Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 337 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ведомстволук турак жай фонду жөнүндө ЖОБО
Бул Жобо турак жай жагындагы укуктук мамилелерди жөнгө салган мыйзамдарга ылайык иштелип чыкты жана бажы органдарынын кызматкерлеринин жана эркин жалданма курамынын (мындан ары - кызматкерлер жана жумушчулар деп аталган) кызмат өтөгөн (иштеген) жерине же ага жакын жерде жашоосу үчүн Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ведомстволук турак жай фондун түзүүнүн, кызматтык турак жайга муктаж адамдарды эсепке алуу тартибин, ошондой эле кызматтык турак жайды берүү жана пайдалануу тартибин жана шартын аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1. Бажы органдарынын ведомстволук турак жай фонду - бул оперативдүү башкаруу укугунда бажы органдарына бекитип берилген төмөнкү турак жайлардын жыйындысы: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы органдарынын каражаттарынын эсебинен курулган; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы органдарынын каражаттарынын эсебинен жеке адамдардан жана юридикалык жактардан сатып алынган; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте турак жай жана жатакана катары колдонууга жарактуу кайрадан жабдылган имараттар жана курулуштар; - жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган тартипте жана шартта турак жай жана жатакана катары колдонуу үчүн жарактуу имараттар жана курулуштар. 2. Ведомстволук турак жай фондун, ошондой эле турак жайга муктаж кызматкерлерди жана жумушчуларды эсепке алуу, турак жай алуу үчүн кезекке коюу жана аны бөлүштүрүү бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүгү тарабынан жүргүзүлөт (мындан ары - Камсыздоо борбору). 3. Кызматкерлерге жана жумушчуларга кызматтык турак жай берүү кызмат өтөгөн (иштеген) жери боюнча ушул Жободо белгиленген тартипте бажы органы жайгашкан жердеги райондун чегинде (район жана областка, шаарга, ошондой эле республикалык мааниси бар шаарга жакын райондор жана аларга жакын жайгашкан райондор) жүргүзүлөт. 4. Ведомстволук турак жай фондунун маселелери боюнча иш кагаздарын жүргүзүү мекеме, уюм жана ишканаларда башкаруу ишин документтештирүү жана документтер менен иштөөнү уюштурууга карата бирдиктүү талаптарды регламенттеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Ведомстволук турак жай фондун эсепке алуу
5. Бажы органынын балансында негизги каражаттар катары турган жана кыймылсыз мүлккө карата укукту каттоо органдарында белгиленген тартипте катталган турак жайлар эсепке алынат. 6. Турак имараттарды жана жайларды эсепке алуу жана пайдалануу 1-тиркемеге ылайык ведомстволук турак жай фондун эсепке алуу китеби боюнча Камсыздоо борбору тарабынан жүргүзүлөт. Ведомстволук турак жай фондун эсепке алуу китеби дайыма сакталат, номер коюлат, тигилет, герби бар мөөр менен бекитилет жана Камсыздоо борборундагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча эсепке алуу журналында катталат. Жаңы китеп башталган учурда, ал уландысы болуп саналып, экинчи китеп катары белгиленет. Муну менен китептин алдыңкы бетине төмөнкүлөр көрсөтүлөт: - бажы органынын аталышы: - китептин аталышы; - китептин номери; - китептерди эсепке алуу журналындагы китептин катталган номери жана күнү; - сактоо мөөнөтү; - башталган күнү; - барактарынын саны; - улантылган китеп башталган күн. 7. Кызматкерге же жумушчуга берилген кызматтык турак жайды пайдаланууну эсепке алуу 4-тиркемеге ылайык кызматтык турак жайдын бирдигин пайдаланууну эсепке алуу карточкасы боюнча эсепке алынат. Кызматтык турак жайдын бирдигин пайдаланууну эсепке алуу карточкасы дайыма сакталып турат. Кызматкер же жумушчу ээлеген кызматтык турак жайды бошоткондо жана ага башка кызматкер же жумушчу киргенде карточка алмаштырылбайт. Жаңы кызматкер же жумушчу тууралуу маалыматтар карточканын тийиштүү бөлүгүнө чыгаруунун жана киргизүүнүн негиздерин көрсөтүү менен жазылат. Карточка толуп калган учурда биринчи карточкага кошо тиркелген жана биринчи карточканын уландысы катары белгиленген жаңы карточка толтурулат. Кызматтык турак жай бирдигин колдонуу карточкасына ведомстволук турак жай фондун эсепке алуу китепчесине ылайык кызматтык турак жай бирдигинин катар номери боюнча номер коюлат. 8. Камсыздоо борбору бажы органдарынын кызматкерлеринин жана жумушчуларынын кызматтык турак жайды пайдалануу жана күтүп алуусуна жыл сайын текшерүү жүргүзөт. Бажы органдарынын кызматкерлери жана жумушчулары кызматтык турак жайды пайдалануу келишимин бузган фактылары аныкталган учурда келишимдин шарттарынын бузулганы тууралуу акт түзүлөт (эркин формада) жана бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда түзүлгөн турак жай-тиричилик комиссиясына (мындан ары - ТЖТК) тийиштүү чечим чыгаруу үчүн кароого киргизилет. 9. Ушул главада көрсөтүлгөн китептерде, карточкада, актыда өчүрүү-оңдоого жол берилбейт. Документтердин негизинде киргизилип жаткан түзөтүүлөр, ошондой эле өзгөртүүлөр Камсыздоо борборунун жооптуу адамы тарабынан күбөлөндүрүлөт жана герби бар мөөр менен бекемделет.
3. Бажы органдарынын кызматтык турак жайга муктаж кызматкерлерин жана жумушчуларын эсепке алуу жана эсептен чыгаруу
10. Бажы органдарынын кызматтык турак жайга муктаж кызматкерлерин жана жумушчуларын эсепке алуу жана аларды эсептен чыгаруу Камсыздоо борбору тарабынан ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык "Бажы органдарынын кызматтык турак жайга муктаж кызматкерлерин жана жумушчуларын эсепке алуу жана аларды эсептен чыгаруу китеби" (мындан ары - Биринчи кезектегилерди эсепке алуу китеби) боюнча жана 6-пункттун 2-12-абзацтарынын талаптарына ылайык таризделүүчү "Бажы органдарынын кызматтык турак жайга муктаж кызматкерлерин жана жумушчуларын эсепке алуу жана аларды эсептен чыгаруу китеби" боюнча 3-тиркемеге ылайык (мындан ары - Кезектегилерди эсепке алуу китеби) жүргүзүлөт. 11. Кызматтык турак жайга муктаж кызматкерлерди жана жумушчуларды эсепке алууга негиз болуп кызматтык турак жай бөлүп берүү тууралуу ТЖТКнын төрагасынын атына берилген арыз эсептелет. Арызда фамилиясы, аты-жөнү, үй-бүлө курамы, жашаган дареги, жашаган жеринин шартынын мүнөздөмөсү, бажы органдарындагы ээлеген кызматы жана иштеген жылдары көрсөтүлөт. Арызга төмөнкүлөр тиркелет: - ким экенин тастыктаган документтин көчүрмөсү; - кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан кызматкердин же жумушчунун, анын ичинде анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке менчигинде турак жайдын жоктугу тууралуу маалымкат; - кыймылсыз мүлккө укукту каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын кызматкер же жумушчунун, анын ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн акыркы беш жылдын аралыгында иштеген жери боюнча бажы органы жайгашкан жерде турак жайды (үйдү, квартираны) сатып алуу-сатуу, алмашуу, тартуулоо, күрөөгө коюу, мурасты тариздөөгө багытталган жарандык-укуктук аракеттерди жасабагандыгы тууралуу маалыматтардын жоктугу жөнүндө тийиштүү маалыматы; - жашаган жеринен үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу маалымкат (никеси жана балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөлөрү); - кадрлар кызматынан кызмат өтөгөн (иштеген) жери жана жалпы үзгүлтүксүз уланган кызматы (иштегени) тууралуу маалымкат; - жашаган жеринин шартын текшерүү акты (5-тиркеме). 12. Арыз тиркелген документтер менен бирге эсепке алуу китептердин биринде катталат жана Камсыздоо борборунун жооптуу кызматкери тарабынан ТЖТКнын кароосуна берилет. 13. ТЖТКнын эсепке алуу тууралуу оң чечими кабыл алынгандан тартып кызматкерлер жана жумушчулар эсепке алынды деп табылат. 14. Кызматкерлер жана жумушчулар ТЖТКнын кабыл алган чечими тууралуу чечим кабыл алынгандан тартып отуз күндүн аралыгында маалымдалат. Алардын талабы боюнча ТЖТКнын протоколунун маалым даректери камтылган Эсепке алуу китебинен көчүрмө жана арыз катталган Эсепке алуу китебинин барагынын көчүрмөсү берилет. 15. Эсепке алуу китебине киргизилген ар бир кызматкер жана жумушчу боюнча ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтер сакталган эсепке алуу көктөмөсү түзүлөт жана көктөмөнүн номери Эсепке алуу китебинин номерине дал келүүсү керек. 16. Турак жай алуу үчүн эсепте болуу укугу ушул кызматкердин жана жумушчунун бажы органдарында кызмат өтөгөн (иштеген) бардык убакыттын аралыгында сакталат. 17. Биринчи кезектегилерди эсепке алуу китебине жеке менчигинде турак жайы жок (үй, квартира), бажы органдарында үзгүлтүксүз үч календардык жылдан ашык иштеген кызматкерлер жана жумушчулар киргизилет, эгер аны менен бирге жашаган жакын туугандары: ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандары, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандар, чоң ата, чоң эне, таята, таяне, неберелери (мындан ары - үй-бүлө мүчөлөрү) бажы органы жайгашкан райондо жеке менчигинде турак жайы болбосо жана мында кызматкер жана жумушчу: 1) жашы жетпеген баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой ата-эне болсо, компетентүү органдар тарабынан берилген тастыктоо документтер берилген шартта; 2) компетенттүү органдар тарабынан берилген тастыктаган документ берилген шартта медициналык-социалдык эксперттик комиссия тарабынан эмгекке жараксыз деп табылган саламаттыгы чектелген баланы тарбиялап жаткандар; 3) беш же андан көп балалуулар; 4) компетенттүү органдар тарабынан берилген тастыктаган документ берилген шартта 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепетин жоюу боюнча жумушка катышкандар; 5) "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражадагы сыйлыкка ээ болгон, I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган адамдар; 6) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана майыбы болгон же курман болгон же дайынсыз жоголгон аскерлердин (партизандардын) үй-бүлө мүчөсү болгон жана белгиленген тартипте ага теңделген адам болсо; 7) "Баатыр-эне" наамы ыйгарылган эне. Ушул пункттун 1-7-пункттарында көрсөтүлгөн адамдар, алар же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн акыркы беш жылдын аралыгында кызмат өтөгөн (иштеген) жери боюнча бажы органы жайгашкан райондо турак жайды сатып алуу-сатуу, алмашуу, тартуулоо, күрөөгө коюуга жолу менен жарандык-укуктук аракеттерди, үчүнчү жактарга ээликке бербөө аракети жасалбаган учурда тизмеге киргизилет. 18. Кезектегилерди эсепке алуу китебине жеке менчигинде турак жайы (үйү, квартирасы), жок бажы органдарында үзгүлтүксүз үч календардык жылдан ашык иштеген кызматкерлер жана жумушчулар киргизилет, эгер аны менен бирге жашаган жакын туугандарынын биринин да жеке менчигинде бажы органы жайгашкан райондо жеке менчигинде турак жайы (үйү, квартирасы) болбосо. Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдар, алар же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн акыркы беш жылдын аралыгында кызмат өтөгөн (иштеген) жери боюнча бажы органы жайгашкан райондо турак жайды сатып алуу-сатуу, алмашуу, тартуулоо, күрөөгө коюуга жолу менен жарандык-укуктук аракеттерди, үчүнчү жактарга ээликке берүү жасалбаган учурда тизмеге киргизилет. 19. Кезек кызматтык турак жай берүү тууралуу кызматкердин же жумушчунун арызы катталган күнү жана каттоо номери боюнча аныкталат. 20. Эсепте турган кызматкер же жумушчу өлгөн (курман болгон) учурда анын ордуна ушул Жобонун талаптарын эске алуу менен ТЖТКнын чечиминин негизинде анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири эсепке алынат. 21. Кызматкерлер жана жумушчулар кызматтык турак жай алуу эсебинен ТЖТКнын чечими менен төмөнкү учурларда чыгарылат: 1) ушул Жобонун 17 жана 18-пункттарына ылайык аларды эсепке алууга негиз болгон жагдайлардын өзгөрүүсү. 2) берилген документтерде эсепке алууга негиз болгон, турак жай алууга карата муктаждыгы тууралуу маалыматтардын туура эместиги аныкталганда. 3) бажы органы менен эмгектик мамиле өз каалоосу менен же иш берүүчүнүн демилгеси боюнча токтотулганда. 22. Төмөнкүлөр эсептен чыгарылбайт: 1) Кызматтык милдеттерин аткарып жатып курман болгон (өлгөн) кызматкердин же жумушчунун үй-бүлө мүчөлөрү; 2) эсепке алынган кызматкердин же жумушчунун үй-бүлө мүчөсү, эгер кызматкер же жумушчу кызмат өтөп жаткан (иштеген) мезгилде кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу алган жаракаттын, травманын, кесиптик оорунун кесепетинен кызматтан (иштен) бошогондон кийин өлсө; 3) кызматтык милдеттерин аткарууда андан ары кызмат өтөө (иштөө) мүмкүнчүлүгүн жок кылган жаракат алган же кесиптик ооруга чалдыккан кызматкерлер жана жумушчулар. 23. Жалгыз бой ата-эне деп бул Жободо төмөнкүлөр таанылат: 1) никеде турбай бала төрөгөн жана тарбиялап жаткан жалгыз эне, аял эгер жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында баланы каттоодо атасын аныктоо тууралуу ата-эненин бирге жазган арызы болбосо; 2) никеде турбай туруп бала асырап алган аял; 3) никеде турбастан бала асырап алган эркек; 4) ата-энесинин бири өлүп калган, дайынсыз жоголгон деп таанылган себеп менен ата-эненин биринин жоктугу, жаңы никеге турбаган шартта.
4. Кызматтык турак жай берүү тартиби
24. Кызматтык турак жай кызматкерлер жана жумушчулар кызмат өтөгөн (иштеген) жери боюнча кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда аларга зарыл турак жай-тиричилик шарттарын түзүп берүү үчүн ТЖТКнын чечим боюнча кезекке жараша Камсыздоо борбору тарабынан берилет. 25. Кызматтык турак жайды бөлүштүрүү үчүн Камсыздоо борбору тарабынан Камсыздоо борборунун жетекчиси, ТЖТКнын төрагасы тарабынан кол коюлган жана бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бекиткен эсепке алуу китептерине ылайык турак жайды бөлүштүрүү тизмеси түзүлөт. Бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси менен ТЖТКнын төрагасынын ортосунда ушул Жобонун 26-пунктунда белгиленген учурлардан тышкары, турак жайды бөлүштүрүү маселесинде кайчы пикирлер болгон учурларда, аларды бөлүштүрүү чечими кезекте турган кызматкерлер менен жумушчулардын жалпы чогулушунда каралат. Бул учурда, чечим жалпы кезекте турган кызматкерлердин жана жумушчулардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен таризделет. 26. Кезекте бар же жок экенине карабастан жана ТЖТКнын чечимисиз бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин жеке өзүнүн чечими менен төмөнкүлөргө турак жай берилет: 1) кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон, анын ичинде кызмат өтөгөн (иштеген) учурунда кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу алынган жаракаттын же кесиптик оорунун кесепетинен кызматтан бошогондон кийин өлгөн кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө. Мында ТЖТКга төмөнкү документтер берилет: а) курман болгон (өлгөн) кызматкердин же жумушчунун жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин ТЖТКнын төрагасынын атына жазылган арызы; б) өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; в) ким экенин жана туугандык даражасын тастыктаган документ. 2) Кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу денесине алган жаракаттан же чалдыккан кесиптик ооруудан улам кызмат өтөөгө (иштөөгө) мүмкүнчүлүгү болбогон кызматкерлерге. Мында ТЖТКга төмөнкү документтер берилет: а) кызматкердин же жумушчунун ТЖТКнын төрагасынын атына жазылган арызы; б) алган жаракаттын даражасы тууралуу дарыгерлик-эмгек эксперттик комиссиянын корутундусу, кызматкердин (жумушчунун) кесиптик эмгекке жарактуулугун жоготкону тууралуу дарыгерлик-эмгектик эксперттик комиссиянын маалымкатынын көчүрмөсү; в) ким экенин тастыктаган документтин копиясы. 27. Бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ушул Жобонун 26-пунктуна ылайык кабыл алынган чечимдин негизинде 6-тиркемеге ылайык форма боюнча кызматкер (жумушчу) менен же курман болгон (өлгөн) кызматкердин (жумушчунун) үй-бүлө мүчөсүнүн бири менен кызматтык турак жайды колдонуу тартиби жана шарттары тууралуу келишим түзүлөт.
5. Кызматтык турак жайды пайдалануу тартиби жана шарттары
28. Кызматтык турак жайды пайдалануу мөөнөтү бир календардык жылга түзүлөт. Эгер Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 1 (бир) ай калганда тараптардын бири аны бузуу тууралуу кат түрүндө билдирбесе, келишим автоматтык түрдө кийинки жылга узартылат. Ушул эле тартип кийин дагы колдонула берет. 29. Кызматтык турак жай кызматкерге (жумушчуга) кызматтык турак жайды өткөрүп берүү актысы боюнча берилет. 30. Кызматтык турак жайды кошумча жалдоого берүүгө, өзгөртүп курууга жана өзгөртүп пландоого болбойт. 31. Турак жайдын шарттарына жана техникалык мүнөздөмөлөрүнө, анын жайгашкан жерине жараша кызматтык турак жайды колдонуу тартиби жана шарттары тууралуу келишимдин жоболору ТЖТК менен макулдашуу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.
6. Кызматкерди (жумушчуну) кызматтык турак жайдан чыгарууга негиздер
32. Кызматкер (жумушчу) аны менен жашаган бардык үй-бүлө мүчөлөрү менен башка турак жай бербестен ээлеген кызматтык турак жайынан төмөнкү учурларда чыгарылат: 1) турак жай алууга жана жашоо шартын жакшыртууга муктаждык тууралуу тапшырылып, эсепке алууга жана турак жай берүүгө негиз болгон документтерден туура эмес маалыматтардын табылуусу; 2) ушул Жобонун 37-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, өз каалоосу боюнча же иш берүүчүнүн демилгеси боюнча бажы органы менен эмгек мамилелердин токтоосу, эгер үй-бүлө мүчөлөрүнүн эч кимиси бажы органдарында кызмат өтөбөсө (иштебесе); 3) кызматкердин (жумушчунун) андан ары кызмат өтөө (иштөө) үчүн кызматтык турак жай жайгашкандан башка областка жөнөтүлүүсү, ошондой эле областтан тышкары башка кызматка өтүүсү. Ушул пункттун 2, 3-пунктчаларынын жоболору ушул Жобонун 37-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга карата колдонулбайт. 33. Чыгарыла турган кызматкерлерге (жумушчуларга) ээлеген кызматтык турак жайды бошотуу үчүн ТЖТК чечим кабыл алган күндөн тартып бир айлык мөөнөт берилет. 34. Кызматтык турак жай кызматкер (жумушчу) тарабынан Камсыздоо борборунун өкүлүнө кабыл алуу-өткөрүү акты боюнча өткөрүлөт. 35. Бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча ушул Жобонун 32-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн кызматкерлер жана жумушчулардын артынан алар ээлеген кызматтык турак жай алар башка областта, иш сапарда жүргөн мөөнөткө брондолуп калтырылышы мүмкүн, бирок беш жылдан ашпаган мөөнөткө. Брондолгон кызматтык турак жайга кезекте турган кызматкерлер (жумушчулар) брондолгон мөөнөткө киргизилип, бул тууралуу келишимде айтылат. 36. Калк жайгашкан пункттардан алыстагы же бийик тоолуу райондордогу башка бажы органына которулган, мурунку кызмат өтөгөн (иштеген) жериндеги кызматтык турак жайды өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнө калтыргысы келген кызматкер же жумушчунун өтүнүчү боюнча бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин жазуу түрүндөгү макулдугу менен кызматтык турак жай анда калтырылышы мүмкүн, эгер жаңы кызмат өтөгөн (иштеген) жеринен турак жай албаса. 37. Ушул Жобонун 32-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, кызматтык турак жайдан башка турак жай берүүсүз төмөнкүлөр чыгарылбайт: 1) кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон, анын ичинде кызмат өтөгөн (иштеген) учурунда кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу алган жаракаттын же кесиптик оорунун кесепетинен бажы органдарынан бошогондон кийин өлгөн кызматкерлердин жана жумушчулардын үй-бүлөлөрү; 2) кызматтык милдеттерин аткарууда дене жаракаттарын алган же кесиптик оорууга чалдыгып, кызмат өтөөгө (иштөөгө) мүмкүнчүлүгү жок болгон кызматкерлер жана жумушчулар; 3) бажы органдарында үзгүлтүксүз он календардык жылдан кем эмес иштеген кызматкерлер (жумушчулар), ошондой эле алар өлгөн учурда алардын үй-бүлөсү; 4) бажы органынын жоюлушу же кызматкерлердин санынын жана штаттын кыскарышына байланыштуу бошотулган кызматкерлер (жумушчулар); 5) бажы органдарында үзгүлтүксүз 15 жылдан кем эмес иштеген, пенсия чыкканына байланыштуу бошотулган кызматкерлер жана жумушчулар.
7. ТЖТКнын ишин уюштуруу
38. ТЖТКнын негизги максаты болуп турак жайды бөлүштүрүү жана пайдалануу максатында эсепке алуу эрежелерин сактоо эсептелет. 39. ТЖТКнын мүчөлөрү жалпы чогулушта бажы органынын кызматкерлеринин жана жумушчуларынын катарынан жети адам санында шайланып, бажы иши жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет, комиссиянын курамына юридика, кадр кызматтарынын, Камсыздоо борборунун жана кесиптик бирликтин өкүлдөрү милдеттүү түрдө кирет. ТЖТКнын төрагасынын функциясы бажы иши жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарына жүктөлөт. ТЖТКнын секретарынын функциялары Камсыздоо борборунун кызматкерине жүктөлөт. 40. ТЖТКнын мүчөлөрүнүн курамы бажы органдарынын кызматкерлеринин (жумушчуларынын) жалпы чогулушунда жыл сайын кайрадан каралат, ошондой эле эгер ТЖТКнын мүчөлөрүнүн бири ага жүктөлгөн функцияны аткара албаган учурда жыл ичинде каралат. 41. ТЖТК өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону колдонууга алат. 42. ТЖТКнын негизги милдеттери: 1) кызматтык турак жайларды эсепке алуу жана бөлүштүрүү маселесин коомдук контролду камсыз кылуу; 2) кызматтык турак жайды өз убагында жана туура бөлүштүрүү. 46. ТЖТКнын негизги функциялары: 1) кызматтык турак жайга муктаж кызматкерлерди жана жумушчуларды туура эсепке алууну камсыз кылуу; 2) кызматтык турак жайга муктаж кызмат адамдарынын жана жумушчулардын эсепке алуу тууралуу арыздарын кароо, тиркелген документтерди текшерүү жана арыздар боюнча чечимдерди даярдоо. 3) кызматкерлерди жана жумушчуларды турак жайга муктаждардын эсебинен чыгаруу. 4) кызматтык турак жайды бөлүштүрүү тууралуу сунушту даярдоо жана бажы иши жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин бекитүүсүнө берүү. 5) ушул Жободо каралган башка функциялар. 44. Жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн ТЖТК төмөнкүлөргө укуктуу: - ушул Жобого ылайык оң же жүйөлүү терс чечим чыгарууга; - зарыл документтер берилгенге чейин же маселени кошумча изилдөө үчүн чечим кабыл алууну токтото турууга; - кызматкерлерди жана жумушчуларды турак жай менен камсыз кылууга тийиштүү кошумча маалыматтарды жана документтерди алууга; - бажы иши жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашып мамлекеттик бийлик, мекеме, уюм жана ишканаларга суроо жөнөтүүгө; 45. ТЖТКнын ишин уюштуруу: 1) ТЖТКнын жыйыны зарыл болгон учурда, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт; 2) эгер жыйынга ТЖТКнын мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, анын чечими мыйзамдуу деп эсептелет; 3) ТЖТКга анын төрагасы жетекчилик кылат; 4) ТЖТКнын чечими көпчүлүк ачык добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда ТЖТКнын жыйынына төрагалык кылып жаткан адамдын добушу чечүүчү болот; 5) ТЖТК тарабынан кабыл алынган чечимдер протокол менен таризделет; 6) ТЖТКнын мүчөлөрү кабыл алынган чечим боюнча өзүнүн өзгөчө жүйөлүү оюн протоколдо көрсөтүүгө укуктуу; 7) ТЖТКнын төрагасы жана секретары бажы органдарынын жашоо шартын жакшыртууга муктаж кызматкерлерин жана жумушчуларын эсепке алуунун абалына жеке жооптуу; 8) иш кагаздарын ТЖТКнын секретары жүргүзөт, ал: - ТЖТКнын мүчөлөрүнүн жыйынга келүүсүн камсыздайт; - ТЖТКнын чечимдеринин долбоорун даярдайт жана протоколдорду тариздейт; - кабыл алынган чечимдерди кызыкдар адамдарга жеткирет, алардын аткарылышын контролдойт жана ТЖТКнын төрагасын маалымдайт; - ТЖТКнын документтеринин сакталышын камсыздайт.
8. Корутунду жоболор
46. Бажы органынын кызматкерлеринин (жумушчуларынын) турак жайга тийиштүү маселелери ушул Жобо менен жөнгө салынат, бул Жобо менен жөнгө салынбаган учурда турак жай мыйзамдарында каралган ченемдер колдонулат. Ушул Жободо аныкталган ченемдер турак жай мыйзамдарына карама-каршы келген учурда турак жай мыйзамдарынын ченемдери артыкчылыкка ээ.
1-тиркеме
Ведомстволук турак жай фондун эсепке АЛУУ КИТЕБИ
┌─┬───────┬─────┬──────────────┬────┬──────┬──────┬──────┬───────┬───────┐ │№│Турак │Квар-│ Турак жай │Кел-│Укукту│Турак │Турак │Сапты │Эсептен│ │ │жай │тира-│ аянтынын │ген │белги-│жай │жай │толтур-│чыга- │ │ │жайгаш-│нын №│ мүнөздөмөсү │бу- │лөөчү │бирди-│аянтын│ган │руу, │ │ │кан │ ├──────┬───────┤лак │доку- │гин │ведом-│адамдын│негизи,│ │ │жер, │ │бөлмө-│жайлуу,│ │мент- │пайда-│ство- │Ф.А.Ж.,│сапты │ │ │көчөсү,│ │лөрдүн│жайлуу │ │тер │лануу-│лук │кызма- │толтур-│ │ │үй № │ │саны │эмес, │ │ │ну │турак │ты, │ган │ │ │ │ │(кв.м)│өзүнчө,│ │ │эсепке│жай │толту- │адамдын│ │ │ │ │ │өзүнчө │ │ │алуу │фонду-│рулган │Ф.А.Ж.,│ │ │ │ │ │эмес │ │ │кар- │нун │күн │кызма- │ │ │ │ │ │ │ │ │точ- │кура- │ │ты, │ │ │ │ │ │ │ │ │касы │мына │ │толту- │ │ │ │ │ │ │ │ │туура-│кошуу │ │рулган │ │ │ │ │ │ │ │ │луу │туура-│ │күн │ │ │ │ │ │ │ │ │маалы-│луу │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │маттар│ТЖТК- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │нын │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │жыйы- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │нынын │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │прото-│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │колу- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │нун № │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │жана │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │күнү │ │ │ ├─┼───────┼─────┼──────┼───────┼────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤ │ │ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │ └─┴───────┴─────┴──────┴───────┴────┴──────┴──────┴──────┴───────┴───────┘
2-тиркеме
Бажы органдарынын кызматтык турак жайга муктаж кызматкерлерин жана жумушчуларын эсепке алуу (биринчи кезектеги тартипте) жана эсептен чыгаруу КИТЕБИ
┌─┬──────┬──────┬───────┬─────┬───────┬─────┬─────┬─────┬─────┬────┬────┐ │№│Ээле- │Кыз- │Бажы │Учур-│Кызмат-│ТЖТК-│Турак│Эсеп-│Кыз- │Арыз│Өз- │ │ │ген │мат- │орган- │да │тык │нын │аян- │тен │мат │ээ- │гөчө│ │ │кызма-│кердин│дарында│ээле-│турак │жыйы-│тынын│чыга-│ада- │си- │бел-│ │ │ты, │же │кызмат │ген │жайга │нынын│бе- │руу- │мынын│нин │ги- │ │ │наамы │жумуш-│өтөгөн │турак│муктаж │эсеп-│рил- │нун │колу │колу│лер │ │ │ │чунун │(иште- │жайы-│кызмат-│ке │гени │неги-│жана │жана│жана│ │ │ │Ф.А.Ж.│ген) │на │кердин │алуу │туу- │зи. │тол- │күнү│эс- │ │ │ │ │мөөнөтү│кыс- │же, │же │ралуу│Че- │ту- │ │кер-│ │ │ │ │ │кача │жумуш- │баш │бел- │чим- │рул- │ │түү-│ │ │ │ │ │мү- │чунун │тар- │ги, │дин │ган │ │лөр │ │ │ │ │ │нөз- │эсепке │туу │турак│күнү │күнү │ │ │ │ │ │ │ │дөмө,│алуу │туу- │жай │жана │ │ │ │ │ │ │ │ │жаша-│делосу │ралуу│бир- │№ │ │ │ │ │ │ │ │ │ган │туура- │про- │дигин│ │ │ │ │ │ │ │ │ │мөө- │луу │токо-│пай- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │нөтү,│маалы- │лунун│дала-│ │ │ │ │ │ │ │ │ │даре-│маттар │№ │нууну│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ги │ │жана │эсеп-│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │күнү │ке │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │алуу │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │кар- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │точ- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │касы-│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │нын №│ │ │ │ │ └─┴──────┴──────┴───────┴─────┴───────┴─────┴─────┴─────┴─────┴────┴────┘ Эскертүү: Башка жерге башка жумушка өткөнүнө байланыштуу турак жай алмаштырылган, бронго коюлган, турак жайдан чыгарылган учурда турак жай колдонуучуларды эсепке алуу карточкасында тийиштүү белги коюлат.
3-тиркеме
Бажы органдарынын кызматтык турак жайга муктаж кызматкерлерин жана жумушчуларын эсепке алуу (кезектеги тартипте) жана эсептен чыгаруу КИТЕБИ
┌─┬──────┬──────┬───────┬─────┬───────┬─────┬─────┬─────┬─────┬────┬────┐ │№│Ээле- │Кыз- │Бажы │Учур-│Кызмат-│ТЖТК-│Турак│Эсеп-│Кыз- │Арыз│Өз- │ │ │ген │мат- │орган- │да │тык │нын │аян- │тен │мат │ээ- │гөчө│ │ │кызма-│кердин│дарында│ээле-│турак │жыйы-│тынын│чыга-│ада- │си- │бел-│ │ │ты, │же │кызмат │ген │жайга │нынын│бе- │руу- │мынын│нин │ги- │ │ │наамы │жумуш-│өтөгөн │турак│муктаж │эсеп-│рил- │нун │колу │колу│лер │ │ │ │чунун │(иште- │жайы-│кызмат-│ке │гени │неги-│жана │жана│жана│ │ │ │Ф.А.Ж.│ген) │на │кердин │алуу │туу- │зи. │тол- │күнү│эс- │ │ │ │ │мөөнөтү│кыс- │же, │же │ралуу│Че- │ту- │ │кер-│ │ │ │ │ │кача │жумуш- │баш │бел- │чим- │рул- │ │түү-│ │ │ │ │ │мү- │чунун │тар- │ги, │дин │ган │ │лөр │ │ │ │ │ │нөз- │эсепке │туу │турак│күнү │күнү │ │ │ │ │ │ │ │дөмө,│алуу │туу- │жай │жана │ │ │ │ │ │ │ │ │жаша-│делосу │ралуу│бир- │№ │ │ │ │ │ │ │ │ │ган │туура- │про- │дигин│ │ │ │ │ │ │ │ │ │мөө- │луу │токо-│пай- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │нөтү,│маалы- │лунун│дала-│ │ │ │ │ │ │ │ │ │даре-│маттар │№ │нууну│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ги │ │жана │эсеп-│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │күнү │ке │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │алуу │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │кар- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │точ- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │касы-│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │нын №│ │ │ │ │ └─┴──────┴──────┴───────┴─────┴───────┴─────┴─────┴─────┴─────┴────┴────┘ Эскертүү: Башка жерге башка жумушка өткөнүнө байланыштуу турак жай алмаштырылган, бронго коюлган, турак жайдан чыгарылган учурда турак жай колдонуучуларды эсепке алуу карточкасына тийиштүү белги коюлат.
4-тиркеме
(алдыңкы бети) (арткы бети) ┌┬────────────────────────────┬┬┬─┬──────┬──────┬────┬────┬────┬────┬─────┐ ││Улантуучу карточка │││№│Турак │Алган │ТЖТ-│Ке- │Чы- │Кыз-│Алуу-│ ││башталган күн │││ │жай │күнү │нын │ли- │га- │мат │чунун│ ││"__" ________ 20__ ________│││ │алган-│(кайсы│че- │шим-│руу-│ада-│колу │ │└────────────────────────────┘││ │дын │мөө- │чи- │дин │ние │мы- │ │ │ ││ │Ф.А.Ж.│нөт- │ми- │№ │не- │нын │ │ │ Турак жай бирдигин ││ │ │кө), │нин │жана│гиз │колу│ │ │ пайдаланууну эсепке алуу ││ │ │эсепке│күнү│күнү│ │ │ │ │ КАРТОЧКАСЫ ││ │ │алуу │жана│ │ │ │ │ │ № ____ ││ │ │дело- │ № │ │ │ │ │ │ ││ │ │сунун │ │ │ │ │ │ │1. _______ шаары ______ району││ │ │ № │ │ │ │ │ │ │_______________________ көчөсү│├─┼──────┼──────┼────┼────┼────┼────┼─────┤ │________ үй. № кв. № _________││ │ │ │ │ │ │ │ │ │бөлмөлөрдүн саны _____________│├─┼──────┼──────┼────┼────┼────┼────┼─────┤ │турак аянты _____________ кв.м││ │ │ │ │ │ │ │ │ │2. Үйдүн таандыктыгы, │├─┼──────┼──────┼────┼────┼────┼────┼─────┤ │колдонууга берилген жылы _____││ │ │ │ │ │ │ │ │ │______________________________│├─┼──────┼──────┼────┼────┼────┼────┼─────┤ │______________________________││ │ │ │ │ │ │ │ │ │Үй башкармасы ________________│├─┼──────┼──────┼────┼────┼────┼────┼─────┤ │______________________________││ │ │ │ │ │ │ │ │ │3. Турак жайдын кыскача │├─┼──────┼──────┼────┼────┼────┼────┼─────┤ │мүнөздөмөсү __________________││ │ │ │ │ │ │ │ │ │______________________________│├─┼──────┼──────┼────┼────┼────┼────┼─────┤ │______________________________││ │ │ │ │ │ │ │ │ │______________________________│├─┼──────┼──────┼────┼────┼────┼────┼─────┤ │ ││ │ │ │ │ │ │ │ │ │Начальник │├─┼──────┼──────┼────┼────┼────┼────┼─────┤ │_________________ ││ │ │ │ │ │ │ │ │ │_________________ │├─┼──────┼──────┼────┼────┼────┼────┼─────┤ │_________________ __________││ │ │ │ │ │ │ │ │ │кызматы, наамы колу │└─┴──────┴──────┴────┴────┴────┴────┴─────┤ │ │ │ │М.О. 20__-ж "____" ______ │ │ └──────────────────────────────┴──────────────────────────────────────────┘
5-тиркеме
Жашоо шартын текшерүү АКТЫ
_____________________________________________ курамындагы комиссия _____________________________________________________ бажы органдарында _____________________________________________ кызматында кызмат өтөгөн, ___________________ көчөсүнүн № ___ үйүнүн № ____ квартирасында жашаган _______________________________________________________________________ (атайын наамы) _________________________________________________ жашоо шартын текшерди (фамилиясы, аты-жөнү) жана төмөнкүлөрдү белгиледи:
1. Үйдүн (квартиранын) ээси ______________________________________ _______________________________________________________________________ 2. Үй-бүлө курамы: ┌─────┬─────────────────┬──────────────┬─────────────┬────────────────┐ │Катар│ Ф. аты-жөнү │Туугандык жайы│ Туулган жылы│ Иштеген жери │ │ № │ │ │ │ жана кызматы │ ├─────┼─────────────────┼──────────────┼─────────────┼────────────────┤ ├─────┼─────────────────┼──────────────┼─────────────┼────────────────┤ ├─────┼─────────────────┼──────────────┼─────────────┼────────────────┤ └─────┴─────────────────┴──────────────┴─────────────┴────────────────┘ Эскертүү: Эгер үй-бүлөсү өзүнчө жашаса, кайда жашаганы жана кандай турак аянт ээлегени көрсөтүлөт. _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ 3. Ээлеген аянтынын өлчөмү _______________________________________ _______________________________________________________________________ 4. Үйдөгү (квартирадагы) бөлмөлөрдүн саны ________________________ _______________________________________________________________________ 5. Квартиранын (үйдүн) ыңгайлуулугу, газ, суу, канализация, жылуулук, ванна, лифт, телефон ж.б. (жогунун асты сызылат) 6. Комиссиянын корутундусу: ______________________________________ _______________________________________________________________________ Комиссия мүчөлөрүнүн колу _______________ (колу) _______________ (колу) _______________ (колу)
М.О.
Арыз ээсинин колу _________________ _______________ (колу)
6-тиркеме
Кызматтык турак жайды пайдалануу КЕЛИШИМИ № ____
Бишкек ш. 20_-ж. "___" __________
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын атынан чыгып жаткан, ______________________________________________ негизинде иштеген, мындан ары "Өкүл" деп аталган ______________________ _______________________________________________________________________ кызматы, Ф.аты-жөнү. бир тараптан, жана мындан ары "Пайдалануучу" деп аталган, паспортунун _ ___________________ берилгени ИИМ ______________ 20__-ж., "___" _______ _____________________________________________________ дарегинде жашаган _______________________________________________________________________ (бажы кызматынын кызматкери (жумушчусу) атайын наамы, _______________________________________________________________________ кызматы, Ф.А.Ж.) экинчи тараптан, төмөнкүлөр тууралуу келишим түздү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Өкүл Пайдалануучуга ал ______________________________________ (мекеменин аталышы) кызмат өтөгөн (иштеген) убакыттын аралыгына, убактылуу колдонууга, ____ ______ бөлмөдөн турган, турак аянты _ кв.м болгон _ көчөсүндөгү № _____ үйдүн № ____ квартирасын убактылуу колдонууга берет. 1.2. Кызматтык турак жай Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөгөнүнө (иштегенине) байланыштуу берилет. 1.3. Пайдалануучу менен бирге кызматтык турак жайга анын төмөнкү үй-бүлө мүчөлөрү жашайт: 1) ______________________________________________________________; (Жалдоочунун үй-бүлө мүчөсүнүн фамилиясы, аты-жөнү жана туугандык даражасы) 2) ______________________________________________________________; 3) ______________________________________________________________.
2. Пайдалануучунун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
2.1. Пайдалануучу төмөнкүлөргө укуктуу: а) турак жайды жашоо үчүн колдонууга, анын ичинде үй-бүлө мүчөлөрү менен; б) көп кабаттуу үйдөгү жалпы мүлктү пайдаланууга; в) каалаган учурда ушул Келишимди бузууга. 2.2. Пайдалануучу төмөнкүлөргө милдеттүү: а) турак жайды жасалгалоо иштерин өз эсебинен 20__-жылдын "______" ___________ чейин жүргүзүүгө; б) кызматтык турак жайды ушул Келишимге ылайык өз максатында пайдаланууга; в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 191 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Турак үйлөрдү жана үй жанындагы жер участокторун пайдалануу жана кармоонун типтүү эрежелерин үйдүн жашоочулары менен бирге сактоого; г) кызматтык турак жайдын сакталышын камсыз кылууга; д) кызматтык турак жайды тийиштүү абалда кармоого, кызматтык турак жайды өз каалоосунча өзгөртүп курууга же өзгөртүп пландоого болбойт; е) квартираны өз эсебинен күтүүгө, оңдоого, тейлөөгө, ошондой эле квартираны, үйдү, анын ичинде көп кабаттуу үйдөгү жалпы мүлктү иштетүүгө байланышкан коммуналдык жана башка тейлөөлөрдүн акысын төлөөгө; ж) алдын ала макулдашылган убакытта кызматтык турак жайга Өкүлдү, ТЖТКнын мүчөлөрүн турак жайдын техникалык абалын, анын ичиндеги санитардык-техникалык жана башка жабдыктын абалын көрүү, ошондой эле турак жайдын максаттуу жана рационалдуу пайдаланышын текшерүү үчүн киргизүүгө; з) кызматтык турак жайдын же андагы санитардык-техникалык жана башка жабдыктын бузулганы табылган учурда тезинен аларды жоюу боюнча мүмкүн болгон чараларды көрүүгө; и) кошуналардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону, өрт коопсуздугунун, санитардык-гигиеналык, экологиялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка талаптарын сактоону эске алуу менен кызматтык турак жайды пайдаланууга; к) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда, кызматтык турак жайды _______ айдын аралыгында бошотуп, аны Өкүлгө тийиштүү абалда өткөрүүгө, коммуналдык жана квартираны пайдаланууга байланышкан башка төлөмдөрдү төлөөгө. 2.3. Пайдалануучунун жана анын үй-бөлө мүчөлөрүнүн убактылуу жок болуусу ушул Келишим боюнча алардын укуктарынын жана милдеттеринин өзгөрүүсүнө алып келбейт. 2.4. Пайдалануучу кызматтык турак жайды алмашууга, ошондой эле кошумча жалдоого берүүгө, коммерциялык максаттарда пайдаланууга укугу жок. 2.5. Пайдалануучунун үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Пайдалануучу менен бирдей жооптуу болушат.
3. Өкүлдүн укуктары жана милдеттери
3.1. Өкүл төмөнкүлөргө укуктуу: а) коммуналдык тейлөө үчүн төлөмдөрдү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган башка төлөмдөрдү өз убагында төгүүнү талап кылууга; б) Пайдалануучу ушул Келишимдин 2.2-пунктундагы шарттарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган же аткарбаган учурда ушул Келишимди бузууну талап кылууга. 3.2. Өкүл төмөнкүлөргө милдеттүү: а) кызматтык турак жайды Пайдалануучуга анын турак жайды ыңгайлаштырып жасоо иштерине жумшаган акча каражатын кайра төлөп бербестен берүүгө; б) тургундар менен бирге турак үйдү анын ичиндеги жалпы колдонулуучу санитардык-техникалык жана башка жабдыктары менен кошо кышында иштетүүгө өз убагында даярдоого катышууга; г) Пайдалануучудан кызматтык турак жайды ушул Келишимдин 2.2-пунктунун "к" пунктчасында каралган шарттарды сактоо менен өткөрүп алууга.
4. Келишимди бузуу жана колдонууну токтотуу
4.1. Бул Келишим каалаган убакта тараптардын макулдашуусу боюнча бузулушу мүмкүн. 4.2. Бул Келишим төмөнкү учурларда бузулушу мүмкүн: а) кызматтык турак жайды максатсыз пайдалануу; б) келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн аяктоосу; в) тараптардын макулдугу боюнча; г) Пайдалануучу өз каалоосу менен кызматтык турак жайдан баш тарткан учурда; д) Тараптар келишимдин шарттарын аткарбаганда; е) Пайдалануучу коммуналдык тейлөө үчүн жана квартираны пайдаланууга байланышкан башка төлөмдөрдү 6 ай бою төлөбөй койгондо; е) Пайдалануучу же анын үй-бүлө мүчөлөрү кызматтык турак жайды бузганда же бүлүндүргөндө; ж) кошуналардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын дайыма бузганда; з) Пайдалануучу кызматтык турак жайда алты ай бою жашабаса; и) соттун чечими боюнча; й) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда. 4.3. Ошондой эле, бул Келишим кызматтык турак жайдын бузулушуна, кызматтык, ведомстволук турак жай статусунан ажырашына байланыштуу токтотулат. 4.4. Келишим ушул Келишимдин 4.2 жана 4.3-пункттарында каралган негиздер боюнча бузулганда же колдонуу токтотулганда, Пайдалануучу жана анын үй-бүлө мүчөлөрү ушул Келишимдин 2.2-пунктунун "к" пунктчасында белгиленген мөөнөттө кызматтык турак жайды бошотушат.
5. Корутунду жоболор
5.1. Тараптардын бири дагы экинчи Тараптын жазуу түрүндөгү макулдугусуз ушул Келишим боюнча укуктарын жана милдеттерин башкаларга өткөрүп берүүгө укуксуз. 5.2. Бул Келишим боюнча болгон бардык талаштар сүйлөшүү жолу менен чечилет. Талаштарды сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн болбосо, талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет. 5.3. Келишим кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана 20___-жылдын "_____" _____________ чейин колдонулат. 5.4. Бул Келишимдин колдонуу мөөнөтү ага кол коюлгандан тартып бир календардык жылды түзөт. Эгер Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 1 (бир) ай калганда Тараптардын эч кимиси аны токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө кайрылбаса, Келишим автоматтык түрдө кийинки жылга узартылды деп эсептелет. Ушул эле тартип кийин дагы колдонула берет. 5.5. Бул Келишимге өзгөртүүлөр, толуктоолор жана тактоолор жазуу түрүндө таризделген жана эки Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тийиштүү түрдө кол коюшкан учурда гана жарактуу деп эсептелет жана ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болушат. 5.6. Бул Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ 2 нускада түзүлдү, анын бири "Өкүлдө", экинчиси "Пайдалануучуда" болот.
6. Тараптардын дареги жана колу:
Өкүл Пайдалануучу __________________________ __________________________ __________________________ __________________________ __________________________ __________________________
|
|