Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 327 токтому менен бекитилген |
Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 17-августу № 581, 2016-жылдын 15-июнундагы № 318, 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576, 2017-жылдын 24-августундагы № 541 , 2019-жылдын 22-августундагы № 420, 2020-жылдын 24-январындагы № 30, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Лицензия деп "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Убактылуу жободо белгиленген талаптарга ылайык этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү, алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугун күбөлөндүрүүчү, лицензиар тарабынан лицензиатка берилген документ түшүнүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик лицензиар болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 30, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтодорунун редакциясына ылайык)
3. Иштин лицензиялануучу түрүн жүргүзүү же лицензияланууга тийиш болгон аракеттерди жасоо ниетин билдирген жеке жана юридикалык жактар уюштуруу-укуктук формасына жана, менчигинин түрүнө карабастан, ушул Убактылуу жободо белгиленген тартипте лицензия алууга милдеттүү болушат.
Лицензиялануучу ишти жүзөгө ашыруу укугу юридикалык жана жеке жактарда лицензия алган учурдан тартып башталат.
4. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Убактылуу жободо каралбаса, чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар лицензияны Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары алган шарттарда жана тартипте алышат.
5. Лицензиялоо жол жобосу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган принциптерге ылайык ишке ашырылат.
6. Этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө, алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максаттарында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) берилген лицензия ээликтен ажыратылгыс болуп саналат.
2-глава. Лицензиянын мазмуну жана формалары
7. Лицензияда төмөндөгүдөй реквизиттер көрсөтүлүшү керек:
- лицензиялоочу органдын толук аталышы;
- юридикалык жактын толук аталышы же лицензиат адамдын аты-жөнү;
- юридикалык жактын (жарандын) жайгашкан жери (жашаган жери);
- лицензиялануучу иштин түрү (түрлөрү);
- иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашыруу дареги;
- лицензия берилген дата;
- лицензияны колдонуунун мөөнөтү (эгер белгиленсе);
- лицензиянын бланкынын номери жана сериясы;
- лицензиялардын реестри боюнча лицензиянын каттоо номери;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
- лицензиянын ээликтен ажыратылбастыгы.
8. Лицензиялардын бланктары типографиялык ыкмада даярдалып, коргоочу даражалары, эсептик сериясы жана номери болот. Лицензиялардын бланктары катуу эсепке алынуучу документтер болот. Лицензиялардын бланктарын даярдоо, эсепке алуу жана сактоо лицензиялоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
9. Кызыкдар болгон жактардын талабы боюнча лицензиат лицензиянын түп нускасын же мыйзамдарда белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн лицензиянын көчүрмөсүн көрсөтөт.
Эгерде Лицензиат лицензиянын дубликатын берүү, кайра тариздөө жөнүндө арыз берсе, лицензиянын көчүрмөсүн көрсөтүүгө уруксат берилет.
10. Лицензиянын түп нускасын жоготкондо же бузуп алганда лицензиат лицензиялоочу органга дубликат берүү жөнүндө арызын берет. Лицензиат лицензиянын түп нускасын жоготкон же бузуп алган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде арыз берүүгө милдеттүү. Арызда лицензиянын жоголгон бланкынын бардык реквизиттери көрсөтүлүшү керек.
11. Дубликат лицензиарда болгон документтердин негизинде берилет. Дубликатты берүүдө Лицензиялардын реестри боюнча лицензиянын каттоо номери өзгөртүүсүз калат. Берилген лицензияда "Дубликат" деген белги болууга тийиш.
Лицензиат жоготкон лицензиянын түп нускасын тапкан учурда, ал түп нусканы (же дубликатты) лицензиарга жокко чыгаруу үчүн өткөрүп берүүгө милдеттүү.
12. Дубликатты берүү үчүн лицензиатка карата текшерүүлөр, изилдөөлөр, кароолор, экспертизалар жүргүзүлбөйт.
13. Дубликатты берүү лицензиат тарабынан тиешелүү арыз берилген күндөн тартып үч иш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
14. Лицензиянын дубликаты берилгенге чейин лицензиат ишин мурда берилген лицензиянын көчүрмөсүнүн негизинде жүргүзөт.
3-глава. Лицензиялык талаптар жана шарттар
15. Милдеттүү лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү боюнча:
- арыз берүүчүгө менчик укугунда таандык болгон, санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келген өндүрүштүк имараттардын, курулмалардын, кампа жана стационардык жайлардын, ошондой эле этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө зарыл болгон жабдуулардын болушу;
- спирт сактоочу жайларда даяр продукция куюлуп сатылуучу сыйымдуулуктардагы чыгымды өлчөгүчтөрдүн болушу;
- продукцияны кабыл алууга, сактоого, берүүгө жана эсепке алууга гана арналган кампа жайларынын болушу;
- спирт заводдоруна кире турган (чыга турган) бардык жерлерде этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салган, мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органга маалыматты берүү менен видео байкоонун болушу;
- этил спиртин өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте декларациялоо;
- этил спиртин өндүрүүнүн технологиясын сактоо;
- этил спиртин жүгүртүү аны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн легалдуулугун күбөлөндүрүүчү төмөнкүдөй коштоочу документтер болгондо гана ишке ашырылат:
товардык-транспорттук коштомо кагазы же эсеп-фактура;
этил спиртинин коопсуздугунун техникалык регламенттерине шайкештигин ырастоочу документтердин көчүрмөсү;
жүктүн бажылык декларациясынын (импорттолгон этил спирти, алкоголдук жана спирт камтуучу продукция үчүң) көчүрмөсү;
- этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жыйым төлөө;
2) алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу) боюнча:
- арыз берүүчүгө менчик укугунда же ижара укугунда таандык болгон, санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келген өндүрүштүк имараттардын, курулмалардын, кампа жана стационардык жайлардын, ошондой эле алкоголдук продукцияны өндүрүүгө зарыл болгон жабдуулардын болушу;
- арак заводдорундагы көмүр-чыпкалоочу колонналарда чыгымды өлчөгүчтөрдүн болушу;
- өндүрүштүк жана кампа жайларына кире турган (чыга турган) бардык жерлерде алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салган, мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органга маалыматты берүү менен видео байкоонун болушу;
- "АСКУЭ" электр энергиясын контролдоочу жана эсепке алуучу автоматташтырылган системасынын приборлорунун болушу;
- этил спиртин жүгүртүүнүн, алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте декларациялоо;
- алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн технологиясын сактоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагында сатылуучу алкоголдук продукция этикеткасында жана контрэтикеткасында (импорттук продукция үчүн атайын чапталган контрэтикеткастикерде (чаптамада) мамлекеттик жана расмий тилде жазылган төмөнкүдөй маалыматтар милдеттүү түрдө камтылышы керек:
алкоголдук продукциянын аталышы;
өндүрүүчүнүн аталышы жана анын юридикалык дареги, ал эми алкоголдук продукцияны импорттоодо - импортердун аталышы жана анын юридикалык дареги;
алкоголдук продукцияны чыгарган өлкө;
алкоголдук продукциянын коопсуздук талаптарына шайкештиги;
алкоголдук продукция анын талаптарына жооп бере турган техникалык регламенттер;
керектөө идишиндеги алкоголдук продукциянын көлөмү;
алкоголдук продукциянын даамына жана жытына таасир берүүчү негизги ингредиенттердин аталыштары;
даярдалган күнү жана пайдалануу мөөнөтү же пайдалануунун акыркы мөөнөтү;
күчтүүлүгү пайыздар менен;
сактоо шарттары;
- алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны жүгүртүү аларды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн легалдуулугун күбөлөндүрүүчү төмөнкүдөй коштоочу документтер болгондо ишке ашырылат:
товардык-транспорттук коштомо кагаз же эсеп-фактура;
этил спиртинин жана алкоголдук продукциянын коопсуздугунун техникалык регламенттерине ылайыктыгын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү;
жүктүк бажы декларациясынын көчүрмөсү (импорттолгон этил спирти, алкоголдук жана спирт камтуучу продукция үчүн);
- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана сатылып жаткан аракты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген минималдуу дүң сатуу жана чекене баадан төмөн эмес сатуу;
- алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жыйым төлөө;
- сатылуучу алкоголдук продукцияга акциздик маркалардын болушу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 541, 2019-жылдын 22-августундагы № 420 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4-глава. Лицензияны берүү жака кайра тариздөө үнүн төлөмдөр
16. Лицензияны берүүдө, кайра тариздөөдө жана лицензиянын дубликатын берүүдө Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык мамлекеттик алым алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Лицензиарлардын лицензиялоо боюнча функцияларын жүзөгө ашырууга байланыштуу чыгымдары бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын чегинде каржыланат.
18. Лицензия берүүдөн баш тартууда төлөнгөн сумма арыз ээсине кайра берилбейт.
5-глава. Лицензия алуу үчүн керектүү документтер
19. Лицензия алуу үчүн зарыл болгон документтер:
1) этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензия берүү үчүн мамлекеттик алымды төлөгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү;
- уставдык капиталды төлөгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- юридикалык жактын уюмдаштыруучу документтеринин көчүрмөлөрү (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
- этил спиртин өндүрүүчүлөр үчүн (коньяк спиртинен башка) менчигинде имараттардын, курулмалардын, кампалык жана туруктуу өндүрүштүк жайлардын жана жабдуулардын бар экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү, түп нускаларын көрсөтүү менен;
2) алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу):
- белгиленген формадагы арыз;
- жеке жак үчүн - ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- юридикалык жак жана жеке ишкер үчүн мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензия берүү үчүн мамлекеттик алымды төлөгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү;
- алкоголдук продукцияны өндүрүүчү жана дүң сатуучу юридикалык жактын уставдык капиталды төлөгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- юридикалык жактын уюмдаштыруучу документтеринин көчүрмөлөрү (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
- менчигинде жабдуулардын болуусун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү, түп нускаларын көрсөтүү менен;
- алкоголдук продукцияны дүң сатуу үчүн имараттарга, жайларга жана курулмаларга менчик же ижарага берүү укугун ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү, жайларды ижарага берүүдө укук белгилөөчү кошумча документ көрсөтүлөт;
- салык органында каттоодон өткөндүгүн ырастоочу документтердин (салык төлөөчүнүн ишинин мүнөздөмөлөрүнүн параметрлери же патенти (ыктыярдуу же милдеттүү) көчүрмөлөрү;
- соода аянты 50 чарчы метр же андан ашык болгон соода объекттеринде ПОС-терминалдардын болушун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 541, 2019-жылдын 22-августундагы № 420 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
20. Документтер арыз ээси тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет. Чет өлкөлүк жарандар тапшыруучу документтер зарыл болсо мыйзамда белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш.
Зарыл болсо лицензиар арыз ээсинен аталган документтердин түп нускасын берүүнү талап кылууга укуктуу.
21. Арыз ээси берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгына жоопкерчилик тартат. Лицензиар зарылчылыкка жараша арыз ээси берген маалыматтардын жана документтердин аныктыгын текшерүүгө укуктуу.
22. Арыз ээсинен ушул Жободо каралбаган башка документтерди берүүнү талап кылууга тыюу салынат.
23. Арыз ээси берген документтер лицензиялардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү максатында лицензиарда калат.
6-глава. Лицензия берүү (берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим
24. Лицензиар документтерди кароону, экспертизаларды, текшерүүлөрдү жана башка керектүү иш-аракеттерди жүргүзүүнү кошо алганда лицензияны алуу үчүн керектүү болгон бардык документтерди каттоо күнүнөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен, лицензияны берүү же баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
25. Арыз ээси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү лицензияны алуу жөнүндөгү анын арызын кароо маселеси боюнча лицензиардын жыйынына катышууга укуктуу.
7-глава. Лицензиардын ыйгарым укуктары
26. Лицензиарлар төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды ишке ашырышат:
1) "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Убактылуу жобого ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиялоону жүргүзүү;
2) лицензиаттар тарабынан лицензиялык талаптардын сакталышын контролдоо;
3) лицензиялардын колдонулушун токтото туруу;
4) лицензиялардын колдонулушун кайра жаңылоо;
5) лицензияларды кайра тариздөө;
6) лицензиялардын реестрин түзүү жана жүргүзүү;
7) эл аралык келишимдердин негизинде чет өлкөлүк лицензияларды таануу.
27. Лицензиарга лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин башка органдарына, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу Органдарына, ошондой эле өз ишин коммерциялык же чарбалык эсеп менен жүргүзгөн түзүмдүк бөлүнүштөргө өз алдынча өткөрүп берүүсүнө тыюу салынат.
28. Лицензиар өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) лицензиат ишке ашырып жаткан иштин лицензиялык талаптарга шайкештиги боюнча лицензиаттын ишине текшерүү жүргүзүүгө. Текшерүү "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык аткарылууга тийиш;
2) лицензиатты текшерүү жүргүзүүдө жана иликтөөдө пайда болгон маселелер боюнча зарыл болгон түшүнүктөрдү, маалымдамаларды жана маалыматтарды суроого жана алууга;
3) конкреттүү тартип бузууларды көрсөтүү менен текшерүүлөрдүн жыйынтыгынын негизинде акт түзүүгө;
4) лицензиатты аныкталган мыйзам бузууларын жоюуга милдеттендирүүчү чечимдерди чыгарууга, мындай бузууларды жоюунун мөөнөтүн белгилөөгө;
5) лицензиатка эскертүү берүүгө;
6) ушул Убактылуу жободо каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
29. Лицензиат мыйзамдарга жана Иштин конкреттүү түрүн лицензиялоо жөнүндө ушул убактылуу жобого ылайык төмөнкүлөргө милдеттүү:
- лицензиар тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн шарттарды камсыз кылууга, зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди берүүгө;
- иштин лицензиялануучу түрүнө лицензиялык талаптарды сактоого;
- өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүүгө.
8-глава. Лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
30. Лицензиаттын лицензияларды берүүдө негизсиз баш тартуусунан же укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулушунан келип чыккан лицензиаттын чыгымдарынын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
31. Тийиштүү лицензиясыз же лицензиялык талаптарды жана шарттарды бузуу менен иштөө мыйзамдарда белгиленген административдик жана жазык жоопкерчилигине тартат.
32. Лицензиялоо тартибинде белгиленгендей ишти лицензиясыз жүргүзүүдөн алынган киреше тиешелүү мамлекеттик органдын доосуна жараша мыйзамдарда белгиленген тартипте бюджетке алып коюлууга тийиш.