Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-сентябры № 595
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ыктыярдуу жардамчылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укуктук тартип, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети сунуштаган "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ыктыярдуу жардамчылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 595 токтому менен жактырылган
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ыктыярдуу жардамчылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укуктук тартип, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети сунуштаган "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ыктыярдуу жардамчылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын ушул долбоорунда ички иштер органдарынын ыктыярдуу жардамчыларынын ишине байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салуу, анын укуктук макамын, ишинин негизги принциптерин, аны укуктук жана социалдык коргоонун кепилдиктерин аныктоо сунушталат.
Мыйзам долбоорун иликтөөдө карап чыгууда Кыргыз Республикасынын Конституциясына бир катар карама-каршы келүүлөр табылды, тактап айтканда ушул мыйзам долбоордун 18-беренесинде ИИОнун жардамчыларына курулуш имараттарына, турак-жай курулуштарына, адам жашабаган имараттарга менчигине карабастан ИИОнун кызматкерлери менен биргеликте тоскоолсуз кирүү укугун берет, көрсөтүлгөн, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30-берененин ченемдерине каршы келет, анда ар ким өзүнүн жеке менчигиндеги же башка укуктагы турак-жайына жана ар кандай объектилерге кол тийбестик укугуна ээ.
Эч кимдин адамдардын эркине каршы, алар жашап жаткан турак-жайларга, же ар кандай объектилерге кирип келүүгө укугу жок.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда көрсөтүлгөн беренесинин 2-бөлүгүндө тинтүү, алып коюу, кароо жүргүзүү жана аракеттерди жасоо, ошондой эле бийлик өкүлдөрүнүн жеке менчиктеги же башка укуктагы турак-жайларга жана башка объектилерге кирип келүүгө соттук актынын негизинде гана уруксат берилет.
Мыйзамда каралган учурларда тинтүүгө, алып коюуга, карап чыгууга жана башка аракеттерди жасоого, ошондой эле бийлик өкүлдөрүнүн жеке жана ар кандай укуктагы турак-жайларга, объектилерге кирип келүүсүнө сот актысыз эле уруксат берилет. Мындай иш-аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү соттун кароосунда болот.
Ошону менен катар эле, сунушталган мыйзам долбоорунун 19-беренесинин 4-бөлүгүндө адамды кармаганда ИИОнун жардамчысына кармалган адамды ИИОго жеткирүү үчүн талап кылган убакытка чейин кармоо түрүндөгү мажбурлоо чарасын колдонууга уруксат берилген, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 4-бөлүгүнө, аталган берененин 2-3-бөлүктөрүнө каршы келет, анда соттун чечими жок 48 сааттан ашык адамды эч ким кармап тура албайт деп көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунун 18-беренесинде ИИОнун жардамчысынын "курулуш имараттарына, турак-жай курулуштарына, адам жашабаган имараттарга менчигинин түрүнө карабастан тоскоолсуз кирүү жана ИИОнун кызматкерлери менен биргеликте карап чыгуу укугу" каралган, бул "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 14-пунктуна каршы келет, анда ички иштер органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн мыйзамда каралган негиздер болгон учурда жарандарга таандык болгон турак-жайларга жана башка жайларга, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын (чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн башка) аймагына жана имараттарына тоскоолдуксуз кирүүгө жана аларды коомдук тартипти сактоо, кылмышкерлерди кармоо, адамдын өмүрүн, саламаттыгын же мүлкүн сактап калуу максатында карап чыгууга укуктуу.
Турак-жайда жашаган жарандардын эркине каршы аларга кирүүнүн бардык учурлары жөнүндө ички иштер органдары прокурорго 24 сааттын ичинде билдиришет.
Ошондой эле төмөнкүлөрдү белгилейбиз:
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүндө ички иштер органдарынын ыктыярдуу жардамчысы - бул ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана негизде коомдук тартипти, жеке жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча ИИОнун ишине ыктыярдуу жана бош убагында ушул мыйзамда белгиленген негиздерде жана тартипте катышуусу каралган адам.
Бирок, "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 4-абзацында Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу башталыштарда ички иштер органдарында штаттан тышкаркы кызматкерлер катарында иштей алышат. Штаттан тышкаркы кызматкерлердин милдеттери жана укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталат, деп көрсөтүлөт.
Мыйзам долбоорунун 6, 11, 23, 26-беренелеринде ИИОнун ыктыярдуу жардамчыларына ок атуучу куралды алып жүрүүдө жана колдонууга уруксат берген ченемдер каралып, бул өз кезегинде "Куралдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине каршы келет, анда "Колдо алып жүрүүчү ок атуучу аскер куралы менен ок атпоочу куралга Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларынын күжүрмөн милдеттерди, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ыкчам-кызматтык милдеттерди жана Кыргыз Республикасынын аскерлешкен ведомстволорунун кызматчыларынын кызматтык милдеттерин аткарууга арналган куралдар кирет, деп белгиленген, ал эми мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 2-абзацына ылайык ИИОнун жардамчысы ички иштер органдарынын кызматкери болуп эсептелбей тургандыгы каралган.
Белгилей кетчү нерсе, мыйзам долбоордун 10-беренесинин 3-бөлүгү 9-берененин 5-бөлүгүн кайталап турат.
Каралып жаткан мыйзам долбоорунун 16-беренесинде "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Мыйзамдын 9-беренесинде аныкталган ички иштер органдарынын кызматкерлеринин укуктарын кайталаган ИИОнун жардамчысынын укуктары белгиленген.
Мыйзам долбоордун 4, 8, жана 9-беренелеринин ченемдери ички иштер органдарынын жардамчысын окутуу маселелерин караган, бирок аталган иш-чараны кандай мүнөздө, кайсы бөлүк өткөрөөрү, ошондой эле ал иш-чараны каржылоонун булактары аныкталган эмес.
Мындан тышкары, аталган мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузган, ушул Мыйзамдын 22-беренесине ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкууга алынууга жатат. Ченем жаратуучу органдын расмий сайты болбогон учурда, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын чечими боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 20-беренесине ылайык, жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин камсыз кылуу; коомдук бирикмелердин, массалык маалымат каражаттарынын укуктук статусу; мамлекеттик бюджет, салык системасы; экологиялык коопсуздук; укук бузууларга каршы күрөшүү; ишкердик иш-аракетти мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык; антикоррупциялык жана башка илимий экспертизадан өткөрүлүүгө жатат (жөнгө салынышына ченемдик укуктук актынын долбоору багытталган укуктук мамилелерге жараша).
Ошондой эле, аталган Мыйзам долбоордун талаптарын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражат сарпталат деп, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги да ушул Мыйзамдын долбоорун колдогон эмес, келечектеги бюджеттин каражаттарын жана ресурстарын ченемсиз пайдалануу тобокелчилик болуп эсептелет.
Жогоруда жазылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталган "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ыктыярдуу жардамчылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатсыз деп эсептейт.
|
|