Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 169 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атайын
каражаттары жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121, 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888, 2016-жылдын 3-мартындагы № 108 токтомдорунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Атайын каражаттарды түзүү булактары
III. Атайын каражаттарды пайдалануу тартиби
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атайын каражаттарын түзүү жана чыгымдоо тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин (мындан ары - Министрлик) атайын каражаттары төмөнкүдөй максаттарда бөлүнөт:
- Министрликтин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн натыйжалуу иши үчүн зарыл материалдык-техникалык шарттарды түзүү;
- Министрликтин системасындагы кызматкерлерди социалдык коргоону жана кепилдиктерин камсыз кылуу, өз эмгегинин натыйжаларына алардын кызыкчылыгын арттыруу;
- Министрликтин системасындагы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, оор турмуштук кырдаалдагы пенсионерлерге бир жолку материалдык жардам көрсөтүү;
- Министрликтин социалдык стационардык мекемелеринде жашаган адамдарга социалдык-тиричилик жана социалдык-маданий кызмат көрсөтүү шарттарын жакшыртуу.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888, 2016-жылдын 3-мартындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрликтин атайын эсеби Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылат.
II. Атайын каражаттарды түзүү булактары
3. Атайын каражаттар төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" токтому менен бекитилген Жобого ылайык Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн атайын каражаттарынан 10 процент чегерүүлөрдүн;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка түшүүлөрдүн;
- диний негизи курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган альтернативдик кызматтын кызматчыларынан түшкөн акчалай каражаттардын. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Атайын каражаттарды пайдалануу тартиби
4. Атайын каражаттар төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- дарылануу жана башка максаттар үчүн Министрликтин кызматкерлерине, анын ичинде пенсионерлерге жана пенсияга чыгышына байланыштуу бошонгон кызматкерлерге бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- кенже техникалык персоналдын кызматтык маянасына үстөк акы белгилөө;
- Министрликтин кызматкерлеринин ден соолукту чыңдоо мекемелерине жолдомолорунун наркын жарым-жартылай компенсациялоого;
- Министрликтин системасындагы мекемелердин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого (капиталдык оңдоо, компьютердик жана оргтехниканы, шаймандарды сатып алуу, техникалык каражаттарды тейлөө жана оңдоо, ошондой эле жылуулук, электр энергиясы, байланыш кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө, бланк продукциясын жана башкаларды сатып алуу);
- социалдык-маданий иш-чараларды, чет өлкөлүк делегациялар менен расмий жолугушууларды, семинарларды жана конференцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- эмгек келишимдери жана жарандык-укуктук келишимдер боюнча күтүлбөгөн чарбалык иштерди аткарууга;
- Министрликтин кызматкерлерине бир жолку сыйлык акы берүүгө;
- Министрликтин социалдык стационардык мекемелеринде жашаган адамдарга социалдык-тиричилик жана социалдык-маданий кызмат көрсөтүү шарттарын жакшыртууга.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121, 2016-жылдын 3-мартындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Атайын каражаттарды тескөөчүлөр болуп министр, ал эми ал жок болгон учурда Министрликтин статс-катчысы саналат.
6. Атайын каражаттардын отчеттук жылдын аягына карата түзүлгөн калдыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат