Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-октябры № 684
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасында:
- 3-пунктунун төртүнчү абзацы "калдыктарды" деген сөздөн кийин "жана кен калдыктарын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пунктунда:
үчүнчү сүйлөмдөгү "2002-жылы" деген цифралар жана сөз "2015-жылдын III кварталында" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацтагы "2002-жылы" деген цифралар жана сөз "2015-жылдын III кварталында" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктунун он бешинчи абзацындагы "1,2" деген цифралар "3,24" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 15-пунктунун бешинчи абзацындагы "алып келинген жана/же өндүрүлгөн" деген сөздөр "көчмө булактар пайдаланган же/жана бөтөн керектөөчүлөргө сатылган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 18-пунктунун он алтынчы абзацындагы "1,2" деген цифралар "10,5" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 22-пунктундагы "лимиттерди" деген сөз "агын суулардын сапатынын нормативдери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 25-пунктунун он сегизинчи абзацындагы "1,2" деген цифралар "3,24" деген цифралар менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 8-глава менен толукталсын:
"8. Кен калдыктарын жайгаштыруу үчүн төлөмдү эсептөө
32. Кен калдыктарын жайгаштыруу үчүн төлөм төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Пкк = Н х Кинд х М х Кэ,
мында:
- Н - жайгаштырылган тектердин 1 тоннасы үчүн төлөм нормативи (сом) төмөнкү формула боюнча аныкталат: Н = Р х А;
- М - иш жүзүндө пайда болгон кен калдыктарынын көлөмү, тонна менен, отчеттук мезгил үчүн;
- Кинд - төлөмдү индексациялоо коэффициенти. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтары боюнча кабыл алынат;
- Кэ - экологиялык кырдаал жана экологиялык маанилүүлүк коэффициенттеринин көбөйтүндүсү: Кэ = К1 х К2. Маанилери 7 жана 8-тиркемелердеги таблицаларда келтирилген;
- Р - төлөм ставкасы (сом/келтирилген тонна), 3,24 сом;
- А - салыштырмалуу кооптуулук көрсөткүчү, жайгаштырылган тектердин кооптуулук классына жараша, төмөнкү формула боюнча аныкталат:
А = 5 + |К - 5|3,5 ,
мында:
- К - кен калдыктарында жайгаштырылган тектердин кооптуулук классы, төмөнкүгө теңештирилет:
радионуклиддердин болушу ченемдик документтерде белгиленген деңгээлден көбүрөөк болгон пайдалуу казылмалардын баардык топтогу кен калдыктары үчүн - 1ге;
рудалуу жана күйүүчү пайдалуу казылмалардын кен калдыктары үчүн - 4кө;
рудалык эмес жана пайдалуу казылмалардын башка топтогу кен калдыктары үчүн - 5ке.
33. Көмүү үчүн атайын арналган жана ылайыкталып курулган жерлерге кен калдыктарын жайгаштырууда аларды эксплуатациялоо экологиялык коопсуздук талаптарына толук жооп берсе, төлөмдүн өлчөмүнө төмөндөтүүчү 0,02 коэффициенти белгиленет.
Мониторингдин маалыматы боюнча эреже бузуулар аныкталганда жана текшерүү процессинде мыйзамда белгиленген тартипте төмөндөтүүчү коэффициент колдонулбайт.";
жогоруда аталган Методиканын тиркемесинде:
- 3-таблица ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 7-таблицанын бардык тексти "калдыктар" деген сөздөн кийин "жана кен калдыктары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-таблицада:
таблицанын аталышы "калдыктар" деген сөздөн кийин "жана кен калдыктары" деген сөздөр менен толукталсын;
"Экологиялык маанилүүлүктүн коэффициенти, К2" графасында:
"10" деген цифралар "5" деген цифрага алмаштырылсын;
"5" деген цифра "2" деген цифрага алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
"3-таблица. Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген жана/же өндүрүлгөн отундун ар кандай түрлөрү үчүн төлөмдүн келтирилген ченемдери, сом/т же сом/миң куб.м газ
Отундун түрү | Төлөмдүн келтирилген ченемдери, сом/т же сом/миң куб.м газ |
Этилденбеген бензин | 1,94 |
Этилденген бензин | 7,45 |
Дизель отуну | 4,1 |
Кысылган жаратылыш газы | 1,75 |
Суюлтулган газ | 2,15 |
Отундун авиациялык түрү | 1,94 |
Эскертүү: чарба субъекттери, ишканалар, уюмдар көчмө булактардан чыккан булгоочу заттардын көлөмү үчүн төлөнүүчү акыны эсептөөдө чыгарылган булгоочу заттардын салыштырма чыгуулары боюнча туура (ырасталган) маалыматтарды берүүгө укуктуу.".