Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 3-августу № 556
токтомуна ылайк
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-июлу №396
Кыргыз Республикасында этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү контролду оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы №100 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү контролду оптималдаштыруу максатында жана "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын ишин координациялоо иш милдети жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы №100 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы №100 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. "Каракол" спирт заводу" мамлекеттик ишканасы "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына филиал катары кошуу жолу менен өзгөртүлүп кайра түзүлсүн.
4. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы өткөрүп берүү актысына ылайык анын бардык кредиторлору жана карызкорлоруна карата "Каракол" спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын бардык укуктары жана милдеттери боюнча укук мураскери болуп эсептелсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте төмөнкү долбоорлорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин:
- "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын;
- "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын функцияларын, түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу планын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-октябрындагы №249 токтому менен бекитилген |
Тиркеме
┌──────────────────────────┐
│ Директор │
│ Статс-катчы │
│ Директордун орун басары │
└───────────┬──────────────┘
┌─────────────────────┼───────────────────────┐
┌──────────────────┐ ┌──────────────────┐ ┌─────────────────────────┐
│ Борбордук │ │ Мамагенттиктин │ │"Кара-Балта спирт заводу"│
│ аппарат │ │аймактык бөлүмдөрү│ │ мамлекеттик ишканасы │
└──────────────────┘ └──────────────────┘ └─────────────────────────┘