Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-октябры №659
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 212 "Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобо:
- төмөнкү мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
"14-1. Министрликке караштуу 11 адамдан аз эмес курамдагы коомдук байкоочу кеңеш түзүлөт. Коомдук байкоочу кеңештин курамына жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык союздардын, байланыш жана маалымат, жол-транспорт комплекси тармагындагы эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирет.
Коомдук байкоочу кеңеш министрликтердин жана жарандык коомдун макулдашылган өз ара аракеттенүүсү максатында түзүлгөн кеңешчи-байкоочу орган болуп саналат.
Коомдук байкоочу кеңештин чечими сунуштук мүнөзгө ээ болот".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов
|