Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-октябры №665
"Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
"Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 169-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-берененин 2-бөлүгүндөгү "Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын" деген сөздөр "Өкмөтүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
"Кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 368-берене) күчүн жоготту деп табылсын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонуудагы редакция │ Сунуш кылынган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│22-статья. Кесиптик башталгыч │22-статья. Кесиптик башталгыч │
│ билим берүү тутумундагы│ билим берүү тутумундагы│
│ менчик мамилелери │ менчик мамилелери │
│ │ │
│Кесиптик башталгыч билим берүү │Кесиптик башталгыч билим берүү │
│тутумундагы жана кесиптик даярдоо │тутумундагы жана кесиптик даярдоо │
│тутумундагы менчик мамилелеринин │тутумундагы менчик мамилелеринин │
│жалпы жоболору Кыргыз │жалпы жоболору Кыргыз │
│Республикасынын мыйзамдары менен │Республикасынын мыйзамдары менен │
│жөнгө салынат. │жөнгө салынат. │
│Кесиптик башталгыч билим берүүнүн │Кесиптик башталгыч билим берүүнүн │
│мамлекеттик тутумунун билим │мамлекеттик тутумунун билим │
│берүүчү уюмдарына бекитилген │берүүчү уюмдарына бекитилген │
│менчик укугундагы объектилер │менчик укугундагы объектилер │
│(имараттар, курулуштар, мүлктүк │(имараттар, курулуштар, мүлктүк │
│комплекстер, жабдуулар, │комплекстер, жабдуулар, │
│керектелүүчү, социалдык, маданий │керектелүүчү, социалдык, маданий │
│багыттагы зарыл мүлк) алынып │багыттагы зарыл мүлк) алынып │
│коюлбайт жана кесиптик башталгыч │коюлбайт жана кесиптик башталгыч │
│билим берүүнүн кызыкчылыгында гана│билим берүүнүн кызыкчылыгында гана│
│пайдаланылышы мүмкүн, ал ошондой │пайдаланылышы мүмкүн, ал ошондой │
│эле менчиктештирүүгө жатпайт. │эле менчиктештирүүгө жатпайт. │
│Кесиптик башталгыч билим берүүнүн │Кесиптик башталгыч билим берүүнүн │
│мамлекеттик тутумунун билим │мамлекеттик тутумунун билим │
│берүүчү уюмдарынын тизмеси Кыргыз │берүүчү уюмдарынын тизмеси Кыргыз │
│Республикасынын [Жогорку Кеңешинин│Республикасынын ӨКМӨТҮНҮН │
│Мыйзам чыгаруу жыйыны] тарабынан │тарабынан бекитилет. │
│бекитилет. │ │
│[Кыргыз Республикасынын │Күчүн жоготту │
│2000-жылдын 12-июлундагы № 58 │ │
│"Кесиптик башталгыч билим берүү │ │
│мекемелеринин тизмесин бекитүү │ │
│жөнүндө" Мыйзамы] │ │
│Жеке жана юридикалык жактар берген│Жеке жана юридикалык жактар берген│
│акча каражаттарын, мүлктү жана │акча каражаттарын, мүлктү жана │
│башка объектилерди, окуу жайынын │башка объектилерди, окуу жайынын │
│иш-аракетинин натыйжасы болуп │иш-аракетинин натыйжасы болуп │
│саналган интеллектуалдык эмгек │саналган интеллектуалдык эмгек │
│продуктусун, ошондой эле өз ишинин│продуктусун, ошондой эле өз ишинин│
│кирешелерин жана бул кирешеге │кирешелерин жана бул кирешеге │
│сатылып алынган объектилердин │сатылып алынган объектилердин │
│менчик укугу кесиптик башталгыч │менчик укугу кесиптик башталгыч │
│билим берүүчү уюмдарына таандык. │билим берүүчү уюмдарына таандык. │
│Кесиптик башталгыч билим берүү │Кесиптик башталгыч билим берүү │
│тутумундагы мамлекеттик мүлктүн │тутумундагы мамлекеттик мүлктүн │
│колдонулушуна контроль кесиптик │колдонулушуна контроль кесиптик │
│башталгыч билим берүүнү башкаруучу│башталгыч билим берүүнү башкаруучу│
│республикалык органга жүктөлөт. │республикалык органга жүктөлөт. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
Министр |
А.Абытов |