Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 8-майындагы № 250 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-ноябры № 593
Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калкынын
2013/2014-жылдагы күз-кыш мезгилге даярдыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013/2014-жылдагы күз-кыш мезгилге тиешелүү деңгээлде даярдоону камсыздоо максатында, Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушуна байланыштуу абалды эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калкынын 2013/2014-жылдагы күз-кыш мезгилге даярдыгы жана Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушуна байланыштуу абал тууралуу Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин баяндамасы маалымат катары кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу "Кыргыз туракжай коммунсоюз" мамлекеттик ишканасы көмүр камдоо боюнча бекитилген тапшырмаларды аткарууда кечигип жатышканы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:
- көп кабаттуу үйлөрдү жана имараттарды куруу үчүн 2012-2013-жылдардын аралыгында энергетика компаниялары тарабынан берилген техникалык шарттарга 2013-жылдын 15-ноябрына чейинки мөөнөттө ревизия жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте керектелип жаткан кубаттуулук мурда берилген техникалык шарттарга дал келээрин текшерип чыгып жана жыйынтыгы боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу "Кыргыз туракжай коммунсоюз" мамлекеттик ишканасына 300000000 (үч жүз миллион) сом финансылык каражат жана 100000000 (жүз миллион) сом бюджеттик ссуда берилишин камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жылуулук берүү мезгилинде республиканын ички рыногундагы импорттук жана ата мекендик өндүрүштүн көмүрүнө болгон чекене баага такай мониторинг жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте бюджеттик уюмдарда электр энергиясын керектөөнүн лимити Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 289 "2013-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары үчүн электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана суу агындыларын чыгаруунун лимитин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген лимиттен ашып кетишине жол берилбешин такай контролдосун.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) энергетикалык компаниялар менен бирдикте электр энергиясындагы коромжуларды жана керектелген электр энергиясы үчүн дебитордук карыздарды азайтуу боюнча чараларды көрүшсүн.
8. "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна 2013/2014-жылдагы күз-кыш мезгилге карата Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБлорун, "Электр станциялары" ачык акционердик коомун жана "Кыргыз туракжай коммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын мешканаларын отундук мазут менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында түзүлгөн келишимге ылайык мазут ташып келүүнү камсыздоо сунушталсын.
9. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013/2014-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтому менен бекитилген тапшырмага кошумча Бишкек шаарынын ЖЭБине Таш-Көмүрдүн 50,0 миң тонна көмүрүн камдоо сунушталсын.
10. "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомдоруна төмөнкүлөр сунушталсын:
- 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча электр энергиясындагы жалпы коромжунун көлөмүн пландык деңгээлге чейин азайтууну камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын энергетика системасында максимум чыңалуулар болуучу сааттарда электр энергиясын жылытууга колдонбоо максатында электр энергиясын керектөөчүлөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013/2014-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 10-пункт:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду", Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы, "Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялоо башкармасы," деген сөздөр менен толукталсын;
"Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын" деген сөздөрдөн кийин "Ош шаарынын мэриясынын "Ош муниципалдык "Жылуулук менен камсыздоо" ишканасынын," деген сөздөр менен толукталсын;
- 15-пунктта:
биринчи абзацы "жана "Кыргызгаз" ачык акционердик коомдоруна" деген сөздөр "Кыргызгаз" ачык акционердик коомдоруна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы "ашык пайдаланууга" деген сөздөрдөн кийин ", экологиялык жана техникалык коопсуздук тармагындагы мыйзам талаптарын бузганга" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-тиркеменин бүткүл тексти боюнча "Мамэнергоинспекция" деген сөз "ЭТКМИ" деген кыскартылган сөзгө алмаштырылсын;
- 4, 7, 8, 9, 10, 13, 14, 19 жана 23-тиркемелер ушул токтомдун 1-9-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;
- 16-тиркемедеги "Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү келүүчү норманын 79 пайызын түзгөндө (млрд. куб.м)" деген сап төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү (млрд. куб.м) | 11,25 | 13,0 | 13,0 | 15,94 | 15,94 | 13,60 | 13,60 | 9,00 |
";
- 18-тиркемеде:
3.3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"
3.3 | ЭӨЧ-6-10-0,4 кВ | км | 3689,84 | 687,97 | 1195,20 | 1105,20 | 701,47 |
";
3.6-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"
3.6 | Оңдоого керектелүүчү каражат | млн. сом. | 225,282 | 43,066 | 64,049 | 65,082 | 53,085 |
";
- ушул токтомдун 10-тиркемесине ылайык редакциядагы 25-тиркеме менен толукталсын.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси, өнөр жай жана кен пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр |
| Ж.Сатыбалдиев |