Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-сентябры № 596
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин ведомствого караштуу бөлүктөрүнүн ишин натыйжалуу уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу Министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу Министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө жободо:
- 1-пункту "караштуу" деген сөздөн кийин "мамлекеттик мекеме" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктунун "б" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- өлчөө каражаттарынын типтерин жана стандарт үлгүлөрдү бекитүү;";
- 13-пунктунда:
бешинчи абзацы "кызматкерлерин" деген сөздөн кийин "жетекчилерин" деген сөз менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"СМБнын ведомствого караштуу жана аймактык чарбалык эсептеги бөлүктөрүнүн жоболорун, структурасын жана штаттык расписаниесин бекитет;".
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 727 токтому менен бекитилген
┌─────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын │ ┌──────────────┐
│ Экономикалык тескөө │< ──┤ Коллегия │
│ министрлиги │ └──────────────┘
│ (Борбордук аппарат) │
└──┬───────────┬───────────┬──┘
┌──────────┘ │ └───────────┐
┌───────────┴─────────┐ ┌─────────┴─────────────┐ ┌──────┴──────────┐
│ Министрликтин │ │ Чет өлкөлөрдөгү │ │ Аймактык │
│ ведомстволук │ │өкүлчүлүктөр жана соода│ │ органдар │
│ органдары │ │ өкүлдөрү │ │ │
└────────┬──────────┬─┘ └───────────────────────┘ └─────────────────┘
│ │
┌────────┴──────┐ │
│ Метрологиялык │ │
│ көзөмөлдөө │ │
│ боюнча │ │
│ мамлекеттик │ │
│ инспекциясы │ │
└───────────────┘ │
│
┌─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐ │ ┌ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐
Аккредитациялоо Стандартташтыруу
│ борбору ├───┼───┤жана метрология │
боюнча борбору
└ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ┘ │ └─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ┘
┌───────────┴─────────┐
┌─ ─ ─ ┴ ─ ─ ─ ──┐ ┌─ ─ ─┴─ ─ ─ ─ ─┐ ┌─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ── ─ ─┐
"Бирдиктүү терезе" "Кыргызресурсы" Мамлекеттик кызматчы эмес
│ МИ │ │ МИ │ └ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ── ─ ─┘
"
└── ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┘ └─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┘
|
|