Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 5-августу № 562
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-февралы №133
Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр (кредиттер жана гранттар) каржылаган долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы №348 токтомунун редакциясына ылайык)
Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр (кредиттер жана гранттар) каржылаган долбоорлор боюнча иштеген персоналдын эмгек акысын белгилөөнүн жаңы методикасын киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр (кредиттер жана гранттар) каржылаган долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлердин кызмат орундары жана кызматтык маяналары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кызматтык маянага төмөнкүдөй кошумчалар белгиленсин:
- бир Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү/Долбоорду башкаруу бөлүмү/Долбоорду ишке ашыруу тобу даярдаганда же ишке ашырганда:
эки долбоор үчүн - 15 процент өлчөмдө;
үч же андан ашык долбоорлорду ишке ашырууда - 20 процент өлчөмдө;
- эл аралык долбоорлордогу иш тажрыйба үчүн:
үчтөн беш жылга чейин - 5 процент өлчөмдө;
беш жылдан ашса - 10 процент өлчөмдө.
3. Долбоорлор боюнча аткаруучу агенттик болгон министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары:
- долбоорлорду ишке ашыруу башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана кызматкерлерин ушул токтом менен тааныштырышсын;
- 2009-жылдын 1-январынан баштап долбоорлорду даярдоодо жана ишке ашырууда иштешкен кызматкерлердин эмгек акыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бекитүүгө беришсин;
- долбоорлорду даярдоодо жана ишке ашырууда иштешкен кызматкерлердин эмгек акыларынан жеке кирешеге салыкты эмгек акыны төлөөчү булактан ай сайын кармоону жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которууну камсыздашсын.
4. Эмгек акыга эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылачу долбоорлорду даярдоодо жана ишке ашырууда иштеген кызматкерлерге салынышы мүмкүн болгон бардык салыктык милдеттенмелер жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которуулар камтыла тургандыгы белгиленсин.
5. Бул токтом 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Кыргыз Республикасынын Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык жардам боюнча мамлекеттик комиссиясынын 2006-жылдын 30-ноябрындагы № 11 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр (кредиттер жана гранттар) каржылаган долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы №133 токтому менен бекитилген |
Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр (кредиттер жана гранттар) каржылаган долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлердин кызмат орундары жана кызматтык маяналары
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы №348 токтомунун редакциясына ылайык)
№ п/п | Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык маяна (сом) |
1 | Долбоорду ишке ашыруу (даярдоо) бөлүмүнүн Долбоорду башкаруу бөлүмүнүн Долбоорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси (директор, менеджер) | 55000 |
2 | Жетекчинин орун басарлары; финансылык менеджер; борбордук ДИБ/ДББ/ДИТтин координатору, сатып алуулар боюнча башкы адис | 43000 |
3 | Сатып алуулар боюнча адис, төлөөлөр боюнча адис, бухгалтер | 35000 |
4 | Бухгалтердин ассистенти, сатып алуулар/ төлөөлөр боюнча адистин ассистенти, кассир | 22000 |
5 | Камсыздоочу персонал: офис-менеджер/секретарь, администрациялык жардамчы/ассистент, айдоочу | 14000 |
6 | Юриспруденция, айыл чарбасы, маалыматтык технологиялар ж.б. сыяктуу долбоорго жараша тийиштүү чөйрөдөгү адистер-эксперттер | 40000 |
7 | Жетекчинин региондук орун басары, региондук координатор | 37000 |
8 | Сатып алуулар жана финансы боюнча региондук адистер | 24000 |
9 | Региондук адистер | 30000 |
10 | Бухгалтердин региондук ассистенти, сатып алуулар/ төлөөлөр боюнча адистин ассистенти, кассир | 16000 |
11 | Региондук камсыздоочу персонал: офис-менеджер/ секретарь, администрациялык жардамчы/ ассистент, айдоочу | 11000 |
12 |
Кыска мөөнөттүү адистер | 6-12 ай мөөнөтүндө 50000 6 айга Чейинки Мөөнөттө 80000 |
13 | Котормочу | 28000 |
14 | Котормочу-секретарь, котормочу-офис-менеджер | 32000 |
|
|