Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июнундагы № 312 токтому менен бекитилген
Жеке жана юридикалык жактар соода аянттарын пайдалангандыгы үчүн базар администрациясынын акы төлөнүүчү кызматтарды (жумуштарды) көрсөтүүсүнүн тарифтерин түзүүнүн ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Базар администрациясынын акы төлөнүүчү кызматтарды (жумуштарды) көрсөтүүсүнүн тарифтерин түзүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) жеке жана юридикалык жактарга соода аянттарын колдонгондугу үчүн тарифтерди белгилөө боюнча базар администрациясынын ишинде колдонулат.
Тартип "Кыргыз Республикасынын аймагында соода эрежелер жыйнагын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 118 токтомуна ылайык, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоодо менчиктин ар түрдүү формаларына карата базар администрациясынын бирдей мамилесин түзүү максатында иштелип чыккан жана базар администрациясынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө (жумуштарына) тарифтерди түзүү үчүн негизги документ болуп эсептелет.
2. Негизги милдеттер
2. Бул тартиптин негизги милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- базар администрациясы белгилеген тарифтердин негиздүү жана мыйзамдуу болушу;
- тарифтердин негизсиз белгиленүүсүнөн жана жогорулашынан ишкерлерди жана керектөөчүлөрдү коргоо;
- тарифтерди макулдашуу үчүн берилүүчү документтердин аныктыгына, соода аянттарын берүү боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөткөн базар администрациясынын, анын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу;
- соода аянттарына берүү боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүчү базар администрациясынын өз абалын кыянаттык менен пайдалануусун жок кылуу жана болтурбоо;
- акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин түзүүнүн негиздерин өркүндөтүү.
3. Негизги түшүнүктөр
3. Базар - бул жеке жана юридикалык жактардын соода операцияларын жана тиричилик бүтүмдөрүн ишке ашыруу үчүн атайын бөлүнгөн жер жана чарбакер субъекттердин жана атуулдардын ыктыярдуу бирикмеси болуп саналат.
4. Базар администрациясы - жеке жана юридикалык жактардын соода операцияларын жана тиричилик бүтүмдөрүн жүргүзүү үчүн соода аянттарын берүү боюнча иш жүргүзгөн, муниципалдык менчикке же кыймылсыз мүлккө карата менчикти ээлөө жана колдонуу укугуна ээ болгон, базарды башкаруунун ыйгарым укуктуу органы.
Базар администрациясынын жетекчиси - базар администрациясынын максатын, милдетин жана функцияларын түздөн-түз ишке ашырган базарды башкаруу органынын ыйгарым укуктуу жеке жагы (жетекчи ж.б.).
5. Мамлекеттик монополияга каршы орган - базар администрациясы тарабынан акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү, макулдашуу жана колдонуу процессинде базардын ишин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органы.
6. Базардын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрү - базар администрациясынын кайтарымдык негизде соода аянттарын берүү боюнча ишкердиги.
7. Рентабелдүүлүк - базар администрациясынын ишкердигинин натыйжалуулугунун көрсөткүчү.
8. Соода аянты - бул жеке жана юридикалык жактар тарабынан соода операциялары, тиричилик бүтүмдөрү жүргүзүлүүчү, менчик ээси тарабынан атайын бөлүнгөн жер участогу жана анда жайгашкан имараттар, курулмалар (контейнер, павильон, күркө, лоток ж.б.у.с).
9. Калькуляциялоо - экономикалык жактан негизделген тарифти аныктоо максатында кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) бирдигинин наркын эсептөө. Кызмат көрсөтүүнүн наркын калькуляциялоо өткөн учурда колдонулган ченемдерге жана анализдерге ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү (жумуштарды) даярдоо жана ишке ашырууга кеткен анык чыгымдарды камсыздоо үчүн жүргүзүлөт.
4. Базар администрациясынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө (жумуштарына) тарифтерди түзүүнүн негизги принциптери
10. Жеке жана юридикалык жактардын соода аянттарын пайдалангандыгы үчүн базар администрациясынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн (жумуштарынын) тарифтери (мындан ары - базар администрациясынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө (жумуштарына) тарифтер) белгилүү бир базарда акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүүгө ыйгарым укук алган базар администрациясынын соода аянттарын берүү боюнча кызмат көрсөтүүсү менен түздөн-түз байланышкан чыгымдардын гана эсебинен аныкталат.
11. Базар администрациясынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө (жумуштарга) тарифтерди монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча базар администрациясы бекитет.
12. Базар администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө (жумуштарына) тарифтер монополияга каршы мамлекеттик орган же анын аймактык органдары менен макулдашуу боюнча базардын жогору турган түзүмү бекитет.
5. Базар администрациясынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө (жумуштарына) тарифтерди макулдашуу үчүн берилүүчү документтер
13. Базар администрациясынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө (жумуштарына) тарифтерди макулдашууда монополияга каршы мамлекеттик органга, анын аймактык органдарына төмөнкүлөр берилет:
- прейскурантка киргизилген кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) мүнөздөмөсү;
- акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) тарифинин прейскурантынын долбоору;
- материалдык, эмгек жана башка чыгымдарды чечмелөө менен кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча өздүк нарктын калькуляциялары;
- акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрү боюнча суммалык жана сандык түрдө учурдагы тарифти пайдалануунун анализи, буга кошумча өткөн мезгилдеги алынган киреше (чыгаша) жана аны бөлүштүрүү жөнүндө маалымат берилет;
- акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (жумуштарга) тарифтердин деңгээлинин өзгөрүү себептеринин негиздемелери;
- өткөн мезгилдеги анык чыгымдар жөнүндө отчет;
- учурдагы тарифтердин жана тарифтердин долбоорунун салыштырмалуу таблицасы;
- тарифке киргизилген кирешенин ченеминин негиздемеси.
Эсептик материалга акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөткөн базар, бул кызмат көрсөтүүлөрдүн ченемдик укуктук негизи жөнүндө кыскача мүнөздөмөнү камтыган түшүндүрмө кат тиркелиши керек.
Эсептик материалдарды кароонун жүрүшүндө зарылдыгына жараша тарифтердин деңгээлин тактоо жана макулдашуу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтар талап кылынышы мүмкүн.
14. Тарифтердин прейскурантынын долбоору кароого үч нускада, ал эми алардын негизделиши боюнча материалдар бир нускада берилет.
Тарифтин прейскурантынын түшүндүрмө каты жана долбоору базар администрациясынын же анын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин койгон колу менен берилет. Эсептик материалдарга акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) тарифинин долбоорун иштеп чыгуу жүктөлгөн администрациянын, түзүмдүк бөлүмдүн финансы бөлүмүнүн (башкармалыгынын) жетекчиси кол коет.
6. Базар администрациясынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн (жумуштарынын)тарифтеринин экономикалык негиздемеси
15. Базар администрациясынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн (жумуштарынын) тарифтеринин экономикалык негиздемеси болуп тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү (жумуштарды) аткарууда органдын негиздүү чыгымдарынын базасында аныкталуучу алардын өздүк наркы жана рентабелдүүлүгү эсептелет.
Прейскуранттын ар бир позициясы боюнча калькуляциялар чыгымдардын ар бир беренеси боюнча кеңири түзүлөт.
7. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) өздүк наркына киргизилүүчү чыгымдардын курамы
16. Кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) өздүк наркы төмөнкү беренелер боюнча ошол кызматтарды көрсөтүү менен түздөн-түз байланышкан чыгымдардын эсебинен түзүлөт.
- материалдык чыгымдар;
- социалдык камсыздоо боюнча чегерүүлөргө жана эмгек акы төлөөгө кеткен чыгымдар;
- кызмат көрсөтүүдө (жумуш) түздөн-түз колдонулуучу негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди амортизациялоо;
- оңдоого кеткен чыгымдар;
- коммуналдык чыгымдар;
- транспорттук чыгымдар;
- командировкалык чыгымдардан сырткары башка чыгымдар.
Материалдык чыгымдар
Материалдык чыгымдар бөлүмүндө КНСти эске албастан кызмат (жумуш) көрсөтүүдө негизги компонент болуп эсептелген, башка жактан алынган материалдардын наркы берилет. Эгерде чарбакер субъект КНСти төлөөчү болуп эсептелбесе, анда нарк кошумча нарк салыгын эске алуу менен аныкталат.
Эмгек акы төлөөгө кеткен чыгымдар
Эмгек акы төлөөгө кеткен чыгымдар деп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык эсептелген анык аткарылган ишке эмгек акысын төлөө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сыйлык акылар тарифтик кызмат акыга үстөк акы, өргүү акысы жана компенсациялар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык коэффициенттердин төлөмдөрү;
- эгерде аткарылган иш үчүн эсептешүү мекеме тарабынан жүргүзүлгөн болсо, мекеменин штатында турбаган жумушчуларга түзүлгөн келишим боюнча кызмат көрсөтүү (жумуш) үчүн зарыл болгон жумушту аткаргандыгы үчүн эмгек акы төлөө;
- белгиленген тартипке жана эмгек акы фондусуна ылайык киргизилген төлөөлөрдүн башка түрлөрү.
Социалдык камсыздоо боюнча чегерүүлөр
Социалдык камсыздоо боюнча чегерүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
Негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди амортизациялоо
Негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди амортизациялоо бөлүмүндө кызматтарды көрсөтүүдө (жумуштарды аткарууда) түздөн-түз пайдаланылчу негизги каражаттардан жана материалдык эмес активдерден амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасы пайдалануу мөөнөтүнө жараша чагылдырылат.
Оңдоого кеткен чыгымдар
Оңдоо иштери үчүн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына отчеттук мезгилдин башындагы негизги каражаттардын баланстык наркынын калдыгынан 20 пайызга чейинки өлчөмдө төлөмдөр киргизилет.
Коммуналдык чыгымдар
Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркына акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү процессине түздөн-түз тиешеси бар электр жана жылуулук энергиясына, суу менен жабдууга, байланыш кызматына төлөөгө кеткен чыгымдар кирет. Башка булактардын эсебинен жабылчу чыгымдардын суммасы кызмат көрсөтүүнүн наркын аныктоого киргизилбейт.
Транспорттук чыгымдар
Транспорттук чыгымдар бөлүмүндө транспорттук каражаттарды пайдаланууга кеткен чыгымдар, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарды сарптоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген чыгымдардын нормаларынын негизинде чагылдырылат.
Башка чыгымдар:
- уруксат берүүчү документтерге кеткен чыгымдар;
- белгиленген тартипте аныкталган ставкалардын чектеринде банк кредити боюнча төлөөлөр;
- өрт өчүрүү жана күзөт үчүн төлөөлөр;
- ижара;
- кызмат көрсөтүүдө (жумушту аткарууда) зарыл болгон мезгилдүү, илимий-техникалык жана нормативдик-методикалык адабиятка жазылуу;
- кеңселик чыгымдар;
- баалуу эмес жана бат эскирүүчү предметтердин эскириши;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык жана башка милдеттүү чегерүүлөр.
17. Кызмат көрсөтүүчү (жумуштардын) өздүк наркына төмөнкүлөр кошулбайт:
- мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган базар администрациясынын эмгегин төлөөгө кеткен чыгымдар;
- материалдык жардам, турак-жай шарттарын жакшыртууга процентсиз ссуда жана башка социалдык төлөөлөр;
- командировкалык чыгымдар;
- дарыланууга жана эс алууга, экскурсияга, саякатка жана башкаларга берилүүчү жолдомолорго төлөөлөр;
- эмгек акыны төлөө менен түздөн-түз байланышпаган төлөөлөрдүн башка түрлөрү;
- сот ишине кеткен сарптоолор;
- финансылык-чарбалык иштерди текшерүү менен байланышкан чыгымдар;
- чарбалык иштерди бузгандыгы үчүн айыптар, туумдар жана санкциялардын башка түрлөрү;
- уурдап-тоноодон тарткан зыян;
- өкүлчүлүккө кеткен чыгымдар;
- социалдык инфраструктуралардын объектилерин күтүүгө кеткен чыгымдар;
- маданий-агартуу, ден соолукту чыңдоо иш чараларын, конференцияларды өткөрүүгө кеткен чыгымдар;
- келишим боюнча медициналык жана башка мекемелердин көрсөткөн кызматына төлөөгө кеткен чыгымдар;
- бардык түрдөгү демөөрчүлүк жардам көрсөтүү;
- турак-жайга төлөөлөр;
- кызмат көрсөтүүлөрдү (жумуштарды) аткарууга түздөн-түз тиешелүү эмес башка чыгымдар.
8. Базар администрациясы макулдаша турган, базарлардын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн реестрин түзүүнүн тартиби
18. Монополияга каршы мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары жыл сайын соода аянттарын бергендиги үчүн акы төлөнүүчү кызмат көрсөткөн базарлардын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн республикалык жана региондук реестрин (мындан ары - реестр) түзүшөт.
19. Реестрлер монополияга каршы мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
20. Зарылдыгына жараша монополияга каршы мамлекеттик орган тиешелүү реестрлерге өзгөртүү киргизүү жөнүндө буйрук чыгарат.
21. Реестрлер (республикалык, регионалдык) жыл сайын бекитилгенден кийин монополияга каршы мамлекеттик орган тарабынан ЖМКда жарыяланат жана акы төлөнүүчү кызмат (жумуштарды) көрсөткөн базар жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө билдирилет.
22. Реестрге киргизилген базарлар монополияга каршы мамлекеттик органдын талап кылуусу боюнча белгиленген мөөнөткө чейин тарифтерди макулдашуу үчүн материалдарды берүүгө милдеттүү.
23. Базарлар жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү милдеттүү түрдө жарыяланышы керек болгон акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифинин прейскурантын түзөт.
9. Базар администрациясынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн (жумуштарынын) тарифтерин макулдашуунун, колдонууга киргизүүнүн тартиби
24. Монополияга каршы мамлекеттик орган, анын аймактык органдары кызмат көрсөтүүгө (жумуштарга) тарифтердин долбоорун карап чыгып, ушул Жободо каралган бардык эсептик жана маалымдама-материалдар толук көлөмүндө алган күндөн тартып 20 жумушчу күндөн кечиктирбестен макулдашат.
Тарифтердин прейскурантынын долбоору боюнча позициялардын саны 20дан ашса макулдашуу мөөнөтү бардык эсептик жана маалымдама-материалдар толук көлөмдө алынган күндөн тартып 30 жумушчу күнгө чейин белгиленет.
Берилген документтер толук көлөмдө болбосо же ушул Тартиптин койгон талаптары аткарылбаса, документтер алынган күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен толуктап иштеп чыгууга кайтарып берилет.
25. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүгө (жумуштарга) тарифтер монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашкандан кийин, ошондой эле ушул Тартиптин 3-бөлүмүндө белгиленген тартипке ылайык базар администрациясынын жетекчиси тарабынан бекитилгенден кийин колдонулат.
10. Макулдашуудан баш тартуу жана ага доо-арыз берүүнүн тартиби
26. Эгерде базардын иштөөсү үчүн уруксат берүүчү документтер жок болсо, базар администрациясынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн (жумуштарынын) тарифтерин макулдашуудан баш тартылат, баш тартуу жөнүндө чечим анын себебин көрсөтүү менен кагаз жүзүндө жөнөтүлөт. Баш тартуунун себептери жоюлгандан кийин тарифтердин прейскурантынын долбоору белгиленген тартипте макулдашууга берилет.
27. Базар администрациясы монополияга каршы мамлекеттик органдын (анын аймактык органынын) жетекчисине монополияга каршы мамлекеттик органдын макулдашуудан баш тартуусу жөнүндө чечимди жараксыз деп табуу тууралуу арызы менен кайрыла алат. Монополияга каршы мамлекеттик органдын (анын аймактык органынын) макулдашуудан баш тартуу жөнүндө чечимине аны алынгандан тартып беш күндүн ичинде доо-арыз берилиши мүмкүн.
Монополияга каршы мамлекеттик органдын жетекчиси өзүнүн орун басарларынын жана аймактык органдарынын жетекчисинин ошол учурдагы мыйзамды бузуу боюнча же өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарган чечимдерин 10 күндүн ичинде жокко чыгаруу укугуна ээ. Монополияга каршы мамлекеттик органдын (анын аймактык органынын) баш тартуу жөнүндө чечими мыйзамдуу болгон учурда арыз канааттандырылбайт.
28. Монополияга каршы мамлекеттик органдын чечими менен макул болбогон учурда базар администрациясы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сот органдарына кайрылуу укугуна ээ.
11. Бул Тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
29. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) тарифтерин түзүүнүн тууралыгына жана ушул Тартиптин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду монополияга каршы мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүзөт.
30. Бул Тартипти бузуудан алынган киреше монополияга каршы мамлекеттик органдын чечими боюнча республикалык бюджетке өндүрүлөт. Өндүрүүнүн суммасын которуу жөнүндө чечим монополияга каршы мамлекеттик органдын жетекчиси, орун басары (аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери) тарабынан токтом түрүндө кабыл алынат. Сумма отуз күндүк мөөнөттө төлөнүшү керек, белгиленген сумма өз убагында которулбаган учурда мөөнөтүнөн өткөн ар бир күнгө 0,5 процент туум төлөтүлөт, ал эми аны төлөөдөн баш тартылса, монополияга каршы мамлекеттик орган же анын аймактык органдары сот тартибинде төлөтүп алат.
31. Башка контролдоочу органдар тарабынан табылган ушул Тартиптин талаптарын бузуу фактылары жана ал боюнча материалдар монополияга каршы мамлекеттик органга чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт.
32. Макулдашууга материалдарды бербегендиги үчүн монополияга каршы мамлекеттик орган тиешелүү жазма буйрук берет. Жазма буйруктун талаптарын аткарбаган учурда бир айлык кирешенин суммасынан 5 процент өлчөмүндө айып салынат.
Так маалыматтарды бербегендиги үчүн монополияга каршы мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине ылайык айып салынат.