Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-сентябры №555
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Бирдей күчкө ээ юридикалык нормативдик укуктук актылардагы карама-каршылыктарды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы жөнүндө жободо:
9-пунктунун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-апрелиндеги № 243 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизанын мамлекеттик борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизанын мамлекеттик борбору жөнүндө жободо:
9-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |