ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №171 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы №561 «Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Ѳкмѳтγнγн

2015-жылдын 7- апрели № 201

токтомдун редакциясына ылайык

кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2011-жылдын 19-апрели №171

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы №561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Илимий кызматкерлердин ишин жана тармактык илимий мекемелерди илимий тейлөөнү стимулдаштыруу, Кыргыз Республикасындагы илимий потенциалды сактоо жана өнүктүрүү үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы №561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- токтомдун 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын илимий кызматкерлеринин жана тармактык илимий мекемелерди илимий тейлөөнүн колдонулган тарифтик ставкаларына 2011-жылдын 1-январынан тартып 1,8ге чейинки коэффициенттер белгиленсин.".

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 22-апрелинде № 30 жарыяланды

 

Премьер-министри

А.Атамбаев