ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №362 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» токтому

Редакция05.07.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2011-жылдын 5-июлу №362

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

2011-жылдагы кант кызылчасынын түшүмүн кайра иштетүү сезонуна карата кант заводдорун өз учурунда даярдоону камсыздоо жана ата мекендик өндүрүштөгү кумшекер менен ички базарды камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №102 "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коомуна тышкы башкарууну киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №103 "Кошой" ачык акционердик коомуна тышкы башкарууну киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-сентябрындагы №199 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 12-июлунда № 56 жарыяланды

 

Премьер-министри

А.Атамбаев