Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы №559 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо МЕТОДИКАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342, 2015-жылдын 5-октябры № 684 , 2018-жылдын 22-январындагы № 44 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Терминдер жана аныктамалар
3. Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо тартиби
4. Булгоочу заттарды атмосферага туруктуу булактардан чыгаргандык
үчүн төлөмдү эсептөө
5. Көчмө булактардан атмосферага булгоочу заттарды чыгаргандык
үчүн төлөмдү эсептөө
6. Агындысы бар айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды төккөндүгү
үчүн төлөмдү эсептөө
7. Калдыктарды жайгаштыргандык үчүн төлөмдү эсептөө
Тиркеме
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасы (мындан ары - Методика) Кыргыз Республикасынын "Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө", «Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент» жана» "Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чыгаргандык, агызгандык, калдыктарды жайгаштыргандык) үчүн төлөм өлчөмү жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөм республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелер менен уюмдарды, ошондой эле ушул Методиканын 13, 22, 31-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүндө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактардан, анын ичинде ушул Методиканын 3-пунктунда көрсөтүлгөн айлана-чөйрөгө таасирин тийгизүүчү чарбалык иш жүргүзүү укугуна ээ болгон чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын катышуусундагы биргелешкен ишканалардын (мындан ары – чарба жүргүзүүчү субъект) алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн акы айлана-чөйрөгө тийгизген таасирдин төмөнкүдөй түрлөрү боюнча алынат:
- булгоочу заттардын туруктуу жана көчмө булактардан атмосфералык абага чыгарылышы;
- булгоочу заттардын саркынды суулар (тазаланган жана тазаланбаган) менен айлана-чөйрөгө чыгарылышы (табигый жана жасалма суу объекттери, жер бетиндеги жана жер астындагы, коллектордук-дренаждык тутумдар, сугат, чыпкалоо жана буулантуу талаалары; жердин рельефи (кокту-колот, жар, казылган чуңкур, суулардын кургак нуктары ж.б.);
- калдыктарды жана кен калдыктарын айлана-чөйрөгө, анын ичинде калдыктардын бардык түрлөрүн топтоо (сактоо, көмүү) үчүн атайын арналган жана (же) ыңгайлаштырылган жерлерге (объекттерге) жайгаштыруу.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342, 2015-жылдын 5-октябры № 684 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдүн (мындан ары - булгагандык үчүн төлөм) өлчөмүнө оңдоо-түзөтүүнү айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык орган жана анын аймактардагы ыйгарым укуктуу органдары инфляция деңгээлин эске алуу менен киргизет. Төлөмдү индекстөө коэффициенттерин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык орган жана анын аймактардагы ыйгарым укуктуу органдары Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтары боюнча чейрек (квартал) сайын кабыл алат. 2015-жылдын III кварталында индекстөө коэффициенттери базалык түрдө кабыл алынып, 1ге барабар болгон.
(Экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
Базалык жылга карата белгилүү n-квартал үчүн индексациянын коэффициенти базалык жылдын индексациясынын коэффициентин базалык жылдан кийинки 1-ден n-ге чейинки кварталдардын инфляциясынын коэффициенттерине көбөйтүү менен төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
n
Киндn = Кинд.баз.* ∏Кинфi , мында:
i=1
Кинд. баз. – 2002-жылы 1ге барабар деп кабыл алынган базалык жылдын индексациясынын коэффициенти;
Кинфi –i-кварталдын инфляциясынын коэффициенти, ал Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин инфляция деңгээлинин (% менен) көрсөткүчүнүн маалыматтары боюнча аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342, 2015-жылдын 5-октябры № 684 токтомдорунун редакциясына ылайык)
5. Ишканалардын бөлүмчөлөрү жана филиалдары башкы ишканадан өзүнчө аймакта жайгашкан учурда, бул бөлүмчөлөр менен филиалдардын булгангандыгы үчүн акыны башкы ишканалар төлөйт. Төлөмдөр республикалык бюджетке келип түшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Төлөмдөрдү эсептөө үчүн баштапкы маалыматтарды чарба жүргүзүүчү субъекттер квартал сайын аймактык айлана-чөйрөнү коргоонун аймактык органдарына отчеттук кварталдан кийинки айдын 15ине чейин берип турушат.
Чарба жүргүзүүчү субъект айлана-чөйрөнү коргоонун аймактык органдарына негиздемелерди берген айрым учурларда баштапкы маалыматтарды берүүнүн мезгилдүүлүгү жана төлөмдөрдү төлөө жылына 1-2 жолуга чейин кыскарат. Чарба жүргүзүүчү субъект акыны эсептөө үчүн баштапкы маалыматтарды берген учурда айлана-чөйрөнү коргоонун аймактык органдары акы төлөөгө эсепти милдеттүү тартипте берет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Терминдер жана аныктамалар
Күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) – мунай өнүмдөрү, аларга күйүүчү (бензин, дизель отуну, суюлтулган мунай газы, кысылган жаратылыш газы) жана майлоочу материалдардын ар кандай түрлөрү кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
Төлөмдөрдү индекстөө коэффициенти - базалык жылдын каралып жаткан мезгилине карата баалардын өзгөрүшүнүн орточо чоңдугу. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтары боюнча кабыл алынат.
Экологиялык К1 кырдаалдын коэффициенти - ар кыл типтеги аймактардын, суу объектилеринин боло келген булгануусунан ашып кетүүнүн орточо алынган маанисин билдирүүчү чоңдук. Аны аныктоодо ар кыл типтеги аймактардын жана суу объектилеринин фондук булгануусу, алардын булганышы боюнча божомол маалыматтар, зыяндуу кошундулардын атмосфералык абага таралуу шарты жана мүнөзү, атмосфералык абанын булгануусунун салыштырмалуу кооптуулугунун көрсөткүчтөрү, калктын жыштыгы эсепке алынган.
Экологиялык К2 кырдаалдын коэффициенти - аймактардын типтери жана суу объектилеринин маанилүүлүгү боюнча табигый ресурстардын баалуулугун аныктоочу шарттуу чоңдук.
Нормативдик төлөмдөр (Н) - булгоочу заттардын ташталышынан жана бүркүлүшүнөн аныкталуучу коюмдун (ставканын) конкреттүү булгоочу заттын (А) айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна тие турган салыштырмалуу коркунучунун көрсөткүчүнүн көбөйтүндүсү.
Атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгаруучу көчмө булактар –бензин, дизель отуну, керосин, суюлтулган жана кысылган газ, бензогаз жана газдизель аралашмалары менен иштеген ичинен күймө кыймылдаткычтар менен жабдылган автомобиль, темир жол, аба, деңиз жана дарыя унаа каражаттары, айыл чарба, жол жана курулуш техникасы жана башка көчмө каражаттар.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөм – чарба жүргүзүүчү субъектеринин чарбалык жана башка ишмердигин жүргүзүшүндө айлана-чөйрөгө тийүүчү зыяндын (булгоонун) ордун жарым-жартылай толтуруу формасы.
Заттардын салыштырмалуу коркунучтуулугунун көрсөткүчү - атмосфералык аба же суу объектисинин суусу үчүн булгануунун жол берилүүчү маанисине тескери чоңдук. Калдыктар үчүн - калдыктардын уулуулук (коркунучтуулук) классын эске алуучу чоңдук.
(Жетинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
Булгоочу заттардын келтирилген тоннасы - i-булгоочу заттын анын салыштырмалуу коркунучтуулугун эске алгандагы тоннасы.
(Тогузунчу абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн келтирилген тоннага эсептелүүчү коюм (ставка) - булгоочу заттарды айлана-чөйрөгө таштоодон жана чыгаруудан пайда болуучу экономикалык салыштырма зыяндын орточо чоңдугу.
Атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгаруучу туруктуу булактар – атмосфералык абага булгоочу заттарды уюшкандыкта же уюштурулбаган түрдө чыгарган, объекттин, ишкананын, юридикалык же жеке жактын аймагынын (жеринин) участкасынын чектеринде туруктуу же убактылуу жайгашкан же иштеп жаткан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ага таандык болгон же ага бекитип берилген ар кандай (түйүндүк, аянттык ж.б.) булак.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо тартиби
7. Булгагандык үчүн төлөм өлчөмдөрү төлөмдүн бекитилген коюмунун негизинде булгоочу заттарды чыгаруу, таштоо жана калдыктарды жайгаштыруу акысынын ченемин аймактар боюнча экологиялык кырдаал жана экологиялык маанилүүлүк коэффициенттерине, төлөмдөрдү индекстөө коэффициентине жана булгоочу заттардын иш жүзүндөгү массасына көбөйтүү жолу менен аныкталат.
8. Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөм туруктуу жана көчмө булактардан атмосфералык абага булгоочу заттарды бүрккөндүк үчүн төлөмдөн, агындысы бар айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды төккөндүк үчүн төлөмдөн жана калдыктарды жайгаштыргандык үчүн төлөмдөн турат:
Т = Ттур.таш. + Ткөч.таш. + Тагс. + Ткалд.
мында:
- Ттур.таш. - булгоочу заттарды атмосфералык абага туруктуу булактардан чыгаргандык үчүн төлөм;
- Ткөч.таш. - булгоочу заттарды атмосфералык абага көчмө булактардан чыгаргандык үчүн төлөм;
- Тагс. - агындысы бар айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды төккөндүк үчүн төлөм;
- Ткалд. - калдыктарды жайгаштыргандык үчүн төлөм.
9. Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөм белгиленген лимиттердин (калдыктарды таштоонун, чыгаруунун, жайгаштыруунун лимиттеринин) чегинде булгагандык үчүн төлөм жана айлана-чөйрөнү лимиттен ашыкча булгагандык үчүн төлөм суммасы катары аныкталат:
Т = Тл + Тла,
мында:
- Тл - айлана-чөйрөнү белгиленген лимиттердин чегинде булгагандык үчүн төлөм;
- Тла - айлана-чөйрөнү лимиттен ашыкча булгагандык үчүн төлөм.
10. Булгоочу заттарды атмосферага лимит чегинде чыгаргандык үчүн төлөм.
Лимит чегиндеги төлөм Мi <= Мiл шартын аткарганда алынат,мында:
- Мi - отчеттук мезгилдеги i-булгоочу заттын атмосферага чыгарылышынын иш жүзүндөгү көлөмү, тонна эсебинде;
- Мiл - отчеттук мезгилдеги i-булгоочу заттын атмосферага чыгарылышынын лимиттик (уруксат берилген) көлөмү, тонна эсебинде.
Лимит чегиндеги төлөм төмөнкү формула боюнча эсептелет:
n
Тчыг.ст.л = Е Mi х Нi х Кинд х Кэ
i=1
мында:
- Мi - отчеттук мезгилдеги i-булгоочу заттын атмосферага чыгарылышынын иш жүзүндөгү көлөмү, тонна эсебинде;
- Нi - i-булгоочу заттын 1 тоннасы үчүн төлөмдүн келтирилген ченеми (сом), төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Нi = Р х Аi
- Кинд. - төлөмдөрдү индекстөө коэффициенти. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтары боюнча кабыл алынат;
- Кэ - экологиялык кырдаал коэффициенттери менен экологиялык маанилүүлүк коэффициентинин көбөйтүндүсү, Кэ = К1 х К2. Маанилери Тиркемедеги 1-таблицада келтирилген;
- Р - төлөм коюму (сом/келтирилген тонна), 3,24 сом;
- Аi - i-булгоочу заттын салыштырмалуу коркунучтуулугунун көрсөткүчү.
Булгоочу заттардын салыштырмалуу коркунучтуулук көрсөткүчтөрү (Аi) Кыргыз Республикасында колдонулуучу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин негизинде эсептелет:
Аi = 1/ЧЖКi
мында:
- i-булгоочу заттын аталышы;
- ЧЖКi - булгоочу заттын калктуу жайлардагы атмосферада чегине жеткен жол берилүүчү суткалык орточо концентрациясы (ЧСсоК), мг/куб.м. СоЧСК жок болсо, i-булгоочу заттын калктуу жайлардагы атмосферадагы чегине жеткен бир жолку эң чоң концентрациясы (ЧСбэК), мг/куб.м кабыл алынат. ЧСбэК жок болсо, таасирдин болжолдуу коопсуз деңгээли (ТБКД), мг/куб.м кабыл алынат. ТБКД жок болсо, жумуш чөлкөмүндөгү абада булгоочу заттын чегине жеткен жол берилүүчү концентрациясы (жчЧЖК), 10 эсе азайтылган түрдө кабыл алынат.
Булгоочу заттардын ЧЖК жана ТБКД маанилери жөнүндө маалымат жок болсо, өндүрүш же чарба ишмердигин баштаганга чейин аларды аныктоо үчүн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуу зарыл.
Кээ бир булгоочу заттардын салыштырмалуу кооптуулук көрсөткүчүнүн (А) маанилери, ЧЖК жана ТБКД маанилери Тиркемедеги 2-таблицада көрсөтүлгөн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342, 2015-жылдын 5-октябры № 684 токтомдорунун редакциясына ылайык)
11. Лимиттен ашыкча чыгаргандык үчүн төлөм.
Лимиттен ашыкча чыгаргандык үчүн төлөм Мi > Мiл шарты аткарылганда жасалат.
Төлөм эсеби төмөнкү формула боюнча чыгарылат:
n
Тчыг.ст.ла. = 5 х Е (Мi - Мiл ) х Нi х Кинд. х Кэ
i=1
Чыгаруу лимиттен ашып кеткенде жалпы төлөм төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Тчыг.ст.сум. = Тчыг.ст.л. + Тчыг.ст.ла.
- Тчыг.ст.сум. - атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгарылышы лимиттен ашып кеткен учурдагы жалпы төлөм;
- Тчыг.ст.л. - атмосфералык абага булгоочу заттарды белгиленген лимиттердин чегинде чыгарылган учурдагы төлөм;
- Тчыг.ст.ла. - атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгарылышы лимиттен ашып кеткен учурдагы төлөм.
12. Чыгарууга уруксат болбогондогу төлөм.
Атмосферага булгоочу заттарды чыгарууга уруксат болбогондогу чыгаргандык үчүн төлөм формуласы боюнча жогорулатуучу 2-коэффициенти бар төлөм ченемин колдонуу менен аныкталат.
13. Калктын муктаждыгын канааттандыруу максатында жылуулук жана электр кубаттуулугун өндүрүүгө байланыштуу атмосферага булгоочу заттарды чыгарган, бюджеттен каржылануучу чарба жүргүзүүчү субъекттер аталган керектөөчүлөр үчүн жылуулук жана электр кубаттуулугун өндүрүүгө байланыштуу атмосферага чыгарган булгоочу заттардын жол берилүүчү ченемдерин сактаган шартта, тийиштүү көлөм чегинде акы төлөөдөн бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Көчмө булактардан атмосфералык абаны булгагандык үчүн төлөм төмөнкүлөрдөн төлөтүп алынат:
- кайсы ведомствого таандык экендигине жана менчигинин түрүндө карабастан, республикага отун ташып келүү, күйүүчү-майлоочу майларды (КММ) өндүрүү менен иштеген чарба субъектилеринен.
15. Көчмө булактардан (автомобиль, темир жол, аба жана суу унаасы, айыл чарба, жол жана курулуш техникасы) чыккан булгоочу заттар үчүн төлөнүүчү акыны эсептөө.
n
Тчыг.к. = Е Нi х Кинд х Тi х Кэ
i=1
мында:
- i-отундун түрү (i = 1, 2, ..., n);
- Нi - түрдөгү отунду пайдалануудан жаралуучу булгоочу заттарды чыгаргандык үчүн келтирилген төлөм ченеми (сом/т же сом/миң куб.м газ); төлөм ченемдеринин маанилери ушул Методикага Тиркемедеги 3-таблицада көрсөтүлгөн;
- Тi – отчеттук мезгилде кѳчмѳ булактар падаланган же/жана бѳтѳн керектѳѳчγлѳргѳ сатылган отундун өлчөмү (т);
- Кинд - төлөмдөрдү индекстөө коэффициенти; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтары боюнча кабыл алынат;
- Кэ - көчмө булактар үчүн аймактардын экологиялык кырдаал жана экологиялык маанилүүлүк коэффициенти Кэ = К1 х К2; маанилери ушул Методикага Тиркемедеги 1-таблицада көрсөтүлгөн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342, 2015-жылдын 5-октябры № 684 токтомдорунун редакциясына ылайык)
16. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
6. Агындысы бар айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды төккөндүгү үчүн төлөмдү эсептөө
17. Айлана-чөйрөгө чарбалык-турмуш-тиричилик таштандыларды жана ага теңештирилген өндүрүштүк саркынды сууларды чыгаргандыгы үчүн акыны аталган саркындыларды тазалоого кабыл алган жана аларды айлана-чөйрөгө чыгарган чарба жүргүзүүчү субъекттер төлөйт.
Өндүрүштүк саркынды суулар борбордоштурулган шаардык (айылдык) канализацияга чыгарылган учурда, кабыл алуучу тарап тазаланбаган булгоочу заттардын чыгарылышы жана булгагандыгы үчүн акыны түздөн-түз чарба жүргүзүүчү субъекттер төлөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Агындысы бар айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды лимит чегинде төккөндүгү үчүн төлөм.
Лимит чегинде төккөндүгү үчүн төлөм Мi <= Мiл шарты сакталганда жасалат,
мында:
- Мi - отчеттук мезгилде i-булгоочу заттын иш жүзүндөгү чыгарылган көлөмү, тонна менен;
- Мiл - отчеттук мезгилде i-булгоочу заттын лимит чегинде (уруксат берилген) чыгарылган көлөмү, тонна менен.
Лимит чегинде чыгаргандык үчүн төлөм төмөнкү формула боюнча эсептелет:
n
Тчыг.л. = Е Нi х Кинд х Мi х Кэ
i=1
мында:
- i-булгоочу заттын түрү (i = 1, 2, ..., n);
- Мi - булгоочу заттын чыгарылуусунун иш жүзүндөгү көлөмү (т);
- Ni - 1 тонна i-булгоочу заттын чыгарылгандыгы үчүн төлөм ченеми (сом), төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Тi = Р х Аi
мында:
- Кинд - төлөмдөрдү индекстөө коэффициенти. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтары боюнча кабыл алынат;
- Кэ - экологиялык кырдаал жана экологиялык маанилүүлүк коэффициенттеринин көбөйтүндүсү, Кэ = К1 х К2. Маанилери ушул Методикага Тиркемедеги 6-таблицада көрсөтүлгөн;
- Р - төлөм коюму (сом/келтирилген тонна), 10,5 сом;
- Аi - салыштырмалуу кооптуулук көрсөткүчү, Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин негизинде төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Аi = 1/ЧЖКi
мында:
- i-булгоочу заттын аталышы;
- ЧЖКi - балык чарбасынын суу объектилериндеги зыяндуу заттардын чегине жеткен жол берилүүчү концентрациясы (ЧЖКбч). ЧЖКбч жок болсо, чарбада-ичүүдө жана маданий-тиричиликте суу пайдалануучу суу объектилеринин сууларындагы химиялык заттардын чегине жеткен жол берилүүчү деңгээлдери (ЧЖКчс) кабыл алынат. ЧЖКчс жок болсо, чарбада-ичүүдө жана маданий-тиричиликте суу пайдалануучу суу объектилеринин сууларындагы химиялык заттардын болжолдуу жол берилүүчү деңгээлдери (БЖДчс) кабыл алынат.
ЧЖК жана БЖД маанилери жөнүндө маалыматтар жок болсо, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылуу зарыл.
Тиешелүү гигиеналык ченемдер кабыл алынганга чейин тиркеменин 5-таблицасында келтирилген ченемдер колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342, 2015-жылдын 5-октябры № 684 токтомдорунун редакциясына ылайык)
19. Лимиттен ашыкча чыгаргандык үчүн төлөм.
Лимиттен ашыкча чыгаргандык үчүн төлөм Мi > Мiл шартын аткарганда жасалат.
Эсеп төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
m
Тчыг.ла. = 5 х Ʃ Нi х (Мi - Мiл) х Кинд х Кэ»;
i=1
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
Агындысы бар айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды лимиттен ашыкча төккөндө жалпы төлөм төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Тчыг.сум. = Тчыг.л. + Тчыг.ла.
20. Уруксат жок болгондо булгоочу заттарды айлана-чөйрөгө чыгаргандык үчүн төлөм формула боюнча жогорулатуу 2-коэффициенти бар төлөм ченемин колдонуу менен эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Чарба жүргүзүүчү субъекттер агып чыкма сууларды эксплуатациялоо эрежелерин, жүктөмдүн белгиленген ченемдерин, долбоорлук көрсөткүчтөрүн сактаса, агып чыкма сууларды чыпкалоочу талааларга, жергиликтүү рельефке, коллектордук-дренаждык тармактарга, кургап калган сайларга төккөндүк үчүн төлөм белгиленген лимит чегинде алынат. Эксплуатациялоо эрежелерин, жүктөм ченемдерин жана башка талаптарды сактабай, жер асты сууларын булгаганда, төлөмдөр лимиттен ашыкча чыгаруудагыдай төлөтүп алынат.
Булгоочу заттарды тийиштүү уруксатсыз эле жергиликтүү рельефке төккөндө, төлөмдөр лимиттен ашыкча булгагандагыдай төлөтүп алынат.
22. Калктын жана бюджеттен каржылануучу объектилердин чарба-тиричилигинен пайда болгон булгоочу заттарды айлана-чөйрөгө төгүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттер белгиленген агын суулардын сапатынын нормативдери сактаса, мындай чыгаруу төлөмүнөн бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябры № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Айлана-чөйрөгө, мунун ичинен калдыктардын бул түрлөрүн чогултуу (сактоо, көмүү) үчүн атайын дайындалган жана (же) курулган жайларга (объектилерге) жайгаштырылуучу калдыктардын бардык түрлөрү үчүн төлөм жасалышы керек.
Калдыктын түрүн (номенклатурасын), кооптуулук классын аныктоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы N 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомун жетекчиликке алуу зарыл.
24. Калдыктарды жайгаштыргандык үчүн төлөмдү ишинин жүрүшүндө экинчилик пайдаланууга тартпаган жана айлана-чөйрөгө, мунун ичинен калдыктардын бул түрлөрүн чогултуу (сактоо, көмүү) үчүн атайын дайындалган жана (же) курулган жайларга (объектилерге) жайгаштырылышы талап кылынган калдыктарды чыгарган чарба жүргүзүүчү субъекттер жасайт. Калдыктарды кайра иштетүүгө берген учурда акы алынбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Лимит чегинде калдыктарды жайгаштыргандык үчүн төлөм.
Лимит чегинде калдыктарды жайгаштыргандык үчүн төлөм Мi <= Мiл шартын сактаганда жасалат,
мында:
- Мi - түрдөгү калдыктардын отчеттук мезгилде топтолгон иш жүзүндөгү көлөмү, тонна менен;
- Мiл - түрдөгү калдыктардын отчеттук мезгилде топтолгон лимиттик көлөмү, тонна менен.
Калдыктардын топтолгон лимиттик көлөмү (Мiл) юридикалык же жеке жактар үчүн жаратылышты коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жайгаштырууга белгилүү мөөнөткө чейин уруксат берген калдыктардын чегине жеткен саны.
Калыктардын топтолушунун лимиттик көлөмү ишканалардын калдык чыгаруу жана пайдалануу ченемдерине, өндүрүлүүчү продукциянын көлөмүнө, калдык жайгаштырылуучу жайлардын (объектилердин) экологиялык талаптар боюнча мүнөздөмөсүнө, долбоорлук жана иш жүзүндөгү сыйымдуулугуна ылайык белгиленет.
Ишинин жүрүшүндө көп тонналуу калдыктар жаралуучу уюмдар (кен казуу өнөр жайы) үчүн калдыктарды жайгаштыруу лимиттери кен иштетүү долбооруна ылайык жана бузулган жерлерди калыбына келтирүү иш-чараларынын жүзөгө ашырылышын эске алуу менен аныкталат.
Белгиленген лимиттердин чегинде калдыктарды жайгаштыргандык үчүн төлөм төмөнкү формула боюнча эсептелет:
n
Ткалд.л. = Е Hi х Кинд х Мi х Кэ
i=1
мында:
- i - калдыктын түрү (i = 1, 2, 3, ..., n);
- Нi - жайгаштырылган калдыктардын 1 тоннасы үчүн төлөм ченеми (сом), төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Нi = Р х Аi
- Кинд - төлөмдөрдү индекстөө коэффициенти. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтары боюнча кабыл алынат;
- Кэ - экологиялык кырдаал жана экологиялык маанилүүлүк коэффициенттеринин көбөйтүндүсү, Кэ = К1 х К2. Маанилери Тиркемедеги 7 жана 8-таблицаларда көрсөтүлгөн;
- Р - төлөм коюму (сом/келтирилген тонна), 3,24 сом;
- Аi - салыштырмалуу кооптуулук көрсөткүчү, калдыктардын кооптуулук классына жараша төмөнкү формула боюнча аныкталат:
3,5
Аi = 5 + │К - 5│
Тi
мында:
- К - калдыктардын кооптуулук классы, Кыргыз Республикасынын Тi Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы N 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча усулдук нускамаларына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342, 2015-жылдын 5-октябры № 684 токтомдорунун редакциясына ылайык)
26. Калдыктарды лимиттен ашыкча жайгаштыргандык үчүн төлөм.
Калдыктарды лимиттен ашыкча жайгаштыргандык үчүн төлөм Мi > Мiл шартын аткарганда жасалат.
Калдыктарды лимиттен ашыкча жайгаштыргандык үчүн төлөм төмөнкү формула боюнча жасалат:
n
Ткалд.ла. = 5 х Е Нi х Кинд х (Мi - Млi) х Кэ
i=1
27. Калдыктардын лимиттен ашыкча жайгаштырылган көлөмүнө төмөнкүлөр кирет: белгиленген мөөнөттө пайдаланылбаган калдыктардын көлөмү; продукция өндүрүүгө сарпталуучу чийки заттарды жана материалдардын көлөмүнөн ашыкча пайда болгон калдыктар көлөмү; технологиялык регламентте жана ченемдерде каралбаган кондициялык эмес продукциянын көлөмү, ошондой эле калдыктарды жайгаштыруунун уруксат тартибинде таризделбеген көлөмү.
Ишкананын уулуу жана өндүрүштүк калдыктарды жайгаштырууга уруксаты жок болсо, калдыктарды айлана-чөйрөгө жайгаштыргандык үчүн төлөм эки эселенген өлчөмдө төлөтүп алынат.
28. Жайгаштыруу лимитинен ашып кеткен болсо, айлана-чөйрөгө калдыктарды жайгаштыргандык үчүн жалпы төлөм төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Ткалд.сум. = Ткалд.л. + Ткалд.ла.
29. Калдыктарды жайгаштыруу жайлары (объектилери) туруктуу жана убактылуу болуп бөлүнөт.
Калдыктарды туруктуу жайгаштыруу жайларына (объектилерине) калдыктардын бул түрлөрүн чогултуу (сактоо, көмүү) үчүн атайын дайындалган жана (же) курулган жайлар (объектилер) кирет.
Калдыктарды убактылуу жайгаштыруу жайларына (объектилерине), калдыктын бул түрүн жайгаштыруу үчүн атайын туруктуу жай (объект) жок болсо, башка жеке же юридикалык жакка келишим боюнча өткөрүп берүү максатында зарыл көлөмгө чейин топтоо үчүн калдык топтоло турган жайлар (объектилер) кирет.
Эксплуатацияланышы экологиялык коопсуздук талаптарына толугу менен жооп берген полигондордо, шлам сактагычтарда, уулу калдык сактагычтарда, кендин жараксыз катмарларында жана калдыктын бул түрлөрүн топтоо (сактоо, көмүү) үчүн атайын дайындалган, жабдылган жана курулган объектилерде калдыктарды жайгаштырганда, төлөм өлчөмүнө төмөндөтүүчү 0,3 коэффициенти коюлат.
30. Калдыктарды убактылуу жайгаштыруу жайларына (объектилерине) жайгаштырганда, эгер бул жай (объект) аспаптык көзөмөл (атмосфералык абага, кыртыш катмарына, суу ресурстарына таасирин текшерүү) маалыматтары боюнча экологиялык коопсуздук талаптарына жооп берсе, калдыктын бул түрүн жайгаштыргандык үчүн төлөм төлөтүп алынбайт.
(Экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
31. Эгер жаратылыш коргоо талаптарын сактаса, ишинин натыйжасында тиричиликтеги катуу калдыктар (ТКК) пайда боло турган бюджеттен каржылануучу чарба субъектилери, ошондой эле калк ТККны райондук, шаардык адистештирилген полигондордо жана таштанды жайларында жайгаштыргандык үчүн төлөмдөн бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябры № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Расчет платы за размещение горных отвалов производится по формуле:
Пго = Н × Кинд × М × Кэ,
где:
- Н - норматив платы за 1 тонну размещаемых пород (сом.), определяется по формуле: Н = Р × А;
- М - фактический объем образования горных отвалов, в тоннах, за отчетный период;
- Кинд - коэффициент индексации платы. Принимается по официальным данным Национального статистического комитета Кыргызской Республики;
- Кэ - произведение коэффициентов экологической ситуации и экологической значимости: Кэ = К1 × К2. Значения приведены в таблицах 7 и 8 приложения;
- Р - ставка платы (сом/приведенная тонна), 3,24 сома;
- А - показатель относительной опасности, определяется в зависимости от класса опасности размещаемых пород по формуле:
А = 5 + |К - 5|3,5 ,
где:
- К - класс опасности пород, размещаемых в горных отвалах, приравнивается:
для горных отвалов всех групп полезных ископаемых, в которых содержание радионуклидов превышает уровни, установленные нормативными документами, к 1;
для горных отвалов из рудных и горючих полезных ископаемых - к 4;
для горных отвалов из нерудных и других групп полезных ископаемых - к 5.
33. При размещении горных отвалов на специально предназначенных и обустроенных для захоронения местах, эксплуатация которых в полной мере отвечает требованиям экологической безопасности, к размеру платы устанавливается понижающий коэффициент 0,02.
При установлении нарушений по данным мониторинга и в процессе проверки в установленном законодательством порядке понижающий коэффициент не применяется.
Тиркеме:
1-таблица. Кыргыз Республикасынын аймагындагы атмосфералык абанын абалынын экологиялык кырдаалынын жана экологиялык маанилүүлүгүнүн коэффициенттери
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябры № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
┌────────────────────────────────────────┬────────────────────────────┐
│ Аймак │Атмосфералык абанын абалынын│
│ │экологиялык кырдаалынын жана│
│ │экологиялык маанилүүлүгүнүн │
│ │ коэффициенттери │
│ ├────────┬────────┬──────────┤
│ │ К1 │ К2 │ Кэ │
│ │ │ │(К1 х К2) │
├────────────────────────────────────────┼────────┼────────┼──────────┤
│Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары │ 10 │ 5 │ 50 │
│жана курорт чөлкөмдөрү үчүн │ │ │ │
├────────────────────────────────────────┼────────┼────────┼──────────┤
│Калкынын саны 300 миңден ашкан шаарлар │ │ │ │
│(Бишкек, Ош шаарлары) үчүн: │ │ │ │
│- бийиктиги 50 м чейин булактар үчүн │ 12 │ 10 │ 120 │
│- бийиктиги 50 м ашуун булактар үчүн │ 8 │ 1 │ 8 │
├────────────────────────────────────────┼────────┼────────┼──────────┤
│Калкынын саны 300 миңге жетпеген шаарлар│ │ │ │
│жана калктуу конуштар үчүн: │ │ │ │
│- бийиктиги 50 м чейин булактар үчүн │ 10 │ 8 │ 80 │
│- бийиктиги 50 м ашуун булактар │ 6 │ 1 │ 6 │
├────────────────────────────────────────┼────────┼────────┼──────────┤
│Башка аймактар үчүн │ 4 │ 3 │ 12 │
├────────────────────────────────────────┼────────┼────────┼──────────┤
│Отундун этилденбеген түрлөрүн │ 10 │ 5 │ 50 │
│пайдалануучу көчмө булактар үчүн │ │ │ │
│Отундун этилденген түрлөрүн пайдалануучу│ 10 │ 10 │ 100 │
│көчмө булактар үчүн │ │ │ │
└────────────────────────────────────────┴────────┴────────┴──────────┘
Эскертүү: туруктуу булактардан атмосферага чыгарылуучу, иреттүү чөгүү ылдамдыгы чындыгында нөлгө барабар болгон газ түрүндөгү заттар жана майда дисперстүү аэрозолдор үчүн К1 коэффициент 1ге барабар деп кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
Булгоочу заттардын аталышы | ЧЖКорточо суткалык,максималдуу-бир жолку (*),ТБКД (**) | А |
Азот оксиди | 0,06 | 16,67 |
Азот диоксиди | 0,04 | 25 |
Акролеин | 0,03 | 33,3 |
Акрилонитрил | 0,03 | 33,3 |
Алюминий кычкылы | 0,04 (**) | 25 |
Аммиак | 0,04 | 25 |
Аммоний нитраты (аммиак селитрасы) | 0,3 | 3,33 |
Күкүрт ангидриди (күкүрттүн кош кычкылы) | 0,05 | 20 |
Уксус ангидриди | 0,03 | 33,3 |
Фталь ангидриди (буулар, аэрозоль) | 0,1 | 10 |
Фосфор ангидриди | 0,05 | 20 |
Хром ангидриди | 0,0015 (**) | 666,7 |
Ацетон | 0,35 | 2,86 |
Ацетальдегид (уксус альдегиди) | 0,01 | 100 |
Бенз(а)пирен 3, 4 | 0,000001 | 1000000 |
Бензол | 0,1 | 10 |
Бутилацетат | 0,1 | 10 |
Хлорлуу бутил | 0,07 (*) | 14,3 |
Аморфтуу бор | 0,01 | 100 |
Бром | 0,04 | 25 |
Ванадий беш кычкылы | 0,002 | 500 |
Таразаланган заттар - жыпар жыттуу көмүр суутексиз, SiO2 уулу металсыз башка уулуу эмес | 0,15 | 6,67 |
Винилацетат | 0,15 | 6,67 |
Бромдуу суутек | 0,1 | 10 |
Фторлуу суутек | 0,005 | 200 |
Хлорлуу суутек (туз кислотасы) | 0,2 | 5 |
Цианиддүү суутек (цианид суутеги, синил кислотасы) | 0,01 | 100 |
Дихлордифторметан (фреон – 12) | 100 | 0,01 |
Темир оксиди (темирге кайра эсептегенде) | 0,04 | 25 |
Темир хлориди (темирге кайра эсептегенде) | 0,004 | 250 |
Темир сульфаты (темирге кайра эсептегенде) | 0,007 | 142,9 |
Көмүрдүн жана күйүп бүтпөгөн отундун күлү | 0,3 (**) | 3,33 |
Кадмий оксиди (кадмийге кайра эсептегенде) | 0,0003 | 3333 |
Кальций оксиди (өчүрүлбөгөн акиташ) | 0,3 (*) | 3,33 |
Керосин 16 | 1,2 (**) | 0,83 |
Азот кислотасы | 0,15 | 6,67 |
Валериан кислотасы | 0,01 | 100 |
Капрон кислотасы | 0,005 | 200 |
Май кислотасы | 0,01 | 100 |
Бор кислотасы | 0,02 | 50 |
Күкүрт кислотасы | 0,1 | 10 |
Уксус кислотасы | 0,06 | 16,67 |
Фосфор кислотасы | 0,02 (**) | 50 |
Кремний кычкылы | 0,02 (*) | 50 |
Металл кобальты | 0,001 | 1000 |
Кобальт кычкылы | 0,001 | 1000 |
Ксилол | 0,2 | 5 |
Магний оксиди | 0,05 | 20 |
Марганец жана анын бирикмелери | 0,001 | 1000 |
Жез (жезге кайра эсептегенде жездин оксиди) | 0,002 | 500 |
Мышьяк, органикалык эмес бирикмелер | 0,003 | 333,3 |
Хлорлуу метил (хлорметан) | 0,06(*) | 16,67 |
Метан |
|
|
Метилмеркаптан | 0,000009 | 111111 |
Жегич натр (натрий гидрокычкылы) | 0,01 (*) | 100 |
Натрий кычкылы | 0,01 | 100 |
Натрий карбонат (кальцийлештирилген сода) | 0,04 (**) | 25 |
Нафталин | 0,003 | 333,3 |
Металл никель | 0,001 | 1000 |
Нитробензол | 0,008 | 125 |
Озон | 0,03 | 33,3 |
Калай хлориди (калайга кайра эсептегенде) | 0,05 | 20 |
Абразивдик чаң | 0,04 (**) | 25 |
Кагаз чаңы | 0,1 (**) | 10 |
Жыгач чаңы | 0,1 (*) | 10 |
Дан, крахмал чаңы | 0,15 | 6,67 |
Каучук чаңы | 0,5 (**) | 2 |
Аралаш тоют чаңы | 0,01 (**) | 100 |
Ундун чаңы | 0,1 | 10 |
Эт-сөөк унунун чаңы | 0,01 (**) | 100 |
Өсүмдүк чаңы | 0,3 | 3,33 |
Акиташтын жана гипстин чаңы | 0,5 (*) | 2 |
Таш көмүр чаңы | 0,15 | 6,67 |
Була, кебез, пахта, зыгыр чаңы | 0,05 | 20 |
Жүндүн, тыбыттын, мехтин чаңы | 0,03 (**) | 33,3 |
Кремнийдин кош кычкылын кармаган органикалык эмес чаң, %: 70тен ашык (динас ж.б.) 20дан 70ке чейин (цемент, клинкер, кум, оливин, апатит, чопо, паолин шамоту) 20дан төмөн (акиташ, чычала, доломит ж.б.) |
0,05 0,1
0,15 |
20 10
6,67 |
Айнек буласынын чаңы | 0,05 | 20 |
Айнек пластик чаңы | 0,06 (*) | 16,67 |
Пресскүкүм чаңы | 0,1 | 10 |
Полистирол чаңы | 0,35 (**) | 2,86 |
Тамеки чаңы | 0,0004 | 2500 |
Металл сымап | 0,0003 | 3333 |
А маркасындагы жыгач-спирт эриткичи | 0,12 | 8,33 |
Ыш | 0,05 | 20 |
Күкүрт коргошуну (коргошунга кайра эсептегенде) | 0,0017 | 588 |
Коргошун жана анын бирикмелери, буга тетраэтил коргошун кирбейт (коргошунга кайра эсептегенде) | 0,0003 | 3333 |
Ширетүүчү аэрозоль Мn сод менен 30%га чейин | 0,001 | 1000 |
Күкүрт суутеги | 0,008 | 125 |
Синтетикалык кир жуугуч каражаттар | 0,01 | 100 |
Скипидар | 1 | 1 |
Бутил спирти (бутанол) | 0,1 | 10 |
Изопропил спирти | 0,6 | 1,67 |
Метил спирти (метанол) | 0,5 | 2 |
Этил спирти (этанол) | 5 | 0,24 |
Стирол | 0,002 | 500 |
Сольвент-нафта | 0,2 (**) | 5 |
Теллур кош оксиди (теллурга кайра эсептегенде) | 0,0005 | 2000 |
Тетраэтил коргошун | 0,000003 (**) | 333333 |
Тетрахлорэтилен (перхлорэтилен) | 0,06 | 16,67 |
Толуол | 0,6 | 1,67 |
Трихлорметан (хлороформ) | 0,03 | 33,3 |
Трихлорэтан (метилхлороформ) | 0,2 | 5 |
Уайт-спирит | 1 (**) | 1 |
Төмөн молекулярдуу көмүр суутек (суюк отундун буусу ж.б.) | 1 (*) | 1 |
Оксид көмүртеги | 3 | 0,33 |
Төрт хлорлуу көмүртек | 0,7 | 1,43 |
Фенол | 0,003 | 333,3 |
Фтортрихлорметан (фреон – 11) | 10 | 0,1 |
Формальдегид | 0,003 | 333,3 |
Фторлуу суутек (плавик кислотасы) | 0,02 | 50 |
Фтор газ түрүндөгү бирикмелер | 0,02 | 50 |
Фурфурол | 0,05 | 20 |
Хлорбензол | 0,1 | 10 |
Хром ангидрид (хромдун үч кычкылы), хром үч кычкылына кайра эсептегенде хром алты валенти | 0,0015 | 666,67 |
Циклогексан | 1,4 | 0,71 |
Цинк оксид (цинкке кайра эсептегенде) | 0,05 | 20 |
Этилацетат | 0,1 | 10 |
Этилбензол | 0,02 | 50 |
Этилен | 3 | 0,33 |
Этилцеллозольв | 0,7 (**) | 1,43 |
Эскертүү: Таблицада негизги булгоочу заттардын салыштырмалуу кооптуулук көрсөткүчүнүн маанилери берилген, калган заттар боюнча маанилер эсептөө жолу менен аныкталат.
Таблица 3. Приведенные нормативы платы для различных видов топлива, ввезенного и/или произведенного на территории Кыргызской Республики, сом/т или сом/тыс.куб.м газа
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342, 2015-жылдын 5-октябры № 684 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Вид топлива | Приведенные нормативы платы, сом/т или сом/тыс.куб.м газа |
Бензин неэтилированный | 1,94 |
Бензин этилированный | 7,45 |
Дизельное топливо | 4,1 |
Сжатый природный газ | 1,75 |
Сжиженный газ | 2,15 |
Авиационный вид топлива | 1,94 |
Примечание: хозяйствующие субъекты, предприятия, организации имеют право предоставить достоверные (подтвержденные) данные по удельным выбросам загрязняющих веществ для расчета объемов выбросов при расчете платы от передвижных источников.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
┌────────────────────────────────┬────────────┬──────────┬────────────┐
│ Булгоочу зыяндуу заттардын │ ЧЖКбч │ ЧЖКхп │ А │
│ аталышы │ │ │ │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Натрий алкилсульфонаты (СПАВ) │0,5 │ 0,5 │2 │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│ + │ │ │ │
│Аммоний-ион (NH ) │0,5 │ 1,5 │2 │
│ 4 │ │ │ │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│БПК толук │3,0 │ 6,0 │0,33 │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Вольфрам (сууда эрүүчү бардык │0,0008 │ 0,05 │1250 │
│формалары) │ │ │ │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Темир (сууда эрүүчү бардык │0,1 │ 0,3 │10 │
│формалары) │ │ │ │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Кадмий (сууда эрүүчү бардык │0,005 │ 0,001 │200 │
│формалары) │ │ │ │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Кобальт (сууда эрүүчү бардык │0,01 │ 0,1 │100 │
│формалары) │ │ │ │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│ 2+ │ │ │ │
│Марганец (Mn ) │0,01 │ 0,1 │100 │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Соляр майы (көмүрсуутектер │0,01 │ - │100 │
│аралашмасы) │ │ │ │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Жез (сууда эрүүчү бардык │0,001 │ 1 │1000 │
│формалары) │ │ │ │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Молибден (сууда эрүүчү бардык │0,001 │ 0,25 │1000 │
│формалары) │ │ │ │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Мышьяк (сууда эрүүчү бардык │0,05 │ 0,01 │20 │
│формалары) │ │ │ │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Мунай өнүмдөрү (эритилген жана │0,05 │ 0,3 │20 │
│эмульгацияланган абалда) │ │ │ │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Никель (сууда эрүүчү бардык │0,01 │ 0,01 │100 │
│формалары) │ │ │ │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│ - │ │ │ │
│Нитрат-анион (NO ) │40 │ 45 │0,025 │
│ 3 │ │ │ │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│ - │ │ │ │
│Нитрит-анион (NО ) │0,08 │ 3,3 │12,5 │
│ 2 │ │ │ │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Оксаль, флотореагент │0,05 │ 0,2 │20 │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Натрий роданиди, натрий │0,19 - зат │ - │5,26 - зат │
│тиоцианаты │боюнча; │ │боюнча; │
│ │0,1 - CNS │ │10 - CNS │
│ │ионуна кайра│ │ионуна кайра│
│ │ -│ │ -│
│ │эсептегенде │ │эсептегенде │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Калий роданиди, калий тиоцианаты│0,15 - зат │ - │6,67 - зат │
│ │боюнча; │ │боюнча; │
│ │0,09 - CNS │ │11,11 - CNS │
│ │ионуна кайра│ │ионуна кайра│
│ │ -│ │ -│
│ │эсептегенде │ │эсептегенде │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Сымап (сууда эрүүчү бардык │жок же │ │ 5 │
│формалары) │0,00001 │ 0,0005 │1х10 │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Коргошун (сууда эрүүчү бардык │0,006 │ 0,01 │166,67 │
│формалары) │ │ │ │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Скипидар, терпентин майы │0,2 │ - │5 │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Карагай флотомайы │0,1 │ - │10 │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│ 2- │ │ │ │
│Сульфат-анион (SO ) │100 │ 500 │0,01 │
│ 4 │ │ │ │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Фенол, карбол кислотасы │0,001 │ - │1000 │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│ - │ │ │ │
│Фторид-анион (F ) │0,05 (фондук│ 0,7-1,5│20 │
│ │мазмунга │ │ │
│ │толукт. ир.,│ │ │
│ │бирок 0,75 │ │ │
│ │суммалык │ │ │
│ │мазмунунан │ │ │
│ │өйдө эмес) │ │ │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│ - │ │ │ │
│Хлорид-анион (Cl ) │300 │ 350 │0,003 │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│ 3+ │ │ │ │
│Үч валенттүү хром (Cr ) │0,07 │ 0,5 │14,28 │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│ 6+ │ │ │ │
│Алты валенттүү хром (Cr ) │0,02 │ 0,05 │50 │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│ - │ │ │ │
│Цианид-анион (CN ) │0,05 │ 0,035 │20 │
├────────────────────────────────┼────────────┼──────────┼────────────┤
│Цинк (сууда эрүүчү бардык │0,01 │ 1 │100 │
│формалары) │ │ │ │
└────────────────────────────────┴────────────┴──────────┴────────────┘
6-таблица. Суу объектилеринин абалынын экологиялык кырдаалынын
жана экологиялык абалынын коэффициенттери
┌─────────────────────────────┬─────────────┬─────────────┬───────────┐
│ Агынды суулардын │ Экологиялык │ Экологиялык │ Кэ │
│ төгүлүү орду │ кырдаалдын │ маанилүүлүк │ (К1 х К2) │
│ │коэффициенти,│коэффициенти,│ │
│ │ К1 │ К2 │ │
├─────────────────────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────┤
│Ысык-Көл, трансчерагалык │ 100 │ 3 │ 300 │
│суу объектилери, жер асты │ │ │ │
│горизонттор │ │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────┤
│Коллектор-дренаж тутумдары, │ 100 │ 2 │ 200 │
│сугат, чыпкалоочу жана │ │ │ │
│буулантуучу талаалар. │ │ │ │
│Жергиликтүү рельеф (коктулар,│ │ │ │
│аңдар, ойдуңдар, какшыган │ │ │ │
│сайлар ж.у.с.) │ │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────┤
│Табигый жана жасалма жол │ 100 │ 1 │ 100 │
│менен пайда болгон башка │ │ │ │
│суу объектилери │ │ │ │
└─────────────────────────────┴─────────────┴─────────────┴───────────┘
7-таблица. Калдык жана кен калдыктары жайгаштырылган жайдын (объектинин) экологиялык абалынын коэффициенттери
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябры № 684 токтомдун редакциясына ылайык)
Калдыктарды жана кен калдыктарын жайгаштыруу ордунун (объектинин) мүнөздөмөлөрү | Экологиялык кырдаалдын коэффициенттери, К1 |
Экологиялык коопсуздук талаптарына жооп берүүчү калдык жана кен калдыктары жайгаштыруу орду (объекти) | 1 |
Экологиялык коопсуздук талаптарына жооп бербеген же толук эмес жооп берүүчү калдык жана кен калдыктары жайгаштыруу орду (объекти) | 4 |
8-таблица. Калдык жайгаштырылган жайдын (объектинин) экологиялык
маанилүүлүк коэффициенттери
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябры № 684 токтомдун редакциясына ылайык)
Жайгаштыруу ордунун (объектинин) калктуу конуш чегинен алыстыгы | Экологиялык маанилүүлүк коэффициенти, К2 |
3 км ден аз | 5 |
3-10 км | 2 |
10 км ден ашуун | 1 |
Эскертүү: калктуу конуштун чеги бекитилген башкы пландардын, райондук пландоо схемаларынын, аймактык курулуш пландарынын маалыматтары боюнча, калктуу конуштардын аймагын пландоого байланышкан башка расмий документтердин маалыматтары боюнча аныкталат.