Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-октябры №656
"Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Ж.Жетигенов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы № 656 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Ж.Жетигенов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
2011-жылга бюджет жана 2012-жылга карата болжол 2010-жылы оюн-зоок залдардан (казинолордон жана оюн автоматтардан) түшүүчү кирешени эске алуу менен түзүлгөн. Буга байланыштуу, оюн-зоок ишине тыюу салуу бюджеттин кирешесин азайышына алып келет.
Оюн-зоок ишине толук тыюу салуу проблеманы чечүүгө алып келбейт, анткени мындай жайлардын жашырын иштөө ыктымалдыгы бар. Мындан тышкары, айрым оюн автоматтуу залдардын ээлери салык төлөбөш үчүн аларды көңүл ачуучу клуб деп өзгөртүп алып иштешин улантып жатышат.
Россия Федерациясынын жана Казакстандын мисалдарындагы практика көрсөткөндөй, бул мамлекеттерде оюн-зоок жайлар (казино, оюн автоматтар залдары) жабылгандан кийин алар терең көмүскөгө кетишкен. Россиянын телекөрсөтүү каналдарында Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин уруксатсыз оюн-зоок жайларды аныктоо боюнча такай жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат берилип турат. Ошондой болсо да, Россияда жашырын оюн-зоок жайлардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө, бул адамдардын оюн-зоок жайларга баруу проблемасын жойгон жок.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-пунктуна ылайык, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылчу чыгымдарды караштырган мыйзамдардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Өкмөт каржылоонун булагын аныктагандан кийин кабыл алышы мүмкүн.
Ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесине ылайык:
- ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлоруна жөнгө салуучу таасирге анализ жасалууга тийиш;
Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, ишкердик жүргүзүү маселеси боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлору укуктук, укук коргоочу, гендерлик, экологиялык, коррупцияга каршы жана башка илимий экспертизага алынууга тийиш (нормативдик укуктук актынын долбоору жөнгө салууга багытталган укуктук мамилелерге жараша).
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкууга алынууга жатат. Ченем жаратуучу органдын расмий сайты болбогон учурда, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда ченемдик укуктук актылар ченем жаратуучу органдын чечими боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 25-беренесине ылайык, нормативдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме маалыматында төмөнкүдөй маалыматтар болууга тийиш:
- нормативдик укуктук актыны кабыл алуунун натыйжасында жетишилчү максаттар жана чечилчү маселелер;
- кабыл алынчу нормативдик укуктук актыны колдонуудан мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендерлик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларынын божомолу;
- коомдук талкуулоо жүргүзүлүшү керек болгон учурларда, анын натыйжалары жөнүндө маалымат.
Оюн-зоок жайлардын таасиринин олуттуулугун жана зыяндуулугун эске алуу менен, жаш курактык чектөөлөрдүн сакталышына мыйзамдык деңгээлде контроль киргизүү туура болоор эле.
Бюджетке кирешелердин коромжулугунун ордун толтуруучу альтернативдүү булактар жоктугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын аймагында оюн автоматтарды пайдалануу боюнча ишкердикке тыюу салып, ал эми казинолордун ишин калтыруу ылайыктуу болот деп эсептейт.
Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алса, "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда бюджеттен кыскартылчу чыгымдардын беренелерин аныктоо зарыл.
Маалымат үчүн, мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2011-жылдын 17-майында № 232 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы оюн автоматтар залдарынын (жайларынын) ишине тыюу салуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтомун кабыл алып, анда 2012-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын аймагында оюн автоматтардын ишине тыюу салуу каралганын билдиребиз.
|
|