Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-сентябры № 606
2012-жылдагы түшүмү үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү өткөрүүнүн программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө
Эң түшүмдүү дан эгинин - күздүк буудайды себүүнү кеңейтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана 2012-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүүнү оптималдуу агротехникалык мөөнөттө жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү өткөрүүнүн программасын (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык көлөмдөрдө өткөрүү бекитилсин.
2. Облустук жана райондук мамлекеттик администрация башчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге ишти уюштурсун жана төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Программанын тапшырмаларын жеткирүү;
- суу баскан айдоо жерлеринде күздүк буудай себүүлөрүн максималдуу кеңейтүү;
- күздүк буудайды себүүгө бөлүнгөн сугат айдоосунун бардык аянтында айдоо алдындагы сугаттарды өз убагында жүргүзүү;
- кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күзгү себүүгө бөлүнгөн кыртыштарды айдоону өз убагында жүргүзүү;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн себүүгө күздүк буудайдын жана күздүк арпанын сертификацияланган себүү материалынын сортторун, өзгөчө россиялык селекциянын "Краснодар 99" күздүк буудайынын сортун пайдалануу;
- учурдагы жылдын күзгү себүү өнөктүгүнө даярдануу жана өткөрүү мезгилинде күзгү-талаачылык иштеринде иштеген тракторлорду, дан сепкичтерди, зарыл болгон кыртыш иштетүүчү айыл-чарба техникасын жана транспорт каражаттарын ремонттоо жана техникалык тейлөө боюнча сервистик кызматтардын үзгүлтүксүз иштөөсүн уюштуруу;
- чарба субъекттеринин товардык кредиттер түрүндө алган мамлекеттик зайымдык каражаттарын, анын ичинде россиялык селекциянын "Краснодар 99" күздүк буудай сортунун үрөндөрүн өз убагында тындыруусу;
- учурдагы жылдагы күзгү себүүгө айылдык товар өндүрүүчүлөр пайдаланган күзгү кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн себүү материалын дарылоо;
- зарыл болгон күйүүчү-майлоочу материалдарды, ошондой эле минералдык жер семирткичтерди сатып алуу үчүн бардык мүмкүн болгон булактарды пайдалануу.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги менен күзгү буудайдын эң түшүмдүү сортторунун үрөнүн, ошондой эле минералдык жер семирткичтерди сатып алуу үчүн гранттык, ошондой эле жеңилдиктүү гранттык каражаттарды, ошондой эле минералдык жер семирткичтерди сатып алуу үчүн эл аралык донорлор менен зарыл уюштуруучулук ишин жүргүзсүн;
- учурдагы күздүк себүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөр пайдаланган бардык кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөндүк материалын себүү кондициясына жеткирүүнү камсыз кылсын;
- республиканын сорттук сыноо станцияларында жана сорттук сыноо участокторунда жергиликтүү жана чет өлкөлүк селекциянын күзгү буудайынын жаңы мыкты сортторун питомниктерде өстүрүүнү толук көлөмдө жүргүзүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-апрелиндеги № 113-б буйругуна ылайык 2011-жылы алынган 4243 миң сом суммасындагы бюджеттик каражаттын калдыктарын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайызсыз товардык кредит тартибинде учурдагы күзгү себүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөр аларды пайдаланышы үчүн күзгү буудайдын эң түшүмдүү сортторунун сертификацияланган үрөнүн республиканын үрөнчүлүк чарбаларынан сатып алуу үчүн пайдаланууга уруксат берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2011-жылдын 11-июлундагы № 96 буйругунда белгиленген баалар боюнча аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-сентябрындагы № 93-б буйругуна ылайык алган үрөнчүлүк чарбаларынан жана башка чарба субъекттеринен күзгү буудайдын "Краснодар 99" сертификацияланган үрөнүн республикалык мамлекеттик үрөн фондуна кабыл алууну жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясына учурдагы жылдын күзгү талаачылык иштерин үзгүлтүксүз өткөрүү үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды топтоо сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 371 "2011-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз учурунда жана уюшкандыкта жыйноо максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтомунун 6-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
|
Ө.Бабанов |
|
|