Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июлундагы № 408 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-октябры №668
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 553 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2012-жылга карата болжолу жана 2013-2014-жылдарга карата болжол жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
2012-жылга жана 2013-2014-жылдарга өнүктүрүүнүн макроэкономикалык параметрлерин аныктоо жана орто мөөнөттү мезгилде Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн милдеттерин ырааттуулук менен чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы №553 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2012-жылга карата болжолу жана 2013-2014-жылдарга карата болжол жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- 1-тиркемеге ылайык реформаларды эске албастан Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2012-жылга карата болжолу жана 2013-2014-жылдарга карата болжолу;
- 2-тиркемеге ылайык реформаларды эске алуу менен Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2012-жылга карата болжолу жана 2013-2014-жылдарга карата болжолу.";
- токтом бул токтомдун тиркемесине ылайык 2-тиркеме менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2012-жылга карата болжолу жана 2013-2014-жылдарга карата болжолу:
1-тиркеме деп эсептелсин;
- аталышы "2013-2014-жылдарга" деген цифралардан жана сөздөн кийин "реформаларды эске албастан" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги бул токтомду аткаруу боюнча тийиштүү чараларды кабыл алсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов
|