын ФОРМАСЫ".
Графикалык көчүрмөнү караңыз.