Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-марты № 108
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык )
Альтернативдик кызматты өтөөнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга "бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 545 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункттун "б" пункчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- диний негизи курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан тышкары, альтернативдик кызматтан Куралдуу Күчтөрдүн запасына бошотулгандар;".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 169 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атайын каражаттары жөнүндө жободо:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- Министрликтин социалдык стационардык мекемелеринде жашаган адамдарга социалдык-тиричилик жана социалдык-маданий кызмат көрсөтүү шарттарын жакшыртуу.";
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- диний негизи курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган альтернативдик кызматтын кызматчыларынан түшкөн акчалай каражаттардын.";
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- Министрликтин социалдык стационардык мекемелеринде жашаган адамдарга социалдык-тиричилик жана социалдык-маданий кызмат көрсөтүү шарттарын жакшыртууга.".
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |