Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 75 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги N 178 токтому менен бекитилген |
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 144, 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1.1. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети (мындан ары - Университет) мамлекеттик жогорку окуу-илимий-өндүрүштүк комплекс болуп эсептелет, ал жогорку, ЖОЖдон кийинки, кошумча, орто кесиптик жана орто жалпы билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасынын агрардык секторун илимий жактан камсыздоону жүзөгө ашырат.
1.2. Университет өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Билим берүү жөнүндө", "Илим жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
1.3. Университет К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин укук улантуучусу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы N 425 Жарлыгынын негизинде айыл чарба жаатындагы агрардык билим берүүнү жана илимий изилдөөлөрдү бирдиктүү борборго топтоо, интеграциялоо жана координациялоо үчүн кайра уюштурулган.
1.4. Университеттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети", кыскартылган аталышы - "КУАУ";
- расмий тилде: "Кыргызский национальный аграрный университет имени К.И.Скрябина", кыскартылган аталышы - "КНАУ";
- англис тилинде "Кyrgyz nаtionаl agrarian univеrsity nаmеd аfter К.I.Сkryabin", кыскартылган аталышы: "KNAU".
1.5. Университеттин уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп эсептелет.
Уюштуруунун ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги аткарышат.
Университет Жарлыкка, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык кадрдык саясатты ишке ашырууда, окутуу, тарбиялоо методикасын тандоодо, илимий изилдөөлөрдүн багыттарын аныктоодо, уюштуруучулук, кесиптик, финансы-чарбалык жана башка маселелерди чечүүдө өз алдынчалыкка ээ болот;
- Университет окугандарды аралыктык аттестациялоодо баалоо формасын, тартибин жана мезгилдүүлүгүн, билим берүү процессин жана билим берүү технологияларынын методикасын, анын ичинде аралыктан билим берүү технологияларын тандоодо өз алдынчалыкка ээ;
- Университет Кыргыз Республикасынын билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун борбордук органы тарабынан белгиленген тартипте жарым-жартылай же толук көлөмдө билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн аралыктык билим берүү технологияларын пайдаланышы мүмкүн;
Университет өзүнчө мүлк бөлүп берүү менен юридикалык жактын статусуна ээ түзүмдүк бөлүмчө же филиал түзө алат. Түзүмдүк бөлүмчө филиалдарды жана башка бөлүмдөрдү түзүүгө укуксуз.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги уюштуруучу катары:
- билим берүүнү өнүктүрүүнүн максаттуу программасын жана мамлекеттик билим берүүнүн стандарттарын бекитет;
- билим берүү системасын башкарууну жүзөгө ашырат, ошондой эле Университетте контролдоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу тартибин белгилейт;
- Университетте инсандын, коомдун жана мамлекеттин таламдарына ылайык келген билим берүү системасын түзөт;
- Университетке министрликтер менен ведомстволордун керектөөлөрүн эске алуу менен, илимий изилдөө жумуштарын алардын заказынын негизинде биргелешип өткөрүү менен адистерди даярдоого мамлекеттик заказды тапшырат;
- мамлекеттик заказдын жана билим берүү стандарттарынын чегинде акысыз жана конкурстук негизде Университетте жогорку, ЖОЖдон кийинки, кошумча, кесиптик орто жана жалпы орто билим алуу үчүн зарыл болгон социалдык-экономикалык жана укуктук шарттарды түзөт;
- Университетте окуу процесстерин илимий-методикалык жактан жетектөөнү, ошондой эле лицензиялоонун контролдук нормативдерин сактоону жана мамлекеттик аккредитацияны (аттестациялоону) ишке ашырат;
- мамлекеттик заказдын алкагында илимий-изилдөө иштерин координациялайт;
- Университетти түзүү, кайрадан уюштуруу жана жоюу жөнүндөгү чечимдердин долбоорлорун даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде билим берүү чөйрөсүндөгү башка укуктарды да жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги уюштуруучу катары:
- агроөнөржай комплексинин адистерине болгон керектөөнүн көлөмүн аныктайт жана агрардык сектордун ишканаларынын каражаттарынын эсебинен аларды даярдоого заказды жайгаштырат;
- ведомстволук уюмдарында студенттердин өндүрүштүк практикаларын өткөрүүнү жана Университеттин бүтүрүүчүлөрүн жумушка орноштурууну камсыз кылат;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Университеттен асыл тукумдаштыруу жумуштарын, үрөнчүлүктү жүргүзүү жана асыл тукум малды, канаттууларды, үрөндүк жана отургузуучу материалды сатуу боюнча маалыматтарды алууга укуктуу;
- министрликтин иш чөйрөсүнө кирген маселелерди иштеп чыгуу үчүн илимий жана башка уюмдарды, Университеттин окумуштууларын жана адистерин белгиленген тартипте ишке тартат;
- министрликтин линиясы боюнча квалификацияны жогорулатууну уюштуруу, өткөрүү жана долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн Университеттин бөлүмдөрүн ишке тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 144, 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1.6. Университет юридикалык жак статусуна ээ жана ушул сапатта өзүнчө баланска, Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн банктык жана кредиттик мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы өзүнүн эсептешүү эсебине ээ;
- мамлекеттик гербдин сүрөтү жана өзүнүн аталышы бар мөөргө ээ болот;
- өзүнүн тарыхын чагылдырган атрибутикасы жана символикасы укугуна ээ болот, өзүнүн логотибин пайдаланат;
- оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мамлекеттик менчиктин базасында өз функцияларын ишке ашырат;
- юридикалык жактар укугунда иштеген бардык бөлүмдөрүн кошкондо бирдиктүү окуу-илимий-өндүрүштүк комплекс катары иштейт;
- мыйзамдарга каршы келбеген иштин ар кандай формасын ишке ашырат, менчиктин ар кандай формаларын жана түрлөрүн (жер, кыймылсыз мүлк, жабдуулар, интеллектуалдык-техникалык маалымат) пайдаланууга акылуу;
- өзүнүн атынан келишимдер түзүп, мүлктүк жана жекече мүлктүк эмес укуктарга ээ болот жана сотто жана бейтарап сотто доогер жана жоопкер милдетин аткара алат;
- келишимдердин, макулдашуулардын (анын ичинде эл аралык) же башка формалардын предметин, милдеттенмелерди, чарбалык өз ара мамилелер тартибин жана келишимге келүүчү талаптардын алган милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликти аныктоону тандап алууда эркин;
- ички уюштуруу жана регламент ишинде, окууну, окуу-методикалык, өндүрүштүк-чарбалык, финансылык жана башка ишти пландаштырууда жана өнүгүүнүн келечегин аныктоодо өз алдынчалыкка ээ, өзүнүн өнүгүшүндө ар кандай келечектүү жана учурдагы пландарды кабыл алууга жана ишке ашырууга акылуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө институттардын, филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн жана ишканалардын белгиленген тартипте уюштуруучусу катары чыгууга укуктуу;
- эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын куралдык бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун принциптеринде жана нормаларында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн кызыкчылыктарын коргойт, өзүнүн ишине тиешелүү коммерциялык сырды сактайт, өзүнө жүктөлгөн бардык милдеттенмелерди аткарат жана өзүнүн ишине байланышкан укуктардан пайдаланат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүмдү, штаттык санды, университеттин профессордук-окутуучу курамын жана кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө өлчөмүн жана шарттарын аныктайт;
- абитуриенттерди, стажерлорду, аспиранттарды жана докторанттарды кабыл алуунун планын жана тартибин, ошондой эле аларды окутуунун мөөнөттөрүн жана формаларын университетти мамлекеттик аттестациялоонун натыйжасында алынган мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана сертификаттарына ылайык аныктайт;
- бардык багыттагы окуу пландарын жана окутуу жүргүзүлгөн адистиктер боюнча программаларды жана башка окуу-методикалык материалдарды бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар кандай уюштуруучулук-укуктук формалардагы ишканалардын уюштуруучусу катары чыгууга укуктуу.
1.7. Университетке бөлүнгөн жана ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген негизги жана жүгүртүү каражаттарын жана башка мүлктү Университет ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен бул мүлктүн менчик ээсинин макулдугу менен гана башкарууга укуктуу.
Бул мекеменин кирешелерин бөлүштүрүү тартиби анын мүлкүнүн менчик ээси тарабынан аныкталат.
1.8. Университеттин юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 68.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 144 токтомунун редакциясына ылайык)
1.9. Университеттин уюштуруучулук-укуктук формасы: мекеме.
1.10. Университеттин ишинин мөөнөтү чектелбеген.
II. Университеттин максаттары жана милдеттери
2.1. Университеттин максаттары жана милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- инсандын интеллектуалдык, маданий, адептик өнүгүшүндөгү муктаждыктарын жогорку же ЖОЖдон кийинки кесиптик билим алуу аркылуу канааттандыруу;
- агрардык билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү практикалык интеграциялоо, университеттин окуу-илимий потенциалын экономиканын агрардык секторунун орчундуу проблемаларын чечүүгө концентрациялоо жана координациялоо, кадрларды даярдоонун сапатын жана илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун ар тараптуу жогорулатуу;
- багыттардын (адистиктердин) кеңири спектри боюнча кадрларды даярдоого мамлекеттик заказды аткаруу, коомдун жогорку билимдүү квалификациялуу адистерге жана жогорку квалификациядагы илимий-педагогикалык кадрларга болгон керектөөсүн канааттандыруу;
- айыл чарбасынын жана экономиканын ага чектеш бардык тармактарында илимий изилдөөлөрдү өткөрүүгө мамлекеттик заказды аткаруу жана айыл чарба өндүрүшүндө изилдөөлөрдүн таасирдүү натыйжаларын киргизүү;
- ар кандай деңгээлдердеги адистерди, ошондой эле жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- студенттерде жарандык позицияны жана чыгармачылык активдүүлүктү жаратуу;
- коомдун адептик, маданий жана илимий баалуулуктарын сактоо жана көбөйтүү;
- калк арасында илим-билимди таратуу, мамлекеттин интеллектуалдык жана илимий потенциалын жогорулатуу;
- экономиканын агрардык секторуна консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- окуу процессин илимий, окуу-методикалык камсыз кылуу жана университеттерге тийиштүү жардам көрсөтүү;
- окуу китептерин жана окуу куралдарын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын агрардык билим берүүсүн жана илимин дүйнөлүк интеллектуалдык-билим берүү мейкиндигине интеграциялоо.
2.2. Университет жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- жалпы орто, кесиптик орто, базалык, толук жогорку, ЖОЖдон кийинки жана багыттардын (адистиктердин) кеңири спектри боюнча кошумча кесиптик билим берүүлөрдүн программаларын ишке ашырат;
- илимдин кеңири спектри боюнча фундаменталдуу иликтөө жана прикладдык изилдөөлөрдү аткарат;
- адистерди даярдоону, кайра даярдоону, жогорку билимдүү кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну, ошондой эле илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди (магистрлерди, илимдин кандидаттарын жана докторлорун) даярдоону жүзөгө ашырат;
- өзүнүн ишинин багыты боюнча илимий жана илимий-педагогикалык борбор болуп саналат.
III. Окуу процессин уюштуруу
3.1. Университеттеги билим берүү программалары төмөнкү формаларда: күндүз, күндүз-сырттан (кечки), сырттан, дистанциялык жана экстернат формаларында окугандардын керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен өздөштүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 144 токтомунун редакциясына ылайык)
3.2. Университет дистанциялык билим берүү технологияларын билим берүү программаларын жарым-жартылай же толук көлөмдө ишке ашыруу үчүн билим берүү жана илим тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну ишке ашырган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы белгилеген тартипте пайдалана алат.
3.3. Университетте адистерди даярдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен, Кыргыз Республикасында жогорку билим берүү адистиктеринин тизмесине ылайык жүзөгө ашырылат.
3.4. Университет кадрларды даярдоону республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик заказ боюнча да, окутуунун наркын төлөгөн жеке жана юридикалык жактар менен келишимдер боюнча да жүзөгө ашырат.
3.5. Багыттар же адистиктер боюнча билим берүүнүн мазмуну Университет тарабынан Кыргыз Республикасындагы кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары жөнүндө жобого ылайык аныкталат, алар милдеттүү түрдө сакталууга тийиш.
3.6. Билим берүүнүн бардык формалары жана деңгээлдери боюнча сабактардын негизги түрлөрүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын аткарууну камсыз кылган окуу пландары жана программалары менен аныкталат. Университет сабактардын негизги түрлөрүнөн тышкары студенттердин кызыкчылыктарын жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган кошумча кызмат көрсөтүүлөр, сабактардын факультативдик жана башка түрлөрү киргизиши мүмкүн.
3.7. Университетте окутуу мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт. Окутуу тийиштүү шарттар болсо башка ар кандай тилде да жүргүзүлүшү мүмкүн.
3.8. Мамлекеттик аттестациялоонун натыйжасы боюнча бүтүрүүчүгө адистиги боюнча квалификация же багыттар боюнча квалификациялык академиялык даража (бакалавр, магистр) ыйгаруу жөнүндө маселе чечилет.
3.9. Бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик аттестациялоодон өткөрүү тартиби колдонуудагы мыйзамдарга ылайык билим берүү жана илим тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан аныкталат.
3.10. Университетте саясий ишке, диний пропагандага, ошондой эле адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн гумандуулукка каршы жана коркунучтуу окутуу методдорун пайдаланууга жана жүргүзүүгө тыюу салынат.
IV. Абитуриенттерди кабыл алуу тартиби, Университеттин студенттерин которуу, окуудан чыгаруу жана окууга калыбына келтирүү
(Главанын аталышы КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 144 токтомунун редакциясына ылайык)
4.1. Университетке абитуриенттерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.
Студенттерди которуу, чыгаруу жана окууга калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин которуунун, окуудан чыгаруунун жана окууга калыбына келтирүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 144 токтомунун редакциясына ылайык)
4.2. Университетке күндүзгү, кечки жана сырттан окуу формаларына, гранттык (бюджеттик) жана акы төлөнүлүүчү түрлөргө кирүү үчүн башкы критерийлер абитуриенттин билиминин жана жөндөмдүүлүгүнүн деңгээли болуп саналат.
4.3. Университетте чет мамлекеттердин жарандарын окутуу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча, ошондой эле билим берүүчү уюмдардын ортосундагы же айрым жарандар менен келишимдер боюнча жүзөгө ашырылат.
4.4. Чет өлкөлүк жарандар жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар Университетте жогорку билим алууга жана педагогикалык ишин жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укукка ээ болушат.
4.5. Чет өлкөлүк жарандар жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашабаган жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларда каралган тартипте, ошондой эле Университет менен түзүлгөн келишимдер жана контракттар боюнча Университетте жогорку билим ала алышат жана педагогикалык иш жүргүзө алышат.
V. Университеттин түзүмү
5.1. Университеттин курамына тиркелген түзүмгө ылайык окуу, илимий бөлүмдөр кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 токтомунун редакциясына ылайык)
5.2. Юридикалык жак статусуна ээ болгон бөлүмдөр өздөрүнүн уставдарынын жана жоболорунун негизинде иштешет, өз алдынча баланста турушат жана өздөрүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана бул уставдын талаптарына ылайык так жүзөгө ашырышат.
5.3. Төмөнкүлөр Университеттин карамагында болушат:
- илимий-изилдөө институттары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, факультеттер, институттар, кафедралар, лабараториялар, борборлор, башкармалыктар, бөлүмдөр, окуу-тажрыйбалык чарбалар, колледждер, мектеп-лицей жана республикалык илимий айыл чарба китепканасы.
5.4. Университетте юридикалык жак статусу бар түзүмдү бөлүмдөр же мүлк бөлүнүп берилген филиалдар түзүлүшү мүмкүн.
5.5. Университетте бир багыт же адистик боюнча студенттерди окутуу, даярдоо жана кадрларды кайра даярдоо үчүн бирин-бири кайталаган бөлүмдөрдү (институттарды, борборлорду, факультеттерди ж.б.) түзүүгө жол берилбейт.
Университеттин бардык илимий, конструктордук, өндүрүштүк жана башка бөлүмдөрү билим берүү ишин жүргүзүүгө милдеттүү.
5.6. Университеттин түзүмдүк бөлүмдөрү жалпы орто билим берүү программаларын жана орто, жогорку кесиптик билим берүү, ошондой эле кошумча жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын белгиленген тартипте ишке ашыра алышат.
5.7. Жалпы орто жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырган түзүмдүк бөлүмдөр билим берүү иши маселелеринде тийиштүү билим берүүчү уюмдун ыйгарым укуктарына ээ болууга тийиш.
5.8. Университет өзү түзгөн түзүмдүк бөлүмдөрдөгү окуу жана илимий процесстердин натыйжалуулугу жана сапаты үчүн жоопкерчиликтүү болушат, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жоболордо аныкталган тартипте башка милдеттенмелер боюнча жооптуу болушат.
VI. Университеттин башкаруу органдары
6.1. Университетти башкаруунун жогорку органы уюштуруучулар болуп саналат.
6.2. Уюштуруучулардын компетенциясы I бөлүмдүн 1.5-п. көрсөтүлгөн.
6.3. Билим берүү уюмдары тең башкаруу формасы жалпы жыйын, камкорчулар, окумуштуулар, педагогикалык жана башка кеңештер же комитеттер болуп саналат. Тең башкаруу органдары жана алардын компетенциясын тандап алуу, кеңештер менен билим берүүчү уюмдарынын жетекчилеринин ортосундагы ыйгарым укуктарын чектөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана билим берүүчү уюмдардын уставы менен аныкталат. Билим берүүчү уюмду түздөн-түз жетектөөнү ректор, директор, башчы же башка жетекчи (администратор) жүзөгө ашырат.
6.4. Университетте Ректорат кеңеши, Окуу-методикалык бирикме, Илимий-техникалык кеңеш, Жаш окумуштуулар кеңеши, Редакциялык-басма кеңеши жана университеттин башка бөлүмдөрүндөгү кеңештер иштейт.
6.5. Университеттин ректорун шайлоонун жана дайындоонун тартиби "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
Университеттин ректору:
- Университеттин бардык ишинин натыйжасы үчүн, билим берүү менен адистерди даярдоонун сапаты мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына шайкеш келиши жана илимий ишин натыйжалуулугу үчүн жеке жооп берет;
- Университеттин Окумуштуулар кеңешинин ишин жетектейт;
- Университеттин кадрдык курамын жана түзүмүн түзөт;
- ректораттын жана университеттин башка башкаруу органдарынын, Университеттин бардык бөлүмдөрүнүн ишин Окумуштуулар кеңешинин башкаруу маселелери боюнча чечимдерин эске алып жана бул максаттарга бөлүнгөн каржылоонун алкагында уюштурат.
- Университеттин илимий-билим берүү, уюштуруу ишин жетектейт;
- Университеттин финансылык булактарынын негизги бөлүштүрүүчүсү болуп саналат, Университеттин жана Университеттин курамына кирген түзүмдөрдүн өндүрүштүк-каржы ишине жетекчилик кылат;
- мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана билим берүү жана илим жаатындагы башкарууну ишке ашыруучу, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына университеттин окуу иштери боюнча биринчи проректорун жана башкы бухгалтерин кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга сунуштайт;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 144 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- проректорлорду, окумуштуулар кеңешинин катчысын, башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн, жеке колледждердин начальниктерин билим берүү жана илим жаатындагы аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын макулдугу менен кызматка дайындайт жана бошотот;
- илим-изилдөө институттарынын, факультеттердин, колледждердин жана мектеп-лицейлеринин жетекчилеринин сунуштары боюнча факультеттердин декандарынын орун басарларын, институттардын директорлорунун орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- илим-изилдөө институттарынын, факультеттердин окумуштуулар кеңештеринин жана башка кеңештердин курамын бекитет;
- өз компетенциясынын чегинде Университеттин кызматкерлери жана окутуучулары үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет;
- Университетти эл аралык билим берүү жана илимий уюмдарда жана программаларга интеграциялоо маселелери менен алектенет;
- Университеттин ишинин маанилүү проблемаларын, анын ичинде кеңейтүү жана реконструкциялоо маселелерин чечет;
- Университеттин атынан аракеттенет, бардык уюмдарда анын атынан чыгат, анын мүлкү менен каражаттарын башкарат;
- Университеттин атынан келишимдерди жана макулдашууларды түзөт, ишеним каттарын берет, банктарда эсептерди ачат;
- Университетте жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө жүзөгө ашырылуучу бардык долбоорлорду контролдойт;
- проректорлордун жана башка бөлүмдөрдүн жетекчилеринин функционалдык милдеттерин аныктайт;
- Университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жоболорун бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 144, 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6.6. Окуу-методикалык, тарбиялык, илимий-изилдөө, басма, эл аралык, чарбалык жана экономикалык иш боюнча жетекчиликти Университеттин окуу иштери боюнча проректору жана жана иш багыттары боюнча проректорлору ишке ашырышат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 144 токтомунун редакциясына ылайык)
6.7. Университеттин декандарын жана кафедра башчыларын шайлоо жана дайындоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучу курамынын кызмат ордун ээлеп туруунун тартиби жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 144 токтомунун редакциясына ылайык)
6.8. Университеттин Окумуштуулар кеңеши:
- Университеттин бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин отчетун угат;
- Университетти экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүүнүн олуттуу маселелерин карайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен Университеттин Окумуштуулар кеңеши жөнүндө жобого ылайык окуу-тарбия процессин жана илимий ишин уюштуруунун негизги маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат;
- профессордук-окутуучулук курамдын кызматтарын ээлөө маселелерин карайт, илимий наамдарды берүү жөнүндө өтүнүч кат берет;
- башка окуу жана илимий мекемелер менен координациялоо жана кызматташуу маселелерин талкуулайт.
Окуу ишин уюштурууда Окумуштуулар кеңеши Кыргыз Республикасынын окуу-методикалык бирикмелеринин тиешелүү чечимдерин жетекчиликке алат.
6.9. Университетте Камкордук кеңеши уюштурулат, анын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары жана жогорку билими бар, билим берүү же Университетке башка тийиштүү профиль боюнча иш тажрыйбасы бар жана жазуу жүзүндө макулдугун беришкен чет элдик жарандар, ошондой эле ишкер чөйрөлөрдүн, илимий жана билим берүүчү уюмдардын, коомдук, бейөкмөттүк жана эл аралык уюмдардын, студенттик же ата-эне бирикмелеринин өкүлдөрү болушу мүмкүн. Университеттин камкордук кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
Университеттин Камкордук кеңешинин сандык жана сапаттык курамын Университеттин Окумуштуулар кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аныктайт жана бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 144 токтомунун редакциясына ылайык)
6.10. Факультеттердин декандары, кафедра башчылары, колледждердин жана мектеп-лицейлеринин директорлору, илим-изилдөө институттарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кызматтык милдеттерин бекитилген жоболордун жана уставдардын негизинде жүзөгө ашырышат.
6.11. Университеттин мамлекеттик илимий мекемелеринин (илим-изилдөө институттарынын) жетекчилерин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин макулдугу менен тийиштүү профилдеги илимдин доктору деген окумуштуу даражасы бар 70 жашка чейинки курактагы адистердин ичинен дайындайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 144 токтомунун редакциясына ылайык)
VII. Университеттин илимий иши
7.1. Университет фундаменталдуу жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү милдеттүү түрдө жүргүзөт.
7.2. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен (илимий изилдөөлөргө жана долбоордук иштерге мамлекеттик заказ) каржылануучу илимий иштерди пландаштыруу Университет тарабынан белгиленген тартипте бекитилген илимий-изилдөө программаларына ылайык ишке ашырылат.
7.3. Демилгелүү изилдөөлөрдү, келишимдер боюнча аткарылуучу илимий-изилдөө иштерин, ошондой эле башка чыгармачылык иштерди пландаштыруу Университет тарабынан Окумуштуулар кеңешинин сунушу боюнча Университеттин жетекчиси бекиткен тематикалык пландарга ылайык ишке ашырылат.
7.4. Университетте илимий изилдөөлөрдү уюштуруунун милдеттүү шарттары болуп илимий интеграция жана окуу процесстерин интеграциялоону камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик аттестация менен мамлекеттик аккредитациянын жыйынтыктары боюнча алынган сертификаттарга ылайык илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо болуп эсептелет.
7.5. Университетте илимий-изилдөө ишинин негизги принциби болуп илимий проблематиканы окуу процесси жана өндүрүш менен интеграциялоо, университеттин кызматкерлерин жана студенттерин кафедралардын илимий-изилдөө жана чыгармачылык иштерине тартуу болуп саналат.
7.6. Университетте илимий-изилдөө ишмердигинин негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- республиканын экономикасынын агрардык секторунда илимий-техникалык прогрессти тездетүүгө багытталган фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү өнүктүрүү;
- агрардык билим берүүгө жана өндүрүшкө инновацияны жайылтуу;
- агрардык билим берүүнүн, илимдин жана техниканын жетишкендиктерин пропагандалоо.
VIII. Университеттин студенттери, угуучулары, аспиранттары, докторанттары жана изденүүчүлөр
8.1. Белгиленген тартипте Университетке кирген жана кандай деңгээлде болсун жогорку билим алып жаткан адамдар студент статусуна ээ болот. Студентке белгиленген үлгүдөгү студенттик билет жана зачеттук китепче берилет.
8.2. Медициналык көрсөткүчтөр боюнча жана башка өзгөчө учурларда Университеттин студентине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык окуу мезгилинде куралдуу күчтөргө чакыруудан алып калуу укугу менен академиялык өргүү берилет.
8.3. Бюджеттин каражатынын эсебинен билим алып жаткан, окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жана өлчөмдө стипендия берилет.
8.4. Университеттин студенттери төмөнкүлөргө укуктуу:
- тийиштүү билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык талаптардан кем эмес илим билимге жана кесиптик ыкмаларга ээ болууга;
- мамлекеттик билим берүүнүн тандап алуу жана адистиктер боюнча курстарына кабыл алуунун мамлекеттик бөлүмдөрү стандартынын алкагында Университеттин тийиштүү бөлүмдөрүнүн макулдугу боюнча окуу жайы сунуштаган адистикти тандоого;
- акы төлөөнүн негизинде ошол окуу жайынын уставы тарабынан аныкталуучу тартипте сабактын кошумча түрлөрүнө катышууга;
- башка кесиптик билим берүүчү программа боюнча окуусун улантууга же башка Университетке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өтүүгө;
- билим берүү жана илим тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигин мамлекеттик органы тарабынан белгилеген тартипте окутуунун жекече графигин алууга жана экстерндик тартипте сынактарды берүүгө;
- бардык илим-изилдөө иштеринин түрлөрүнө, конференцияларга, симпозиумдарга катышууга, өзүнүн эмгектерин, анын ичинде Университеттин басылмаларында басып чыгарууга;
- окуу, илимий жана башка бөлүмдөрдүн окуу-лабораториялык жайларынан, имараттарынан, китепканаларынан, спорттук курулуштарынан пайдаланууга;
- күндүз окуу формасындагылар куралдуу күчкө кызмат өтөө мөөнөтүн кийинкиге калтырууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аскер кесиби боюнча билим алууга;
- Университеттин администрациясынан Кыргыз Республикасынын Калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү абал жөнүндө маалымат алууга;
- өзүнүн инсандык ар намысын коргоого, өз көз карашы менен ой пикирин эркин билдирүүгө Университеттин администрациясынын ченемдери боюнча билим берүүнү мамлекеттик башкаруу органдарына жана администрациялык органдарга даттанууга;
8.5. Студенттер билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде теориялык билимге, кесиптик ыкмаларга, билимге жана илимий изилдөөлөрдүн азыркы усулдарына ээ болууга, окуу планы менен окутуу программасы тарабынан белгиленген тапшырмалардын бардык түрлөрүн мөөнөтүндө аткарууга, Университеттин Уставын, Ички тартип эрежелерин бекем сактоого милдеттүү.
8.6. Студенттер үчүн окуудагы, илимий-изилдөө жана башка иштердеги жетишкен ийгиликтери үчүн материалдык жана моралдык сыйлыктардын ар түрдүү формалары (алардын ичинде атайын аталган ысымдагы стипендиялар да) Уставга ылайык Университет ээ болгон каражаттардын чегинде белгиленет.
Окуу пландарын аткарбагандыгы жана Университеттин Уставы тарабынан белгиленген милдеттерди бузгандыгы үчүн студенттерге тарбиялык таасирдүү чаралар, анын ичинде Университеттен чыгарууга чейинки чара колдонулушу мүмкүн.
Ал жазалар, алардын ичинде, ички тартипти бузгандыгы үчүн Университеттен чыгаруу студенттерден жазуу түрүндө түшүнүк алынгандан кийин колдонулушу мүмкүн.
8.7. Өндүрүштөн бошоп окуган Университеттин бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу Кыргыз Республикасынын эмгек жана калкты ишке орноштуруу мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8.8. ЖОЖго чейинки даярдоо, квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо түзүмдүк бөлүмдөрүндө окуп жаткандар университеттин угуучулары болуп эсептелет.
Угуучулардын укуктук абалы, ошондой эле аларды окутууну уюштуруу Университеттин жетекчиси бекиткен тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндөгү жоболор менен аныкталат.
8.9. Аспиранттардын, докторанттардын жана изденүүчүлөрдүн укуктук абалы, ошондой эле аларды окутууну уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасында ЖОЖдон кийинки билим берүү жөнүндөгү жобо менен аныкталат.
IX. Университеттин кызматкерлери
9.1. Университетте илимий-педагогикалык курамдын (профессордук-окутуучу курам, илимий кызматкерлер) кызмат орундары, администрациялык-башкаруу жана чарбалык, инженердик-техникалык, окуу-көмөкчү, тейлөө жана башка кызматкерлер каралат.
9.2. Илимий-педагогикалык курамдын кызмат орундарын ээлөө контракт жана конкурстук негизде жүргүзүлөт. Эмгек келишимин түзүүнүн (5 жылдык мөөнөткө) алдында конкурстук тандоо жүргүзүлөт. Конкурстарды жүргүзүү жана келишимдерди түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Университеттин окутуучулары менен башка кызматкерлерин кабыл алуу жана бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына же келишимде каралган шарттарга ылайык жүргүзүлөт.
9.3. Администрациялык-башкаруу жана чарбалык кызмат орундары (декандардан башка), инженердик-техникалык, окуу-көмөкчү, тейлөө жана башка кызматкерлер мөөнөттүү эмгек келишиминин негизинде кабыл алынышат.
Аларды жумуштан бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына же келишимде (контрактта) каралган шарттарга ылайык жүргүзүлөт.
9.4. Илимий-педагогикалык курам төмөндөгүлөргө укуктуу:
- окутулуучу окуу сабактарынын мазмунун мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык аныктоого;
- окутуунун каражаттарын жана методдорун эркин тандоого жана окуу жана илимий процесстердин жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуучу илимий изилдөөлөр жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү эмгектик өргүүгө чыгууга;
- өзүнүн кесиптик иш-аракетин тийиштүү уюштуруучулук жана материалдык техникалык камсыздоого;
- белгиленген тартипте Университеттин Окумуштуулар кеңешине шайланууга жана шайлоого катышууга;
- Университеттин окуу, илимий жана башка ар түрдүү маселелерин талкуулоого жана чечүүгө катышууга;
- Университеттин Уставы тарабынан белгиленген тартипте имараттын, маалымат фондунун, лабораториялардын, кабинеттердин, китепканалардын, компьютердик класстарын, окуу жана илимий мекемелердин социалдык-тиричилик, маданият ж.б. бөлүмдөрүнүн тейлөө кызматтарынан пайдаланууга;
9.5. Университеттин илимий-педагогикалык курамы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- окуу жана илимий процесстердин жогорку натыйжалуулугун жана студенттер тарабынан билим берүү программаларын мамлекеттик стандарттардын талаптарынын деңгээлинде өздөштүрүүлөрүн камсыз кылууга;
- студенттердин өз алдынчалуулугун, демилгелүүлүгүн, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө жогорку адеп-ахлактык ченемдерге көндүрүүгө, учурдагы цивилизация менен демократия шарттарында кесиптик сапаттарды, жарандык бекем позицияны, жашоого жана эмгекке болгон жөндөмдүүлүктү калыптандырууга;
- өзүнүн билим деңгээли жана квалификациясын такай жогорулатууга Уставдын ченемдерин аткарууга студенттерди активдүү тартуу менен илимий изилдөөлөрдү, башка чыгармачылык иштерди жүргүзүүгө милдеттүү.
9.6. Университеттин администрациялык-башкаруу чарбалык, инженердик-техникалык, окуу-көмөкчү, тейлөө жана башка кызматкерлеринин укуктары менен милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ички тартип эрежелери, кызмат инструкциялары менен аныкталат.
9.7. Университетте илимий-педагогикалык жана илимий адистерди даярдоо төмөнкү формаларда жүзөгө ашырылат:
- докторантура (аспирантура);
- илимдин доктору окумуштуулук даражасын алууга диссертацияларды даярдоо үчүн илимий кызматкерлерди кызмат ордуна которуу;
- илимдин кандидаты жана доктору деген окумуштуулук даражаны алууга диссертацияларды даярдоо жана жактоо үчүн изденүүчүлөрдү Университетке бекитүү;
- диссертация ишин бүтүрүү үчүн чыгармачылык өргүү берүү. Илимий-педагогикалык кадрларды кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу белгиленген тартип боюнча Университеттин атайын бөлүмдөрүндө, ошондой эле кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана аларды кайра даярдоочу окуу жайларында ишке ашырылат.
Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, Кыргыз Республикасында ЖОЖдон кийинки билим берүү жөнүндө жобо менен белгиленет.
9.8. Университеттин окутуучулары жана илимий изилдөө институттарынын жетектөөчү окумуштуулары негизги кызматы менен бирге бир эле учурда кызматтарды айкалыштыруу шарттарында кафедра башчысынын, декандын (анын орун басарынын), бөлүм башчысынын, аспирантура, практика жана методика башчыларынын милдеттерин кошумча аткара алышат.
9.9. Администрациялык-башкаруучу курам кызматтарды айкалыштыруу шартында педагогикалык иштерди да аткара алышат. Бул жумуштарды аткаруунун шарттары Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары жана билим берүү менен илимди башкаруу тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын нормативдик актылары менен жөнгө салынат.
X. Университеттин финансылык жана чарбалык иши
10.1. Университеттин каржылоо булактары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- республикалык бюджет мамлекеттик заказ боюнча адистерди даярдоо анын эсебинен каржыланат;
- билим берүүдөн, консультациялардан, илимий-изилдөө, басма, өндүрүштүк-коммерциялык жана башка мыйзам тыюу салбаган иш-аракеттерден түшкөн өз каражаттары, анын ичинде валюталык каражаттар;
- мамлекеттик жана коммерциялык банктардын кредиттери;
- ишканалар, уюмдар, коомдук фондулар, жеке адамдар (анын ичинде чет өлкөлүктөр да) тарабынан акысыз берилген каражаттар;
- студенттерди окутуудан түшкөн каражаттар;
- кадрларды даярдоо боюнча юридикалык жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдер боюнча алынган каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
10.2. Мамлекеттик заказ боюнча кадрларды даярдоону каржылоо студенттердин контингентинин санына жараша республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат.
10.3. Университет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бюджеттик эмес каражаттардын эсебинен кызматтык маяналарга кошумча үстөктөрдү жана башка сыйлык төлөмдөрүн белгилөөгө укуктуу.
XI. Эсеп жана отчеттуулук
11.1. Университет негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттардын, Университеттин жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишинин финансылык жыйынтыктарынын күндөлүк жана бириктирилген бухгалтердик эсебин жүргүзөт. Бекитилген формада финансылык, статистикалык органдарга жана башка башкаруу органдарына бириктирилген бухгалтердик жана статистикалык отчетторду берет. Университет мамлекеттик (финансылык жана статистикалык) органдар тарабынан белгиленген отчеттуулуктун ченемдеринде каралбаган экономикалык мүнөздөгү маалыматтарды иштеп чыкпайт жана бербейт.
11.2. Түзүмдүк бөлүмдөр Университетке мамлекеттик финансылык жана статистикалык отчеттуулуктун белгиленген формалары боюнча отчет беришет жана белгиленген мөөнөттөрдө жыйынтыктуу бухгалтердик жана статистикалык отчетторду түзүү, финансылык натыйжаларды талдоо жана келечекте башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн Университетке отчет берет.
11.3. Университеттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жыйнактуу бухгалтердик балансы жана финансылык жыйынтыктар отчету ректор тарабынан бекитилет жана мамлекеттик башкаруу органдарына берилет.
11.4. Университеттин менчигин уурдоону жашыруу максатында отчетту бурмалоого жол берген Университеттеги бухгалтердик отчеттун тактыгы үчүн жооп берген адамдар жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.
11.5. Университет жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-августунан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген булактардан алынган бюджеттик эмес каражаттарды чыгымдоо жөнүндө коомдук угууну өткөрөт. Жарандык сектордун өкүлдөрү жана кызыкдар адамдар коомдук угууларга катыша алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 144 токтомунун редакциясына ылайык)
XII. Эл аралык иштер
12.1. Университет жогорку жана ЖОЖдон кийинки билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкка катышууга, чет өлкөлүк жана эл аралык мекемелер, ишканалар жана уюмдар менен түздөн-түз байланыш түзүүгө мамлекеттер аралык жана эл аралык билим берүү, илимий жана илимий-изилдөө программаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына белгиленген тартипте ишке ашырууга укуктуу. Ушул максаттарда Университет:
- эл аралык коомдук (бейөкмөт) билим берүүчү бирикмелерге жана уюмдарга кирет;
- чет өлкөлүк өнөктөштөр менен бирдикте иштөө жөнүндө келишимдерди түзө алат.
12.2. Университетте чет өлкөлүк жарандарды даярдоо, кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын даярдоо, тийиштүү мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген башка өлкөлөрдө жана квотадан тышкары кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, илимий-педагогикалык кадрлардын иштөөсү Университет чет өлкөлүк жарандар жана чет өлкөлүк жактар юридикалык менен түзгөн тикелей келишимдер боюнча ишке ашырылат.
12.3. Университет Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жана ушул Уставда каралган негизги милдеттерин аткарууга багытталган тышкы экономикалык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу.
12.4. Университеттин эл аралык ишинин бардык түрлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген макулдашуулардын негизинде ишке ашырылат (эгер тиешелүү мамлекет менен Кыргыз Республикасы түзгөн эл аралык келишимдерде башкача каралбаса).
XIII. Университетти өзгөртүп уюштуруу жана жоюу тартиби
13.1. Университетти өзгөртүп уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
13.2. Университет өзгөртүп уюштурулганда, анын түзүмү өзгөртүлгөндө жана ошондой эле статусу өзгөргөндө Университеттин Уставына тиешелүү өзгөртүүлөр (толуктоолор) киргизилет. Уставга өзгөртүүлөр (толуктоолор) киргизүү Университеттин жалпы чогулушунда уюштуруучулардын макулдашуусу боюнча каралат:
- Университеттин уставына өзгөртүүлөр (толуктоолор) киргизүүнү уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтом долбоорун даярдашат.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 144 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 144 токтомунун редакциясына ылайык)