Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №367 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында 2011-2015-жылдарга асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн УЛУТТУК СТРАТЕГИЯСЫ
Кириш сөз
Учурдагы абал
Мал чарбасы
Мал чарбасынын 1990 жана 2010-жылдардагы абалы
Кой жана эчки багуу
Кой жана эчки багуунун 1990 жана 2010-жылдардагы АБАЛЫ
Жылкы багуу
Топоз багуу
Чочко багуу
Канаттууларды багуу
Канаттуулардын санын жана канаттуулар азыктарын өндүрүүнүн
1990 жылы жана 2010-жылдардагы абалы
Улуттук стратегиянын максаты жана милдеттери
Асыл-тукум мал чарбачылыгынын көйгөйлөрүн чечүү жолдору
Улуттук стратегияны ишке ашыруу механизми
Мониторинг, баалоо жана аны жүргүзүү процесси
2011-2015-жылдарга индикаторлор жана болжолдуу маанилери
Ченемдик-укуктук актылар менен камсыздоо
Илимий-инновациялык иштер
Тоют өндүрүү
Уйларды жасалма жол менен уруктандыруунун экономикалык
натыйжалуулугу
Каржылык камсыздоо
Улуттук стратегияны ишке ашыруудагы тобокелдиктер жана коркунучтар
Улуттук стратегияны ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар
1-тиркеме. Асыл-тукум иштерине мамлекеттик колдоонун
жетишсиздигинен жыл сайын келип чыгуучу тобокелдиктер
менен коркунучтар
2-тиркеме. Каржылык камсыздоо, Улуттук стратегиянын
катышуучуларынын чыгымдарын түзүү жана бөлүштүрүү
Мал чарбасы Кыргыз Республикасындагы айыл чарбасынын бирден бир алдыңкы тармагы жана агроөнөр-жай комплексинин негизги бөлүгү болуп эсептелет. Республиканын жаратылыш климаттык шарттары мал чарбасынын бардык тармактарын өнүктүрүүгө жана арзан, экологиялык жактан таза азыктарды өндүрүүгө өбөлгө түзөт.
Республиканын өзүнүн селекциясынан чыккан жергиликтүү жаратылыш климаттык шарттарга жакшы ыңгайланып, көнгөн айыл чарба малдары багылат, алар:
- кыргыз уяң жүндүү, кыргыз тоо мериносу, тянь-шань жарым уяң жүндүү, алай жарым кылчык жүндүү, айкол эт-май багытындагы койлор;
- алатоо жана олуяата мүйүздүү ири малы;
- жаңы кыргыз жылкылары;
- кыргыздын жүндүү жана кыргыздын тыбыт жүндүү эчкилери;
- канаттуулардын кыргыз породасы.
Ушундай дараметтүү мүмкүнчүлүктөр болгону менен асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө жолтоо болуп жаткан бир кыйла көйгөйлөр бар.
Малдын башы туруктуу көбөйүп жатат, бирок породалык малдын салыштырма салмагы өтө төмөн.
Системасыз аргындаштыруунун натыйжасында айыл чарба малынын сапаттык курамы жана генетикалык дарамети кыйла төмөндөп, азыктуулугуна терс таасирин тийгизди.
Асыл-тукум ишин көтөрүүдө, малдын генетикалык дараметин сактоодо жана өркүндөтүүдө, товардык чарбаларды асыл-тукум материалдар менен камсыздоодогу орчундуу орун мал чарбасындагы Селекциялык асыл-тукум иштерин уюштуруу жана координациялоо боюнча борборго тиешелүү.
Кыргыз Республикасында асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын (мындан ары - Улуттук стратегия) иштеп чыгуу жана анын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо керек.
Акыркы жылдары мал чарба азыктарын өндүрүүдө өсүүнүн тенденциясы жана айыл чарба малынын санынын өсүүсүнүн туруктуу көбөйүшү байкалууда.
Майда товардык өндүрүш, чарбалык субъектилердин начар материалдык-техникалык жана тоют базасы, системалуу селекциялык-асыл-тукум иштеринин жоктугу айыл чарба малынын сапаттык курамынын начарлоосуна жана баалуу генетикалык дараметти жоготууга алып келди.
2010-жылы өлкөдө бир уйдан саалып алынган сүт орточо 2037 кг., жүн кыркуу бир койдон - 2,6 кг түзүп, бир тооктон - 116 даана жумуртка алынды. Ал эми 1990-жылы тиешелүү түрдө - 3070 кг., 3,3 кг. жана 219 даана болгон.
Жалпы мал чарбасын өнүктүрүүнүн негизи болуп эсептелген, асыл-тукум мал чарбасы учурда өспөс абалында турат жана учурдун талаптарына жооп бербейт.
Акыркы жылдары фермердик чарбалар финансылык каражаттын жетишпегендигинен асыл-тукум малдарды сатып ала албай жатышат, себеби аларды багуу киреше алып келбей калды. Асыл-тукум продукциясын сатып өткөрүү баалары аны өндүргөн наркын жаппайт. Асыл-тукум малдын саны азайып, асыл-тукумдаштыруу иши токтоп калды, бул асыл-тукум иштеринин эсебин жүргүзүүнүн токтошуна алып келди, малды тоюттандыруудагы жана багуудагы зоотехникалык ченемдер бузулду. Айрым асыл-тукум заводдору иштебей калышты, калгандары өздөрүнүн ата мекендик селекция борбору катары багытын жоготуп жатышат.
Ушундай эле абал айыл чарба малдарын жасалма жол менен уруктандыруу станцияларында да түзүлгөн, алар жогорку сапаттагы баалуу генетикалык материалдын булагы жана жеткирүүчүлөрү, эл аралык деңгээлдеги генетикалык ресурстардын ээси болуп эсептелүүчү.
Акыркы жылдары системасыз жана туура эмес кыйыштыруу колдонулуп, ар түрдүү аргындашкан, породасыз мал көбөйүп кетти. Селекциялык-асыл-тукум иштерин уюштуруу жана координациялоо боюнча бирдиктүү асыл-тукум борборлорунун, жасалма жол менен уруктандыруу станцияларынын жоктугу малдын генетикалык дараметин сактоого гана терс таасирин тийгизбестен, жугуштуу ылаңдардын көбөйүүсүнө алып келип, асыл-тукум малдарынын азыктуулугунун деңгээлин төмөндөтүп, жүн, эт, сүт жана жумуртканы өндүрүүнү азайтты.
Породалуу малдын салыштырма салмагы 1990-жылдан 2010-жылга чейин 99,0 проценттен 10,0 процентке төмөндөгөн. Асыл-тукум жана айыл-чарба малдарын жасалма уруктандыруучу станциялар өзүнөн-өзү жоюлуп, баданы жакшыртуучу баалуу букалар дээрлик пайдаланылбай калды.
Малдын породалык, генетикалык жана өндүрүмдүүлүк сапатын өркүндөтүү боюнча иштерди жөнгө салуу жана контролдоочу мамлекеттик система бузулуп, селекциялык иштер токтоп, тоют базасы начарлады, толук кандуу тоют менен камсыздоо жок болуп калды.
Республиканын асыл-тукум мал чарбачылыгын жүргүзүүнүн алдыңкы методдору жөнүндө калктын маалыматы жок, асыл-тукум мал чарбачылыгынын генетикалык дараметин сактоого жана өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо болбой, малдын породалык жана жогорку өндүрүмдүү түрлөрүн, породаларын чыгарууга же жакшыртууга окумуштуу-селекционерлердин материалдык кызыкчылыктары жоголду. Жогорку билимдүү зоотехникалык кадрларды даярдоо токтоду. Товардык чарбаларда зоотехникалык иштер жүргүзүлбөй калды.
Асыл-тукум чарбаларынын материалдык-техникалык базасы карыздарынын айынан начарлады. Айыл-чарба техникалары жаңыланбастан, алынган продукцияларды сатуудан түшкөн каражаттардын бардыгы 1992-жылдан бери топтолгон карыздарды төлөөгө жумшалууда.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан республиканын асыл-тукум чарбаларынын айдоо жерлерин негизсиз түрдө тартып алуусу тоют базасын жетишээрлик жана толук түрдө топтоого тиешелүү себилүүчү аянттардын кескин кыскарышына алып келди.
Токсонунчу жылдарда кыргыздын уяң жүндүү койлорун көбөйтүү менен иштеген "Оргочор" мамлекеттик асыл-тукум заводуна мурун 50,0 миң га айыл-чарба жерлери, анын ичинен айдоо жерлер - 3,5 миң га жана жайыттар - 46,8 миң га бекитилип берилген.
Азыркы мезгилде "Оргочор" мамлекеттик асыл-тукум заводунун карамагында 366 га айыл-чарба жерлери, анын ичинде 100 га айдоо жана 266 га жайыты гана калган, бул болсо асыл-тукум малдарды кармап жана тоюттандыруу үчүн жетишсиз.
"Сокулук", Стрельников атындагы, М.Лущихин атындагы мамлекеттик асыл-тукум заводдорунун жайыт жерлери жок, айдоо жерлери аз санда эле калган. Мындай көрүнүш мамлекеттик бардык асыл-тукум заводдорунда орун алган.
Агрардык илимге, асыл-тукум малдардын генетикалык деңгээлин сактап калууга мамлекеттик инвестициялоонун азайышы илимий-техникалык иштелмелердин көлөмүнүн жана аткарылган иштердин салатынын олуттуу начарланышына алып келди. Агрардык багыттагы илимий программалардын жетишээрлик деңгээлде каржыланбагандыгынан, бүткөрүлгөн илимий-техникалык иштелмелер өндүрүшкө жайылтылбайт. Акыркы жылдарда республиканын бюджетинин каражаттарынан каржылоо "Айлык акы" жана "Социалдык фондго которуу" беренелери боюнча гана жүргүзүлүүдө. Иш сапарга, унаа чыгымдарына, керектүү зарыл жабдууларды, приборлорду, чыгымдоо материалдарын алуу республикалык бюджеттик каражаттардан каржыланбагандыгы коюлган тапшырманы аткарууда олуттуу кыйынчылыктарды жаратууда.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин Кыргыз мал чарбачылыгы жана жайыт илимий-изилдөө институтунун материалдык-техникалык базасы физикалык жана моралдык жактан эскирди. Жылдык каржылоо керектөөнүн 20-25 пайызын гана түзөт. Каржы каражаттарынын жоктугу, илимий кызматкерлердин айлык акыларынын аздыгы, аспирантуранын жабылуусу, илимдин беделинин түшүшүнө алып келди. Азыркы күндө, илимдин докторлорунун орточо жашы - 69, илимдин кандидаттарыныкы - 59 жашты түзөт.
Республикада мүйүздүү ири малдын санынын көбөйүшүнө карабастан, акыркы жылдарда асыл-тукум малдардын салыштырма салмагы жалпы малдын башынын 1,1 пайызын түзүп, уйлардын сүттүүлүгүнө таасирин тийгизип 2037-2100 кг болду. Бул төмөнкү таблицада көрсөтүлдү:
┌─────────────────────────┬────────────────────────────┬───────────────┐
│ 1990 жыл │ 2010 жыл │ Бир уйдан │
│ │ │ саалган │
│ │ │орточо сүт, кг │
├──────┬─────────┬────────┼──────┬─────────┬───────────┼───────┬───────┤
│Жалпы │ Анын │ Асыл- │Жалпы │ Анын │Асыл-тукум │1990- │ 2010- │
│ МИМ, │ ичинен │ тукум │МИМ, │ ичинен │малдын │жыл │ жыл │
│ мин │ асыл- │ малдын │миң │ асыл- │салыштырма │ │ │
│ баш │ тукум │ салыш- │баш │ тукум │салмагы,% │ │ │
│ │ мал, миң│ тырма │ │ мал, │ │ │ │
│ │ баш │салмагы,│ │ миң │ │ │ │
│ │ │ % │ │ баш │ │ │ │
├──────┼─────────┼────────┼──────┼─────────┼───────────┼───────┼───────┤
│1205,2│ 55,0 │ 4,6 │1278,0│ 13,5 │ 1,1 │ 3070 │ 2037 │
└──────┴─────────┴────────┴──────┴─────────┴───────────┴───────┴───────┘
Мал чарбачылыгындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн:
- биотехнологиялык, селекциялык жана асыл-тукум иштеринин заманбап ыкмаларын жайылтуу;
- малдардын породалуулугун, генетикалык жана азыктык баалуулугун жогорулатуу;
- сүттүүлүгү 6,0 миң килограммдан ашкан, майлуулугу 3,8 пайыздан кемибеген жогорку азыктуу уйларды жана баданы жакшыртуучу мыкты букаларды тандап алуу жана көбөйтүү;
- жергиликтүү тоют жана жайыт шарттарын эске алуу менен сүт мал чарбасын өнүктүрүү;
- мыкты дүйнөлүк генетикалык ресурстарды пайдалануу менен малдын адистештирилген эт породасын түзүү;
- Кыргыз мал чарбасы жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун биотехнология, генетика жана малды көбөйтүү лабораториясынын базасында Селекциялык-асыл-тукум иштерин координациялоо жана уюштуруу борборун түзүү керек.
Акыркы 15-17 жылда койлордун башы азайганына байланыштуу генетикалык ресурстар да азайды. Республикадагы койлордун жалпы башына эсептегенде кыргыздын уяң жүндүү породасындагы койлордун саны 5-7 пайыздан ашпай калды. Ушундай эле көрүнүш тянь-шань жарым уяң жүндүү породасы менен болду.
Азыркы күндө республика уникалдуу, бийик тоого ылайыкталган, тез жетилүүчү, килем жүндүү койлордун алай породасын жоготту.
Ошол эле убакта ар түрдүү аргындашкан жана жергиликтүү кылчык жүндүү койлордун саны көбөйүп, алардын жүндөрү кээде өрттөлүп жоготулат.
1990 - жылы республикада 10,0 млн. кой жана эчки болуп, алардын 550,0 миң башы асыл-тукум болгон.
┌────────────────────────────────────┬─────────────────────────────────┐
│ Жылдар │ Азыктуулугу │
├──────────────────┬─────────────────┼─────────────┬───────────────────┤
│ 1990 │ 2010 │ Кой │ Эчки багуу │
│ │ │ багуу │ │
├──────┬─────┬─────┼──────┬────┬─────┼─────────────┼─────────┬─────────┤
│жалпы │а.и. │асыл-│жалпы │а.и │асыл-│ орто- │ орто- │орто- │
│баш, │асыл-│тукум│баш, │асыл│тукум│ чо │ чо │чо │
│миң │тукум│мал- │миң │ту- │мал- │ жүн │ тыбыт │тыбыт │
│ │миң │дын │ │кум,│дын │ кыр- │ кыр- │алуу, │
│ │баш │салы-│ │миң │салы-│ куу, │ куу, │кг │
│ │ │штыр-│ │баш │штыр-│ кг │ кг │ │
│ │ │ма │ │ │ма ├──────┬──────┼────┬────┼────┬────┤
│ │ │ │ │ │ │ 1990│ 2010 │1990│2010│1990│2010│
│ │ │ │ │ │ │ жыл │ жыл │жыл │жыл │жыл │жыл │
├──────┼─────┼─────┼──────┼────┼─────┼──────┼──────┼────┼────┼────┼────┤
│9972,5│550,5│ 5,5 │4815,6│50,8│ 1,1 │ 3,3 │ 2,6 │ 1,1│ 1,0│0,35│0,3 │
└──────┴─────┴─────┴──────┴────┴─────┴──────┴──────┴────┴────┴────┴────┘
Өткөөл мезгилдин шартында асыл-тукум кой багуучулук бир катар терс өзгөрүүлөргө дуушар болду, бул болсо койлордун санынын азайышына, породалык түзүмүн кескин начарлашына жана азыктуулугунун төмөндөп кетүүсүнө таасир берди.
Келечекте республикада кой багуу эки:
- жүн;
- эт багытында өнүгүшү керек.
Кой багуунун жүн багыты (кыргыздын уяң жүндүү, кыргыз тоо мериносу, тянь-шань жарым уяң жүндүү) кой жана эчкинин санын 6,5-7,0 миллионго көбөйтүп, алардын породалык түзүмүн жакшыртуу менен республиканын жеңил өнөр-жайын чийки зат менен камсыздап, экспорттолуучу азык-түлүктөрдүн негизги бир багыты болуп калышы керек.
Уяң жүндүү кой багытындагы селекциялык асыл-тукум иштер жүн кыркууну жогорулатуу жана технологиялык сапаттарын жакшыртуу, тирүүлөй салмагын көбөйтүп, өз төлүнүн эсебинен көбөйүү жөндөмдүүлүктөрүн жакшыртууга багытталат.
Кой багуунун эт багыты койлордун эрте жетилген, чыдамдуу жана экономикалык жактан кирешелүү эт-май породаларынын эсебинен өнүгөт ("Айкөл", жергиликтүү аборигендер).
Эт кой чарбачылыгындагы селекциялык иштер тирүүлөй салмакты көбөйтүү, эттин сапатын жакшыртуу жана жаш малдарды тез өстүрүү (бордоо) багытында өнүгөт.
Кой багуу менен катар эле эчки багууну да өнүктүрүү зарыл. Республиканын ата-мекендик эчкилеринин породаларынан: кыргыздын тыбыттуу, кыргыздын жүндүү жана сүт берүүчү типтери да өстүрүлөт.
Эчки багуу республиканын түштүк аймагында салттуу түрдө өнүккөн, мындан ары Ысык-Көл жана Нарын облустарында да жайылтылмакчы.
Кыргыз эчкилеринин селекциясынын багыты продукциянын экспорттук деңгээлин түзүүчү негизги элемент катары, могера-жүндүн жана тыбыттын технологиялык сапатын (ичкелиги, тегиздиги) жакшыртууга багытталат.
Жылкы багуу республиканын мал чарбачылыгында салттуу тармак болуп саналат. Азыркы убакта жылкылардын санынын өсүүсү байкалып спорттук жана азыктык жылкы багуучулук өнүгүп жатат.
Келечекте, жылкылардын породалык түзүмүн өркүндөтүүчү эң негизги орун эки алдыңкы мамлекеттик асыл-тукум жылкы заводдоруна "Талас", "Нарын" жана ошондой эле асыл-тукум жылкыларын көбөйтүү менен алектенишкен жеке фермердик, дыйкан чарбаларга берилет.
Жылкы багууну жайылтууга жана үгүттөө үчүн жыл сайын таза породалуу жана жогорку баадагы жылкы породаларьшын көргөзмө-аукциондорун өткөрүү зарыл.
Асыл-тукум жылкыларын көбөйтүү боюнча биргелешкен ишканаларды ачуу жана аларды эл аралык базарларга алып чыгуу максатында, бул тармака чет элдик инвесторлорду көбүрөөк тартуу талапка ылайык болот.
Бул маселеде эң башкы координациялоочу жана уюштуруучу орунду Республикалык улуттук ат спортунун түрлөрүнүн "Аргымак федерациясы", "Көк-Бөрү" федерациясы жана "Жылкы багуучулукта чабылуучу жана спорттун классикалык түрлөрүн өнүктүрүү, колдоо борбору" жоопкерчилиги чектелген коомдору ээлейт.
Жылкы багууну өнүктүрүүдө кымыз өндүрүүнү өнөр жайлык негизде көлөмүн жылына 3-4 миң тоннага чейин жеткирүү өркүндөөнүн кошумча булагын түзөт. Жылкылардын оптималдуу саны 400-500 миң башты түзүшү керек.
Келечекте топоз багууну өнүктүрүү артыкчылыктуу багытка ээ болот. Жакынкы он жылдыкта топоздун жалпы саны 60,0 миң башка жетип же 3,5 эсе көбөйтүлүшү керек. Арзан жана экологиялык таза эт алуу үчүн топоздорду багуу бийик тоолуу жайыттарда жүргүзүлүшү ылайык. Топоз багуучулардын кызыкчылыктарын жактап, селекциялык-асыл-тукум иштерин жүзөгө ашыруучу жана координациялоочу, топоз багууну өркүндөтүүчү борборду жандандыруу керек.
Топоз багууну өркүндөтүү максатында, бийик тоолуу, алыскы, жетүүгө оор региондордо туруктуу өнүгүүнү камсыздоо үчүн, жетүүгө оор болгон альпы жана субальпы жайыттык аймактарды сарамжалдуу пайдаланууга, жана ошондой эле өлкөнүн экономикасында экспорттук беренелердин көбөйүшү үчүн, чет элдик инвестицияларды жана ички резервдерди активдүү тартуу керек. Улуттук стратегияны ишке ашыруунун натыйжасында зкологиялык жактан таза 5,0-5,5 миң тонна топоз эти өндүрүлүп чыгарылат.
Чочко багуу мал чарбачылыгындагы ыкчам тармак катары өнөр-жайды чийки зат менен, калктын чочко этине болгон талаптарын камсыздоо менен бирге көлөмү жагынан да ийгиликтүү өнүгүшү керек.
Бүгүнкү шарттарда чочко эти сапаты боюнча эмес, сатып өткөрүү баасы жагынан атаандаштыкты көрсөтө албай калган азык. Чочко этин өндүрүп чыгаруунун көлөмүн өстүрүүчү негизги кыймылдаткыч күч болуп фермердик жана жааматтык ишканалар, акционердик коомдор, айыл-чарба кооперативдери, фермердик-дыйкан чарбалар жана башкалар болуп жатат. Анын ичинде негизги иш-чара катары асыл-тукум чочко багууну жандандырып, колдонуудагы чочко породаларынын генетикалык дареметин сактоо жана жакшыртуу боюнча селекциялык асыл-тукум иштеринин деңгээлин жогорулатып, ар түрдүү формадагы менчик адистештирилген чочко багуу ишканаларынын ишмердигине ыңгайлуу экономикалык шарттарды түзүп берүү керек.
2015-жылга карата чочконун жалпы саны 150,0 миң башты, чочко этин өндүрүү - 5,0-7,0 миң тоннаны түзүшү керек.
Канаттуулардын асыл-тукумдуулугун өнүктүрүүдө эң негизги максат жумуртка, эт-жумуртка жана эт багытындагы канаттуулардын өзүнүн генофондун түзүү болуп эсептелет.
Канаттууларды багуу өнөр-жайында кырдаал анчалык бийик деңгээлде эмес боюнча калууда, бул жагдай экономикалык байланыштын ажырымына, толук кандуу тоют айкалыштарын иштеп чыгууга кошулуучу бөлүктөрдүн жана кошулмалардын кескин азайышы менен байланышкан.
1990-жылы республикадагы канаттуулар өнөр-жай ишканалары тарабынан жылына 400 миллион даана жумуртка жана 20 миң тонна канаттуулар эти өндүрүлүп турган.
Республиканын бардык аймактарында канаттуулар өнөр-жай ишканалары, инкубатордук-канаттууларды багуучу станциялар иштеп, бардык облустарга канаттуулардын азык-түлүктөрүн сатууга жакшы мүмкүнчүлүктөр берилчү.
Азыркы мезгилде канаттуулар өнөр-жайы кыйроого учурады, түзүлгөн кырдаал бул тармактын оор каржылык-экономикалык абалынан келип чыкты.
┌────────────────────┬──────────────┬──────────────┬───────────────────┐
│ Көрсөткүчтөр │ 1990-жыл │ 2010-жыл │ 1990-жылга карата │
│ │ │ │ 2010-жылы % менен │
├────────────────────┼──────────────┼──────────────┼───────────────────┤
│Канаттуулардын саны,│ │ │ │
│млн. баш │ 13,9 │ 4,5 │ 46,7 │
├────────────────────┼──────────────┼──────────────┼───────────────────┤
│Жумуртка өндүрүү │ │ │ │
│млн. даана │ 744,0 │ 372,9 │ 50,1 │
├────────────────────┼──────────────┼──────────────┼───────────────────┤
│1 тооктун орточо │ │ │ │
│жумурткалоосу, │ │ │ │
│даана │ 219 │ 116 │ 52,2 │
├────────────────────┼──────────────┼──────────────┼───────────────────┤
│Эт өндүрүү, │ │ │ │
│миң тонна │ 21,4 │ 12,6 │ 59,0 │
└────────────────────┴──────────────┴──────────────┴───────────────────┘
Канаттуулардын саны 1990-жылдарга салыштырмалуу 9,4 миллион башка жана азыктуулук (бир тооктун орточо тукумдуулугу) дээрлик эки эсеге азайды.
Асыл-тукум канаттуулар чарбасын калыбына келтирүүдө активдүү орунга менчик субъектилер "Три-Т" жана "Брид" фермердик асыл-тукум заводдору ээ болду. Алар Россия менен Казакстандан асыл-тукум инкубациялык жумурткаларды жана бир күндүк жөжөлөрдү канаттуулар фабрикаларына алып келишкен жана канаттуулардын породаларын таратуучу негизги көбөйтүүчүлөр болуп эсептелишет.
Республикада канаттууларды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилген жана төмөнкү бир катар негизги маселелерди чечүү каралат:
- республиканын калкын экологиялык жактан таза жумуртка жана канаттуулардын эти менен камсыздоо;
- канаттуулардын санын жана канаттуулардын азыктарын өндүрүүнү көбөйтүү;
- тармакты техникалык жактан кайра жабдуу;
- азыктарды өндүрүү боюнча жеке секторду өнүктүрүү;
- кошумча иш орундарын түзүүгө байланышкан социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү.
Канаттуулар өнөр-жай ишканаларынын кошумча киреше булактарынын бири болуп кошумча өндүрүштү (канат, тыбыт, жумуртка күкүмү, органикалык жер семирткичтер ж.б.у.с.) уюштуруу болуп саналат.
Канаттууларды сойгондон кийинки техникалык калдыктарды (ичегилерин, канын) кайра иштетүү чийки протеиндин жана алмашуу энергиясынын бир булагы болуп эсептелген эт-сөөк унун өндүрүүнү жөнгө салууга мүмкүндүк берет.
Келечекте акырындык менен чет жерден сатып келүүнү кыскартып, ата-мекендик өндүрүштү колдоо жолу менен канаттуулар өнөр-жайынын өндүрүшүн көбөйтүү керек.
Мындан аркы канаттууларды багуудагы асыл-тукум иштери дүйнөлүк мыкты генотиптерди пайдалануу менен жумуртка жана тез өсүүчү эт багытын өнүктүрүүгө жумшалат.
Улуттук стратегиянын максаты болуп, республикада азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана кайра иштетип чыгаруучу өнөр-жайды жетишээрлик чийки зат менен камсыздоо үчүн асыл-тукум мал-чарбачылыгынын генетикалык деңгээлин сактоо жана өнүктүрүү болуп саналат.
Асыл-тукум мал-чарбачылыгынын генетикалык дараметин сактоо жана өнүктүрүүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- негизги мал-чарба азыктарын (эт, сүт, жумуртка, жүн) өндүрүүнүн туруктуу өнүгүүсү;
- мал чарбасынын зыянсыз азык-түлүктөрүн өндүрүү;
- асыл-тукум заводдорун максаттуу колдоо;
- айыл чарба малдарын жасалма жол менен уруктандыруу, селекциялык-асыл-тукум иштерин координациялоо жана уюштуруу боюнча борборду түзүү;
- дистрибютердик борборлорду лицензиялоо;
- жергиликтүү малдын азыктык сапатын жакшыртуу үчүн жогорку баалуу асыл-тукум жаш малдар менен республикадагы фермердик, дыйкан чарбаларды камсыздоо;
- илимдин жетишкендиктерин жана алдыңкы тажрыйбаларды иштеп чыгуу жана жайылтуу, малдардын учурдагы породаларын, типтерин жана тукумдарын өркүндөтүү жана жаңыларын чыгаруу, ошондой эле мал чарба азыктарын өндүрүүнүн натыйжалуу технологияларын өркүндөтүү;
- асыл-тукум чарбаларын мамлекеттик колдоону камсыздоо жана тикелей инвестицияларды тартуу;
- жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана тоют өндүрүшүн көбөйтүү, тоют өсүмдүктөрүнүн баштапкы үрөн өстүрүүчүлүк базасын түзүү;
- айылдарда кооперацияларды, интеграцияларды өнүктүрүү, айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн иштеринин сапатын жогорулатуу.
Келечекте асыл-тукум мал чарбачылыгын мамлекеттик башкаруу системасы Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба министрлиги тарабынан бирдиктүү мамлекеттик саясатты киргизүүнүн, чарбалык субъектилердин ишмердүүлүгүн координациялоонун негизинде курулат.
Айыл-чарба малын биотехнология, генетика жана көбөйтүү лабораториясынын базасында, Кыргыз мал чарбасы жана жайыттар илимий-изилдөө институту жана Кыргыз республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы мамлекеттик Асыл-тукум инспекциясы менен кызматташтыкта Селекциялык асыл-тукум иштерин уюштуруу жана координациялоо боюнча борборун түзүү керек.
Ар бир айыл округдарында жасалма жол менен уруктандыруучу кошумча пункттарды ачып, уруктандыруучу-техниктерди даярдоо боюнча курстарды уюштуруп, дистрибютердик борболорду милдеттүү түрдө лицензиялап жана мал чарбачылыгындагы инвазиялык жана жугуштуу ылаңдарды дарылоо боюнча лазердик нурлантууну жайылтуу зарыл.
Бул маанилүү өндүрүштүк-технологиялык комплекстин ишин калыбына келтирбей туруп, өлкөнүн мал чарбачылыгындагы асыл-тукум иштерин жөнгө салуу мүмкүн эмес.
Асыл-тукум мал чарбачылыгын мамлекеттик башкаруу, бардык заводдук породалар, малдардын типтери, топтору, тукумдары боюнча асыл-тукумдаштыруу ишинин так эсебин уюштуруу, асыл-тукум багытындагы айыл чарба малдарынын бирдиктүү мамлекеттик асыл-тукум китебин, нускамаларды жана жоболорду чыгаруу, асыл-тукум малдарынын азык-түлүктөрүн экспортоону жана импорттоону мамлекеттик жөнгө салуу, малдын социалдык мааниге ээ жугуштуу жана өтө коркунучтуу ылаңдарын жок кылуу, алдын ала дарылоо жолу менен жүргүзүлөт.
Малдарды жасалма жол менен уруктандыруу жана асыл-тукум иштеринин генетикалык дараметин сактоо жана өнүктүрүү үчүн натыйжалуу инвестициялоо системасын жайылтуу керек. Бул көйгөйдү чечүү үчүн түзүлүп жаткан Селекциялык - асыл-тукум иштерин уюштуруучу жана координациялоочу борборуна, америка селекциясындагы голштино-фриз караала малынын жана швиц породасындагы күрөң малынын урук материалын Америка Кошмо Штаттарынын Пенсильвания штатындагы "Taurus-service" фирмасынан ташып келүүнү уюштуруш керек. Аталган фирма менен урук материалын сатып алуу келишими түзүлгөндөн кийин, "Машинасыноо станциясы" ачык акционердик коом буканын 8 миң спермодозун 40 миң америка долларына сатып алууну пландоодо.
Республиканын асыл-тукум мал чарбачылыгындагы алдыңкы тажырыйбаларды жайылтуу максатында массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири түшүндүрүү жана жарнак иштерин жүргүзүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги донорлорду табат, Улуттук стратегияны аткарууну уюштурат, координациялайт, лицензиялайт, мыйзам долбоорлорун, мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгат.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун "Сокулук" мамлекеттик асыл-тукум заводу имарат бөлүп берип, тоют беренелеринин чыгымдарын каржылайт жана ветеринардык-алдын ала дарылоо иш-чараларын уюштурат. Облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, айыл өкмөтү Улуттук стратегияны ишке ашырууну камсыздоого катышат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан Улуттук стратегиянын жоболорун аткаруу үчүн, квартал сайын мониторинг жана аудит жүргүзүлүп турат. Ар бир жылдын жыйынтыгында жаңы түзүлүп жаткан Борбордун каржылык-чарбачылык иш-аракеттери, жасалма уруктандыруучу пункттардын иштеши жөнүндө отчету угулуп, тиешелүү корутундулар кабыл алынат.
Улуттук стратегиянын асыл-тукум мал чарбасына тийгизген таасиринин индикатору катары айыл-чарба малдарынын породалуулугунун жана асыл-тукумдуулук сапаттарынын 2010-жылдагы 10 пайыздан 2016-жылдары 50 пайызга жогорулашы болот, айыл-чарба малдарынын болжолдуу азыктуулук көрсөткүчтөрү жогорулайт.
┌──────────────────┬─────┬────────┬────────┬────────┬────────┬─────────┐
│Көрсөткүчтөр │Өлчөө│2011-жыл│2012-жыл│2013-жыл│2014-жыл│2015-жыл │
│ │бир- │ │ │ │ │ │
│ │диги │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼─────┼────────┼────────┼────────┼────────┼─────────┤
│Породалык │ % │ 15 │ 20 │ 30 │ 40 │ 50 │
│жана асыл- │ │ │ │ │ │ │
│тукум │ │ │ │ │ │ │
│сапаттарынын │ │ │ │ │ │ │
│жогорулоосу │ │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼─────┼────────┼────────┼────────┼────────┼─────────┤
│1 уйдан орточо сүт│ кг │ 2110 │ 2190 │ 2280 │ 2380 │ 2500 │
│саап алуу │ │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼─────┼────────┼────────┼────────┼────────┼─────────┤
│1 койдон орточо │ кг │ 2,9 │ 3,0 │ 3,0 │ 3,1 │ 3,1 │
│жүн кыркуу │ │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼─────┼────────┼────────┼────────┼────────┼─────────┤
│1 тооктун орточо │даа- │ 120 │ 125 │ 130 │ 140 │ 150 │
│жумурткалоосу │на │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
└──────────────────┴─────┴────────┴────────┴────────┴────────┴─────────┘
Асыл-тукум ишинде тармактык ченемдик-укуктук актыларды, асыл-тукум азыктарына стандарттарды, техникалык регламенттерди, мал чарбасындагы селекциялык жетишкендиктерди апробациялоо, жаңыча чарбалык шарттарды эске алуу менен малды бонитировкалоо боюнча нускамаларды, айыл чарба малынын генофондун сактоо жөнүндөгү мыйзамды иштеп чыгып, кабыл алуу зарыл.
Улуттук стратегияны ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды жетекчиликке алуу керек:
1. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 133 "Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгындагы асылдандыруу иштери жөнүндө" Мыйзамын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-январындагы №45 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2010-жылга чейин асыл-тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү концепциясын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 285 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылы аттестациядан жана кайра аттестациядан өткөн асыл-тукум заводдорунун жана фермаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө токтомун.
Асыл-тукум мал чарбачылыгындагы илимий-изилдөө иштери айыл-чарба малдарынын жана канаттууларынын атаандашууга жөндөмдүү породаларын, чалыш тукумдарын, тукумдарын, типтерин түзүүгө жогорку сапаттагы азык-түлүктөрдү өндүрүүнүн натыйжалуу технологияларын иштеп чыгууга багытталат.
Инновациялык иштер республикадагы илимий жана көлөмдүү илимий өндүрүштү өнүктүрүүнүн курамдык бөлүгү болот.
Илимий-инновациялык иштердин артыкчылыктарына венчурдук инвестиция системасын, илимий-изилдөө иштелмелерин ишке киргизүүнү башкаруу жана анын механизмдер системасын өркүндөтүүнүн жана заманбап маалымат түйүндөрүн куруунун эсебинен ички жана дүйнөлүк базарлардагы жогорку технологиялуу азыктардын түрлөрүн чыгаруу кирет.
Республиканын мал чарбачылыгындагы негизги илимий-техникалык дарамет Кыргыз мал чарбасы жана жайыттар илимий изилдөө институтунда топтолгон.
Окумуштуу-селекционерлер койдун жаңы жарым уяң жүндүү эт породаларын, мүйүздүү ири малдын адистештирилген эт жана сүт породасын, жылкынын эт породасын, эчкинин сүт породасын түзүүнү көбөйтүүнүн прогрессивдүү биотехнологиялык ыкмаларын колдонуу менен тездетүүсү зарыл.
Асыл-тукум малды багуунун, тоюттандыруунун жана өстүрүүнүн жаңы натыйжалуу технологиялары керек.
Илимий изилдөөчүлүк жана селекциялык-асыл-тукум иштерин тереңирээк жүргүзүү үчүн асыл-тукум заводдорунун базасында тажрыйбалык-эксперименттик же таяныч пункттарын уюштуруу зарыл.
Илимий изилдөө иштерин натыйжалуу жүргүзүү максатында агрардык илимди каржылоону, иш сапар жана унаа чыгымдарына каражаттарды көбөйтүү зарыл.
Илимий-инновациялык иштер жаатындагы колдоо төмөнкүлөргө багытталышы керек:
- аспирантурада жана докторантурада окутуу системасы аркылуу жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоону камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинде зоотехникалык факультетти калыбына келтирүүгө;
- малдын жаңы жогорку баалуу жана жогорку азыктуу породаларын, тукумдарын, түрлөрүн чыгаргандыгы үчүн бир ирет берилүүчү акчалай сыйлыктарды берүү менен окумуштуу-селекционерлердин жана өндүрүүчүлөрдүн иштерине өбөлгө түзүүгө, бул илимдин беделин калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.
Асыл-тукум мал чарбасын илимий камсыздоо максатында лабораториялык жабдуулар, электрондук-эсептөөчү техникалар жана байланыш каражаттары менен камсыздоо аркылуу Кыргыз мал чарбачылык жана жайыт илимий изилдөө институтунун материалдык-техникалык базасын олуттуу чыңдоо талап кылынат.
Республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүү максатында агрардык тармактын илимий-инновациялык ишин реалдуу өндүрүш секторунун керектөөлөрүн канааттандырууга багыттоо зарыл.
Асыл-тукум-мал чарбасынын генетикалык дараметин мындан ары өнүктүрүү жана сактоо, кесек, ширелүү, концентраттык тоюттарды толук даярдоону жана аларды сарамжалдуу пайдаланууну эске алуу менен тоют базасын чыңдоого, адистештирилген тоют өндүрүшүн калыбына келтирүүгө, байланыштуу болот.
Чарбаларда жергиликтүү шарттарга ылайыкташкан экономикалык жактан пайдалуу тоют өсүмдүктөрүн өндүрүүнү көбөйтүү керек, мында эмгек жана материалдык чыгымдарды азайтуу менен тоют аянттарынан көбүрөөк тоюттарды алуу жагын эсептөө зарыл.
Малга керектелүүчү тоюттар менен толук камсыздоо үчүн кесек, ширелүү жана жашыл тоюттарды көбөйтүүгө жетишүү зарыл.
Дыйканчылыктын маданиятын жогорулатуунун, агротехниканын алдыңкы үлгүлөрүн колдонуунун эсебинен сугат жана кайрак жерлерде: силостук жүгөрүнүн, көп жылдык чөптөрдүн, тамыры тоют өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн көбөйтүүгө болот.
Менчиктин кайсы түрүндө болбосун мал чарбасында тоюттун базасын түзүүнүн олуттуу шарты талаадан тоют өндүрүү жана табигый тоют жерлеринин кунардуулугун көтөрүү болуп саналат. Жайыттарга суу жеткирүү жана аларды сарамжалдуу пайдалануу иштерин аткаруу тоют талааларына экологиялык зыян келтирбестен түшүмдүүлүгүн сактап калууга мүмкүндүк берип, асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт, бул малдын азыктуулугун арттырып, мал чарба азыктарынын өздүк наркын арзандатуунун маанилүү каражаты болот.
Малдардын асыл-тукум топторун даярдалган кошумча тоюттар менен тоюттандырууда, вегетациялык мезгил ичинде жайыттарды пайдалануу малдын азык заттарга болгон керектөөлөрүн канаатандырат.
Асыл-тукум малдар үчүн концентрацияланган тоют тоюттук рациондун толук баалуулугун жөнгө салууда башкы мааниге ээ.
Бул маселени чечүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан асыл-тукум чарбалык субъектилерине келечектүү сугат айдоо жерлерин жана жайыттарды бөлүп, бекитип берүү жөнүндөгү чечимдер кабыл алынышы керек, бул тоют базасын толук көлөмдө камсыз кылуу менен асыл-тукум малдын башын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Төмөндө малдын түрлөрүнө жараша керектелүүчү жердин жана жайыттардын эсеби келтирилди:
мүйүздүү ири мал:
- чоң мал - 1 башка 1,0 га сугат айдоо жери жана 5,0 га жайыт;
- ар кандай жаштагы жаш мал - тиешелүү түрдө 0,5 га жана 2,5 га;
кой, эчкилер:
- 500 башка - 28,0 га сугат айдоо жерлери жана 100 га жайыт;
жылкылар:
- 1 башка - 1,0 га сугат айдоо жерлери жана 10 га жайыт;
топоз:
- 1 башка - 10 га жайыт жерлери;
чочко:
- 100 башка 23 га сугат айдоо жерлери;
канаттуулар:
- 1000 башка - 3 га сугат айдоо жерлери керектелет.
Республикада мүйүздүү ири малдын саны 1278070 башты түзөт, анын ичинен уй - 664294 баш, уруктандырылуучу кунаажындар - 159000 баш. Бардыгы болуп уруктандырууга 794490 миң баш тиешелүү.
1. Бир уруктандыруучу - техникке орто эсеп менен 1785 баш уй туура келет 1 жылга материалдык сарптоолор: 100 сом х 1785 = 1785 миң сом.
Уруктандыруучу техниктин кызмат акысын эсепке алганда бир башты уруктандыруу - 100 сом, мүйүздүү ири малдын бир башына 200 сом турат.
Бир айыл округунда уйлардын орточо саны 1785 баш болсо, уруктандыруудан алынган жылдык киреше 1785 х 200 = 356,6 миң сом болот. Уруктандыруучу техниктин орточо айлык акысы 8,0 миң сом х 12 ай = 96,0 миң сомду түзүп, салыктарды эсептебегенде, айыл округунун бир жасалма уруктандыруу пунктунун кирешеси 81,7 миң сом болуп, эки жылда өзүн-өзү актайт.
2. Табигый кууттан чыгаруу үчүн 794490 баш уйга 13241 миң баш бука талап кылынат. Бир буканы багуу үчүн 36,5 миң сом жумшалат. Ошентип чыгымдар 484,5 миллион сомду түзөт.
3. Жасалма жол менен уруктандырууда республика боюнча 794490 уй жана кунаажындарды камсыздоо үчүн 50 бука багуу жетиштүү.
Бир букадан жылына 20,0 миң спермадоз даярдалып, бир дозасы 30 сомдон айланса, киреше 600,0 миң сом болот.
50 букадан алынган киреше жылына 30,0 миң сомду түзөт.
Бир буканы багууга 36,5 миң сом жумшалса, 50 буканы багууга 1829,5 миң сом керектелет.
Жыйынтыгында уйларды жасалма жол менен уруктандыруунун экономикалык натыйжалуулугу жылына 28175,0 миң сомду түзөт.
(20,0 миң спермадоз х 30 сом = 600,0 миң сом х 50 баш = 30000,0 миң сом - 1829,5 миң сом).
Улуттук стратегия чет элдик жана ички донорлордун инвестициясына, жеке инвесторлордун салымына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөгүнө муктаж.
Улуттук стратегияны жүзөгө ашыруу, Селекциялык-асыл-тукум иштерин уюштуруу жана координациялоо боюнча борборду түзүү 2011-жылы 109422,5 миң сомду, ал эми 5 жылга - 287324,4 миң сомду талап кылат (2-тиркемеде).
Бул эсептин ичинен:
1. Мамлекеттин үлүшү, мурун салынган имарат жана курулуштардын наркы түрүндө 2011-жылга 19964,0 миң сомду, 5 жылга 99820,0 миң сомду түзөт.
2. Жеке ишкерлердин салымы 2011-жылы 5664,2 миң сомду, 5 жылга 19275,0 миң сомду түзөт.
а.и. 2011-жылда керектелүүчү каражат:
- асыл-тукум букаларын сатып алууга - 1600,0 миң сом;
- айлык акы - 1065,8 миң сом;
- электро энергиясы - 175,0 миң сом;
- транспорт чыгымдары - 1202,6 миң сом;
- 50 баш малды кармоо жайын оңдоо иштери - 1559,6 миң сом;
- байланыш акысы, кеңсе товарлары - 61,2 миң сом.
Жалпысынан жеке ишкерлердин - 5664,2 миң. сом салымы талап кылынат.
Ушул Улуттук стратегияны финансылык камсыздоодо негизги басым донорлук уюмдарга жасалган. 2011-жылга донорлордун каражаттарынын эсебинен 83336,0 миң сом суммасында, ал эми 5 жылга 164452,5 миң сом суммасында каржылоо болжонууда.
Алардын ичинен 2011-жылга чыгымдардын түрлөрү боюнча.
- жабдууларды жана атайын материалдарды алууга - 25104,0 миң сом;
- Асыл-тукум борбору үчүн айыл-чарба техникаларын алууга - 1426,0 миң сом;
- асыл-тукум заводдоруна, мамлекеттик асыл-тукум инспекциясына айыл-чарба техникаларын алууга - 38700,0 миң сом;
- уруктандыргыч-техниктерди окутууга жана квалификациясын жогорулатууга - 7264,0 мин. сом;
- калкты маалыматтык камсыздоого - 6702,5 миң сом;
- 2011 - жылы жалпы 267 жана 40 жасалма уруктандыруучу пункттарды түзүүгө чыгымдар - 4140,0 мин сом.
3. Улуттук стратегияга Кыргыз мал чарбасы жана жайыттар илимий изилдөө институтунун "Сокулук" асыл-тукум заводу 2011-жылы - 457,8 жана 5 жылда - 3776,9 миң сом өз үлүшүн кошот.
анын ичинен:
- тоют - 451,2 миң сом;
- ветеринардык-профилактикалык иш-чаралар - 6,6 миң сом.
Бардыгы 457,8 миң сом.
4. Пландалган каражаттарды бөлүүдөгү кыйынчылыктарды жеңилдетүү максатында, Улуттук стратегияда 2011-2015-жылдардагы өндүрүштүк процесстерди этап-этап менен баштоо каралган.
Асыл-тукум борборун кармоого ар жылдык чыгымдар төмөнкүнү түзөт:
2011-жылы - 6122,0 миң сом;
2012-жылы - 3076,5 миң сом;
2013-жылы - 3191,3 миң сом;
2014-жылы - 3731,0 миң сом;
2015-жылы - 4203,0 миң сом.
Бардыгы 20324,0 миң сом.
5. Улуттук стратегияны ишке ашырууда, бул стратегиялык тапшырманы чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, облустук, райондук администрациялардын, айыл округдарынын жана донор-инвесторлордун бирдиктүү иш-аракеттери эске алынат. Эсептөөлөр боюнча бир пункту түзүүнүн чыгымы 103,5 миң сомду түзөт. Республикада жасалма жол менен уруктандыруучу 267 пунктту түзүүгө 27634,5 миң сом чыгымдалат.
Буларды уюштуруу төмөнкү жылдарга болжонгон:
2011-жылы - 40 пункт - 4140,0 миң сом;
2012-жылы - 65 пункт - 7627,5 миң сом;
2013-жылы - 52 пункт - 5382,0 миң сом;
2014-жылы - 56 пункт - 5796,0 миң сом;
2015-жылы - 54 пункт - 5589,0 миң сом.
Каржылоо булагы - инвесторлор.
6. Улуттук стратегияда ошондой эле республиканын мамлекеттик асыл-тукум заводдору жана мамлекеттик асыл-тукум инспекциясы үчүн 38700,0 миң сомго айыл-чарба жана башка техникаларды сатып алууга керектелүүчү чыгымдар дагы эсепке алынган.
7. Түзүлүп жаткан Асыл-тукум борборуна техникаларды сатып алуу 1426,0 миң сом.
8. Улуттук стратегиянын экономикалык натыйжалуулугу 4 жылдан кийин 28175,0 миң сомду түзөт.
Асыл-тукум малдарынын жалпы бадалык түзүмүндө малдын санынын азайышы, ошондой эле материалдык-техникалык жана асыл-тукум субъектилеринин тоют базасынын алсыздыгы алардын породалык сапатынын начарлашына алып келип, келечекте малдардын азыктуулугунун төмөндөшүнө (тобокелдик) таасир берди. Бул өз кезегинде малдардын ата-мекендик породаларынын генофондунун жоголуу коркунучун туудурууда (коркунучтар).
Асыл-тукум малдарын, асыл-тукум материалдарын, (урук) алууга атайын имараттар (стандарттуу) менен жабдуулардын жоктугу, малдардын породалык, генетикалык жана азыктык сапатын өркүндөтүү боюнча контролдоо системасынын бузулушуна алып келди (тобокелдик).
Айыл округдарында селекциялык-асыл-тукум иштерине таасир берүүчү негизги таяныч катары, селекциялык-асыл тукум иштерин уюштуруу жана координациялоо боюнча борбору түзүлбөсө, республикалык масштабда бул иш-чараларды ишке ашыруу мүмкүн эмес.
Колдо болгон малдардын породасын сапаттык жактан жакшыртуунун негизги бир элементи бул, жасалма жол менен уруктандыруучу пункттарды уюштуруу болуп эсептелет. Ал эми кадрлардын жетишсиздиги (уруктандыргыч-техниктер) системасыз жана туура эмес аргындаштырылышына (тобокел), породасыз аргындашылган малдардын санынын көбөйүшүнө түрткү берип жатат (коркунуч). 1-тиркемеде республикада малдын үч түрү боюнча тери жана башкаларды эске албаганда төрт индикативдик көрсөткүч боюнча жоготуулардын маалыматы келтирилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү асыл-тукум мал чарбачылыгын максаттуу жана даректүү колдосо жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча комплекстүү чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында, мамлекет 4 жылдан кийин бул тармактан 28175,0 миң сом киреше ала алат, ал эми республиканын калкы керектүү тамак-аш менен камсыз болот.
Асыл-тукум мал чарбачылыгы тармагын модернизациялоо жана техникалык кайра жабдуу, селекциялык асыл-тукум иштерин жакшыртуу келечекте 2015-жылга карата асыл-тукум малдардын баалуу жана жогорку азыктуу санын 45-50 процентке көбөйтүп, асыл-тукум малдардын азыктарын экспортоону калыбына келтирип жана кайра жаралуусуна шарттарды түзөт. Келечекте ар бир айыл округунда малдарды жасалма жол менен уруктандыруучу жогорку сапаттагы малдын уруктары, керектүү шаймандар, приборлор жана материалдар менен камсыздалган пункттар уюштурулат.
Республикада өстүрүлүүчү малдын породасынын генетикалык сапаты инновациялык технологияларды пайдалануу жана жогорку деңгээлде селекциялык-асыл-тукум иштерин уюштуруу жолу менен жакшыртылат. Туруктуу өнүккөн мал чарбачылыгынын эсебинен өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу камсыздалат, 600 гө жакын жумушчу орундар түзүлүп, айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кирешелери жогорулайт. Бул болсо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна, мамлекеттин социалдык камсыздандыруу жана өлкөнүн бюджетине салыктык түшүүлөр боюнча кошумча камсыздандыруу төлөмдөрүн камсыз кылат.
1-тиркеме
┌───────────┬────────────────┬────────────────────────────────────────┬
│Малдын │1-январга │ Орточо │
│түрү │малдын башы │ │
│ │миң баш ├───────────┬─────────────┬──────────────┼
│ │ │ 1 айдан │ жүн │тукумдуулугу, │
│ │ │ сүт саап │ кыркуу │ даана │
│ │ │ алуу, кг │ │ │
│ ├────────┬───────┼─────┬─────┼──────┬──────┼───────┬──────┼
│ │ 1990 │ 2010 │1990 │ 2011│ 1990 │ 2010 │ 1990 │ 2010 │
├───────────┼────────┼───────┼─────┼─────┼──────┼──────┼───────┼──────┤
│ м и.м │ 1205,2 │ 1278 │ │ │ │ │ │ │
├───────────┼────────┼───────┼─────┼─────┼──────┼──────┼───────┼──────┼
│ А.и │ 506 │ 664,3 │3070 │2044 │ │ │ │ │
│ уйлар │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────┼────────┼───────┼─────┼─────┼──────┼──────┼───────┼──────┼
│Койлор а.и │ 9972,5 │4815,6 │ │ │ │ │ │ │
│туут койлор│ 5940,2 │3396,5 │ │ │ 3,3 │ 2,9 │ │ │
├───────────┼────────┼───────┼─────┼─────┼──────┼──────┼───────┼──────┼
│Жылкылар │ 312,6 │ 373 │ │ │ │ │ │ │
│а.и бээлер │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────┼────────┼───────┼─────┼─────┼──────┼──────┼───────┼──────┼
│Канаттуулар│ 13914 │4364,8 │ │ │ │ │ 219 │ 120 │
│а.и тукум- │ │3185,5 │ │ │ │ │ │ │
│доочу тоок-│ │ │ │ │ │ │ │ │
│тор │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────┼────────┼───────┼─────┼─────┼──────┼──────┼───────┼──────┼
│Бардыгы │ │ │ │ │ │ │ │ │
└───────────┴────────┴───────┴─────┴─────┴──────┴──────┴───────┴──────┴
┬────────────────────────────────────┬────────────────────────────────┐
│ Орточо баа │ Жоготуулар │
│ сом │ миллиард сом │
┼────────────────┬────────┬──────────┼───────┬──────┬───────────┬─────┤
│ 1 литр сүт │ жүн │ эт кг │ сүт │ эт │ жумуртка │ жүн │
│ сүт │ кг │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
┼────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────┼───────────┼─────┤
│ │ │ 150 │ │ 3,3 │ │ │
┼────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────┼───────────┼─────┤
│ 7 │ │ │ 4,7 │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
┼────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────┼───────────┼─────┤
│ │ 10.0 │ 160 │ │ │ │ 1,7 │
│ │ │ │ │ │ │ │
┼────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────┼───────────┼─────┤
│ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
┼────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────┼───────────┼─────┤
│ │ │ 120 │ │ 0,3 │ 3,3 │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │
┼────────────────┼────────┼──────────┼───────┼──────┼───────────┼─────┤
│ │ │ │ 4,7 │ 3,6 │ 3,3 │ 1,7 │
┴────────────────┴────────┴──────────┴───────┴──────┴───────────┴─────┘
Республикада бардыгы болуп жылдык жоготуулар 13,3 млрд сомду түзөт.
2-тиркеме
(миң сом)
┌─────────────────────────────┬───────────────────┬───────────────────┬
│ Түзүм │ Республикалык │ Жеке │
│ │ бюджеттин │ инвесторлордун │
│ │ каражаттары │ каражаттары │
├─────────────────────────────┼─────────┬─────────┼─────────┬─────────┼
│ │ 2011-ж │ 5 жылда │ 2011-ж │ 5 жылда │
├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼
│Асыл тукум букаларды сатып │ │ │ 1600,0 │ 4000,0 │
│алуу │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼
│Эмгек акы │ │ │ 1065,8 │ 5761,4 │
├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼
│Электр энергия │ │ │ 175,0 │ 1308,0 │
├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼
│Жол кире чыгымдары │ │ │ 1202,6 │ 6274,0 │
├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼
│50 орундуу малкананы │ │ │ 1559,6 │ 1599,6 │
│(Борборду)ремонттоо │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼
│Байланыш жана кеңсе товарлары│ │ │ 61,2 │ 266,0 │
├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼
│Имараттар жана курулмалар │19964,0 │ 99820,0 │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼
│267 жасалма уруктандыруу │ │ │ │ │
│пунктун түзүү │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼
│МАТЗ жана МАТИге техника алуу│ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼
│Түзүлүүчү Асыл-тукум │ │ │ │ │
│борборуна техника алуу │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼
│Жабдууларды сатып алуу │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼
│Адистерди окутуу │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼
│Калкты маалыматтык камсыздоо │ │ │ │ │
│(жарнама, көргөзмө) │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼
│Тоют │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼
│Ветеринардык иш-чаралар │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼
│Баары: │ 19964,0 │ 99820,0 │ 5664,2 │ 19275,0 │
└─────────────────────────────┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┴
┬───────────────────────┬─────────────────────┬───────────────────────┐
│ Чет өлкөлүк │ "Сокулук" │ Баары │
│ инвесторлор │ мамлекеттик асыл- │ │
│ │ тукум заводу │ │
┼──────────┬────────────┼──────────┬──────────┼───────────┬───────────┤
│ 2011-ж │ 5 жылда │ 2011-ж │ 5 жылда │ 2011-ж │ 5 жылда │
┼──────────┼────────────┼──────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ │ │ │ │ 16000,0 │ 4000,0 │
│ │ │ │ │ │ │
┼──────────┼────────────┼──────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ │ │ │ │ 1065,8 │ 5761,4 │
┼──────────┼────────────┼──────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ │ │ │ │ 175,0 │ 1308,0 │
┼──────────┼────────────┼──────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ │ │ │ │ 1202,6 │ 6274,0 │
┼──────────┼────────────┼──────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ │ │ │ │ 1559,6 │ 1599,6 │
│ │ │ │ │ │ │
┼──────────┼────────────┼──────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ │ │ │ │ 61,2 │ 266,0 │
┼──────────┼────────────┼──────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ │ │ │ │ 19964,0 │ 99820,0 │
┼──────────┼────────────┼──────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ 4140,0 │ 27634,5 │ │ │ 4140,0 │ 27634,5 │
│ │ │ │ │ │ │
┼──────────┼────────────┼──────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ 38700,0 │ 38700,0 │ │ │ 38700,0 │ 38700,0 │
┼──────────┼────────────┼──────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ 1426,0 │ 1426,0 │ │ │ 1426,0 │ 1426,0 │
│ │ │ │ │ │ │
┼──────────┼────────────┼──────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ 25104,0 │ 26860,0 │ │ │ 25104,0 │ 26860,0 │
┼──────────┼────────────┼──────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ 7264,0 │ 36320,0 │ │ │ 7264,0 │ 36320,0 │
┼──────────┼────────────┼──────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ 6702,5 │ 33512,5 │ │ │ 6702,5 │ 33512,5 │
│ │ │ │ │ │ │
┼──────────┼────────────┼──────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ │ │ 451,2 │ 3722,0 │ 451,2 │ 3722,0 │
┼──────────┼────────────┼──────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ │ │ 6,6 │ 54,5 │ 6,6 │ 54,5 │
┼──────────┼────────────┼──────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ 83336,5 │ 164453,0 │ 457,8 │ 3776,9 │ 109422,5 │ 287324,4 │
┴──────────┴────────────┴──────────┴──────────┴───────────┴───────────┘