Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-сентябры № 554
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 371 "2011-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз учурунда жана уюшкандыкта жыйноо максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Учурдагы жылдын өстүрүлгөн түшүмүн жыйноо процессинде бюджеттик каражаттарды жана материалдык-техникалык ресурстарды кыйла сарамжалдуу пайдалануу жана аштык буудайды мамлекеттик резервге коюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 371 "2011-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз учурунда жана уюшкандыкта жыйноо максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
8-пунктунда:
үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- сапаты 3-класстан төмөн эмес, 21 проценттен кем эмес клейковина кармаган 10,0 миң тонна аштык буудай сатып алуу;";
- төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн сапаты 3-класстан төмөн эмес, 21 проценттен кем эмес клейковина кармаган 10,0 миң тонна аштык буудайды бюджеттик ссудалар жана Япония Өкмөтүнүн грантынын линиясы боюнча берилген чет өлкөлүк кредиттер (Япония Өкмөтүнүн грантынын жана Кытай Эл Республикасынын грантынын линиясы боюнча 10 жыл ичинде тындыруу мөөнөтү менен берилген кредиттерден башка) боюнча алардын карыздарын тындыруу эсебине кабыл алууга уруксат берилсин;";
- бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- мамлекеттик материалдык резервден 5,0 миң куб. метр дизель отунун брондон чыгарсын жана 2011-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө аны кабыл алуу, жеткирүү, берүү жана сактоо менен байланышкан операциялык чыгымдарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан белгиленген баада райондордун мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын разнарядкалары боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөргө сатсын.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев
|