Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2014-жылдын 15-декабры № 1
2015-2018-жылдардын мезгилинде укуктук агартуу жана укуктук маданиятты көтөрүү боюнча Стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү жөнүндө
2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун 1-тиркемесинин 2-пунктун ишке ашырууга, 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген, "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" жобонун 11-пунктуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. 2015-2018-жылдардын мезгилинде укуктук агартуу жана укуктук маданиятты көтөрүү боюнча Стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ, тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2015-2018-жылдардын мезгилинде укуктук агартуу жана укуктук маданиятты көтөрүү боюнча Стратегиянын долбоорун (мындан ары - Стратегиянын долбоору) жана Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чара планын 2015-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл болгон учурда өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында мамлекеттик органдардан белгиленген тартипте усулдук жана консультативдик жардам алууга жана материалдарды сураганга укуктуу деп бекитилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишмердүүлүгүн уюштуруу, усулдук жана дагы башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Министр |
| А.Шыкмаматов |
|
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2014-жылдын 15-декабрындагы № 1 буйругуна тиркеме |
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Бектеналиев Мукталы Абдыбекович | - | Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Шадыханов Калысбек Токтосунович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы; |
Орозобеков Пальмир Джанкеевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башкы штабынын укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташ бөлүмүнүн башчысы; |
Суеркулов Замир Казакбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары; |
Сарыбаев Чингиз Абдусатарович | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу; |
Баяманова Зуура Эдуардовна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы; |
Бакасов Султан Бакасович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча. агенттигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Океев Сыргак Кенешович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташ бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Алимбаев Абдикарим Карбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Төрагасынын орун басары; |
Шыйкымбаев Саламат Капанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын Төрагасынын орун басары; |
Нурбеков Алмаз Турусбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун орун басары Турганбеков Канат Турганбековичтин жардамчысы (макулдашуу боюнча); |
Кожошев Мухтар Тажибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Орозалиев Табылды Орозалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Толонов Максат Талантбекович | - | Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын укуктук суроолор боюнча аткаруу директору (макулдашуу боюнча); |
Чотонов Айбек Озубекович | - | Юстиция министрлигинин СЭМБ, БККК менен иштөө боюнча жана укуктук пропаганда башкармалыгынын башчысы; |
Курманбаева Аида Маратовна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын башчысы; |
Ажибраимова Чинара Асамбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу. |
Эксперттик топ: | ||
Выговская-Каменко Татьяна | - | Эксперт (макулдашуу боюнча); |
Мадеюев Ахмат Низамович | - | Эксперт (макулдашуу боюнча); |
Мусабекова Чынара Абдыбакасовна | - | Эксперт (макулдашуу боюнча); |
Токтогулова Нуржан Кубатовна | - | Эксперт (макулдашуу боюнча). |