Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 5-августу № 562
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну №348
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 133 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр (кредиттер жана гранттар) каржылаган долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик башкаруу системасынын потенциалын жогорулатуу иштерине байланышкан эл аралык уюмдардын долбоорлорунда иштеген квалификациялуу консультанттардын жана эксперттердин кетүүлөрүн азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы №133 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр (кредиттер жана гранттар) каржылаган долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр (кредиттер жана гранттар) каржылаган долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлердин кызмат орундары жана кызматтык маяналары ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 5-июлунда № 54 жарыяланды
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Тиркеме
┌──┬──────────────────────────────────────────────────┬───────────────┐
│№ │ Кызмат орундарынын аталышы │ Кызматтык │
│ │ │ маяна (сом) │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│1.│Долбоорду ишке ашыруу (даярдоо) │ 55000 │
│ │бөлүмүнүн/Долбоорду башкаруу бөлүмүнүн / │ │
│ │Долбоорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси │ │
│ │(директор, менеджер) │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│2.│Жетекчинин орун басарлары; финансылык менеджер; │ 43000 │
│ │борбордук ДИБ/ДББ/ДИТтин координатору, сатып │ │
│ │алуулар боюнча башкы адис │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│3.│Сатып алуулар боюнча адис, төлөөлөр боюнча адис, │ 35000 │
│ │бухгалтер │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│4.│Бухгалтердин ассистенти, сатып алуулар/төлөөлөр │ 22000 │
│ │боюнча адистин ассистенти, кассир │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│5.│Камсыздоочу персонал: офис-менеджер/секретарь, │ 14000 │
│ │администрациялык жардамчы/ассистент, айдоочу │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│6.│Юриспруденция, айыл чарбасы, маалыматтык │ 40000 │
│ │технологиялар ж.б. сыяктуу долбоорго жараша │ │
│ │тийиштүү чөйрөдөгү адистер-эксперттер │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│7.│Жетекчинин региондук орун басары, региондук │ 37000 │
│ │координатор │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│8.│Сатып алуулар жана финансы боюнча региондук │ 24000 │
│ │адистер │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│9.│Региондук адистер │ 30000 │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│10│Бухгалтердин региондук ассистенти, сатып алуулар/ │ 16000 │
│ │төлөөлөр боюнча адистин ассистенти, кассир │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│11│Региондук камсыздоочу персонал: офис-менеджер/ │ 11000 │
│ │секретарь, администрациялык жардамчы/ ассистент, │ │
│ │айдоочу │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│12│Кыска мөөнөттүү адистер │ 6-12 ай │
│ │ │ мөөнөтүндө │
│ │ │- 50000 6 айга │
│ │ │ чейинки │
│ │ │ мөөнөттө - │
│ │ │ 80000 │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│13│Котормочу │ 28000 │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│14│Котормочу-секретарь, котормочу-офис-менеджер │ 32000 │
└──┴──────────────────────────────────────────────────┴───────────────┘"