Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-июну № 342
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 559 «Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жана айлана-чөйрөнү коргоонун финансылык-экономикалык механизмдерин өркүндөтүү, болгон укуктук кенемтелерди жөнгө салуу жана четтетүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 559 «Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасында:
- бүткүл тексти боюнча:
«суу объектилерине» деген сөздөр «айлана-чөйрөгө» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөдөгү «жаратылыш пайдалануучу» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «чарба жүргүзүүчү субъект» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункту «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө»,» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент» жана» деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункттагы «Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүш-чарба ишмердигин жүргүзүү укугуна ээ болгон чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын катышуусундагы биргелешкен ишканалардын (мындан ары – жаратылыш пайдалануучулар)» деген сөздөр «ушул Методиканын 3-пунктунда көрсөтүлгөн айлана-чөйрөгө таасирин тийгизүүчү чарбалык иш жүргүзүү укугуна ээ болгон чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын катышуусундагы биргелешкен ишканалардын (мындан ары – чарба жүргүзүүчү субъект)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«3. Айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн акы айлана-чөйрөгө тийгизген таасирдин төмөнкүдөй түрлөрү боюнча алынат:
- булгоочу заттардын туруктуу жана көчмө булактардан атмосфералык абага чыгарылышы;
- булгоочу заттардын саркынды суулар (тазаланган жана тазаланбаган) менен айлана-чөйрөгө чыгарылышы (табигый жана жасалма суу объекттери, жер бетиндеги жана жер астындагы, коллектордук-дренаждык тутумдар, сугат, чыпкалоо жана буулантуу талаалары; жердин рельефи (кокту-колот, жар, казылган чуңкур, суулардын кургак нуктары ж.б.);
- калдыктарды айлана-чөйрөгө, анын ичинде калдыктардын бардык түрлөрүн топтоо (сактоо, көмүү) үчүн атайын арналган жана (же) ыңгайлаштырылган жерлерге (объекттерге) жайгаштыруу.»;
- 4-пунктта:
экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү-алтынчы абзацтар менен толукталсын:
«Базалык жылга карата белгилүү n-квартал үчүн индексациянын коэффициенти базалык жылдын индексациясынын коэффициентин базалык жылдан кийинки 1-ден n-ге чейинки кварталдардын инфляциясынын коэффициенттерине көбөйтүү менен төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
n
Киндn = Кинд.баз.* ∏Кинфi , мында:
i=1
Кинд. баз. – 2002-жылы 1ге барабар деп кабыл алынган базалык жылдын индексациясынын коэффициенти;
Кинфi –i-кварталдын инфляциясынын коэффициенти, ал Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин инфляция деңгээлинин (% менен) көрсөткүчүнүн маалыматтары боюнча аныкталат.»;
- 6-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Чарба жүргүзүүчү субъект айлана-чөйрөнү коргоонун аймактык органдарына негиздемелерди берген айрым учурларда баштапкы маалыматтарды берүүнүн мезгилдүүлүгү жана төлөмдөрдү төлөө жылына 1-2 жолуга чейин кыскарат. Чарба жүргүзүүчү субъект акыны эсептөө үчүн баштапкы маалыматтарды берген учурда айлана-чөйрөнү коргоонун аймактык органдары акы төлөөгө эсепти милдеттүү тартипте берет.»;
- 2-главада:
жетинчи жана тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы биринчи, алтынчы жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
«Күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) – мунай өнүмдөрү, аларга күйүүчү (бензин, дизель отуну, суюлтулган мунай газы, кысылган жаратылыш газы) жана майлоочу материалдардын ар кандай түрлөрү кирет.»;
«Атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгаруучу көчмө булактар –бензин, дизель отуну, керосин, суюлтулган жана кысылган газ, бензогаз жана газдизель аралашмалары менен иштеген ичинен күймө кыймылдаткычтар менен жабдылган автомобиль, темир жол, аба, деңиз жана дарыя унаа каражаттары, айыл чарба, жол жана курулуш техникасы жана башка көчмө каражаттар.»;
«Атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгаруучу туруктуу булактар – атмосфералык абага булгоочу заттарды уюшкандыкта же уюштурулбаган түрдө чыгарган, объекттин, ишкананын, юридикалык же жеке жактын аймагынын (жеринин) участкасынын чектеринде туруктуу же убактылуу жайгашкан же иштеп жаткан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ага таандык болгон же ага бекитип берилген ар кандай (түйүндүк, аянттык ж.б.) булак.»;
- 10-пунктта:
жыйырма биринчи абзацынын төртүнчү сүйлөмү алып салынсын;
жыйырма үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Тиешелүү гигиеналык ченемдер кабыл алынганга чейин тиркеменин 2-таблицасында келтирилген ченемдер колдонулат.»;
- 13-пунктта «бошотулушу мүмкүн» деген сөздөр «бошотулат» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 15-пунктта:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«15. Көчмө булактардан (автомобиль, темир жол, аба жана суу унаасы, айыл чарба, жол жана курулуш техникасы) чыккан булгоочу заттар үчүн төлөнүүчү акыны эсептөө.»;
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Тi – отчеттук мезгилде алып келинген жана/же өндүрүлгөн отундун өлчөмү (т);»;
- 16-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«17. Айлана-чөйрөгө чарбалык-турмуш-тиричилик таштандыларды жана ага теңештирилген өндүрүштүк саркынды сууларды чыгаргандыгы үчүн акыны аталган саркындыларды тазалоого кабыл алган жана аларды айлана-чөйрөгө чыгарган чарба жүргүзүүчү субъекттер төлөйт.
Өндүрүштүк саркынды суулар борбордоштурулган шаардык (айылдык) канализацияга чыгарылган учурда, кабыл алуучу тарап тазаланбаган булгоочу заттардын чыгарылышы жана булгагандыгы үчүн акыны түздөн-түз чарба жүргүзүүчү субъекттер төлөйт.»;
- 18-пункттун жыйырма үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Тиешелүү гигиеналык ченемдер кабыл алынганга чейин тиркеменин 5-таблицасында келтирилген ченемдер колдонулат.»;
- 19-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
m
«Тчыг.ла. = 5 х Ʃ Нi х (Мi - Мiл) х Кинд х Кэ»;
i=1
- 20-пунктта «атмосферага» деген сөз «айлана-чөйрөгө» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 24-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
«Калдыктарды кайра иштетүүгө берген учурда акы алынбайт»;
- 25-пункттун тогузунчу абзацында «регламентине» деген сөз «долбооруна» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 30-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
тиркемеде:
2-таблица ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
3-таблицанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген жана/же анда өндүрүлгөн отундун ар кандай түрлөрү үчүн акынын ченемдери, сом/т же сом/миң куб.м газ».
4-таблица күчүн жоготту деп табылсын.
5-таблицанын аталышындагы «(ГН 2.1.5.1315-03)» аббревиатурасы жана цифралары алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 342 токтомуна тиркеме |
Булгоочу заттардын аталышы | ЧЖКорточо суткалык,максималдуу-бир жолку (*),ТБКД (**) | А |
Азот оксиди | 0,06 | 16,67 |
Азот диоксиди | 0,04 | 25 |
Акролеин | 0,03 | 33,3 |
Акрилонитрил | 0,03 | 33,3 |
Алюминий кычкылы | 0,04 (**) | 25 |
Аммиак | 0,04 | 25 |
Аммоний нитраты (аммиак селитрасы) | 0,3 | 3,33 |
Күкүрт ангидриди (күкүрттүн кош кычкылы) | 0,05 | 20 |
Уксус ангидриди | 0,03 | 33,3 |
Фталь ангидриди (буулар, аэрозоль) | 0,1 | 10 |
Фосфор ангидриди | 0,05 | 20 |
Хром ангидриди | 0,0015 (**) | 666,7 |
Ацетон | 0,35 | 2,86 |
Ацетальдегид (уксус альдегиди) | 0,01 | 100 |
Бенз(а)пирен 3, 4 | 0,000001 | 1000000 |
Бензол | 0,1 | 10 |
Бутилацетат | 0,1 | 10 |
Хлорлуу бутил | 0,07 (*) | 14,3 |
Аморфтуу бор | 0,01 | 100 |
Бром | 0,04 | 25 |
Ванадий беш кычкылы | 0,002 | 500 |
Таразаланган заттар - жыпар жыттуу көмүр суутексиз, SiO2 уулу металсыз башка уулуу эмес | 0,15 | 6,67 |
Винилацетат | 0,15 | 6,67 |
Бромдуу суутек | 0,1 | 10 |
Фторлуу суутек | 0,005 | 200 |
Хлорлуу суутек (туз кислотасы) | 0,2 | 5 |
Цианиддүү суутек (цианид суутеги, синил кислотасы) | 0,01 | 100 |
Дихлордифторметан (фреон – 12) | 100 | 0,01 |
Темир оксиди (темирге кайра эсептегенде) | 0,04 | 25 |
Темир хлориди (темирге кайра эсептегенде) | 0,004 | 250 |
Темир сульфаты (темирге кайра эсептегенде) | 0,007 | 142,9 |
Көмүрдүн жана күйүп бүтпөгөн отундун күлү | 0,3 (**) | 3,33 |
Кадмий оксиди (кадмийге кайра эсептегенде) | 0,0003 | 3333 |
Кальций оксиди (өчүрүлбөгөн акиташ) | 0,3 (*) | 3,33 |
Керосин 16 | 1,2 (**) | 0,83 |
Азот кислотасы | 0,15 | 6,67 |
Валериан кислотасы | 0,01 | 100 |
Капрон кислотасы | 0,005 | 200 |
Май кислотасы | 0,01 | 100 |
Бор кислотасы | 0,02 | 50 |
Күкүрт кислотасы | 0,1 | 10 |
Уксус кислотасы | 0,06 | 16,67 |
Фосфор кислотасы | 0,02 (**) | 50 |
Кремний кычкылы | 0,02 (*) | 50 |
Металл кобальты | 0,001 | 1000 |
Кобальт кычкылы | 0,001 | 1000 |
Ксилол | 0,2 | 5 |
Магний оксиди | 0,05 | 20 |
Марганец жана анын бирикмелери | 0,001 | 1000 |
Жез (жезге кайра эсептегенде жездин оксиди) | 0,002 | 500 |
Мышьяк, органикалык эмес бирикмелер | 0,003 | 333,3 |
Хлорлуу метил (хлорметан) | 0,06(*) | 16,67 |
Метан |
|
|
Метилмеркаптан | 0,000009 | 111111 |
Жегич натр (натрий гидрокычкылы) | 0,01 (*) | 100 |
Натрий кычкылы | 0,01 | 100 |
Натрий карбонат (кальцийлештирилген сода) | 0,04 (**) | 25 |
Нафталин | 0,003 | 333,3 |
Металл никель | 0,001 | 1000 |
Нитробензол | 0,008 | 125 |
Озон | 0,03 | 33,3 |
Калай хлориди (калайга кайра эсептегенде) | 0,05 | 20 |
Абразивдик чаң | 0,04 (**) | 25 |
Кагаз чаңы | 0,1 (**) | 10 |
Жыгач чаңы | 0,1 (*) | 10 |
Дан, крахмал чаңы | 0,15 | 6,67 |
Каучук чаңы | 0,5 (**) | 2 |
Аралаш тоют чаңы | 0,01 (**) | 100 |
Ундун чаңы | 0,1 | 10 |
Эт-сөөк унунун чаңы | 0,01 (**) | 100 |
Өсүмдүк чаңы | 0,3 | 3,33 |
Акиташтын жана гипстин чаңы | 0,5 (*) | 2 |
Таш көмүр чаңы | 0,15 | 6,67 |
Була, кебез, пахта, зыгыр чаңы | 0,05 | 20 |
Жүндүн, тыбыттын, мехтин чаңы | 0,03 (**) | 33,3 |
Кремнийдин кош кычкылын кармаган органикалык эмес чаң, %: 70тен ашык (динас ж.б.) 20дан 70ке чейин (цемент, клинкер, кум, оливин, апатит, чопо, паолин шамоту) 20дан төмөн (акиташ, чычала, доломит ж.б.) |
0,05 0,1
0,15 |
20 10
6,67 |
Айнек буласынын чаңы | 0,05 | 20 |
Айнек пластик чаңы | 0,06 (*) | 16,67 |
Пресскүкүм чаңы | 0,1 | 10 |
Полистирол чаңы | 0,35 (**) | 2,86 |
Тамеки чаңы | 0,0004 | 2500 |
Металл сымап | 0,0003 | 3333 |
А маркасындагы жыгач-спирт эриткичи | 0,12 | 8,33 |
Ыш | 0,05 | 20 |
Күкүрт коргошуну (коргошунга кайра эсептегенде) | 0,0017 | 588 |
Коргошун жана анын бирикмелери, буга тетраэтил коргошун кирбейт (коргошунга кайра эсептегенде) | 0,0003 | 3333 |
Ширетүүчү аэрозоль Мn сод менен 30%га чейин | 0,001 | 1000 |
Күкүрт суутеги | 0,008 | 125 |
Синтетикалык кир жуугуч каражаттар | 0,01 | 100 |
Скипидар | 1 | 1 |
Бутил спирти (бутанол) | 0,1 | 10 |
Изопропил спирти | 0,6 | 1,67 |
Метил спирти (метанол) | 0,5 | 2 |
Этил спирти (этанол) | 5 | 0,24 |
Стирол | 0,002 | 500 |
Сольвент-нафта | 0,2 (**) | 5 |
Теллур кош оксиди (теллурга кайра эсептегенде) | 0,0005 | 2000 |
Тетраэтил коргошун | 0,000003 (**) | 333333 |
Тетрахлорэтилен (перхлорэтилен) | 0,06 | 16,67 |
Толуол | 0,6 | 1,67 |
Трихлорметан (хлороформ) | 0,03 | 33,3 |
Трихлорэтан (метилхлороформ) | 0,2 | 5 |
Уайт-спирит | 1 (**) | 1 |
Төмөн молекулярдуу көмүр суутек (суюк отундун буусу ж.б.) | 1 (*) | 1 |
Оксид көмүртеги | 3 | 0,33 |
Төрт хлорлуу көмүртек | 0,7 | 1,43 |
Фенол | 0,003 | 333,3 |
Фтортрихлорметан (фреон – 11) | 10 | 0,1 |
Формальдегид | 0,003 | 333,3 |
Фторлуу суутек (плавик кислотасы) | 0,02 | 50 |
Фтор газ түрүндөгү бирикмелер | 0,02 | 50 |
Фурфурол | 0,05 | 20 |
Хлорбензол | 0,1 | 10 |
Хром ангидрид (хромдун үч кычкылы), хром үч кычкылына кайра эсептегенде хром алты валенти | 0,0015 | 666,67 |
Циклогексан | 1,4 | 0,71 |
Цинк оксид (цинкке кайра эсептегенде) | 0,05 | 20 |
Этилацетат | 0,1 | 10 |
Этилбензол | 0,02 | 50 |
Этилен | 3 | 0,33 |
Этилцеллозольв | 0,7 (**) | 1,43 |