Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
1994-жылдын 22-февралы № 79
"Чернобыль апаатынын кесепетинен жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-мартындагы № 134, 2006-жылдын 23-августундагы № 605 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795, 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Чернобыль апаатынын кесепетинен жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чернобыль апаатынын кесепетинен жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарына социалдык гарантияларды жана компенсацияларды берүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери Чернобыль апаатынын кесепетинен жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарына социалдык гарантияларды жана компенсацияларды берүүнүн тартиби жөнүндө
Жобону бардык кызмат адамдары сакташына туруктуу контролдукту камсыз кылууга милдеттендирилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Чернобыль апаатынын кесепетинен жапа чеккен граждандарга социалдык гарантияларды жана компенсацияларды берүү боюнча чыгымдарды финансылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 605, 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги:
- Чернобыль апаатынын кесепетинен жапа чеккендердин Мамлекеттик регистринин маалыматтарын 1994-жылдын 1-мартына чейин түзсүн, ага алардын 1986-жылдан кийин төрөлгөн балдарын кошсун;
- көрсөтүлгөн граждандарга диагноз коюу, байкоо жүргүзүү жана аларды дарылоо боюнча программаны иштеп чыксын жана ишке киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы N 363 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар программасына ылайык акысыз текшерүү жана медициналык жардам көрсөтүү (стационарда жана амбулаториялык).
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары:
- (Экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомуна ылайык алынып салынды)
- Кыргыз Республикасынын "Чернобыль" Союзунун аймактык коомдорун уюштурууга жана алардын иши үчүн зарыл шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтсүн;
- көрсөтүлгөн коомдук бирикмелерге түзүлүп жаткан өндүрүштүк ишканалар, көмөкчү жана фермер чарбалары үчүн жер участкаларын биринчи кезекте бөлүп берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги соци-
алдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен бирдикте Чернобыль аппаратынын кесепетинен жапа чеккен адамдарга социалдык гарантияларды жана компенсацияларды берүү жана компенсациялык төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу маселелери жагынан социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдарын, ишканаларын жана уюмдарын финансылоо жана алардын финансы органдары менен өз ара эсептешүүлөрүнүн тартибин аныктасын.
(КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-мартындагы № 134, 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795, 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687, 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары чыгымдарды финансылоону бекитилген Жобого ылайык өз учурунда жүзөгө ашырсын.
8. Чернобыль апаатынын кесепетинен жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарына жеңилдик берүүнү жүзөгө ашыруу боюнча ишти координациялоо милдети социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795, 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687, 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри | А.Жумагулов |