Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 301 токтому менен бекитилген |
Этил спиртин жана алкоголь өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду ишке ашыруучу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиялык комиссиясы жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 32 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Этил спиртин жана алкоголь жана спирттик азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду ишке ашыруучу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү маселелерди кароо үчүн лицензиялык комиссияны түзөт:
- этил спиртин жана алкоголь азыктарын өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензияларды берүү;
- этил спиртин жана алкоголь азыктарын өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензияларды, кайрадан тариздөө;
- этил спиртин жана алкоголь азыктарын өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензиялардын колдонулушун токтото туруп жана кайрадан жаңыртуу;
- этил спиртин жана алкоголь азыктарын өндүрүү чөйрөсүндөгү ишмерликтин түрлөрүнө берилген лицензияларды алып коюу.
2. Алкоголь азыктарын дүң жана чекене сатып өткөрүүгө лицензиялар берилген керектүү документтердин тизмесинин негизинде лицензиялык комиссиянын кароосуз берилет.
Алкоголь азыктарын дүң жана чекене сатып өткөрүүгө лицензия берүүдөн баш тартылган учурда кызыкдар жак анын маселесин лицензиялык комиссиянын кароосун талап кылууга жана/же Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык сотко кайрылууга укуктуу.
3. Лицензиялык комиссия өзүнүн ишмерлигинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Лицензиялык комиссиянын борбордук аппаратын жана анын аймактык түзүмдөрүнүн анын сандык жана персоналдык курамы боюнча түзүүнү этил спиртин жана алкоголь азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду ишке ашыруучу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жүзөгө ашырат.
5. Лицензиялык комиссиянын борбордук аппаратынын жана анын аймактык түзүмдөрүнүн курамы этил спиртин жана алкоголь азыктарын өндүрүүгө жана жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруучу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
6. Төрага, төраганын орун басары жана лицензиялык комиссиянын катчысы комиссия мүчөлөрүнөн дайындалат. Аймактык бөлүмдөрдө лицензиялык комиссиянын төрагасы болуп этил спиртин жана алкоголь азыктарын өндүрүүгө жана жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмүнүн начальниги дайындалат.
7. Этил спиртин жана алкоголь жана спирттик азыктарын өндүрүүгө жана жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруучу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү алкоголь азыктарын дүң жана чекене сатууга гана лицензияларды берүү, мөөнөтүн узартуу, токтотуу жана кайрадан жаңылоо же кайра алуу маселелерин карашат.
8. Лицензиялык комиссиянын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- ушул Жобонун 1-пунктунда каралган маселелер боюнча материалдарды кароо;
- этил спиртин жана алкоголь азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү тармагында мамлекеттик контролду ишке ашыруучу, ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын этил спиртин жана алкоголь азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү.
9. Жүктөлгөн милдеттерин аткаруу максатында лицензиялык комиссия төмөндөгүлөргө укуктуу:
- лицензияланган иш түрүнүн маселелери боюнча маалымат суроого;
- лицензиялык комиссияга берилген материалдардын негизинде ушул Жобонун 1-пунктунда каралган маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга.
10. Каралып жаткан маселелер боюнча комиссиянын чечими этил спиртин жана алкоголь азыктарын өндүрүүгө жана жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруучу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү жана алар иши боюнча кабыл алынган лицензиаттар милдеттүү.
11. Документтер этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан алдын ала каралган соң, лицензиялык комиссияга берилет жана "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 327 "Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомунун талаптарына шайкеш келиши керек.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 32 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Лицензиялык комиссиянын отуруму бир жумада бир жолу өткөрүлөт.
13. Лицензиялык комиссиянын отурумун Төрага, ал жок болсо, анын орун басары өткөрөт.
14. Отурумда лицензиялык комиссиянын 2/3 бөлүгү катышса, лицензиялык комиссиянын отуруму укуктуу болуп саналат.
15. Ушул Жобонун 2-пунктунда каралган маселелер боюнча чечимдер ачык добуш менен, лицензиялык комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Лицензиялык комиссиянын мүчөлөрүнүн добушу теңме-тең болуп калса, төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
16. Лицензиялык комиссиянын мүчөлөрүнүн талабы боюнча отурумга аталган тармактын адистеринен көз карандысыз серепчини, ошондой эле этил спиртин жана алкоголь азыктарын өндүрүүгө жана жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруучу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрүн чакырууга болот.
17. Лицензиялык комиссиянын отуруму комиссиянын катчысы тарабынан жазылган протокол менен таризделет.
18. Лицензияны берүүдөн баш тартылса, этил спиртин жана алкоголь азыктарын өндүрүүгө жана жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруучу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чечим чыккан күндөн тартып үч күндөн кечиктирилбестен арыз берүүчүгө кабарландырылат.